Архив за месяц: Апрель 2016

“Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын” алкагында

100_3679 (2)

20-февралдан 20-мартка чейинки бир айлык мезгил аралыгында районубузда “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы” иш чарасы болуп өттү.

Аталган иш чаранын алкагында Каныш-Кыя айыл аймагында жашаган социалдык жактан аз камсыз болгон  жалпы 27 тургунга айыл аймагы тарабынан 2 тонна көмүр жана мындан сырткары, 123 миң сомдук жардам, жалпылап айтканда 132200 сомдук жардамдар берилди.

Чаткал айыл аймагы тарабынан 5 тургунга жалпы 20 миң сомдук жардамдар берилди жана  айыл аймагында “Ачык эшик күнү” өткөрүлүп, анын алкагында бир топ жарандарга акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Терек-Сай айыл аймагында 32 тургунга 9350 сомдук баалуу белектер жана 97750 сом акчалай түрүндө, жалпылап айтканда, 107 100 сомдук жардамдар берилди.

Сумсар айыл аймагында 14 тургунга 8800 сомдук жардамдар берилди.

Жыйынтыктап айтканда, район боюнча 78 жаранга 268100 сомдук жардамдар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери өздөрү камкордукка алган жарандарга ар кандай белек-бечкектерди беришип, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү.

М. Эшназаров

Чаткалда жаз жарышы башталды

калемпир талаасы 3 калемпир талаасы 1

Быйылкы жылы жаздын эрте келиши менен жазгы айдоо жумуштары жылдагыдан эрте башталды. Район боюнча быйыл 335 га жаздык буудай, 58 га арпа, 73 га жүгөрү, 118 га буурчак түрүндөгүлөр, 692 га картошка, 415 га жашылча, 92 га май өсүмдүгү, 210 га көп жылдык чөп аянттары айдалып, себилмекчи. Ал эми пайдаланууга жарактуу болуп, бирок иштетилгей келе жаткан 742 гектар аянттын 10 гектары, тактап айтканда Сумсар айыл аймагында 5 гектар аянт жана Терек-Сай айыл аймагында 5 гектар аянт пайдаланылып, пайдаланылбай бош жаткан аянт 10 гектарга кыскартылат.

Жазгы айдап себүү өнөктүгүнө жалпысынан район боюнча 67 тонна буудай үрөөнү керектелсе ал элдин колундагы жана кредитке келген үрөөндөр менен толукталган. Ал эми арпа үрөөнү 11 тонна 600 кг керектелсе учурда 10 тонна 200 кг такталып, 1 тонна 400 кг жетишпейт. Ошондой эле эспарцет уругу 16 тонна керектелсе, 15 тонна камдалып, 1 тонна жетишсиз. Беде уругу 700 кг керектелсе, 505 кг даярдалып, 195 кг жетишпейт. Картошка 1730 тонна керектелсе, 1712 тонна 500 кг даярдалып, 17 тонна 500 кг жетишпейт.

Ал эми айдап себүүгө техникаларды иштетүүгө 100 тонна 100 литр күйүүчү май керектелсе учурда  45 тонна 800 литри элдин колунда бар. Бирок, райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистеринин айтымында керектелүүчү күйүүчү майлар айдап себүү жумуштарды жүрүп жаткан мезгилде айыл аймактарынын жана элдин өздөрүнүн аракети менен жетишпеген күйүүчү майлар камсыздалат.

Б. Дилдебаев

Өнүктүрүү фондундагы каражаттар максаттуу пайдаланууга тийиш

IMG_5841 IMG_5844

Жакында Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму болду. Отурумда райондун акими, райондогу өнүктүрүү фондунун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө райондогу өнүктүрүү фондунун адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, күбөлүк жана штамп, мөөрүн алгандыгын маалымдады.

Бул отурумунда фонддун байкоочу кеңешинин төрагалыгына  Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошбаевди шайлашты. Ошондой эле, фонддун директорунун милдетин аткаруучуну, бухгалтерин жана операторун шайлашты. Ал эми фонд бюджеттик жана атайын каражаттар болуп эки эсеп менен иш жүргүзгөндүктөн, фонддо иштеген үч адамдын эмгек акылары КР. Финансы министрлиги менен такташкандан  кийин 2016-жылга сметасы менен кошо бекитип берүүнү кийинки отурумга калтырышты.

Чаткал районунун өнүктүрүү фондунда байкоочу кеңештен тышкары эмгек акы төлөнбөгөн курамы 7 адамдан турган башкармалыгы да болот. Ага тийиштүү адамдарды тандап алуу үчүн массалык маалымат каражатына конкурс жарыяланды.

Райондун акими, фонддун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңешти ар бир жумшалып жаткан каражатты максаттуу пайдаланып, ачык-айкындуулук болушуна чакырды.

Б. Дилдебаев

Кулактандыруу!

«Чаткал районунун өнүктүрүү фонду» мекемеси төмөнкү ваканттык бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

1. Куруучу-долбоорлоочу (строитель проектировщик)

2. Юрист

3. Финансист

4. Саламаттыкты сактоо тармагынан

5. Билим берүү тармагынан

6. Эколог

7. Маданият тармагынан

Квалификациялык талаптар:

Жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын жараны болуусу,

КР мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү,

Өзүнүн тармагындагы иш стажы 3 жылдан кем эмес болуусу,

Иш кагаздары менен иштөө жөндөмү,

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

1. Байкоочу кеңештин төрагасына арыз,

2. Резюме,

3. Өмүр баяны,

4. Паспорттун көчүрмөсү (ОМС менен),

5. Дипломдун көчүрмөсү,

Документтер сынак тууралуу кулактандыруу Чаткал.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшырылуусу зарыл: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Байланыш тел: 0779 833667

Эскертүү: Жогорудагы бош орундар айлык төлөнбөгөн кызмат орду болуп эсептелинет.

 

Малчылардын жана суугатчылардын эмгек акысын мыйзамдуу жөнгө салса болот

IMG_6920

Район калкынын колундагы төрт түлүк малдын саны жыл сайын өсүп бара жаткандыгы белгилүү. Ага жараша, жергиликтүү малчылар калктын малынын бакчу баасын ич ара келишүү менен бычышып алып, ала жаз менен жарышып, ондогон короо койлорду, үйүрлүу жылкыларды жана топтошкон кара малды жайлоолорго алып чыгышат.  Анан…., анан албетте, малчылар жайлоолордо эт, курут, май жана кымызга карк болушуп, жыргал жашоонун доорун сүрөт-деп ойлоп жатасыз да ээ? Мен да ушинтип ойлочумун. Көрсө, андай деле эмес экен…. Малчылар өздөрү күйүп-бышып айткандай, өздөрү тээ тоо башында мал кайтарып ал эми, алардын жубайлары айылда малдын акчасын доолап жүрүп жайдын көп мезгилин өткөрүшөт экен. Бул тууралуу жакында Чаткал айыл аймагында  болгон элдик жыйында белгилүү болду.

Чындыгында, малчылардын эмгек акысы жалпылап эсептегенде бир топ сезилгени менен, ай сайын үргүлжү тийбегендиктен, ар кайсы убакта ар кандай топтолуп соңунда, биз ойлогондой деле пайда бербей калышы толук мүмкүн экен. Буга айрым мал ээлеринин малчынын эмгек акысын жыл айланта бербей жүрө бериши да кошул-ташыл…

Жогорудагы элдик жыйында малчылар тарабынан ушул сыяктуу бир топ маселелер ачык коюлуп, катышуучулар тарабынан бир нече пайдалуу сунуштар, пикирлер айтылды. Алардын эң орчундуусу Жаңы-Базар айылынын тургуну Абдылда Кыдыровдун сунушу болду-деп айтууга толук негиз бар.

Ал малчыларды жайыт комитетине мүчөлүккө кабыл алып, мыйзамдуу түрдө эмгек китепчесин ачтырып, алардын эмгек акысы жайыт комитети тарабынан жыйналып, андан мыйзамга ылайык  соцфонд төлөмдөрү кармалган соң, калганы маяна катары берилсе, алардын келечекте пенсияга чыгуусуна да жакшы болмок-деген сунуш-пикирин билдирди.

Чынында, А. Кыдыровдун сунушу мыйзамга ылайык келсе, бул ыкманы малчылардын гана эмес, айыл калкы менен келишимдик негизде иштеген суугатчылардын эмгегин жөнгө салууга колдонсо болот деген пикирдемин себеби, аларда да ушундай эле маселелер бар экендиги эч кимге жашыруун эмес.

М. Эшназаров

Таштанды төгүүчү жайлар бөлүнүп берилүүдө

SAM_3326

Быйыл Чаткал айыл аймагы тарабынан айылдардагы санитардык жактан тазалыкка чоң көңүл бөлүнүүдө. Атап айтканда, ар бир айылдын чет жагына атайы таштанды төгүүчү жайлар берилүүдө. Мындан ары, тургундар таштандыларын атайы автоунаа менен ушул жайларга гана төгүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан аталган айыл аймакта өткөрүлгөн элдик жыйындарда маалым болду. Мында белгилүү болгондой, мындан ары таштанды төгүү үчүн белгиленген жайдан сырткары төккөн учурда, аны төккөн автоунаанын айдоочусуна айыл аймагы тарабынан эки миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы. Мунун себеби, таштандынын ээси автоунаага жүктөп койгон соң, айдоочулар каалаган жерине төгүп салып, кете берген учурлар көп. Кыскача айтканда, бул жагымсыз жагдай жогорудагыдай чечим чыгарууга түрткү берүү менен, коюлган айып пулдун баасы элдик жыйында бир добуштан кабыл алынды.

М. Эшназаров

Курулуш айылындагы жаңы конушка электр жеткирилет

IMG_6770 (2)

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылындагы жаңы конушка электр энергиясын жеткирүү ишке ашырылмакчы. Бул иштерге Чаткал айыл аймагынын бюджетинен 100 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров Курулуш айылында болгон элдик жыйында  маалымдады. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө, аталган жаңы конушка электр жеткирүү боюнча долбоор даярдалууда. Долбоордун алкагында Чаткал өрөөнүнүн баш жагынан электр таянычтарына ылайыктуу карагайларды алып келүү да каралаган.

М. Эшназаров

Айрым үлүш жерлер кайрадан инвентаризацияланат

IMG_6850 IMG_6857 IMG_6879

Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын айрым тургундарына тиешелүү үлүш жерлер кайрадан инвентаризациялоодон өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Буга себеп, жакында Курулуш айылында болгон элдик жыйында жергиликтүү калк тарабынан буга чейин үлүш жерлердин башка жактарга мыйзамга ылайык эмес жылдырылышына байланыштуу кызуу талаш-тартыш орун алган эле. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров талаштуу маселеге чекит коюу максатында элдик жыйында айтылган үлүш жерлерге тиешелүү адистердин катышуусунда кайрадан инвентаризациялоо жүргүзүлөөрү тууралуу билдирген. Мында, негизги маселе Курулуш айылынын Ийри-Сай участкасында экендиги да элдик жыйында айтылган.

М. Эшназаров

Арис Ак-таш айылына мал жуут курууну паландаштырууда

IMG_1480 (2)Буга чейин Чаткал айыл аймагындагы калктын колундагы төрт түлүк малды ар кандай ооруларга каршы дарылоочу жуут маселеси жетишээрлик чечилбей келген. Быйыл бул маселе АРИС программасы тарабынан чечилиши күтүлүүдө. Тактап айтканда, аталган программанын каражатына Ак-Таш айылына жуут курулушу максат кылынууда. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти. Бул долбоор ишке ашып калса, калк колундагы малдын ветеринардык бир топ маселеси чечилээри талашсыз.

М. Эшназаров

Экотехинспекция жайыт пайдалануучулар менен иш алып барат

IMG_6770 (2) IMG_6875

Буга чейин Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар жана Курулуш айылдарынын жайыт пайдалануучулары же, жөнөкөйлөтүп айтканда, малчылары ижарага алган жайыттарын кантип пайдаланып жаткандыгы экотехинспекция кызматы тарабынан текшерилип келген. Быйыл бул маселеге тыкыр көңүл бурулуп, экотехинспекция кызматы тарабынан  Ак-Таш айылындагы жайыттарды пайдалануунун абалы да текшерилет. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери малчылар жайлап жаткан жайлоолорго барышып, алардын жайлоолорду талапка ылайык таза пайдаланып жатышына жана жайлоолордун экологиясына келтирип же, келтирбей жаткандыгына баа беришет. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ш. Атабаев билдирди.

М. Эшназаров