Архив за месяц: Май 2016

Чаткалдык эрежесиз эр уруштун чебери зор ийгиликтерди багындырууда

Бүгүнкү күндө Чаткалдан чыккан спортчулар республикалык жана эл аралык бийиктиктерди багындырып жатканы кубандырат.

Алардын бири-Баяман Жолдубеков жыл жаңыргандан бери эле республикалык жана эл аралык мелдештерде жеңишке жетишти. Алсак, март айында эрежесиз эр уруш боюнча республикалык турнирде чемпион болсо, 23-24-апрелде 57 кг салмактагылар арасында жеңүүчү болуп, байгеге коюлган «Тойота Виндом» автоунаасына ээ болду. IMG_20160523_153023_89 IMG_20160523_152805_45 IMG_20160523_152702_2420160521_081747 IMG_20160523_152654_23

Ал эми, 8-9-май күндөрү Ош шаарында өткөн «Акжар» кубогу үчүн профессионалдар арасында болгон республикалык таймашта да 1- орунду жеңип алды.

Баяман спорттун бул түрү менен машыкканына эки жылдай убакыт эми болсо да спорттун жиу-житсу түрү боюнча спорттун чебери болууга жетишкен.

Чаткалдык жаш спортчунун мындан ары да ийгиликтери арта беришине тилектештигибизди билдиребиз.

М. Эшназаров

 

Мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Май айынын жыйырма үчүндө Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде аталган мектепке көмөкчү чарба уюштуруу максатында «Жан балам, жашоодогу даңазам сен, Мекендин сүйгөн уулу болсоң эле» аттуу марафон өттү.

Марафонго район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, ата-энелер жана айыл тургундары катышты.14639853925151463985271712IMG_20160523_121018 IMG_20160523_121012 1463984657189

146398587667014639856180851463984841614Марафондун жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Дүйшөнбек Чыналиев, райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Адилбек Эшикулов, айылдык кеңештин депутаты Абдыракман Байдөөлөтов,  ата-энелердин атынан Санжар Эгембердиевдер сөз сүйлөшүп,өз салымдарын кошушту.

Марафон мектеп окуучуларынын ыр, бийлери менен коштолду.1463986282798

Марафон жыйынтыкталып, соңунда жыйырма сегиз баш козу, эки баш кой, жалпы отуз баш майда жандык мектептин көмөкчү чарбасы үчүн берилгени маалым болду.

Эскерте кетсек, буга чейин мектептин көмөкчү чарбасы ар кандай себептерден улам бир нече жыл мурда токтоп калган. Быйыл минтип, мектеп жетекчилигин демилгеси менен кайрадан уюшулду.

М. Эшназаров

 

Райондук ден-соолук комитетинин мүчөлөрү кошумча маалыматтарды алышты

Май айынын жыйырмасында раймамадминистрацияда Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринин ассоциациясынын башчысы Айгүл Илиясова аталган мекеменин кызматкерлери менен биргеликте Чаткал районундагы РДКлар (райондук ден-соолук комитеттери) менен жолугушуу өткөрдү.

IMG_20160520_110008 IMG_20160520_110014 IMG_20160520_105947Жолугушууда, РДК башчысы Уланбек Алчынбек уулу АДКлардын буга чейинки аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Ал эми, Айгүл Илиясова башка райондордогу АДКларды мисал келтирип, РДКны жигердүү иштөөгө чакырды.IMG_20160520_110409IMG_20160520_110432 1463721991731

Андан соң, КАДКнын өнөктөшү СПРИНГ долбоорунун адиси Эрнис Бапышев туура тамактануу, балдар үчүн пайдалуу азыктарды пайдалана билүү, аз кандуулуктун кантип алдын алуу сыяктуу пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.

Айгүл Илиясова СПРИНГ долбоорунун АДКлардын ишине кошуп жаткан салымы жана КАДКнын айыл чарба багытындагы  «Агрогоризонт» сыяктуу башка өнөктөш долбоорлору, алар тарабынан берилген жардамдар тууралуу айтты. 1463723517093

1463723677945Ала-Бука РДКнын төрагасы, РДКлардын облустук коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Андаш Токторбаев РДКлардын ички иштөө тартиби тууралуу кеңештерди берди.

Айгүл Илиясова ар бир АДКнын каражат жагын камсыздоо үчүн  фонду болууга тийиш экендигин белгилеп, мисал катары фондунда бир топ акча каражаты бар Терек-Сай АДКсын мисал катары келтирип, АДК мүчөлөрү өздөрү белгилеген өлчөмдө мүчөлүк акы төлөө аркылуу фонд уюштуруу керектигин айтты.

Жолугушуунун соңунда, РДК тарабынан АДКларды өнүктүрүү үчүн айыл тургундарынан демилге, идеяларды алып чыгуу боюнча июль айында Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылында АДКлардын жолугушуусун өткөрүү максаты коюлуп, катышуучулар КАДК ассоциациясынын башчысы Айгүл Илиясовго ыраазылыктарын билдиришти.

М. Эшназаров

 

Ыйгарым укуктуу өкүл Чаткалга келди

Май айынын  он сегизинде КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу Чаткал районуна иш сапары менен келди.

Ал алгач, Терек-Сайдагы «Этибакр Терек-Сай» кен өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, Ак-Таш айылына келип, андагы жаңыдан курулуп жаткан жүз элүү окуучуга ылайыкташырылган мектептин курулушу жана Ак-Таш чегара тосотунун абалы менен жакындан таанышты.

Буга кошо эле, айыл тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.IMG_20160518_125251 IMG_20160518_125855 IMG_20160518_125406 IMG_20160518_160228 IMG_20160518_160521 IMG_20160519_101808 IMG_20160519_101736

Ыйгарым укуктуу өкүл айыл калкы менен жолугушууда аталган айылга курулуп жаткан мектепке республикадан бөлүнүп жаткан каражат жетип калса, быйыл ишке кириши мүмкүн экендигин себеби, өлкөдө акыркы мезгилдерде болуп жаткан ар кандай табигый кырсыктарга каражаттар жумшалып кетип жаткандыгын айтты жана акыркы жылдары райондун үч айылында-Коргон-Сай, Айгыр-Жал жана Ак-Таш айылдарында үч жаңы мектеп курулуп жаткандыгы чоң жетишкендик экенин кошумчалады.

Буга кошо эле, райондо он чакырымга жакын унаа жолу асфальтталып, көпүрөлөр курулуп жаткандыгын белгиледи.

Ал Ак-Таш айылы да чегарага жакын аймактарынын катарына кирээрин, ага ылайык келечекте социалдык жактан колдоолор болоорун айтты.

Жумагүл Эгембердиева мындан сырткары, республикада акыркы жылдары ишке ашырылып келаткан социалдык-экономикалык албан иштерден да бир топ мисалдарды келтирип, элди ынтымакка, ар кандай кырдаалдарды сүйлөшүүлөр менен гана бүткөрүүгө чакырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу андан ары Кара-Суу айылына курулуп жаткан мектепке жана айгыр-жалдык дыйкан Нуржамал Наргозиеванын күнөсканасына барып, андагы иштер менен таанышты.

Андан соң, Чаткал-Ала-Бука унаа жолунун Айгыр-Жал айылынан чыга беришине курулуп, жаңыдан ишке берилген көпүрөнү көрүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш сапары эртеси да улантылып, райондук мамлекеттик администрациясында район тургундары жана райондук актив менен жолугушту.

Жолугушууда алгач, Ж. Эгембердиева буга чейин район тургундарынан коюлган суроо-талаптардын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Буга кошо эле, айыл чарба тармагында базар экономикасы талап кылган айыл чарба өсүмдүктөргө басым жасалып, башка райондор сыяктуу эле Чаткал районунда да күнөсканалар иштетилип башталгандыгын, бүгүнкү күнгө карата облус боюнча төрт жүз сексенден ашуун күнөскана бар экенин, күнөсканаларды тамчылатып суугаруу ишке ашырылып жаткандыгын, мал чарбасы да өнүгүп, калк азыркы кезде колундагы малды асылдандырууга көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда башка райондорго салыштырмалуу малдын саны көбөйгөнүн айтып, мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана даярдалган азыктарды райондогу тоо кен ишканаларына сатуу боюнча келишимге жетүүнү колго алуу керектигин айтты.

Ал буга кошо эле, Чаткал районунда тоо кен фирмаларынан түшкөн кирешелерге бир топ жакшы иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда акыркы мезгилдерде наристелердин өлүмү көбөйүп жаткандыгы кейиштүү экендигин бирок, мындай көрүнүшкө дарыгерлер гана эмес жарандар өздөрү да дарыгерлерге өз убагында кайрылбай айрым учурда өздөрү да күнөөлүү болуп калышаарын айтып, бул маселе менен иш алып барууну райондук жалпы дарыгерлик борборунун башчысына жана район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басарына тапшырма берди.

Чаткал районунда 4609 жаран жөлөкпул алышаарын жана жарандарга жөлөкпул берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгынан маселе чыгышы мүмкүн экендигин, мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоонун көрсөткүчүн жогорулатуу керектигин, акыркы мезгилде чет жактарда иштеген жарандарыбыз киреше таап, өз жерине жардам беришип, айрымдары балдарын жакындарынын колуна таштап натыйжада, балдар терс мамилеге кабылып жаткандыгын айтып, антсе да, миграциянын оң таасири бар экендигин билдирди.

Быйыл мамлекет тарабынан облус боюнча сегиз чакырым унаа жолу асфальтталса, мындан эки чакырымы Сумсар айылына бөлүнгөнүн, Жалал-Абад облусунда негизги төрт чиелүү маселе-диний экстремисттик кырдаал, чегара маселеси, этностор аралык чыр-чатак жана техногендик кырсыктарга байланыштуу маселелер бар экендигин билдирип, чегара маселесин мамлекеттик деңгээлдеги адистер гана чечээрин, бул маселеге кийлигишүүгө карапайым калк эч качан аракет кылбоосу керектигин, мындай калпыс аракеттин алдын алууга ар бир кызматкер аракеттенүүсү керектигин айтты.

Ал мындан ары калкка ар кандай кырсык кырдаалдарда берилүүчү ссуда берилбесин, мындан ары турак-жайларды камсыздандырууну колго алуу керектигин маалымдап, буга карата бир нече мисалдарды келтирди.

Бүгүнкү күндө коңшулаш мамлекеттерге тиешелүү делген Кыргызстандын аймагындагы чоң объекттер мамлекетке өткөрүлүп жаткандыгын, коңшулаш мамлекеттер менен талаш маселелерде жеке жарандар кийлигишпесе, бул маселени чечүүчү тиешелүү жактарга жардам бергендиги ошол экендигин, жер-жерлерде кредит алгандар кредиттерди төлөбөйбүз-деп айтып жаткандары  мыйзамсыз экендигин, ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керектигин айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл сөз соңунда, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджети төрт жүз пайызга дейре өсүп, бир топ жакшы иштер болуп жаткандыгын айтып, элде фирмалар менен ынтымак болсо жакшы иштер турмушка ашырыла берээрин белгилеп, калкка ынтымак каалады.

Андан соң, турак-жайды камсыздандыруу боюнча облустагы өкүл Руслан Казаков турак-жайларды камсыздандыруу маселелери, пайдасы жана жол-жоболору тууралуу айтып, камсыздандыруу иштерине мамлекеттен жүз элүү миллион сом бөлүнгөнүн билдирип, камсыздандыруу полистери айрым социалдык жактан муктаж жарандарга бекер берилээрин ал эми, камсыздандыруу каражаттары атайын комиссиянын берилиши тууралуу чечиминен кийин мурдагыдай ссуда сыяктуу беш-алты жыл кечиктирилбестен бир айдын ичинде берилээрин билдирип, активдин катышуучуларын камсыздандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилерге берилчү суроо-жоопторго кезек берилип, катышуучулар О. Кожобеков, Ф. Атажанова, К. Өскөнбаев, Ө. Токтогулов, А. Сапарбеков, Ш. Муратбеков, У. Абдиев, Ш. Таласбаевдердин суроолоруна жооп берилип, ага ылайык, асфальтталган жолдор жана курулган көпүрөлөр убагы келгенде тийиштүү кагаздары бүтөөрү менен мамлекеттин балансына өтөөрү, экотехинспекциядан Чаткал районуна өзгөчө көңүл бөлүү боюнча Премьер  министрге кайрылуу жолдоноорун, балдар жана карылар эс алуучу лагерь ачууну райондук жетекчилик колго алуусу керектигин, балык чарбасын да мүмкүн болсо колго алуу керектигин, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү кайрадан каралып жаткандыгы, райондук сотко быйыл жаңы имарат  салынышы күтүлүп жаткандыгы, фирмалардагы кытай жарандарына берилчү квота маселесин экотехинспекция менен биргеликте текшерип чыкса болоорлугу, А. Айымбетов мектебинин спорттук залы быйыл бүтөөрү ал эми, Ак-Таш айылындагы мектептин бүткөрүлүшү каражатка байланыштуу болоору, Чандалаш көпүрөсүн бүткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү белгилүү болду.

Жыйын соңунда, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева район калкына ынтымак каалады.

Нуркамил карате-до боюнча мелдештен жеңип, Индонезияга жолдомо алды


14-май бишкекте болуп өткөн карате-до сётакан боюнча республикалык чемпионатта чаткалдык каратечи Нуркамил Дүйшөнкул уулу +75 килограмм же,  абсолюттук салмакта биринчи орунду ээлеп, Индонезияда боло турган дүйнөлүк мелдешке жолдомого ээ болду.

М. Эшназаровreceived_1719050411676127 received_1719050408342794

Чаткалдык балбан эл аралык мелдешти багындырды

IMG-20160514-WA0000IMG-20160514-WA0002-17-9-майда борбор калаадагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Улуу Жеңиштин урматына жана Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И. Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде чаткалдык балбан Мелис Айтбеков сексен килограмм салмактагы балбандар арасында чемпион аталды.

Кошумчалай кетчү жагдай, балбан Мелис Айтбеков бул жеңиши менен КР. Спортунун чебери наамына да татыды.

Аталган турнирге Орусия, Корея, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 289 спортчу катышып, турнирдин бардык тогуз салмактык бөлүгүндө кыргыз спортчулары жеңишке жетишкен.

М. Эшназаров

Белгилүү ишмер, педагог Сатыбалды Байдөөлөтовдун токсон жылдык маарекеси өттү

Май айынын он төртүндө Чаткалдан чыккан белгилүү коомдук ишмер, педагог Сатыбалды Байдөөлөтовдун токсон жылдык маарекеси маркумдун ысымын алып жүргөн мектепте өттү. 1463200153138

Маареке алгач маркумду эскерип, анын арбагына багыштап куран окуу менен башталып, андан соң, Сатыбалды Байдөөлөтовдун өмүр баяны менен тааныштырылды.

1463200355159

Андан соң, мектеп окуучулары Сатыбалды Байдөөлөтовго арналган ырлардан көркөм окушту.1463200603738

Андан кийин, куттуктоо сөздөрүнө кезек берилип, алгач мектеп директору Шадыкан Айымбетов маарекенин катышуучуларын аталган маареке менен куттуктап, маркумдун эмгек жолуна учкай токтолуп, бул маареке «Тарых жана маданият» жылындагы бир маданий иш чара катары болуп калаарын белгиледи жана мектептеги жетишкендиктерге азыраак токтолуп өттү.1463200956314

Кийинки куттуктоо сөзү район акими Канжарбек Эшалиевге берилип, ал өз сөзүндө Сатыбалды Байдөөлөтовду эскерүү маарекеси 1463201086309майрам катары  сезүү керектигин айтып, маркумдун жогорку кызматтарда иштеген уулдарынын элге жасап жаткан эмгектери тууралуу учкай айтып, алардын баштарына ак калпак кийгизип, өтүп жаткан маареке менен куттуктады.14632014679121463201485912 1463201527954 1463201548222

Чакан музыкалык тыныгуудан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын орун басары Кубаныч Осмонбеквдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, маркум тууралуу эскерүүлөрүн айтышып, маркумдун жубайы Зейнеп энеге ден соолук каалашты. IMG_20160514_110212IMG_20160514_110245 IMG_20160514_110303IMG_20160514_110312Маарекенин жүрүшүндө маркумга арналган музейдин ачылышы болуп, катышуучуларды музей кызматкери Сатыбалды Байдөөлөтовдун эмгек жолу менен кеңири тааныштырды.1463202677065 1463202693361 1463202721707 1463202873924 1463202895640

 

146320297272014632032429261463203208754

Маареке андан ары уланып, маркумдун уулу, чегара кызматынын полковниги  Наркул Байдөөлөтов жана кызы, Эл агартуунун отличниги Касиет Байдөөлөтовалар сөз сүйлөшүп, IMG_20160514_113439 IMG_20160514_113403катышуучуларга ыраазылык билдиришип, мектептин алдыңкы мугалимдерин баалуу белектер менен жана окуучуларын Сатыбалды Байдөөлөтовдун токсон жылдыгына арналган сертификат менен сыйлады.1463204653340

Мындан сырткары, бир топ коноктор куттуктоолорду айтышты.

Маарекенин салтанаттуу бөлүгү аяктаган соң, Сатыбалды Байдөөлөтов тууралуу даректүү тасма катышуучулардын назарына сунушталды жана буга улай эле, маркумдун урматына волейбол оюну өтүп, жеңүүчүлөр акчалай байгелер менен сыйланышты.

КР. экс-президенти Роза Отунбаева Чаткал районуна иш сапары менен келди

Бүгүн, 13-май күнү КР. экс-президенти Роза Отунбаева Чаткал районуна иш сапары менен келди.

Роза Отунбаева алгач райондун айрым мектептерине барып, андагыиштин жүрүшү менен бир сыйра таанышкан соң, раймамадминистрацияда жергиликтүү калк менен жолугушту.1463110349218 1463110374486 1463110392067 1463110411336 1463110426367 1463110453406

Жолугушууда алгач, Роза Отунбаева өзүнүн иш сапарынын максаты менен тааныштырып, өзү жетектеген фонддун ишмердүүлүгү жана максаты тууралуу айтты.

Ал өз сөзүндө, кыргыз мигранттары дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп келаткандыгын, алардын өлкөгө келтирип жаткан пайдасы жана алардын ишмердүүлүгүн жалпы мамлекетке пайда келтирчү бир калыпка салуу сыяктуу маселелерге токтолуп, Түркия, Германия, Орусия сыяктуу чоң мамлекеттерди мисал катары келтирди.

-Биздин фонд чет жакта иштеп, бутка турган мекендештерибиз тууралуу «Кыргызстан, мекендештер салымы» аттуу китеп чыгардык. Чет жактарда иштеген чаткалдык алдыңкы уул-кыздар тууралуу да кошолу китепке, мүмкүн болсо бериңиздер-деп, мындан сырткары, фонд тарабынан чыгарылып жаткан бир топ китептер тууралуу маалымдап, катышуучуларды китепти көп окууга чакырды.

Ал мындан сырткары, фонд тарабынан түзүлгөн жайлоо бала бакчаларынын мааниси тууралуу кеңири айтып өттү. 1463112723448 1463112755993

Андан соң, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун кызматкери Догдургүл Кендирбаева сөз сүйлөп, өздөрү ала келген адистер райондун мектеп, бала бакчаларында окууларды өтүп жаткандыгын маалымдап, фонддун билим берүү программалары жана ага ылайык аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.

Ал Роза Отунбаева Президент кезинде Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мамлекетибизге келип, иштеп баштаган, азыр Чаткал, Ала-Бука сыяктуу алыскы райондорду да камтый баштаганын билдирип, катышуучулардын назарына14631136239651463113438152 1463113462805 мектептердеги окуучуларга тамак-аш берүү тууралуу кыскача даректүү тасманы сунуштады.1463113623965 1463114436479

1463114663665 1463114687156Жолугушууда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору обондуу ырлардан тартуулашты.1463114867588

1463114925349Музыкалык тыныгуудан соң, фонддун кызматкери Асылбек Жооданбеков жайлоо бала бакчалары тууралуу даректүү тасманы катышуучулардын назарына сунуштап, Чаткалда да жайлоо бала бакчаларын ачууга  байланыштуу сунуштар жана уюштуруу маселелери, жагдайлары тууралуу айтты.1463116233897 1463116251532

Жыйын соңунда Кр. Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык иштер боюнча орунбасары Бактыбек Анаркулов сөз сүйлөп, Чаткал районунда жогорудагыдай иштерди аткарууга кеңири каражаттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, алыскы Чаткал районуна келгендиги үчүн Роза Отунбаевага облустук өкүлчүлүктүн атынан ыраазылык билдирди.

 

Андан соң,  катышуучулар  Роза Отунбаевага суроолорду беришип, сунуштарын билдиришип, керектүү маалыматтарды алышты.

Жолугушуунун соңунда,  район акими Канжарбек Эшалиев жогорудагы маселелер колго алынаарын билдирип, Роза Отунбаевага ыраазылыгын айтты.

Жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрдөн төшөлмө килем


Май айынын он экисинде Чаткал районунун С. Байдөөлөтов орто мектебин мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аталган мектепке жетимиш беш метр узундуктагы төшөлмө килем тапшырышты.IMG_20160512_103358 IMG_20160512_103516 IMG_20160512_103452 IMG_20160512_103339 Килемди алууга элүү миң сом каражат жумшалгандыгын билдирди уюштуруучулардын бири Нургазы Жолдошев. Анын айтымында,мындан сырткары жыйырма жылдыктын алкагында район үчүн бир топ жакшы иштерди жасоо максат кылынууда.

М. Эшназаров

«Бирге үйрөнөлү» аттуу пайдалуу ачык сабак өтүлдү

Өтүп бараткан жуманын шейшембисинде район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде жогоркудай аталышта ачык саат өтүп, окуучулар төрт топко бөлүнүшүп күч сынашты.

1462948278363

14629483463831462948376506 1462948392186 1462948416170 1462948448826

Мында, окуучулар алгач комуздун коштоосунда салам айтуу менен, өз өнөрлөрүн калыстардын сынына коюшту.

Андан соң, окуучулар  ылайык, шаңдуу музыканын астында тапшырмаларды аткарышты.

1462949558797 1462949590686 1462949605018 1462949629437

Топтордун айрымдары салаттардын түрлөрүн жасашып, ага ат коюп, жасаган салаттары тууралуу түшүндүрүп беришти.

1462949866550 1462949880206

1462950018416

Калыстар ар бир эмгекке өз бааларын беришти.

1462950596244 1462950616524 1462950642789

Андан соң топтор кийизден буюм жасоо боюнча да күч сынашты.

1462949866550 1462951295334 1462951316964

1462951714482 1462951735541

1462951834436 1462951867457

Окуучулардын нукура кийизден жасаган буюмдарына калыстар өзгөчө баа беришти.

Таймаштын акыркы тапшырмасы-үй тапшырмасына калыстар тарабынан баа берилген соң, таймаш жыйынтыкталды.

Калыстардын чечими менен  1-орун «Алтын ийне» тобуна, 2-орун «Жез оймок»  жана «Чеберлер»топторуна ал эми, 3-орун «Уздар» тобуна ыйгарылып, жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы Дипломдор менен сыйланышты.

М. Эшназаров