Архив за месяц: Май 2016

Чаткалдын эли, жери үчүн тоодой эмгеги сиңген

 

SAM_4185 Калк тааныган адамдын, өткөн көп жылдар арасындагы үзүрлүү эмгеги элдин жана коомчулуктун көз алдында болуп келген жетекчинин өмүр таржымалы  жөнүндө маалымдалып келген. Саматкул  Максымбеков Чаткал, Ала-Бука райондоруна, областка, республикага таанымал инсан, ишти  уюштура  билген жөндөмдүү жетекчи, Кыргыз  Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер.305385

 

Адамды эл эмгегинен тааныйт, эмгегинен сыйлайт эмеспи. Анын сыңарындай, акылмандарыбыздан болгон Ж.баласагын “Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң ишинен бил”-деп бекеринен айтып кетпесе керек. Жакшыны эмгегинен, аракетинен, ишинин натыйжалуулугунан эл баалайт. С.Максымбеков Кыргызстандын айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн салмактуу салымын кошкон, өзгөчө Чаткал районунун район болуп түптөлүшүнө алгачкы жандуу аракеттерин, демилгелерин багыттап келген. Буга аргументтер жана фактылар бар.

Чаткалдын район болуп түптөлүшүнө алгачкы аракеттер, алгачкы кадамдар С.Максымбековдун Чаткалдын өнүгүшүнө, келечегине  багытталган ошол мезгилдеги көз караштарынан, ой жүгүртүүлөрүнөн, тийиштүү инстанцияларды жана чогулуштарда айткан далилдүү, перспективалуу ой-сунуштарынан, демилгелеринен башталат.

Ал төмөнкүдөй:

1971-жылы Кыргызстан КПБК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин кошмо Токтому чыгат. Кошмо Токтомдо Чаткап өрөнүн кылымдар бою айдалбай  жаткан дың жерлерин өздөштүрүү жана элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, мал-чарба продукциясын көбөйтүү маселеси  көтөрүлөт. Токтомдун негизинде Чаткал машиналаштырылган мал чарба станциясы уюштурулат (Чаткал МЖС). Бул Токтомдун аткарылышы боюнча Чаткал МЖСне кадр тандоо болот. Ала-Бука райком партиясы, Ош обком партиясы Саматкул Наркулович Максымбековду Кыргызстан БКга Чаткал МЖСне директорлук кызматка сунуш кылат жана бекитет. Анан МЖСти өнүктүрүүгө, ага тоют базасын кеңири түзүүгө, калктын тамак-ашка карата болуп жаткан талабын канаттандырууга, кыштактар аралык катнашты жакшыртуу үчүн шарт түзүүгө, Жаңы-Базар, Башкы-Терек, Киров жолдорун жакшыртууну жүзөгө ашырууга аракеттерин жумшай баштайт. Ошондой эле “Бизге, МЖСке иштөөгө келгиле, жаштар!”-деген үндөө менен жаштарды ишке чакырат. 1500 гектар айдалбай жаткан жер өздөштүрүлөт.

309

Башкы-Терекке 416 тонна үрөн, анын ичинен 32 тонна буудай, 61 тонна эспарцет, арпа жана башка үрөндөр жеткирилет. Чаткалдын  оор, катаал шарттарында, кыйын жолдорунда С.Максымбеков өзү башында болуп, жолдо, белде, талааларда түнөшүп, кар баскан үйлөрдө жатышып, 2 Урал автоунаа, 2 бульдозер жеткирилет. Ошондой эле 1972-жылы 6 “ДТ-75, 8 “К-700” тракторлору,  5 “Т-74” бульдозерлери жана башка техникалар, үрөн сепкичтер жеткирилет. “Ийгилик издегенге ийилет”-деп айтылгандай С.Максымбековдун жөндүү иш-аракеттери, демилгелери, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү менен МЖСте иш кызуу жүрө баштайт. Директор ишке механизаторлорду жана ар түрдүү кесиптеги жумушчуларды тартуу боюнча демилге көтөрөт. Натыйжада 30 механизатор, 70ке жакын ар түрдүү кесиптеги жумушчулар ишке тартылып эмгектене башташат. Алардын иштөөсү үчүн жакшы шарттар түзүлөт.

Жаңы иштер пландаштырылат. Ал мезгилде Чаткалдан жол туш тарапка башталган.

Жаңы-Базар-Башкы-Терек-Киров таш жолу салына баштайт. Бул жолдор 15 миң гектар жерди толук өздөштүрүүгө жол ачат. Ак-Таш, Айгыр-Жал, Каныш-Кыя кыштактарын бири-бири менен байланыштыра баштайт. Бул кыштактар Чаткал дарыясынын өйүз-бүйүзүндө болгондуктан аларга көпүрө салуу пландаштырылат. Чаткал жемдин базасына айланат.

Чандалаш, Коргон-Төбө, Чакмак сыяктуу көптөн бери айдалбаган жерлерге арык казуу иштери башталат. Чаткал байлыкты көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүгү болуп калат. С.Максымбеков жетекчилик иши менен, эмгеги менен элге көрүнө баштайт. Тактап айтканда 1972-жылы пландаштырылган 1500 гектар жер толугу менен өздөштүрүлөт. 1300 гектар жерге арпа, 200 гектарга буудай, 600гектарга эспарцет айдалат. Өндүрүлгөн дан эгиндери ошол мезгилдеги Ала-Бука, Жаңы-Жол райондорунун колхоз, совхоздоруна жеткирилип турган. 1973-жылы Чаткал өрөөнүндө 2600 гектарга эгин айдалат. Жыл өткөн сайын өндүрүлгөн эгинди көп алуу үчүн С.Максымбеков башында турган жаңы жердин азаматтары катуу күрөшө баштайт. Алардын күрдөөлдү күрөшү ийгиликтерди жаратып, айыл чарба майданында жакшы жетишкендиктерге, жаңы жеңиштерге жеткирет. С. Максымбеков өзү эскерип айткандай, бул жетишкендиктерге Ала-Бука, Жаңы-Жол, Ноокат райондорунан, ошондой эле Өзбекстандан, Казакстандан келип иштешкен жаштардын салымы чоң болгон.

SAM_4179

МЖСтин борбору болгон Башкы-Теректе иш жаңыдан башталганда курулушу, имраты жок, ээн жерде С.Максымбеков жетектеген жумушчу топ, адистер алгач чатырларда, вагон үйлөрдө туруп башташкан иштеринин натыйжасында Башкы-Теректин көрүнүшү кийинчерээк таптакыр башкача боло баштайт.

Ал жерде үйлөр, жатаканалар, чабандар үчүн үйлөр, кашарлар курулат. Вагон-үйлөр орнотулат. Мунун бардыгы жетекчинин иштин көзун билгендигине, ишти уюштура билүүсүнө, анын камкордуктуу жана перспективалдуу иш-аракеттерине, анын оптимизмине байланыштуу болот эмеспи.

Бир сөз менен айтканда, С.Максымбеков 1971-1978-жылдар арасында өзүнүн алгачкы уюштуруу иштери жана демилгелери, сунуштары менен чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, Ала-Бука райком партиясынын, Ош обком партиясынын, Кыргызстан БКнин Бюросунун ишенимин актап, Чаткалды өздөштүрүүгө, Чаткалдын инфраструктурасын көтөрүүгө өзүнүн жетекчилик салмактуу салымын кошкон. “Эр жигит эмгегинен абийир табат” эмеспи. Анын Чаткалды өздөштүрүүдөгү ийкемдүү ийгиликтери, жетишкендиктери, ишинин натыйжалуулугу учурунда өз жемишин берген.

1978-жылы Чаткал МЖСнин базасында уюштурулган Башкы-Терек совхозунун директору болуп иштеген. 1980-жылдан 1983-жылга чейин эл депутаттарынын Чаткал райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп элге кызмат кылган. “Эр эмгегин эл эстен чыгарбайт” демекчи, 1971-1983-жылдар аралыгындагы  Чаткал өрөөнүн өздөштүрүүгө, анын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңешинин биргелешкен Токтомунун негизинде 2006-жылы “Чаткал районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. Эң башкысы ишиндеги жоопкерчиликти, эл ишенимин ыйык сезген, элдин кызыкчылыгын көздөгөн, Чаткалдын келечегине көз жүгүрткөн, Чаткалды өздөштүрүүгө салмактуу салымын кошкон зирек жетекчи болгон.

Саматкул Наркулович Максымбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы жараткан ийгиликтери, күжүрмөн жана үзүрлүү эмгеги үчүн 1999-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына  эмгек сиңирген кызматкер “Жогорку наамынын ээси болгон. Ошондой эле бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болуп келгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Атай кетсек:  “Ардак белгиси” ордени, “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, “Юбилейный”, “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү-1973” төш белгилери жана башка бир топ баалуу белектер, эстелик буюмдар менен сыйланган.

Саматкул Максымбеков 4

Мунун баарысы С.Максымбековдун күжүрмөн, үзүрлүү эмгеги, жандуу аракеттери, демилгелери, сунуштары, кызматы элге, мамлекетибизге, Кыргызстандын айыл чарбасынын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналып, багытталып келгендигинен кабарлап турат.

М. Эшназаров, Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү

Чаткалдык Өзгөрүш Сатимбаев КР. Ардактуу атуулу болду

Чаткал районундагы финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери, Чаткал районунун Ардактуу атуулу Сатимбаев Өзгөрүшкө жакында Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамы ыйгарылып, төш белгиси менен берилип, Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандарынын коомунун бирикмесинин мүчөсү болду.

Бүгүнкү күндө 78 жаштын курагындагы Өзгөрүш Сатимбаев 1963-жылы Фрунзе кооператив техникумун бүтүп, эмгек жолун 1955-1956-жылдары Жаңы-Базар айылындагы сельподо эсепчи болуп баштаган. 1961-жылы Чаткал сельпосунда бухгалтер, 1963-1968-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын бухгалтери, башкы бухгалтери, 1968-1976-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын төрагасынын соода боюнча орун басары,  башкы бухгалтери, 1976-1986-жылдары Чаткал райондук керек-жарак коомунун башкармалыгынын төрагасы, 1986-1991-жылдары “Беш-Арал”, “Ак-Таш”, “Чаткал” совхоздорунун башкы бухгалтери, 1992-1998-жылдары “Ыдырыс” акционердик коомунун бухгалтери болуп иштеген. Айылдык, райондук Кеңештердин бир нече жолку депутаты болуп шайланып, эл үчүн кызмат кылып, Республикалык, областтык керек-жарак союздарынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мына ушундай басып өткөн финансы тармагында эмгек жолу жана учурдагы айыл жериндеги жаштарга үлгү болоорлук насааттарынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамынын ээси болуп олтурат.

Б.Дилдебаев

АРИС; Жаңы долбоорлор башталууда

Кыргыз Республикасынын коомчулугунун өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосу (АРИС) 2016-жылга айылды инвестициялоо долбоорунун экинчи этабын баштады. Максаты айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, социалдык жана экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу. Милдети айылдын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү. Жергиликтүү өз алдынча органдарынын ролун күчөтүү,  этностор аралык чыр-чатактарды болтурбоо.

Каржылоо булактары: Долбоорду ишке ашырууга Германия федеративдүү Республикасынын Немец өнүктүрүү банкы аркылуу 5,5 миллион Евро бөлүнгөн. Ал гранттык негизде берилет.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн салымы 0,850 миллион Евро.

Коомчулуктун салымы АРИС тарабынан берилген гранттын 3,75 пайызын түзөт.

Конкурстук критериялар: Мурдагы айылдык инвестициялык долбоордон айырмаланып, бул долбоордо төмөндөгүдөй критериялар аркылуу айыл өкмөт конкурска катышат:

Айылдык аймактын ийгиликтүүлүгү, дотацияда алыстыгына 15 пайыз балл берилет. Бул жерде айыл өкмөтүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрү эске алынат.

Коомчулуктун мобилизациясына 25 пайыз балл берилет. Бул жерде коомчулуктун социалдык мобилизацияга катышуусу эске алынат.

өнүгүүнүн стратегиялык планы 30 пайыз балл берилет. Бул жерде айылдык аймактын өнүгүү стратегиялык планы эске алынат.

Долбоордук сунуштун даярдалышы 30 пайыз балл берилет. Бул жерде долбоордун даярдалышы, сметалык документациялары эске алынат.

Социалдык мобилизация бир нече кадамдардан турат. Алар:

Тегерек стол айыл аймактын деңгээлинде

Долбоорго катышууга кызыктар кат.

Айылдын деңгээлинде киришүү семинарлары.

Айылдын муктаждыктарын аныктоо.

Айылдын Профайлын түзүү.

Микродолбоордук сунуштарды даярдоо.

Стратегиялык жана инвестициялык планды иштеп чыгуу.

Конкурска документтерди тапшыруу.

өздүк салымдарды жыйноо

Негизги тренингдерге катышуу.

Атайын тренигдерге катышуу

Жогорудагыдай көрсөтүлгөн иш чаралар конкурстук комиссияда бааланат.

 

Жайлообек Айтмырзаев, Чаткал району боюнча АРИСтин эксперти

Музыка мектебинин окуучулары концерт беришти

Жакында райондук балдардын музыкалык мектебинин окуучуларынын бир жылдык отчеттук концерти райондук маданият үйүнүн концерттик залында болду. Анда музыкалык мектептин окуучулары өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, музыкадан алган билиминин жыйынтыгын элге тартуулашты.

Белгилей кетсек музыкалык мектептинТерек-Сай айыл аймагынын маданият үйүндө 27 окуучу, Чаткал айыл аймагынын Чаткал орто мектебинде 35 окуучу, ал эми Каныш-Кыя айылында жайгашкан музыкалык мектептин өзүндө 47 окуучу болуп жалпысы 109 окуучу музыка сабагынан кошумча билим алышууда. Мындагы окуган окуучулар аккордеон, комуз, фортепиано, бий сабактарынан билим алышат.

Б. Дилдебаев

«Чаткалдын өнүктүрүү фондунун» каражаттары максаттуу жумшалат

Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун төрагасы Жолдошев Акимбек Балбанович менен дил маек.

-Акимбек Балбанович, Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун иши качан башталган?

-Райондо өнүктүрүү фонду 2015-жылдын 31-июлунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын №141 буругунун негизинде түзүлгөн. Ал эми 2015-жылдын 6-августунда  Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун Уставы Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, күбөлүк берилген. Бирок, толук кандуу жумушубузду быйылкы жылдын жакынкы күндөрүнөн баштап жатабыз.

-Фонддун ишмердүүлүгү кандай максатта жүргүзүлөт?

-Фонддун негизги максаттары райондун аймагындагы жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, райондун экономикалык өнүгүү үчүн шарттарын түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат. Фонддо бюджеттик жана атайын каражаттар деген эки эсеби болот. Бюджеттик каражаттардын эсебинен калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктрүү, жерлерди милеоративдүү жакшыртуу, сугат түйүндөрүн, гидротехникалык обьектилерди оңдоо жана калыбына келтирүү иш-чараларына жана жердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга, курорттук -рекрециялык зонаны  өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоонун долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп  чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыздоого, жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүнүнтарамдарын оңдоо жана калыбына келтирүү.райондо жана айыл аймактарында мамлекеттик  жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө, инвесторлор менен капиталга чогу катышуу жана инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде райондо жаңы ишканаларды ачууга, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга, райондун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, коомчулуктун муктаждыктарын камсыздоого жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган техниканы жана жабдууну жаңыртууга борборлоштуруп сатып алууга акча каражаты жумшалат.

Ал эми атайын каражаттардын эсебинен жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого, акы төлөнүүчү, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизде коп балалуу жана жаш үй-бүлөлөрдү, бюджеттик уюмдардын жумушчуларын, районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрcөтүүчү бизнес долбоорлорду микрокредиттик уюм аркылуу чакан кредит берүүгө, ипотекалык насыялоого, калктын аялуу катмары үчүн турак жайдын курулушуна, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо органдарынын коргоонун, жарандык коргоонун,жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишин колдоого жумшоого болот. Ал эми фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди уюштуруу боюнча иш-чараларга, белгиленген ченемден жогорку сый акыларды төлөөгө жана фонддун максаттарын, милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларга пайдаланууга жол берилбейт.

-Фонддун башкаруу органы болуп кимдер эсептелинет?

-Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун жогорку башкаруу органы болуп фонддун байкоочу кеңеши түзүлгөн. Азыр анын курамында жергиликтүү кеңештин депутаттары, МПОлордун өкүлдөрү, финансистер, юристер, профсоюз уюмунун төрагалары жана башка кесиптин ээлери бар. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өздөрү төрага шайлап алышкан.

Мындан башка аткаруучу органы болуп курамында 7 адамдан турган фонддун башкармалыгы, ошондой эле негизги иш алып баруучу фонддун администратору бар.

-Каржылоо үчүн долбоорду сунуштоонун жана тандоонун тартиби кандай?

-өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду сунуштоонун тартиби Уставда белгиленген. Уставдын негизинде фонддун каражаттарынан пайдаланууну каалаган арыз ээси долбоорду айыл аймагынын тургундарынын артыкчылыктуу демилгелерин табуунун негизинде фондого сунуштайт. Фонддун кароосуна жөнөтүлгөн долбоорду же долбоордун тизмегин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекитет. Арыз ээси өз алдынча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын же башка булактардын эсебинен зарылчылыкка жараша долбоордук-сметалык документтерди жана долбоорго арыз түзүү үчүн башка керектүү документтерди иштеп чыгат. Бир айыл өкмөтүнөн бир жылдын ичинде фонддун каражаттарынын эсебиненкаржылоого үчтөн кем эмес долбоорду берүүгө укукту.

Ал эми артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо жана тизмегин түзүү фонддун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Долбоорду кабыл алуу жана тандоону өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымат тандоо башталганга чейинки 10 календарлык күндөн кечиктирилбей жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Долбоорго карата артыкчылыктуу арыздарды тандоо критерийлер боюнча фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү тарабынан коюлган баллды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Байкоочу кеңеш фонддун башкармалыгынан келип түшкөндолбоорлордун тизмегин каттоо күнүнөн тартып 30 күндөн кечиктирбей аны кароо жана бекитүү боюнча өзүнүн жыйынын өткөрөт.

-Фондго акча каражаты кайсы багыттан түшөт?

-Фонддун акча каражаттары алтындын запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүдөн 30 пайызынын, конкурстун обьекттин кенин пайдалануу укугун сатуудагы жыйынтык баадан жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептеп чыгаруу менен 3 пайызынын, кен чыккан жерлери токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттарынын эсебинен түшөт. Ал эми атайын каражаттардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан келип түшкөн акча каражаттарынан толукталат.

-Учурда райондук өнүктүрүү фондунда канч акча каражаты бар?

-Бүгүнкү күндө фонддун бюджеттик эсебинде 45 миллон 997217 сом акча каражаты бар.

МТС уюштуруу максат кылынууда

Бүгүнкү күндө айыл жерлеринде  колдо болгон айыл чарба техникаларынын жана айыл чарба шаймандарынын эскилиги жетип, иш берүүсү бир топ кыйынчылыктарды пайда кылып келүүдө. Ошол себепке байланыштуу мамлекет айыл чарбасын өнүктүрүү максатында айыл аймактарында бирден кем эмес машина трактордук станция  (МТС) уюштурууну максат кылууда. Бул ишти колго алуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2016-жылдын 17-март айында  № 107-Б жана КРнын айыл чарба жана милиорация министрлигинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги №91 “Республиканын региондорунда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү уюмдарды (МТС) түзүү тууралуу” буйруктарын аткаруу максатында  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы 2016-жылдын 15-апрелинде № 48 буйругу чыгарылып, айыл аймактарына жеткирилген. Учурда райондо Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынын алдында бирден МТС уюштуруу аракеттери көрүлүүдө.

Каныш-Кыя айыл аймагында элдин айыл чарба техникаларына болгон муктаждыгына ылайыктуу МТЗ-1221 трактору бир даанасы 2 миллион 120 миң сом, МТЗ-82,1 трактору эки даанасы 2 миллион 166 миң сом, Полессе-5 комбайнынан бир даанасы 4 миллион 750 миң сом, ПЛН-5-35 сокосуна бир даанасы 131775 сом, ПЛН-3-35 сокосунан эки даанасы 150 миң сом , СЗ-3,6 сеялкасынан бир даанасы 641 миң сом, Сапсан-2,4 косилкасынан бир даанасы 520 миң сом, 2 ПТС-6,5 трактордук чиркегичинен бир даанасы 470 миң сом, Тюкан-1600 пресс подборщиги бир даанасы 760 миң сомдук айыл чарба техникаларын жана айыл чарба шаймандарын алуу пландаштырылууда.

Учурда Каныш-Кыя айыл аймагындагы жашоочуларга МТСти уюштуруу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сапаралы Эрназаров, айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыз кылуу департаментинин райондор аралык жетектөөчү адиси

«Таза Шакафтар» иш чарасы өткөрүлдү

Жакында  Шакафтар айылында  В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын мугалими Зулайка Алчынбекованын демилгеси жана уюштуруусу менен мектеп окуучуларынын катышуусунда “Таза Шакафтар” иш чарасы өткөрүлдү.

Иш чаранын алкагында айылдын борбордук көчөсүнүн төрт чакырым аймагы жана ал жерде жайгашкан мекеме, ишканалардын айлана-тегереги акыр-чикирден тазаланып, ирээтке келтирилди.

“Артыңыздан изиңизден башка нерсе калтырбаңыз” аттуу ураан алдында өткөн тазалык иш чарасы бир жагынан айылдын санитардык тазалыгына салым кошсо, экинчиден мектеп окуучуларын жашаган жерин таза кармоого, өз аракети менен айылдын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошууга жана негизгиси-тазалыкка чакырык таштады.

Айыл тургундары да Зулайка Алчынбекованын бул аракеттерине чын дилден ыраазылыктарын билдиришти. Белгилей кетсек, аталган иш чарага Шакафтар айылынын айыл башчысы Сабира Курмантаева демөөрчүлүк кылды.

Б. Исаков

Шакафтарда жаңы ветдарыкана ачылды

Жакында  Шакафтар айылында ветеринардык дарыкананын ачылыш аземи болду.

Айыл калкы үчүн эң керектүү мекеменин ачылыш аземине сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков баштаган мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышып, калктын колундагы төрт түлүк малдын аман асыралып, калктын жашоо-тирилигинин оңолуусуна зор пайда берчү мекемени курган Замирбек Алимбековго аземдин катышуучулары бир ооздон ыраазылык билдиришти.

Тактай кетсек, бул вет дарыкана “Сумсарветсервис” ишканасынын жетекчиси Замирбек Алимбековдун демилгеси жана аракеттери менен ачылды.

Б. Исаков

Орозо тууралуу учкай кеп

100_3679

Ассалааму алайкум урматтуу Мусулман бир туугандар!

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын аты менен баштаймын.

 

Орозо дегенде акылыбызга Рамазан айы келет эмеспи. Анда алгач Рамазан айы тууралуу андан соң орозо тууралуу сөз кылалы.

Рамазан айы он эки айд  ын эң ыйыгы. Аллах Таала Куранда  Рамазан айы тууралуу мындай деген:

«Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол көрсөтүүчү (хидаят) жана фуркандан турган анык далилдер катары Куран түшүрүлдү. Силерден ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен орозо кармап берет. Алла Таала силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. Санакты калтырбай тутууңар жана силерди туура жолго салганы үчүн Алла Таалага шүгүр кылып, даңазалашыңар үчүн (силерге орозо кармоо парз кылынды)».

Алла Тааланын сөзү менен ыйык Куранда аты аталгандыгынын өзү эле Рамазан айынын өзгөчө жана кадыр-баркы жогору экендигин билдирип турат.

Рамазан айы башка айлардан жогору экендиги да бул айда миң айдан да артык болгон кадыр түнү бар.

Орозо – бул мусулмандардын ниет кылып, таңкы жууктан тартып күн батканга чейин жеп ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу. Бирок орозо мындан да тереңирээк маани-маңызды камтыйт. Орозо кармоонун Алла Тааланын буйругуна моюн сунуу менен бирге бул дүйнөлүк жана тигил дүйнөлүк, ошондой эле жеке адамдын өзүнө жана коомго тийгизген көптөгөн пайдалары бар деп айтсак жаңылышпайбыз.

Куранда орозо тууралуу мындай буйрук кылынат. «Эй мамундар силерден мурунку өткөндөргө парз кылынганы сыяктуу эле, силерге да такыбаа болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды»

Рамазан айында орозо кармоо Пайгамбарыбыз (ﷺ) Меккеден Мадинага журт которуп келгенден кийин эки жылдан соң парз кылынган.

Орозо кармаган адамдын сообу тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз кудсий хадисте мындайча баяндаган:

«Улуу Алла Таала: Орозодон тышкаркы ибадаттардын баардыгы тең адамдын өзү үчүн кылынат. Орозо кармаган адам ичип жешин жана жыныстык катнашын Менин ыраазылыгым үчүн токтотот. Орозо – түздөн түз Менин ыраазылыгым үчүн кылынган ибадат. Ибадат кылган адамга сооптор эселенип берилет. Бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт. Бирок орозо башкача. Ал мен үчүн  жана анын сообун Өзүм берем.»

Салман ал-Фарисийден (радыяллааху анху) келген бир риваятта минтип айтылган:

«Шаабан айынын акыркы күнү Пайгамбарыбыз (ﷺ) бизге кайрылып айткан хутбасында минтип айтты:

– Оо, адамдар! Силер улуу жана берекелүү айдын босогосунда турасыңар.

Бул айда бир түн бар. Анын даражасы миң айдан да жакшыраак. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз кылды. Ал эми кечинде (таравих) намаз окууну нафил кылды. Бул айда ким бир жакшылык кылса, башка айда парз амалын аткаргандай (соопко ээ) болот. Ал эми ким бул айда парз амалын аткарса, ал башка айларда жетимиш парзды аткаргандай (соопко ээ) болот. Бул ай – сабырдуулуктун айы. Ал эми сабырдуулуктун сыйлыгы – бул бейиш. Бул ай – жакшылыктын айы. Бул айда мусулмандын ырыскысы көбөйөт. Бул айда ким (кечинде) орозо кармаган адамдын оозун ачтырса (тамак берсе), анын күнөөсү кечирилип, тозоктон кутулат жана орозо кармаган кишиге берилгендей соопко ээ болот. Бирок, андан орозо кармаган адамдын сообу кемибейт.

Ошондо биз:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Орозо кармаган адамдын оозун ачтыруу баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт, –деп сурап калдык.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) биздин сурообузга жооп катары минтип айтты:

– Ким орозо кармаган адамды бир уурттам суу же сүт, же болбосо бир курма менен оозун ачырса, Алла Таала ага ошол адамды тамакка тойгузгандай сооп берет. Ал эми ким бир адамды (тамакка) тойгузса, Алла Таала ага андан ары ал бейишке киргенге дейре чаңкабай тургандай кылып менин «Хавз» булагымдан ичирет. Бул ай: башы – ырайымдуулук, ортосу – кечирим, аягы – тозоктон азат кылуу болгон ай. Ким кол алдындагы (иштеген) адамдардын (ишин, милдеттерин) жеңилдетсе, Алла Таала ал адамдын күнөөсүн кечирип, тозоктон кутултат.

Рамазан айын кантип тособуз?

Рамазан айы – жүрөгүндө ыйманы бар адамдар үчүн майрам жана жан дүйнөнү дарылоочу, ички руханий илдеттерден арылуучу алтын убакыт.

Рамазан айы – биздин үйүбүзгө келип, бир ай түнөп кетүүчү конок.

Рамазан айы – биздин бир жылдык жасаган күнөөлөрүбүздү жууп кетирүүчү жана акыретибизге мол азык камдап алуучу зор мүмкүнчүлүк.

Демек, бул айды күтүп алуу, сыйлуу конокту күтүп алгандай өтө маанилүү. Кутман сахабалар Рамазан айы киргенде кубангандыктан көз жашын төгүп ыйлашчу. Ал эми Рамазан айы чыгып кеткенде кайгыргандыктан көз жаш төгүшчү. Алар дайыма: «Оо, Алла Таалам! Бизди Рамазан айына жеткиргин!» – деп дуба кылышчу эле. Алар Рамазанга жетсе күнөөдөн тазаланаарына, соопту көбөйтөөрүнө толук ишенишчү. Алар Рамазандын алдынан аны утурлап нафил орозолорду кармашса, Рамазандан кийин аны менен коштошуп кайра эле нафил орозо кармашчу.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эми Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн биз кандай амалдарды аткаруубуз керек экендигине токтоло кетейин:

1. «Буюрса, Рамазанда орозо кармаймын!» – деп, бекем ниет кылуу.

2. Орозо тууралуу китептерди окуп, орозо тууралуу айтылган баяндарга көбүрөөк кулак салуу керек. Анткени, орозонун пайдаларын уккан сайын ага кызыгуу пайда болот жана өзү кызыккан ишти аткаруу ал адамга жеңил болуп калат.

3. Ар бир адам буга чейин жасаган күнөөлөрүн баштан-аяк бир эстеп, өзүнө-өзү эсеп-кысап берүүсү керек.

4. Акыретти, Алла Тааланын алдында эч кандай сообу жок турган сурак күнүн көбүрөөк эстөө керек.

5. Алла Тааланы көп-көп эстөө, зикр кылуу. Айрыкча эртең мененки жана кечиндеги зикрде айтыла турган келмелерди көп айтуу керек. Себеби, зикр чалуу адамды шайтандын азгырыгынан сактайт. Анткени, көптөгөн адамдар шайтандын азгырыгына алданып, орозо кармабай калышат.

6. Рамазандан алдыңкы Шаабан айынын жарымына чейин нафил орозолорду кармап, напсини көндүрүү керек.

7. «Рамазан айынын орозосун кармоону насип кылгын!» – деп, Алла Таалага көп дуба кылуу керек..

 

Рамазан айында кандай амалдарды жасоо керек?

Рамазан айы мусулман адам үчүн табылгыс эң зор мүмкүнчүлүк. Бул айда жасалган жөнөкөй амал башка айда жасалган парз амалы сыяктуу соопко ээ болот. Ал эми бул айда жасалган бир парз амалы башка айдагы жетимиш парз амалын аткаргандай соопко эгедер кылат. Ошондуктан бул айга жетүүнү Алла Таала насип кылса, анда төмөнкү амалдарды аткарууга шашылалы:

1. Таравих жана башка нафил намаздарды окуу.

2. Курани Каримди окууга жана катмы кылуу.

3. Тообо кылуу жана жасаган күнөөлөрү үчүн Алла Тааладан кечирим тилөө.

4. Көбүрөөк дуба кылуу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ):

«Үч дуба эч кайтарылбайт (сөзсүз түрдө кабыл болот): 1. Атанын (перзентине кылган) дубасы, 2. Орозо кармаган адамдын (ооз ачаар маалдагы кылган) дубасы жана 3. Сапардагы адамдын дубасы», – деп айткан.

Демек, «орозо кармаган адамдын ооз ачаар учурда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот», – деп айтсак да болот. Андыктан, отуз күндү текке кетирбей, эмне тилегибиз болсо, аны Алла Тааладан сурап калуубуз керек.

5. Кайрымдуулук кылуу, кайыр-садака берүү, жоомарт болуу.

«Алла Тааланын Элчиси (ﷺ) адамдардын эң жоомарты болчу. Рамазан айы киргенде андан да жоомарт, өтө колу ачык болчу».

6. Орозо кармаган адамдардын оозун ачыруу.

7. Башка мезгилде таштай албаган жаман адаттарды таштоо.

 

Бул айда эмнелерден тыйылышыбыз керек?

Рамазан айында Алла Таала бизди башка учурда адал болгон айрым иштерден, т.а., жеп-ичүүдөн жана жыныстык катнашка баруудан тыят. Башка убакта адал болгон иштерден тыйылган соң, башка учурда арам болгон иштерден тыйылуу опоңой болуп калаары белгилүү. Рамазан айы сооптуу ай болгон менен аны туура пайдалана албаган адамдар кайра күнөөкөр болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан орозо кармаган адам төмөнкү иштерден сактануусу зарыл:

1. Көп сүйлөөдөн.

2. Көп уктоодон.

3. Урушуп талашуудан.

4. Ысырапкорчулуктан тыйылышыбыз керек

 

Рамазан айынын артыкчылыктары:

1. Орозо кармоочуга далил, калкан болот.

2. Орозо тутуучунун күнөөлөрү кечирилет.

3. Орозо кармоочунун сообу чексиз болот.

4. Орозо – бейишке кирүүгө себеп болот.

5. Орозо кармоочу адам тозоктон алыс болот.

 

Бул ай – сабыр айы. Сабырдын акыбети бейиш.

Бул ай соопчулук, жардамдашуу жана теңдик айы.

Бул ай – момун мусулмандардын ырыскысы ашып ташыган ай.

Бул ай – башталышы ырайымдуулук, ортосу мээримдүүлүк, акыры тозоктон кутулуу болгон ай.

 

 

Анда эмесе келиңиздер ыйык Рамазан айында баарыбыз чогу орозо кармайлы.

Кудай Таалам ошол ыйык Рамазан айына жетишке баарыбызды насип кылсын. Ар бирибиздин үйбүлөбүзгө тынчылык амандык ынтымак бактылуулук ыроолосун.

 

Сиздерди терең урматтоо менен

Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажы.

КР. Жогорку Сотунун төрайымы Чаткалга келди


Бүгүн, май айынын жыйырма алтысында КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун материалдык-техникалык абалы менен жакындан таанышуу максатында жумуш сапары менен Чаткал районуна келди. IMG_20160526_144305 IMG_20160526_144252 IMG_20160526_144528 IMG_20160526_144319 IMG_20160526_144604 IMG_20160526_144435 IMG_20160526_144618 IMG_20160526_145451 IMG_20160526_145434IMG_20160526_144921 IMG_20160526_145651
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал райондук сотунун ички иштөө шарттары жана имаратынын абалы менен таанышты. 
Мында,тактай кетчү нерсе, район борбору Каныш-Кыя айылында жайгашкан райондук сот бир нече мезгилден бери өз алдынча ылайыктуу шарты бар имаратка ээ болбой, «Чебурашка» балдар бакчасы менен бир имаратта жайгашып иш жүргүзүп келүүдө. Быйыл бул маселе чечилүүнүн алдында, тактап айтканда, райондук сотко өзүнчө имарат салууга райондук мамлекеттик администрация жер тилкесин бөлүп берген. 
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева райондук сотко салынчу имараттын долбоору жана ага бөлүнгөн жер тилкеси менен атайы барып, таанышты.

М. Эшназаров