Архив за месяц: Апрель 2016

Профсоюз төрагалары үчүн семинар өттү

Өтүп бараткан жума соңунда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюмдарынын төрагалары үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө райББнын профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев профсоюз уюмдарынын төрагаларына Жылдык иш планды кантип түзүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, профсоюз уюмдарынын иш кагаздарын туура толтуруунун жолдорун окутту.

IMG_20160428_104349 IMG_20160428_104419 IMG_20160428_104432 IMG_20160428_104450 IMG_20160428_104525 IMG_20160428_104650

Буга кошо эле, мектептердеги түрткү берүүчү фонддордун каражатын туура, акыйкат бөлүштүрүү, эмгек өргүүсүнө чыгуу тартибин жолго салууда да профсоюз уюмдарынын төрагаларынын ролу зор экендигин билдирди жана профсоюз уюмдарынын төрагалары негизи, мугалимдердин арасынан тандалып алынган лидерлер болоорун, мугалимдердин таламын талашууда, аларга мыйзамдуу жолдорду көрсөтүүдө дайым сабаттуу жана талапчыл болуу керектигин баса белгилеп, профсоюз уюмдарынын төрагалары  сөзсүз эле жетекчиликке талап коюу менен чектелбестен, эмгек жааматын ынтымакка алып келе алган кызматкер болушу керектигин айтты.

Семинардан соң, профсоюз уюмдарынын төрагалары катышкан пленум болду. Бул иш чараларга район боюнча он беш мектептин профсоюз умдарынын төрагалары катышты.

М. Эшназаров

Борбор калаада окуган чаткалдык студенттер кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө

12746042_466257506910246_1026094188_n
Бишкек шаарындагы “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен райондун айылдарын кыдырып, “Арзуу кылам бул ишти мен Кудайдан, жардам берип мен бирөөнү кубантсам” — аттуу райондук деңгээлдеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө.  Учурда аталган иш чаранын чаткалдык студенттерден турган уюштуруу тобу  бардык айылдарга концерттик программа тартуулашууда.  
Аталган коомдук бирикменин төрагасы Айбек Кудайкуловдун маалымдашынча, иш чарадан андан түшкөн каражаттары райондогу мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдарга берилмекчи.
М. Эшназаров

МЕРСИКО: Долбоор аягына чыгууда бирок, окуучулар ысык тамаксыз калбайт

Республикабызда МЕРСИКО коммерциялык эмес уюму тарабынан 2012-жылдан бери “Билим үчүн азык-түлүк” программасы иштеп, анын алкагында республика боюнча 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагын берүүнүн сапатын, деңгээлин жана шартын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылып келди. Буга, мектептердин ашканаларына керектүү жабдууларды орнотуп берүү, шашке тамагы үчүн керектүү азык-түлүктөрдү берүү жана мектеп ашпоздорун окутуу сыяктуу жумуштар кирет. Быйыл май айында аталган программа соңуна чыгат. Ага ылайык,  жогорудагы жумуштар токтоп калбай, ата-энелердин колдоосу менен шашке тамагы ысык тамак менен мындан ары да үзгүлтүксүз камсыз  болуп туруусу үчүн МЕРСИКО коммерциялык эмес уюмунун кызматкерлери ата-энелер үчүн тренингдерди өткөрүштү.

IMG_7175 IMG_7176 IMG_7172 IMG_7173 IMG_7179 IMG_7180

Мындай тренинг районубузда да болуп, Чаткал району боюнча алты мектепте тренингдер өткөрүлдү.

Тренингдер учурунда окутуучулар тарабынан ата-энелерге балдар үчүн кандай азык-түлүктөр эң пайдалуу экендиги, балдардын ден-соолугу чың болушу үчүн кандай азыктарды тамак-ашка пайдалануу керектиги сыяктуу зарыл окутуулар жүргүзүлдү.

Эми, МЕРСИКОнун “Билим үчүн азык-түлүк” программасы соңуна чыкса да, ата-энелердин каржылык колдоосу менен 1-4-класстардын окуучулары ысык жана ден соолукка пайдалуу азыктар кошулган тамактар менен камсыз боло бермекчи.

М. Эшназаров 

Турак-жайды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү

Апрель айынын жыйырмасында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында республикада учурда жүргүзүлүп жаткан калктын турак-жайларын камсыздандыруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Республикада калктын турак-жайларын камсыздандыруу жараяны быйыл февраль айында башталып, учурда калкка жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Ушуга байланыштуу аталган жыйында Жалал-Абад облустук камсыздандыруу уюмунун башчысы Руслан Макешов баштаган аталган мекеменин кызматкерлери мекеме, ишканалардын жетекчилерине жана айрым кызматкерлерине турак-жайларды камсыздандыруу тууралуу түшүндүрмө беришти.

IMG_7185 IMG_7187 IMG_7188 IMG_7189

Руслан Макешовдун түшүндүрүшүнчө, буга чейин ар кандай кырсыктардан улам, турак-жайлары жараксыз абалга келген жарандар мамлекеттен акчалай жардамдарга муктаж болуп бирок, мамлекеттеги ар кандай каржылык абалга байланыштуу баары эле толук ала албай келген. Эми, бул нерсе өзгөрүп, калктын жарандардын турак-жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу үчүн атайы фонд түзүлдү. Ага ылайык, республиканын элет жеринде жашаган жарандар турак-жайлары үчүн аталган фондго жылына алты жүз сомдон ал эми, шаар жеринде жашаган жарандар бир миң эки жүз сомдон төгүшүп, турак жайы жабыр тарткан учурда, аталган фонддон атайы адистердин эсептөөсүнө ылайык, турак-жайынын баасына тете каражат алат.

Ал эми,  камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жаатында социалдык муктаж жарандарга жеңилдиктер каралган.

Дагы бир эске алчу жагдай, турак-жайларды камсыздандыруу фонду мамлекет тарабынан уюштурулган жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт.

Жыйында облустук камсыздандыруу уюмунун кызматкерлерине катышуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип, керектүү жооптор алынды.

М. Эшназаров

Бишкекте чаткалдыктардын футбол боюнча мелдеши өттү

Бишкекте футболдук аянтчалардын биринде кичи футбол боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл аймактары боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Футбол мелдешине жалпы эркектерден куралган 6 команда катышты. Ар бир беттеш курч атаандаштык менен өттү.

Жыйынтыгында, биринчи орунга Шакафтар айылы, экинчииге Жаңы-Базар айылы, үчүнчүгө Шакафтар айылынын интернат мектеби ээ болду. Мындан сырткары мыкты чабуулчу деп Жаңы-Базар айылынан Билимбек Оморов, ал эми мыкты дарбазачы наамына Каныш-Кыя айылынан Ыйманбек Шаршенкулов табылды.

Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Спорттук иш-чараны Бишкекте иштеген Башкы-Терек айылынын жарандары уюштурду.

футбол 7 футбол 6 футбол 5 футбол 4 футбол 3 футбол 2 футбол 1
Илгиз Жамалбеков

Автор: Илгиз Жамалбеков

ilgiz@maralfm.kg

«Жыл мугалими-2016» кароо-сынагы болуп өттү

Апрель айынын 14-15 теринде Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинде райондук «Жыл мугалими-2016» кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-Сынакка район мектептеринен жалпы 18 мугалим катышып, өз предметтери боюнча күч сынашып, өздөрүнүн билим дараметтерин, агартуучулук деңгээлин калыстардын сынына коюшту.

дээрлик 2 күнгө созулган кароо-сынактын программасынын алкагында катышуучулар сабактарды  өтүшүп, буга кошо эле, өздөрүнүн өз кесиптеринен тышкары талантын жана жөндөмдүүлүктөрүн да көргөзүүгө үлгүрүштү.

IMG-20160416-WA0005 IMG-20160416-WA0002 IMG-20160416-WA0004

Кароо-сынактын жыйынтыгында, 1-орунду Терек-Сай орто мектебинин англис тили мугалими Анара Базарбаева жеңип алып, 1-даражадагы Дипломго жана 3500 сом акчалай байгенин ээси болду. 2-орунду район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Тахмина Турсунбаева ээлеп, 2-даражадагы Диплом жана 2500 сом акчалай байгеге ээ болду. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Т. Жаналиев орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Зуура Субанова менен С. Мырзалиев орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Айгүл Абдибалиевалар ээ болушуп, ар бири 3-даражадагы Дипломдор жана 1500 сомдон акчалай байгенин ээлери болушту.

Мындан сырткары, 7 катышуучу атайы номинацияга жана ар бири 500 сомдон акчалай сыйлыкка  ал эми, 7 катышуучу «Алкыш» баракчасына жана 300 сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Кошумчалай кетчү нерсе, райББдан билдиришинче,  быйылкы кароо-сынакта баш байге Гран При болгон жок.  1-даражадагы Диплом менен сыйланган катышуучу гана кароо-сынактын облустук туруна жолдомо алат.

М. Эшназаров

«Эл ичи-өнөр кенчи» кароо-сынагы болуп өттү

Жыл башынан бери Чаткал районунун төрт айыл аймагында эл арасындагы ар түрдүү таланттарды таап, калың элге тааныштыруу максатында  «Эл ичи-өнөр кенчи» аттуу райондук кароо-сынакка тандоо иш чаралары өтүп келген эле. Апрель айынын он бешинде аталган иш чаранын жыйынтыктоочу туру район борборундагы Ч. Айтматов атындагы  райондук маданият үйүндө болду.

25

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24

Кароо-сынакка мурда жер-жерлерден тандалып келген уз чеберлер, колунан көөрү төгүлгөн усталар, обончу, ырчылар жана бийчилер катышып, өз өнөрлөрүн дагы бир ирет эл сынына коюшту.

Кароо-сынак абдан курч деңгээлде, жогорку уюшкандыкта өтүп, ар бир катышуучу өз өнөрүн сахнада тартуулап, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартуулашты.

Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен 1-орун эң көп 396 упай топтогон Терек-Сай айыл аймагына берилип, 5000 сом акчалай байге менен сыйланышты. 2-орун 395 упай топтогон Каныш-Кыя айыл аймагына ыйгарылып, 3000 сом байгеге ээ болушту. Ал эми, 3-орунга 391 упай топтогон Чаткал айыл аймагы ээ болуп, 2000 сом акчалай байгенин ээс болушту.

Ал эми, уз чеберлердин арасынан 1-орун Терек-Сай айыл аймагынан келген уз Сүйүмкан Раимбековага берилип, 1500 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Чаткал айыл аймагынан келген уз Алмакан Курманалиевага ыйгарылып, 1000 сом акчалай байгенин ээси болду. Зергер усталардын арасынан Чаткал айыл аймагынан келген Акматбек Рысбеков 3-орунду ээлеп, 500 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Мындан сырткары, кароо-сынакка катышууда активдүүлүк көрсөткөн он катышуучуга 200  сомдон акчалай сыйлык берилди.

М. Эшназаров

Борбор калаадагы чаткалдыктар воллейбол боюнча күч сынашты

волейбол 4

Кечээ, 10-апрелде Бишкекте волейбол боюнча Чаткал районунун айыл өкмөттөр аралык мелдеши болуп өттү. Волейбол оюну эркектер жана кыздар арасында 6дан 12 команда күч сынашты. Бул тууралуу Марал радиосунун кабарчысы Илгиз Жамалбеков билдирди.

Мелдеш өтө кызуу темпте өтүп, жыйынтыгында, эркектер арасында биринчи орунду Сумсар айыл өкмөтү, экинчини Терек-Сай айыл өкмөтү, үчүнчүнү Чаткал айыл өкмөтү камсыз кылды. Ал эми кыздар арасында биринчиге Жаңы-Базар айылы, экинчиге Шакафтар айылынын ал эми, үчүнчүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кыздар командасы ээ болушту.

Мындан сырткары спорттун кол күрөш, аркан тартмай сыяктуу, улуттук оюндар менен коштолду.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен бирге, грамоталар тапшырылды. Спорттук иш-чараны Чаткал айыл өкмөтү менен “Келечекке карай багыт” жаштар коомдук бирикмеси колго алып, каражат жагынан Чаткал районунун ишкерлери демөөрчүлүк кылды.

М.Эшназаров

Элеттик акындын поэзия кечеси болду

IMG_20160115_134041

Үстүбүздөгү “Тарых жана маданият” жылына карата апрель айынын башында Сумсар орто мектебинде элеттик белгилүү акын Чаткалбай Айтбаевдин “Ыр-сүйүүм, ыр-кумарым, ыр-бактым” аттуу поэзия кечеси болду.

Кеченин жүрүшүндө, акындын жаңыдан жарык көргөн “Байдылдага кат” ыр китебинин бет ачаары болуп, мында акындын ыр күйөрмандары, мектеп окуучулары жана автор тарабынан жаңы чыккан “Байдылдага кат” жана 2012-жылы жарык көргөн “Жанар Тоо” ыр китептеринен чыгармалар окулуп, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартууланды.

Айрыкча, акындын жаңы китебиндеги:

Түндүн көркү-жылдыз,

Тоонун көркү-кыргыз.

………………………………..

Жакшы аял-жаздагы гүл,

Жакшы эркек-кыштагы пил.

……………………………….

Чебер-үйдү гүл кылат,

Чечен-сөздү гүл кылат.

…………………………….

Аялдын көркү-тазалык,

Эркектин көркү-базарлык.

…………………………….

Көңүл мээри-көздө,

Өмүр мээри-сөздө — деген сыяктуу эгиз саптары ыр күйөрмандарынын алкоосуна арзыды.

Кеченин соңунда, күйөрмандары жана кеченин катышуучулары элеттик акын Чаткалбай Айтбаевге чыгармачылык бийиктиктерди каалашты.

Б. Исаков

“Кыргызпочтанын” Ардак Грамотасына татыктуу болду

IMG_20160115_134041

Шакафтар айылдык почтасынын кызматкери Гүлнара Полотова жакында “Кыргызпочта” мамлекеттик ишканасынын Ардак Грамотасы менен сыйланды. Ал жогорку сыйлыкка үстүбүздөгү жылдын 1 –жарым жылдыгына калкты гезит, журналдарга жазылтууну активдүү жүргүзүү менен, Сумсар, Терек-Сай айылдык почталарынын арасында эң активдүү иш алып баргандыгы үчүн татыды. Тактап айтканда, план боюнча элүү гезит, журналдарга жазылтуу берилген болсо, Г. Полотова берилген пландан отуз экиге ашыра жаздырууга жана гезит окурмандарынын санын бир топ арттырууга жетишкен. Шакафтар почтасынын кызматкери Г. Полотованын мындай алгылыктуу иш-аракеттери көз жаздымда калбай, жогорудагы сыйлыккка татыктуу болуп олтурат.

Сыйлык сиздики, сыймык биздики демекчи, арабызда ушундай алдыңкы кызматкерлер көбөйө берсин.

Б. Исаков