Архив за месяц: Март 2016

Кулактандыруу!

Урматтуу Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундары!

Каныш-Кыя  айыл  аймагынын  коомдук  кабылдамасы ачылып, иштеп жаткандыгын маалымдайбыз. Айыл аймакка тиешелүү маселелер болсо коомдук кабылдамага кайрылууңуздарды эскертебиз.

Коомдук кабылдама ар жуманын бешинчи куну  саат 14 00дөн  1500гө  чейин  кабыл  алат. Ишеним телефону:  6-03-32

 

Архив кызматынын 90 жылдыгына карата: Архив-тарых күзгүсү

райархив (2)

Архив бул-тарых топтомдору. Бул кызмат Кыргыз жеринде алгачкы жолу Кыргыз Автономиялык областынын аткаруу комитетинин 1926-жылы 30-августагы № 59 токтомунун негизинде уюшулган. 1931-жылы 14-ноябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык 1932-жылдын 1-январында Жалал-Абад райондук базалык авхив болуп, райондук аткаруу комитетинин алдында 1 кызматкер дайындалган. Ошентип 30-август архивисттердин күнү болуп белгиленип калган.

Ал эми Чаткал райондук мамлекеттик архиви ачгач 1985-жылы уюшулуп, ошол мезгилде Ош мамлекеттик архивине карап, Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви болуп түзүлгөн. Анын биринчи жетекчиси болуп Иманалиев Чотон иштеп, жаңыдан уюшулган архивге өзүнүн чоң салымын кошкон. Алгач районго караштуу эки совхоздун 1958-жылдан берки документтерин сактоого кабыл алынган. Атап айтканда биринчи фонд болуп Чаткал совхозу жана экинчи фонд болуп Каныш-Кыя совхоздору киргизилген.

1986-1988-жылдары Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архивине Чотбай Нармырзаев жетекчи болуп иштеген.

Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви 1990-жылдан Ош областтык мамлекеттик архивине караштуу  Жалал-Абад областтык филиалына карап турган. 1990-жылдын 14-декабры Кыргыз ССРинде “Областтык бөлүнүүлөр жана жаңы областтарды түзүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын негизинде Жалал-Абад областы түзүлүп, Ош областтык мамлекеттик архивинин филиалы болгон Жалал-Абад архиви өзүнчө областтык мамлекеттик архив болуп бөлүнгөн. 1991-жылы Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет болгондон баштап архив кызматында да өзгөрүүлөр болуп, Чаткал райондук мамлекеттик архиви болуп уюшулуп, Жалал-Абад областтык мамлекеттик архивине караган. 2013-жылы райондук архивге атайын жаңы имарат салынып, Жаңы-Базар айылынан райондун борборуна көчүрүлүп, республикалык, областтык жана райондук жетекчилердин катышуусу менен жаңы конуштун ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилген.

Чаткал районунда архив уюшулган алгачкы  мезгилден баштап ушул күнгө чейин 55 казына ачылып, районго караштуу мекеме-уюмдардан жана чарбалардан кабыл алынган 31-январь 2016-жылга карата 1956-жылдан 2011-жылдар аралыгындагы туруктуу сакталуучу 1900 көктөмө жана өздүк курам боюнча 2498 дело, баардыгы болуп 4391 дело мамлекеттик сактоодо турат. 2015-жылы октябрь айында өткөн Чаткал районунун 80 жылдык мааракесине арналган материалдары жана символикалары 2016-жылы райархивге мамлекеттик сактоого кабыл алынды.

Азыркы күндө архивдин толуктоо булактарынын тизмесинде турган 25 мекемелердин жүргүзгөн иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана сакталуусу боюнча усулдук жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №517, 499, 160 токтомдорунун аткарылышы боюнча ар бир мекемеге ведомстволук архивдер уюштурулган. Ошондой эле жеке жарандардын социалдык-укуктук муктаждыктарын канааттандыруу боюнча маалыматтарды берүү, эң негизгиси документтерди архив эрежелерине ылайык сактап, келечектеги урпактарга мураска калтыруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө.

Ал эми 2016-жылдын 30-августунда белгиленүү алдында турган Кыргызстанда уюшулган архивдин 90 жылдык мааракесине карата Чаткал райондук мамлекеттик архиви өзүнүн алдына иш чараларды кабыл алды. Анда толуктоо булактарына кирген мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлерине семинар өткөрүү, 90 жылдык мааракеге карата көргөзмө уюштуруу иштери болот.

Мамлекеттин түптөлүү башатынын алгачкы тарыхый мезгилинен баштап, ар бир өткөн мезгилин чагылдырып туруучу бирден-бир кызмат же мекеме бул-архив. Ошондой эле элдин басып өткөн жолу, ар бир адамдын эмгеги түбөлүккө же кайсыл бир убактарга чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып, өчпөй кала бере турган жай бул-архив. Ошону туура аңдап ага маани берген инсан гана архив менен тыгыз байланышта болуп, өзүнүн изин калтырууга аракеттенет.

Негизинен архив мамлекеттик жана жеке менчик болуп экиге бөлүнөт. Жеке менчик архивде адам өзүнө тиешелүү жана өзү кызыккан ар кайсы багыттагы өздүк документтерин сактаса, ал эми мамлекеттик архивде мекемелердин жана уюмдардын, коомдордун иш кагаздары сакталат.

Архивдердин негизги максаты-тарыхый документтерди сактап, аны улуттук баалуулукка айландыруу.

Архив тарыхтын күбөсү катарында далай мезгилдерди карытып, өткөн күндүн күбөсү катарында элге түбөлүккө кызмат кылуучу мекеме болуп кала бермекчи. Архив (мурас) документтери, бул жөн эле элдин тарыхы, анын мамлекеттүүлүгү, даректүү эс-тутуму гана болбостон, басып өткөн тагдыр жолу экендигин унутпасак.

Т.Дилдебаев, Чаткал райондук мамлекеттик архивинин башчысы

Даярдаган: Б. Дилдебаев

Кургак учуктан сакаюуга болот!

IMG-20160328-WA0000

Кургак учук-дени сак адамга ооруулу адамдан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөшүүдө аба аркылуу жуга турган жугуштуу оору.

Эгерде сизде же сиздин жакындарыңызда эки жумадан ашык жөтөл, түнкү тердөө, дененин температурасынын жогорулашы, салмак жоготуу, алсыздык жана тез чарчоо байкалса үДТ, ФАП, үДМнун медицина кызматкерлерине кайрылыңыз. Кургак учуктун дартын аныктоо жана дарылоо акысыз.

Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн кургак учукка каршы дарыларды медицина кызматкерлеринин көзөмөлү астында 6 айдан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз ичүү зарыл. Эгерде аны үзгүлтүккө учуратса, анда оору туруктуу формасына өтөт, аны дарылоо кыйын жана көп убакытты талап кылат.

2-3 жума дары ичкенден кийин кургак учук менен ооруган адам микробактерияларды бөлүп чыгарбай калат жана жанындагыларга коркунуч туудурбай калат, бирок дарыларды ичүүнү дарылоо курсу аяктаганга чейин улантуу керек.

Эгерде сиздердин туугандарыңыздар же жакындарыңыздар кургак учук менен ооруп калса аны кыйын учурда колдоп жана оору менен күрөшүүгө жардам бериңиз. Ага белгиленген дарыларды үзгүлтүксүз ичүүсүн эскертип туруңуз. Дарылануу курсун аягына чейин өтүүсүнө көз салыңыз.

Кургак учук менен ооруган адам сиздин көңүл бурууңузга жана камкордугуңузга муктаж.

Ж. Нарымбетова, Чаткал райондук ЖДПБнүн ден соолукту чындоо бөлүмүнүн адиси

Даярдаган: М. Эшназаров

Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам

Токон Эшпаев

Ала-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек.

Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл алынган. Насип буйруп, мындан 4 жыл мурда бул ажайып чыгарманын автору, белгилүү обончу, ырааматылык Токон Эшбаевге жолугуп калдым. Өзүм чаткалдык болгондуктан, кичи мекеним тууралуу белгилүү чыгарманын жаралуу тарыхын билгим келип, Токон Эшбаевди маекке тарткан элем. Эмесе, ошол маек сиздердин назарыңыздарда.

-Токон аке, «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу белгилүү ырдын автору сиз экендигинизди билебиз. Бул ыр кандайча жаралып калды эле. Ушул тууралуу айтып бериңизчи?

— Анда тээ алтымышынчы жылдардын аягы эле. Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына жаңы көпүрө курулуп, анын ачылышы болмок. Ага удаа малчылардын облустук слету да Чаткалда болмок экен. Ал облустук мааракеге Жалал-Абад облусунан артисттерди чакырышты. Арасында мен да бармын. Скорый деп койчу УАЗ машине менен келатабыз артисттер, Чапчыма белин ашып. Жолу татаал, бийик, кыя жолдор…

Малчылардын Чаткалда өтчү облустук слетуна арнап, облустук гезиттин атайын чыгарылышын чыгарышкан экен. Бизге да бирден берген. Анан машинеде келатып, аны карасам, акын Таш Мияшевдин «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыры кошо басылыптыр. Ырды окуп, жолдо эле кыңылдап, обонго салдым. Обонго салган соң, аккордеон менен ырдап да көрдүм. Чаткалга бардык. Слет башталды. Ал кезде слет деген кадимкидей эле майрам болчу эле. Слет учурунда, артисттердин катарында мага кезек келди. Анан мен, газетадагы ырды кыркып алдым да, карамель деп аталчу ширелүү момпосуйдун ширеси менен аккордеондун үстүнкү бетине ырды жармаштырып, эл алдына чыгып, аны карап алып, ырдадым. Слеттун катышуучуларына да газетадан бирден таркатылган. Алар жаңы эле чыккан газетадагы ырга качан обон чыгара салды экен?-дешип, таңгалып жатышкандыгы көрүнүп турду. Ошентип, ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам.

-Бул ыр анан, кандайча популярдуу болуп кетти?

-Ал мезгилде компартиянын идеологиясы өкүм сүрүп, жаштарды, комсомолдорду дың жерлерди өздөштүрүүгө жана алыскы жерлерди өнүктүрүүгө шыктандырып, үндөп жаткан мезгил эле да. Бул ыр ошол кездин ураанына, духуна үндөшкөндүктөн, ошол кездеги муунга алынып кетти.

-Сиз келген 70-жылдары Чаткалдын көрүнүшү, абалы кандай эле?

-Ал кезде, камыштан жабылган жепирейген тамдар бар экен. Тамдар да азыркыдан бир топ аз. Азыр болсо башкача. Чаткал бир топ өнүгүптүр.

-Токон аке, кызыктуу маегиңиз үчүн чын дилимден ыраазылык билдиремин.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү

 

“Кургак учукту токтотобуз!” иш чарасы болду

2015-жылдын 19-январында эл аралык коомчулукту улам тынчсыздандырып бараткан кургак учук дартынын массалык түрдө жайылып кетишинин алдын алуу максатында КР. Саламаттыкты сактоо министрлигинин №20 буйругу чыгып,  ага ылайык, республиканын аймагында кургак учук дартына каршы ар кандай маданий-массалык иш чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Жакында, районубуздун Каныш-Кыя айылында жогорудагы буйрукка негизделген Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун буйругуна ылайык, “Кургак учуктан өзүбүздү сактайбыз” аттуу райондук деңгээлдеги иш чара болду.

IMG-20160328-WA0001 IMG-20160328-WA0002 IMG-20160328-WA0003 IMG-20160328-WA0004 IMG-20160328-WA0006 IMG-20160328-WA0000IMG-20160328-WA0011IMG-20160328-WA0001

Аталган иш чарага райондук ЖДПБнын, райондук ден соолук комитеттеринин, санэпидкөзөмөл борборунун, РИИБ, райондук өрткө каршы бөлүмүнүн жана раймамадминистрациянын кызматкерлери, мектеп окуучулары катышты.

Иш чара алгач катышуучулар  “Кургак учук айыгат!”, “Кургак учукту бирге токтотобуз!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүшүп, РИИБ ЖКК бөлүмчөсүнүн жана райондук өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда райондук ЖДПБдан раймамадминистацияга чейинки борбордук көчөнү басып өтүштү.

Андан соң, район борборундагы “Канышай” соода борборунун алдында иш чаранын негизги бөлүгү болуп, анда район акиминин орун басары М. Досматов, райондук ЖДПБнын директору С. Таиров, райондук ЖДПБнын ден соолук чыңдоо адиси Ж. Нарынбетова, Каныш-Кыя айыл аймагынын соцадиси Ж. Осмоновалар сөз сүйлөшүп, республикадагы кургак учукка каршы аткарылып жаткан иш чаралар тууралуу айтышты.

Иш чаранын жүрүшүндө, медкызматкерлер тарабынан  кургак учук дарты, андан сактануунун жолдору тууралуу баяндамалар окулуп, катышуучуларга кургак учуктун алдын алуу боюнча баракчалар таркатылды.

Мындан сырткары, мектеп окуучулары тарабынан ыр, бий коштогон чакан концерт тартууланды.

М. Эшназаров

Көчөт өстүрүү иштери кеңейтилүүдө

Изображение 4364 Изображение 4365

Быйыл Чаткал токой чарбасында ар түрдүү тал-теректердин көчөттөрүн өндүрүү иштери мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла кеңейтилүүдө. Тактап айтканда, быйыл аталган мекеменин Каныш-Кыя айылындагы питомниктерине 10 сотых аянтка алма, 15 сотых аянтка өрүк көчөттөрү өндүрүлсө, 15 сотых аянтка кара жыгач, 50 сотых аянтка терек  калемчелери отургузулууда. Бул тууралуу токой чарба бөлүмүнөн билдиришти.

М. Эшназаров

5 га жерге алма көчөттөрү эгилет

100_3679

Жыл сайын районубузга райондук токой чарбасы тарабынан ар кандай тал-теректердин  көчөттөрү алынып келинип, эгилип келет. Быйыл да мындай иштер жигердүү улантылып, ал тургай көчөт тигүү иштеринин масштабы кеңейүүдө. Атап айтсак,  быйыл тал-теректердин көчөттөрү менен бирге эле, 5 га жерге алма көчөттөрүн тигүү максатталууда. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынан билдиришти.
Тактай кетсек, алма көчөттөрү Чаткал токой чарбасы бөлүмүнүн Узун-Булак участкасына эгилет.  Бул алма көчөттөрү тоолордо өскөн алма көчөттөрүнүн сорту болуп саналат.

М. Эшназаров

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көчөттөр берилүүдө

кочот эгуу IMG_20160325_150659ipp

КР. Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин 2016-жылдын 9-мартындагы V01-25\257 буйругу менен чаткалдык быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ар кандай тал-теректердин көчөттөрү таркатылып берилди. Максатка ылайык, бул көчөттөрдү мектеп  бүтүрүүчүлөрү тийиштүү жерлерге өз колдору менен эгишмекчи. -Көчөттөрдүн он пайызы ийне жалбырактуу көчөттөр болуп эсептелет.-деди бул маалымат менен бөлүшкөн Чаткал токой чарбасынын директору Нургазы Жолдошев.

М. Эшназаров

Чаткал токой чарбасы тарабынан ар кандай көчөттөр сатылууда

ippipp

Чаткал токой чарбасы тарабынан быйылкы жазгы көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине карата үч жүз жыйырма даана карагай көчөттөрү алынып келинип, мекеме, ишканаларга жана калкка сатылууда. Бул тууралуу райондук токой чарбасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, карагай көчөттөрүнүн баасы 600 смодон 800 сомго чейин болууда.

Буга кошо эле, 150 сомдон алма, 80 сомдон өрүк, 25 сомдон кара өрүк, 400 сомдон кызыл карагай, 10 сомдон кара жыгач, 15 сомдон терек жана 10-15 сомдон айленддин көчөттөрү да сатылууда.
Кошумчалай кетсек, жыл сайын аталган токой чарбасы тарабынан районго ар түрдүү тал-теректердин жана мөмө берчү дарактардын көчөттөрү  алынып келинип, сатылат.

М. Эшназаров

Кесиптик лицейде Сармерден өттү

Өткөн жуманын соңунда, район борбору Каныш-Кыя айылындагы №46 кесиптик лицейинде КР. Президенти тарабынан жарыяланган «2016-жыл-Тарых жана Маданият жылына» аталган окуу жайынын жааматы тарабынан «Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү.

Маданий иш чаранын алдынан №46 кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков маданий иш чаранын катышуучуларын жана көрүүчүлөрүн кирип келген Нооруз-Жаңы-Жылы менен куттуктап, таймашчу эки жаатка ийгилик каалады.

Андан соң, маданий иш чаранын программасына ылайык алгач, кыргыздын улуттук даамы болгон сүмөлөктүн жаралуу тарыхынан сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.

спту IMG_6663 (2) алибеков бактыбек IMG_6665 спту сармерден IMG_6670 спту сармерден IMG_6677 спту сармерден IMG_6679 спту сармерден IMG_6685 спту сармерден IMG_6687 спту сармерден IMG_6696 спту сармерден IMG_6704 спту сармерден IMG_6712 спту сармерден IMG_6713 спту сармерден IMG_6719

Андан соң, окуу жайынын кызматкерлери айымдар жана мырзалардан турган эки  топко бөлүнүшүп, улуттук жана заманбап обондуу ырлардан созолонтушуп, комуз жана ооз комузда күүлөрдү аткарышып, табышмак, макал-лакаптардан айтышып, улуттук бийлерден катыра бийлешип айтоор, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен, өз ара таймашты.

спту сармерден IMG_6734 спту сармерден IMG_6735 спту сармерден IMG_6742 спту сармерден IMG_6750 спту сармерден IMG_6758 спту сумолок IMG_6761 спту сумолок IMG_6763

Окуу жайынын ардагер мугалимдеринен турган калыстар тобу эки жааттын өнөрлөрүн сынашып, кезеги менен баа берип турушту.
Калыстардын белгилөөсүндө, айымдар жаатынан Айсалкын Кудайкулова, Рахат Өскөнова, Бермет Сейитбекова, Калиса Надырова, ал эми, мырзалар жаатынан Байзак  Өскөнбаев, Сыргабай Беккулиев, Кылычбек Өскөнбаев, Советбек Иманалиевдердин аткарган номерлери өзгөчө болду.
Сармердендин соңунда, калыстардын чечимине ылайык, жеңиш аткарган номерлеринин кыйла артыкчылыгы, ар тараптуу өнөрпоздугу жана өздөрүн сахнада талаптагыдай  алып жүрүүсү менен өзгөчөлөнгөн айымдар жаатына ыйгарылды.
Буга кошо эле, маданий иш чаранын алкагында кыргыздын улуттук даамы болгон сүмөлөк бышырылып, сармердендин катышуучулары жана көрүүчүлөрү сүмөлөк козгошуп, жаңырган жылга карата каалоо-тилектер айтылды.

М. Эшназаров