Архив за месяц: Февраль 2016

Жайыт комитетинин колдоосу менен

100_3679

Ак-Таш айылына Чаткал айыл аймагындагы жайыт комитетинин колдоосу менен айылдын жакынкы жайытына жол салынууда. –Өткөн жыл соңунда, жайыт комитети тарабынан жайытка жол салуу үчүн элүү миң сом акча каражаты берилген. Кыш кирип келип калгандыгына байланыштуу жол салуу иши токтоп калган. Азыркы учурда жол салууга пайдаланылчу күйүүчү май даяр. Жаз келээри менен айылдын жакынкы жайытына жол салынмакчы. Аталган жол бүткөрүлсө, айыл калкынын колундагы төрт тулүк малды жайытка жеткирүүдө жакшы шарт тузүлүп калат.-дейт Ак-Таш айылынын башчысы Эгенберди Кошокбаев.

М. Эшназаров

Ак-Таш айылынын инфратузүмү жакшырууда

Мындан эки жылдай мурда район аймагында башталган райондун инфратүзүмүн жакшыртуу жумуштары район борборунан четки айылдарга жетип, өз жемишин бере баштаганы кубандырат.  Тактап айтканда, буга чейин Чаткал айыл аймагынын  Ак-Таш айылы инфратүзүмдү жакшыртуу жумуштарынан унутта калгандай болуп, буга айыл тургундары да нааразы болуп келсе, бүгүнкү күндө аталган айылда эки кабаттуу, заманбап мектептин имараты курула баштап, айыл калкын ыраазы кылууда. Аталган мектептин курулушу жакынкы жылдарда аяктамакчы.

IMG_5977

Буга кошо эле, түрткү берүүчү гранттын эсебинен айылга быйыл заманбап балдар бакчасынын имараты курулуп баштамакчы. –Балдар бакчасына түрткү берүүчү гранттан 1,5 млн. сом каралган. Балдар бакчасынын курулуш иштерин жүргүзүүнү тендерден утуп алган Айти-Булак курулуш ишканасы алып бармакчы.

Жакынкы күндөрдө борбор калаага барып, тиешелүү мекемелерге кирип, балдар бакчасынын курулуш иштерине тиешелүү айры маселелерди чечип келүүнү максат кылып жатам. Бул иштердин жузөгө ашуусуна туздөн түз аракеттерди көрүп келаткан район акими Канжарбек Эшалиевге ыраазылык билдиремин-дейт айыл башчы Э. Кошокбаев.

Кошумчалай кетчү нерсе, аталган айылга барчу негизги унаа жолундагы эки  көпүрө да былтыр оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн.

М. Эшназаров

Ак-Таш айылында ыксыз ысырапкорчулукка каршы жыйын өттү

 Февраль айынын он тогузунда Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында айыл тургундары катышкан ысырапкорчулукка каршы жана айылдын ички тартибин жөнгө салууга арналган айылдык жыйын болду.

Жыйында айыл башчысы Эгенберди Кошокбаев жана айыл депутаттары жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча сөз сүйлөшүп, айыл турмушунда болуп келе жаткан айрым ыңгайсыз көрүнүштөрдү мисал келтиришип, айыл калкын ыксыз ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырышты.

IMG_5925 IMG_5926 IMG_5927

Мындан сырткары, айыл башчы Э. Кошокбаев айыл калкын ынтымакка чакырып, айыл тургундарынын ички тартибине тиешелүү маселелерди айтып, айыл жаштарын түнкүсүн эч себепсиз көчөдө басып жүрбөшүн жана айылдагы жеке менчик дүкөндөр түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатпоосун талап кылып, эгер айтылган талаптар орундалбай турган болсо, тиешелүү жактарга чейин кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүгө бараарын эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө, айылдагы аялдар кеңешинин курамы кайрадан бекитилип, аялдар кеңешинин төрайымдыгына Көчкөнбаева Жамила бир добуштан шайланды.

М. Эшназаров

Аскердик патриоттуулук-ыйык милдет

Февраль айынын 18 инде Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан “Ч. Айтматов” атындагы райондук маданият үйүндө 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө жана 15-февраль-советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын жыйырма жети жылдыгына карата “Аскердик патриоттуулук-ыйык милдет” аттуу тегерек стол болду.

Тегерек столго район акиминин орунбасары Жуманбек Накетаев, раймамадминистрациянын башкы адиси Алтынай Таштанбаева, райондук аскер комиссариатынын башчысы, капитан Эрнисбек Самаков, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери, “С. Байдөөлөтов” жана “А. Баймырзаев” орто мектептеринин окуучулары катышты.

ДКIMG_5857 ДК IMG_5858 ДК IMG_5862 ДК IMG_5872 ДК IMG_5874 ДК IMG_5878ДК IMG_5889  ДК IMG_5897 ДК IMG_5867 ДК IMG_5868 ДК IMG_5880 Ча

Иш чаранын башында чакырылган коноктор катышуучуларды 23-февраль-Мекенди коргоо күнү менен куттукташып, жаштарды патриоттуулукка чакырган сөздөрдү сүйлөштү.

Ал эми, ооган согушунун ардагери Нурбек Нышанов Ооган согуш учурундагы башынан өткөн оор жана азаптуу күндөрдөн айтып берип, жаштарды аскер кызматын өтөөдөн качпоого, Мекенди сүйүп, аны көздүн карегиндей сактоого үндөдү.

Райондук аскер комиссары Эрнисбек Самаков учурдагы мамлекетибиздеги аскерге чакыруунун жол-жоболору жана Кыргыз Армиясынын учурдагы абалы тууралуу айтып берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият үйүнүн жана райондук борборлоштурулган китепканалык тармактын кызматкерлери жана мектеп окуучулары патриоттуулук духтагы обондуу ыр, бийлерден аткарышып, макалдарды айтышып, “Ооган ыйы” аттуу чыгармадан сахналаштырылган көрүнүш тартуулашты.

 М. Эшназаров

Чегарачыларга майрамдык маанай тартуулап келишти

Өткөн жуманын соңунда алдыдагы 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Ч. Айтматов” атындагы райондук маданият үйүнүн директору Каныбек Бекмуратов баштаган өнөрпоздор тобу Ак-Таш чегара заставасына барышып, андагы чегарачыларга концерт коюшуп, майрамдык маанай тартуулашты.

ЗАСТАВА IMG_5931

ЗАСТАВА IMG_5935

 

ЗАСТАВА IMG_5940 ЗАСТАВА IMG_5942 ЗАСТАВА IMG_5944 ЗАСТАВА IMG_5945 ЗАСТАВА IMG_5957 ЗАСТАВА IMG_5969 ЗАСТАВА IMG_5972

Райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чегара заставасынын жоокерлерине атуулдук духтагы эстрада жана элдик жанрдагы обондуу ырлардан созолонтушуп, өнөрпоздор-Суусаркан Аширбекова, Бактыгүл  Кенжебаева, Марипа Шадыкановалар тарабынан тартууланган  элдик обондуу ырлар жоокерлерге абдан жагып, алардын өзгөчө кызуу кол чабууларына арзыды.

Майрамдык концерттин соңунда, Ак-Таш чегара заставасынын башчысы, капитан Миралы Амиракулов жана Ак-Таш айылынын башчысы Эгенберди Кошокбаевдер чегарачыларга майрамдык маанай тартуулагандыктары үчүн райондук маданият үйүнүн өнөрпоздоруна ыраазылыктарын билдиришти.

М. Эшназаров

Район акиминин отчету канааттандыраарлык деп табылды

акимдин отчётуIMG_5840

ГКЧП 2016 IMG_5639акимдин отчётуIMG_5842 акимдин отчётуIMG_5843 акимдин отчётуIMG_5848

Февраль айынын 17 синде айылдык кеңештердин кошмо жыйыны болду.

Кошмо жыйында бир нече маселелер каралып, анын негизгилеринин бири бул-райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев отчету угулду.

Алгач, өткөн жыл ичинде район аймагында аткарылган иштер тууралуу слайд шоу көрсөтүлүп,  андан соң, кошмо жыйындын күн тартибине ылайык, район акими Канжарбек Эшалиев айылдык депутаттарга өткөн 2015-жыл ичинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

Отчетто белгиленгендей, район аймагында бир нече соцобъекттер ишке берилип, унаа жолдору асфальтталып, социалдык жана маданий иш чаралар жузөгө ашырылган. Алардын катарына мектеп, бала бакчалары, көчө жарыктандыруулары, айылдарга таза суунун жеткирилиши ж.б. жумуштар. Булардын баары калктын колдоосу жана сунуштары менен ишке ашырылды.

Район акими Канжарбек Эшалиев отчет берген соң, отчетто айтылган айрым маселелер боюнча депутаттардын берген суроолоруна жооп берди.

Андан соң, райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жыл үчүн социалдык-экономикалык иш планы менен тааныштырылып, кошмо жыйындын депутаттары тарабынан кабыл алынды.

Жыйын соңунда, район акиминин отчету бир добуштан канааттандыраарлык деп табылды.

Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев депутаттарга ыраазылык билдирүү менен, ынтымакта иштешип турса, алдыда район үчүн бир топ иштер аткарылаарын айтты.

М. Эшназаров

Элдик жыйындар өткөрүлдү

элдик жыйынIMG_5726

элдик жыйынIMG_5770 элдик жыйынIMG_5763 элдик жыйынIMG_5762 элдик жыйынIMG_5752 элдик жыйынIMG_5749 элдик жыйынIMG_5739

Өтүп бараткан жумада райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу райондун Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарында элдик жыйындарды өткөрдү.

Элдик жыйындарда негизинен, жазгы талаа жумуштарына карата үрөндөрдүн жетишпестиги, электр энергиясы, соцобъекттер, унаа жолдорунун абалы, фирмалардагы жергиликтүү тургундарды жумушка кабыл алуу жана социалдык төлөмдөргө тиешелүү маселелер калк тарабынан айтылып, тиешелүү жетекчилер жоопторду беришти. Мында, айыл тургундары райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын ишине нааразылыктар айтылды.

Элдик жыйындардын жүрүшүндө, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө салым кошкон инсандарга ыраазылык каттарын тапшырды.

Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев быйыл райондун социалдык-экономикалык иш пландарына көптөгөн иш чаралар киргендигин, быйылкы жылга карата кен тармагынан  районго чоң суммадагы каражаттар түшүп жаткандыгын белгилеп, район калкы ынтымакта иш алып барса, алдыда көп иш бүтөөрүн айтты.

М. Эшназаров

Чаткалдык алдыңкы студенттерге-стипендия!

12746042_466257506910246_1026094188_nIMG_3787 (2)

«Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү программасын иштеп чыкты. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Канжарбек Эшалиевдин стипендиясын алууну каалагандар болсо төмөндө көрсөтүлгөн анкеталарды толтуруп бизге жибериниздер. стипендия конкурсуна катышуу жол жоболору төмөндө көрсөтүлгөн. кошумча маалымат алуу үчүн номерлер: 0770190134(Whatsapp),0557155099. Ильясбек. 0773225202 Жаныш. 0777674781 Аскар. 0770197723 Шумкар

Социалдык фонддун төрагасы М. Абулгазиев Чаткалга келди

Өткөн жылдагы социалдык фондго болгон төлөмдөрдүн жогорулашына республиканын башка жактары сыяктуу эле, Чаткал районунда да нааразылык пайда болуп, бул маселеде райондук жетекчилик жергиликтүү кеңештин депутаттары республикалык тийиштүү жактарга кайрылып келишкен.

Дал ушул маселеге байланыштуу февраль айынын 11инде КР. Социалдык фондунун төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев КР. Социалдык фондунун аппарат жетекчиси Рустам Тургунов жана Социалдык фондунун Жалал-Абад облусу боюнча куратору Медер Ирсалиев менен биргеликте районго келип, район калкы менен жолугушту.абулгазиевIMG_5720абулгазиевIMG_5668абулгазиевIMG_5663абулгазиевIMG_5680абулгазиевIMG_5694абулгазиевIMG_5702

абулгазиевMG_5710

Жолугушуу район борбору Каныш-Кыя айылында өтүп, анда район тургундары КР. Социалдык фондунун төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиевге аталган маселенин алкагында ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын билдиришти. Мында негизинен, катышуучулар тарабынан социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнүн негизсиз экендиги айтылып, ага карата далилдер келтирилди. Катышуучулар белгилегендей, Чаткал району бийик тоолуу, шарты катаал, кышы узак жер болуп, ушундан улам, жердин түшүмдүүлүгү аз, малды асыроо да кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү район калкынын жеке кирешесине эч бир дал келбейт. Район калкынын көпчүлүгү социалдык төлөмдөрдүн жогорулашына каршы эмес, болгону, мынчалык эмес, элдин жашоо-шартына карап көтөрүү зарыл. Буга чейинки социалдык төлөмдөрдүн бир нече эсе көтөрүлуп кетиши райондун тургундарынын кирешесин бир топ эңшерип кетүүдө.абулгазиевIMG_5715абулгазиевMG_5669абулгазиевMG_5675абулгазиевMG_5683

абулгазиевMG_5703

абулгазиевMG_5705

Катышуучулар-У. Сейталиев, С. Исмаилов, А. Бузелбаев, Э. Кошокбаев, А. Сапарбеков, Ф. Атажанова, Ө. Токтогулов, К. Орозбаев, Р. Полотов, К. Осмонбеков, К. Алчынбеков,Ш. Төрөбековдор айтып өткөндөй, районун катаал шартын жана район калкынын жашоо-турмушун эске алуу менен, райондогу социалдык төлөмдөрдү калктын орточо эмгек акысынан эмес, үлүш жеринин аянтына карап, ошондо да мурда белгиленген гектарына 194 сом деп белгиленген социалдык төлөмдү гана эки же, үч эсе көтөрүп 400-500 сомдун чегинде белгилөө сыяктуу сунуштар айтылды.

Мындан сырткары, катышуучулар тарабынан райондук социалдык фондго да айрым маселелер боюнча нааразылыктар айтылды. Катышуучулардын талабына ылайык, М. Абулгазиев райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы А. Эшикуловго башкармалык тарабынан башка мекемелерге көрсөтүү үчүн берилчү тийиштүү кагаздарды берүүдө жарандарды социалдык фондго болгон карыздарын төлөп, анан берүү талабын токтотууну айтты.  абулгазиевIMG_5659

Район акими К. Эшалиев М. Абулгазиевге айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен,  социалдык төлөмдөр орточо эмгек акыдан эмес, үлүш жерлерден алуу сунушун айтып, мунун себеби, район аймагында иштеп жаткан кен казган ишканалардын эсебинен орточо эмгек акы жыл сайын өсүп, мындай маселе дале чыга берээрин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда, М. Абулгазиев элдин нааразылыгын жараткан социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы боюнча жаңы мыйзамда мүчүлүштүктөр кеткендигин моюнга алуу менен, абулгазиевIMG_5661мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген соң, социалдык төлөмдөр жогорулаган учурда төлөгөн жарандарын төлөмдөрү мыйзам өзгөргөн соң, кийинки төлөмдөргө ылайык эсептелинип, тендештирилээрин жана жогоруда айтылган сунуштарды тийиштүү жактарга жеткирип, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жараянында айтылган сунуштар пайдаланылаарын, мыйзамды өзгөртүү жараянына район акими жана бир өкүл катышаарын билдирди.

М. Эшназаров