Архив за месяц: Январь 2016

Келечек кадрларына камкордук

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

 Кылым  артынан  кылым  өтүп, суудай аккан  убакыт эч нерсени өз ордунда калтырбай  келет.  Бир  гана эл үчүн кызмат  кылган  адамдын артында изи  каларын  тарых  барактары  айтып берет.Улуу  коомдук ишмер  Исхак  Раззаков кезегинде мындай  деген “Өзүм  үчүн жашоо — көр оокат үчүн жашоо,үй-бүлөң үчүн жашоо — жан  талашып жашоо, эл үчүн  жашоо – күйүп жанып  жашоо” Андыктан жакшы  жетекчи  күйүп жанып иштөө менен бирге  элине кут, ырыскы  алып келет.  Билимдүү  жетекчи  нравалык  сапаттарга  кандыра сугарылган  жогорку  деңгээлде дасыккан инсан,  кыраакы насаатчы, иш билги  келишет. Айтайын  дегеним, районубуздун  жетекчиси – акимибиз Эшалиев Канжарбек  Жаныбековичтин  элдин  эртеңин ойлоп, келечекке кең көз карашы менен учурдагы жаштардын билим  алуусуна  көңүл буруп, жакындан жардам  берүүсү көпчүлүккө  белгилүү. Тактап айтканда кадр маселесин  биринчи орунга  коюп,  Бишкектеги Медициналык  Академиянын студенттерине, Ош Мамлекеттик Универиситетинин медициналык  факультетинин студенттерине  контрактык акчаларын төлөөдө, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жетекчиси  Т.Тынышов  менен биргеликте чоң   колдоо көрсөтүп  жаткандыктары анык. Мындан  тышкары  өткөн  2015-жылдын  бүтүрүүчүлөрүнө  Россиядан билим алуу үчүн  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  натыйжада  биздин В.И.Ленин атындагы  мектеп-интернатынан  беш бүтүрүүчү: Тыналиев  Төрөбек, Сатар уулу Санжар,  Абдужалиб уулу  Абдимаксат, Мазакбаева Нуркыз, Кожомкул кызы  Бегимай учурда Россиянын  Хабаровск шаарында  ЖОЖ бюджеттик бөлүмүндө окуп жатышат. Ал жерде  дагы Кыргызстандын  консулу  К,Мырзабаев  тарабынан студенттерге  5000 рубль материалдык  жана  моралдык жардамдарды бергендигин  угуп биз, ата-энелер аябай кубандык. Чыныгы  жетекчи – бул элдин  атасы.  Андыктан  арканды  алыс таштаган жумурай  журттун көйгөйүн   айттырбай сезген акимибиз Канжарбек  Жаныбековичке аталык камкордугуна  чоң  рахмат айтып, ата-энелердин атынан  газета аркылуу ыраазычылык билдиребиз.

 

Изображение 105 (2)

Курманбек Тагаев, В.И. Ленин  атындагы мектеп-интернатынын  мугалими, окуу бөлүмүнүн  башчысы

101 билдирет: Өрттөн сак бололу

  өрт коопсуздугу 1

Урматтуу  районубуздун тургундары 2015-жылы районубуздун аймагында 8 өрт кырсыгы  катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгымы 299879 сомду түздү.  2014-жылга    салыштырмалуу  9 өрт кырсыгына кыскарып, материалдык чыгымы мурунку жылга салыштырмалуу   215 миң 383 сомго кыскарган.

Көпчүлүк өрт кырсыктары  турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик  менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы  болуп,  үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээ  бир учурда адамдар да каза болот.Ошондуктан, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн  өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу.

Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричилике керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөөнү, электр шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колонууга жол бербеңиз.

Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт..

 

И.Кубатбеков, Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик

 кызмат бөлүмүнүн башчысы,  капитан

Мүлктөрдү камсыздандыруу башталат

_MG_0158 IMG_0121

Кыргыз Республикасынын өкмөтү  февраль айынан баштап Кыргызстандагы бардык турак жайларды жана унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууга өткөрүүнү максат кылууда. Муну  жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасы аткарат. Ал эми унаа ээлери камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө менчик камсыздандыруу ишканаларынан алышат. Учурда Кыргызстанда жыйырмага жакын камсыздандыруу ишканалары бар.

Мындан ары жарандар өзүн-өзү камсыздашат. Талапка ылайык турак үйлөрдү камсыздандыруу эки багытта, тактап айтканда айылдагы жана шаардагы үйлөргө өзүнчө мерчемдеги бааларда ай сайын камсыздандырышат. Айыл жериндеги үйлөргө айына 50 сомдон, бир жылга 600 сом төлөшөт. Ал эми шаарлардагы үйлөргө айына 100 сомдон, бир жылга 1200 сом төлөшөт.

Мурдагыдай болуп, жер титирөө, өрт кырсыгы, сел жүрүү өңдөнгөн табигый кырсыктар болгон учурда мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Анын ордуна табигый кырсыктар болгон учурда үй ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап камсыздандыруу ишканасынан орточо сумма айыл жериндеги үйгө 500 миң сом, шаар жериндеги турак үйгө 1 миллион 200 миң сом ала алат.

Ал эми буга чейин мамлекеттен жаратылыш кырсыктарынан жабырлануучуларга 200 миң сомдон ссуда берилип, жарандар берилген ссуданы мамлекетке белгилүү бир убакытта кайра кайтарып беришип келген.

Унаа ээлери март айына чейин милдеттүү камсыздандыруу полисин алууга тийиш.  Камсыздандыруу полиси бир жылга берилет. Убактысы бүткөндөн кийин кайрадан сатып алууга туура келет.  Унаа ээси камсыздандыруу ишканасы менен келишимди каалаган мөөнөткө (5 күн, 3 ай, жарым жыл, 1 жылга чейин) түзө алат. Бир үй-бүлөдө бир эле унаа бар болсо ага бир нече адамды каттоого болот. Эгерде ошол эле унаадан башка адам кырсыкка кабылса, анда камсыздандыруу компаниясы тарабынан эч кандай каражат төлөнүп берилбейт.

Камсыздандыруу 2,5 айдын ичинде  апрелдин орто ченине чейин жүргүзүлөт. Бул жарандарды милдеттендирилген мыйзам болгондуктан  ал аткарылууга тийиш. Камсыздандырууга пасторт, айдоочунун күбөлүгү жана унаанын техпаспорту керектелет.

Бир унаа ээсин камсыздандыруу акысы болжол менен 2200 сомдон 4000 сомго чейин төлөнөт. Камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы айдоочунун жашына, тажрыйбасына, унаанын жылына жана кыймылдаткыч көлөмүнө жараша  чыгарылат.

Ал эми камсыздаган ишкана тарабынан бир катталган жол кырсыгына максималдуу 550 миң сом бөлүнөт. Адам өмүрү кыйылганда 200 миң сом, ден соолукка залал келгенде 200 миң сом, материалдык чыгымга 150 миң сом чегерилген.

Б. Дилдебаев,  «Чаткал оттору»

Чаткал районунун айыл аймактарында өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иш чаралар

 

 Чаткал райондагы айыл аймактарында 2015-жылы курулуш иштеринде жана башка тармактарында көптөгөн иштер аткарылды. Алардын негизги делгендерине токтолсок, алар

Каныш-Кыя айыл аймагында

Башкы-Терек айылындагы 120 койкалуу типовой бала бакча союз убагында курулуп, бирок союз тарагандан бери пайдаланылбай, имарат кулап калуу акыбалда болгон. Бул бала бакчанын эки корпусу 75 койкага ырасталып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын ичи тышы заманбап материалдар менен оңдоо жүргүзүлүп, имараттын ичине суу киргизилип, жуунучу жай, даараткана имараттын ичинде болуп, ысык суу менен камсыздалды, жылытуу системасы жаңыдан коюлуп, от менен ысытууга ыңгайлаштырылды. Бала бакча толугу менен инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн 80 миң сом каржыланды. Бүгүнкү күндө бала бакча ишке берилип, толук кандуу иштеп жатат.

IMG_3947IMG_3970жаны жыл 2016 IMG_20151231_131811SAMSUNG CAMERA PICTURES

Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси толугу менен заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап мебелдер, инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге  жергиликтүү бюджетинен 5 млн 812 миң сом каржыланды.

Каныш-Кыя айылынын “Ордош” участкасында жайгашкан, жалпы район үчүн кызмат кылган Дачанын билъярд ойноочу имараты жана мончосу заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 1 млн 971 миң сом каржыланып, бул иштер толугу менен бүткөрүлдү.

Коргон-Сай айылына айыл башчынын кеңсеси салынып, айылдык китепкана менен кошо  жергиликтүү бюджеттен 1 млн 990 миң сом каржыланды.

Айгыр-Жал айылынын “Кормовойцех” участкасына жергиликтүү бюджеттен 1млн 250 миң сом каржыланып, трансформатор сатылып келинип, коюлду.

Коргон-Сай айылына 50 орундуу жаңы бала бакча “Кай-Интер-Прайз” компаниясынан 5000,0 миң сомго каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул бала бакчага инветарларды сатып алуу үчүн 950 миң сом, жылытуу системасын орнотууга 450 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды, бала бакча 2016-жылдын 1-мартына чейин ишке берилет.

Айгыр-Жал айылындагы оор жүк менен транспорт өтүүчү көпүрөнүн курулушуна  “Вертекс Голд” компаниясы тарабынан 8 млн 710 миң сом каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, көпүрө ишке берилди.

А.Айымбетов атындагы мектептин курулушуна  9 млн 600 миң сом Түрк гранты аркылуу каржыланып, мектептин спорт залынан башка баардык куруу иштери бүткөрүлүп, мектеп ишке берилди, спорт залынын толугу менен бүткөрүлүшү 2016-жылдын июнь айына чейин күтүлүүдө.

Айгыр-Жал айылы аркылуу өтүүчү Ала-Бука-Кара-Буура автомобиль жолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөлүп, мунун ичинен 250 метри же 1 млн 499,8 миң сому транспорт министрлиги тарабынан каржыланып, калган 2250 метри же 13 млн 497,9 миң сому айылдык аймактын чегинде кен казуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн компаниялар тарабынан каржыланды.

Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга Кичи-Чаарат компаниясы тарабынан 8 млн сом каржыланып, иш жарым жартылай бүткөрүлдү, калган иштери 2016-жылы толугу менен бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууга Чанач компаниясы тарабынан 4 млн 500 миң сом каржыланып, иштин көпчүлүк бөлүгу бүткөрүлдү, калган иштерди буткөрүү 2016-жылга күтүлүүдө.

Айгыр-Жал айылынын “Ногой” участкасына коомчулуктун демилгеси менен 345 миң сомго таза суу чыгарылып бүткөрүлуп, 30 уй-бүлө таза суу менен камсыз болду. Мындан 177 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды, калган 168 миң сомду коомчулук өз каражаттары менен бүткөрүштү.

Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчасына 378  миң сомго таза суу тартылып келинип, имараттын ичине киргизилип, бала бакча ысык, муздак суу менен камсыздалынды. Бул иштерге жергиликтүү бюджетен 230 миң сом, Мерсико тарабынан 148  миң сом каржыланган.

Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасынын бир корпусунун чатырчасы 267 миң сомго алмаштырылып жаныланган, мындан 160  миң сом жергиликтүү бюджеттен, калган 107  миң сом Мерсико тарабынан каржыланган.

Терек-Сай айыл аймагында

“Ай-Нуру” бала бакчасына  тайпаларга эмерек сатып алууга Мерсико  кайрымдуулук  фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде,  өздүк салым үчүн 56 330 сом которулуп , долбоордун негизинде жалпы суммасы 112660 сомдук жаңы эмеректер келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле “”Ай-Нуру” балдар бакчасына 4 тайпага 172,8 мин сомго эки кабаттуу кроваттар сатып берилген. “Ай-Нуру” бала  бакчасына өнүктурүү саясат институту тарабынан Германия кызматташтыгынын каржылоосунун негизинде 1 млн сомдук долбоор тартылып бир кошумча тайпа ачылды.

А. Чымканаев атындагы орто мектеби  Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде, мектеп эмеректерин алууга 30 миң 100 сом которулуп, проектин негизинде жалпы суммасы 80300 сомдук  эмеректер сатылып келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле А.Чымканаев орто мектебине компьютерик класс үчүн 249,0 мин сомдук компьютерлер сатылып алынды Аталган  орто мектебинин жылытуу системасына Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 300 миң сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары А.Чымканаев атындагы орто мектебине  жергиликтуу бюджеттен 247,5 00 сом акча каражаты бөлүнүп,   стол. стулдар сатылып алынды.

Терек-Сай орто мектебине  Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде мектеп ашканасына  эмеректерди алуу үчүн 21 800 сом которулуп берилип, проектин негизинде жалпы суммасы 107600 сомдук жаңы эмеректер сатылып келип,  пайдаланууга берилди.

Терек-Сай орто мектебинде балдарга ысык тамак берүү долбоору ишке ашып, мектептин ашканасын толук ремонттон өткөрүүгө  жергиликтүү бюджеттен 140,0 миң сом бөлүнүп берилди.Терек-Сай орто мектебине компьютерик класс үчун  айыл аймагы тарабынан 249 миң сомдук жаңы компьютерлер сатылып алынды. Ошондой эле Терек-Сай орто мектебине  жергиликтүү бюджеттен 247миң 500 сомдук жаңы стол, стулдар сатылып берилди.

Терек-Сай айылдык аймагынын аппарат кызматкерлери колдонуп жаткан эмерек жабдуулардын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен  280000 сом акча каражаты бөлүнүп, баардык эмеректер жаңыланды.

“Келечек” балдар бакчасынын айнек, эшиктери 476 миң сомдук жаңы  пластикке алмаштырылды.

№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасын ремонтоо үчүн Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Булутбек Камчыбеков атындагы  орто мектеби  Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 260 миң сомдук заманбап жаңы доска менен камсыздалды.

“Бүчүр” балдар бакчасына жабдууларды сатып алуу үчүн  жергиликтүү бюджеттен 180 миң сом акча каражаты бөлундү.

Терек-Сай айылындагы Терек-Сай жана Эшалы болуш көчөлөрүндөгү телестанцияларынын имараттары жаңыдан курулуп, аталган жумушка 32 миң сом акча каражаты жумшалды

Терек-Сай маданият уйүнүн ремонтуна 360 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, клубдун сырты ремонтон өткөрүлдү.

“Евентус” фирмасы  тарабынан 5 млн сомго Ак-Терек айылына спорт комплексинин курулушу башталды.

“Евентус” Жоопкерчилиги Чектелген Коому  тарабынан Кызыл-Токой айылынын окуучуларын алыскы участкалардан мектепке ташып туруу үчүн 1 млн сомго СПРИНТЕР автоунаасы сатып берилди.

“Евентус” фирмасы  тарабынан элдин үлүш аянттарына баруучу суу каналдарын жылда сел бузуп кеткендиктен, жаңыдан канал куруу үчүн 1 млн сом бөлүп берилди.

Чаткал айыл аймагында

 Ак-Таш автожолундагы, Чаткал дарыясындагы көпүрө капиталдык ремонттон өткөрүлүп,транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 1 600 000 сом каржыланып, элдин пайдалануусуна берилди.IMG_4644IMG_4673IMG_4650IMG_0008IMG_4649IMG_4652

Жаңы-Базар айылындагы мечиттин ички жана тышкы жасалгаларынын толук бүткөрүлүшү үчүн Чаткал айыл аймагынын бюджетинен  415 000 сом акча каражаты жумшалып, 17-июль айт майрамы күнү ишке берилди.

Ак-Таш айылынадыгы көптөн бери кароосуз турган «Керемет-Көч» бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 1 599 000 сомдук тендер жарыяланып ОсОО «Айти-Булак» компаниясы утуп алып, кыш мезгили келип курулуш иштерин жүргүзүү мүнкүн болбой калгандыгына байланыштуу убактылуу курулуш иштери токтоп, жаз айларынын келиши менен курулуш иштери башталуу алдында турат.

өнүктүрүү саясат институту тарабынан Курулуш, жана Жаңы-Базар айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча     1 000 000 сом каражат каралып, ал боюнча тендер өткөрүлүп, “Бишкек Электро” компаниясы утуп алып, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Кыргызстан айылдык ден-соолук комитети тарабынан Жаңы-Базар айылындагы №2 ГСВнын чатырын оңдоого 482 000 сомдук акча каражаты каралып, оңдоо иштери бүткөрүлдү.

өнүктүрүү саясат институнан 1 000 000 сом акча каражаты каржыланып, «Бала — Нур» долбоорунун эсебинен 2-6 жашка  чейинки балдарды кыска мөөнөттөгү окуу менен камсыз кылуу максатында «Байчечекей» жана  «С.Чондоева» атындагы бала бакчалары инвентарлар, оюнчуктар менен камсыздалды.

Сумсар айыл аймагында

Сумсар айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Гизатулин Рашид тарабынан 142 миң сом, элдик салымдан 98 миң сом, жалпысы 240 миң сомго ардагерлерге тургузулган эстелик короолонуп, ташка ардагерлердин ысымдары түшүрүлдү.сумсар клубIMG_0067IMG_0041сумсар клубIMG_0071IMG_0047SAM_3155

Ленин атындагы жатак мектебине 20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 107 миң сомго мектептин босогосунан чырткы чоң жолго чейин брусчатка басылды.

Жеке ишкер Чолпонкулова Жумакан тарабынан 350 миң сомго нан жана ар түрдүү кандидердик азыктарды бышыруучу цех ачылды.

Гагарин орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 96500 сомго, ал эми элдик салымдан 96500 сомго жалпысы 192 миң 100 сомго стол, стул эмеректер алынып берилип, мектептин короосуна  20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 60 миң сомго үч канаттуу темир дарбаза орнотулду.

Шекафтар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 520 мин сомго 5 чакырым ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.

Шекафтардагы төрөт үйү саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 миллион 494 миң сомго эвро ремонт жасалып, ысык суу чыгарылып, канализация орнотулду жана ошол эле министрлик тарабынан төрөт үйүнө 882 миң сомго медициналык эмеректер алынды.

Сумсар айылындагы стомотологияга С. Нурдин уулу тарабынан 750 миң сомго медициналык жабдыктар, инструменттер, эмеректер алынды.

Сумсар маданият үйүнө саясат институту тарабынан 380 миң 400 сомго көрүүчүлөр залына отургучтар орнотулду.

Сумсар орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 91 миң 300 сомго, элдик салымдан 91 миң 700 сомго жалпысы 183 миң сомго стол, стул, катуу эмеректер алынып, 30 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 73 миң сомго 3 канаттуу пластик эшиктер орнотулду.

Сумсар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 600 мин сомго  ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.

Б. Дилдебаев

Окууну аяктагандыгы үчүн азык-түлүк берилди

азык түлүк программасы боюнча IMG_5102 азык түлүк программасы боюнчаIMG_4623 азык түлүк программасы боюнчаIMG_5101

№ 46 Кесиптик лицейин өткөн жылды 92 студент окууну  аяктаган. Бул тууралуу бизге  окуу жайдын  жетекчисинин орун басары  А.  Кудайкулова билдирди.   Алардын ичинен 15 студент  электр  монтёр, 18 студент  ширетүүчү  кесиби боюнча окууну аяктакса, 58  кыз келин  ашпозчу кесибине ээ болушкан. Ал эми жогорудагы окууну аяктагандарга жылдын аягында БУУнун  азык түлүк программасы  тарабынын  сертификаттар жана ар бирине 225 кг ун, 21 л  май   менен каржыланды,-  дейт  лицей жетекчисинин орун басары.

Тахмина Алмарсбек кызы

Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт

    Нурбаев Жуманазар (2) 

Нурбаев Жуманазар Ниязбекович, Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, « Маданияттын мыкты кызматкери » төш белгисинин  жана «Р.Абдыкадыров атындагы клубдун ардактуу мүчөсү » медалынын ээси, райондун ардактуу атуулу, 

 — Жуманазар Ниязбекович, 2016-жыл  Президент тарабынан тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Ошол жарлыкка байланыштуу сиз жетектеген райондук маданият бөлүмү тарабынан кандай иш чаралар кабыл алынды ?

Рахмат, биринчиден мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы элимди жана райондогу маданият кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап кетейин, себеби жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө силердин газетаңар менен баарлашып олтурам. Жаңы жыл бизге ооматтуу, ак жолтой, жемиштүү жана жеңиштүү жылдардан болсун.

КРнын Президенти тарабынан быйылкы жылды « Тарых жана маданият » жылы деп жарыяланышы  жалпы  эле кыргыз элине жана бизге окшогон алыскы, оор шартта жашап жана иштеп жатышкан маданият кызматкерлери үчүн күтүүсүз чоң жакшы жаңылык болду, ошондой эле чоң жоопкечиликти жана көптөгөн милдеттерди алдыга койду. Элибизде  « Тарыхы болбой эл болбойт»,  « Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт» деген жакшы кеп бар . Быйылкы жылы ошол жарлыкка ылайык тарых жана маданиятка байланышкан бир топ иш чаралар кабыл алынды.  Атап айтканда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы,  КРнын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы , 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын ( Үркүндүн ) 100 жылдыгы  жана « Тарых жана маданият» жылына карата кыргыздын улуттук каада – салтын чагылдырган инценировка-спектаклин жана улуттук буюмдардын чоң көргөзмө  кароо-сынагын райондук деңгээлде өткөрүү милдети турат. Районубузда буга чейин Каныш-Кыя айылында бир музыкалык мектеп эки филиалы менен, Сумсар көркөм өнөр мектеби инвентарь жана музыкалык аспаптар менен толук камсыздалган.  Биз булар менен биргеликте быйылкы жылды татыктуу өткөрөбүз деп ишенем.

Чаткал районунда тарыхый маданий мурастар да жок эмес, аларды тактоого сиздердин салымыңыздар болобу?

Биздин кылым карыткан Чаткал жергеси дагы тарыхый маданий мурастарга бай келет. 2015 – жылы КРнын маданият,маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үч айлык мөөнөт менен Чаткал жергесиндеги тарыхый жана маданий эстеликтер кайсыл жылдары пайда болгон жана кайсыл жерлерде жайгашкандыгы тууралуу изилдеп келүү үчүн эки археологду жөнөткөн, ошол  келген археологдор изилдеген тарыхый эстеликтердин маалыматын быйыл  толугу менен бизге билдиришет. Мындан сырткары азыркы алтын кенде иштеп жаткан фирмалар изилдөө учурунда ошол жерде тарыхый эстеликтер болсо эч жерине тийгизбөө  жөнүндө айыл өкмөттөрү  жана мамлекеттик каттоо кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2015-жылы Чакмак-Суу айылында иштеп жаткан фирмалардын жанынан табылган сүрөт чегерилген тарыхый таштарды эч кимге тийдирбей ошол бойдон сактап турабыз, качан гана кайсыл жылдары пайда болгонун археологиялык изилдөөлөр аныктагандан кийин келечекте ошол жерге чоң мектеп курулса, музей катары ошол жерге койдуруп пайдалансак деген ой бар.

Элде жат болуп калгандай маданият десе эле артисттерди элестетебиз.Бирок, ошол артисттер тарабынан сахналаштырылган тарыхый драмалар элге тартууланып келет.Сиздер да драманын үстүндө иштөөнү пландайсыздарбы ?

Тарыхый чыгармалар боюнча иштөө чындыгында кыйыныраак иш, драманы алып чыгыш үчүн атайын дасыккан актерлор керек жана ошол нерселерге ылайык атайын кийим-кечектер, буюмдар керек, мунун баары бир топ акча каражатын талап кылат. Бирок, биз ага карабастан тарыхый өткөн мезгилдерди чагылдырган спектакл-инценировкаларды чагылдырып келүүдөбүз. Өзүңүздөр көргөндөй  районубуздун 80 жылдыгына карата Чаткал тарыхын чагылдырган театралдык көрүнүштү алып чыктык.  Быйыл дагы тарых жана маданий жылына байланышкан чоң театрлаштырылган программадагы көрүнүш жана концерт берсек деген ниетте турабыз.

Улутту башка калкттан айырмалап турган анын маданияты эмеспи. Ошондуктан ата – бабалардан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жанысын айкалыштырып, улуттук өзгөчөлүккө  ылайыкташтырып сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болобу?

Чындыгында башка улуттардан айырмалап турган кыргыздын каада салты, үрп – адаты жана маданияттуулугу , ошондуктан ата-бабаларыбыздан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жаңысын айкалыштырып, сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болот, кыргыздын салты болуп илгертен келе жаткан кыз узатуу, бешик той, тушоо кесуу тойлорун жана башка каада салттарын биз сахналаштырып көрсөтүп келе жатабыз. Быйыл дагы кыргыздын үрп адат, маданиятын кеңири программада даярдап, айрыкча азыркы жаштар арасында кеңири тартууласак деген аракетти жасап жатабыз.

-Райондо эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттар жок эмес, Алардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу максатыныздар барбы?

Эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттуулар көп, биз булардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу боюнча акыркы үч, төрт жылдан бери катуу аракеттерди көрүп, ар кандай кароо-сынактарды өткөрүп келе жатабыз.Атап айтсак: «Алтын өрөөн», « Биз таланттарды издейбиз», « Эл ичи – өнөр кенчи», « Кош жылдыз», « Сармерден» кароо-сынактарындагы жеңүүчүлөрдөн айыл жеринен баштап райондук, областтык деңгээлге чейин алып бардык.

чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0029чаткал 80_DSC0106

2015-жылдын аягында жер-жерлерден тандалып алынган  « Сармерден» сынагынын жеңүүчүлөрү кеңири программада өз өнөрлөрүн тартуулап беришти. Биз муну менен эле чектелип калбастан Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына жана Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына  карата Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун ортосунда Ала-Бука районунда өткөрүлгөн кароо-сынакта 1- орунду ээлеп келдик. Бул дагы болсо биздин таланттуу эл ичиндеги өнөрпоз адамдардын жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилиги деп ойлойм. Биздин райондук маданият бөлүмүндө эл ичиндеги таланттуулардын бардыгынын тизмеси жашына чейин такталган, андан сырткары уз,чебер, кол өнөрчүлөрдүн, зергер усталардын, мүнүшкөрлөрдүн да фамилиялары такталган.

Маданият тармагы кең, анын ичинде китепканалар да бар эмеспи.Учурда райондо канча китепкана бар жана алардын китеп фондусун кандай китептер толуктап турат?

-Учурда районубузда 1 райондук, 1 балдар китепканасы, 11 айылдык китепканалар элди тейлөөдө. Китепканаларда 97881 китеп фондусу бар. 2015-жылы райондук жана айылдык китепканаларда 1128 иш чаралар өткөрүлүп, ага  45566 окурмандар, көрөрмандар жана башкалар  катышышты.

Китепкана тармагына жылына 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатына ар кандай китептер сатылып алынып, китеп фондулары толукталып турат. Быйылкы « Тарых жана маданият » жылына карата китепкана тармагында  дагы бир топ маданий  иш чараларды өткөрүү  пландаштырылууда. Мисалы :  1916-жылкы Үркүндүн 100  жылдыгына карата « Өсөр эл өткөнүн унутпайт», « Кыргыз көтөрүлүшүнүн тарыхы»,  «Кайран эл» сыяктуу иш чараларды,

« Биз эгемен алган  эркин элбиз» аттуу тегерек стол, « Эске тутуп билип ал», « Тарыхта калган ысымдар» ( Күлбөс хан, Жанчар хан) аттуу чоң программадагы маданий иш чаралар. Мындан сырткары жыл ичинде  ар кандай  тематикалык кечелерди жана ангемелешүүлөрдү өткөрөбүз.

-Райондогу маданият тармагынын келечеги үчүн жаңы  кадрларды  даярдоо кандай болууда?

Жаңы кадрларды даярдоо боюнча акыркы төрт жылдан бери Жалал-Абад маданият техникуму менен сүйлөшүп, таланттуу балдар, кыздарды окутуп берүү жөнүндө иштерди колго алуудабыз. Азыркы мезгилде  6 адам бүтүп келип кызмат кылууда, 5 адам ар кандай кесиптер боюнча окуп жатышат. Мындан тышкары жогорку окуу жайларында дагы окуп билип алып жатышкан таланттуу жаштарыбыз бар. Ошол окуп жаткан жаштарыбыз окуу жайды бүтүп келишсе, Чаткал жерине кызмат кылышып, элдин маданиятын жогрулатууга өз салымдарын кошушат деп ойлойм.

Быйылкы жылга сиздердин тармактагы имараттардын ремонт иштери кандай болот ?

Ремонт иштери боюнча быйылкы жылы көп иш аракеттерди жасайбыз деген ниетте турабыз. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашып, айыл жериндеги маданият үйлөрүнө жардам берүү жөнүндөгү программасынын негизинде 2009-2010-жылдардагы өткөрүлгөн проектинин негизинде биздин Ч.Айтматов атындагы маданият үйү министрликтин титулдук баракчасында алдыңкы катарда кезекте турабыз, министрлик ошол проекти боюнча ремонт кылып берүү тууралуу убадаларын берип жатышат. Андан сырткары дем берүү грантына дагы проект даярдап жатабыз. Бул иштер боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын иш планына да киргизилген. Биздин райондук маданият үйү Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык  балансында тургандыктан жергилитктүү  айылдык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, театралдык отургучтарды дагы жаңылап сатып алсак деген иштерди пландаштыруудабыз.

Маегиңизге  чоң  рахмат.

Маектешкен: Б. Дилдебаев

Чаткал районунда малдын саны өсүүдө

IMG_1480 (2)

2015-жыл аяктап бара жатканда райондо мал санак жүргүзүлүп, 2016-жылдын 1-январына карата анын жыйынтыгы чыгарылды. Айыл аймактары боюнча алганда райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн чыгарган жыйынтыгы менен кара мал Каныш-Кыя айыл аймагында 3372 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 371 башка, топоздор 66 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 5 башка, кой-эчки 18939 баш болуп, 10 башка, жылкылар 1467 баш болуп, 133 башка, канаттуулар 10482 баш болуп, 12 башка көбөйсө, Чаткал айыл аймагында кара мал 2053 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 6 башка көбөйүп, топоздор 96 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 9 башка азайса, кой-эчки 12944 баш болуп, 1144 башка көбөйсө, жылкылар 825 баш болуп, 25 башка, канаттуулар 6828 баш болуп, 83 башка көбөйсө, Терек-Сай айыл аймагында кара мал 1013 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 башка көбөйүп,  кой-эчки 19757 баш болуп, 628 башка көбөйсө, жылкылар 206 баш болуп, 4 башка, канаттуулар 7389 баш болуп, 22 башка көбөйсө, Сумсар айыл аймагында кара мал 1222 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 10 башка көбөйүп, кой-эчки 19330 баш болуп, 144 башка көбөйсө, жылкылар 373 баш болуп, 31 башка, канаттуулар 9676 баш болуп, 132 башка көбөйгөн.

Ал эми район боюнча алып караганда  кара мал 7660 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 389 башка көбөйүп, топоздор 162 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 4 башка азайса, кой-эчки 70970 баш болуп, 1896 башка көбөйсө, жылкылар 2871 баш болуп, 193 башка, канаттуулар 34375 баш болуп, 249 башка көбөйгөндүгү такталды.

Акыркы убакта үйүрү менен айыл аралап көпчүлүктү тажатып жаткан эшектердин жалпы саны 456 болуп, 91 башка азайса, эти менен жумурткасы пайдалуу тооктор райондо 25559 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 105 башка көбөйгөн. Ошондой эле дасторконго көрк жана ден соолукка пайдалуу бал берүүчү аарылардын бал челеги 505 болуп, 6га көбөйгөн.

Б.Дилдебаев

Район акиминин маалыматы угулду

 

Январь айынын 20сында райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким  Канжарбек Эшалиевдин өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматын угуу боюнча райондук коллегия болду.

IMG_5369

Коллегияга райондогу мекеме, ишканалардын кызматкерлери, район тургундары жана КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысы Камилжан Абдыкалыков, “Жалал-Абадэлектр” ишканасынын башчысы Азамат Паязовдор катышты.

 

Коллегия КР. МамлекетIMG_5402тик Гимни менен ачылып андан соң, өткөн жыл ичинде ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо салтанаты болуп, мында КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов Башкы-Терек айылынын тургуну Шайдылда Качикеевге облустук “Аймак” гезитинин Ардак Грамотасын тапшырып, башына ак калпак кийгизди.

IMG_20160120_105025

Ал эми, Бактыбек Анаркулов район акими Канжарбек Эшалиевге республикалык “Кыргыз Туусу” жана  “Ордо” гезиттеринин “Жылдын мыкты акими” номинацияларын тапшырды.

IMG_5412IMG_20160120_105217 IMG_20160120_105238 IMG_5388

Өткөн жылдагы биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкандыгы үчүн Терек-Сай айыл аймагынын экономист- статисти Айгүл Жантаевага район акими Канжарбек Эшалиев бир даана ноутбукту тапшырды. Мындан сырткары, Б. Субанов, А. Нарбекова, З. Барпиев, Г. Акылбекова, Б. Нарынбетовалар облустук жана райондук Ардак Грамоталарга ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу аземинен соң, район акимининин отчетуна кезек берилип, алгач өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иш чараларды камтыган слайд шоу көрсөтүлдү.

IMG_5370

Андан кийин, район акими Канжарбек Эшалиев өткөн 2015-жылдагы аткарылган иш чаралар тууралуу баяндама жасады.

IMG_5397

Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2015-жыл ичинде райондун көп тармактарында бир топ жетишкендиктер болду. Атап айтканда, социалдык-экономикалык жана маданий тармактарда облустук жана республикалык деңгээлдеги иш чаралар жүзөгө ашырылып, Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары таанылды. Райондогу эки айыл аймагы-Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары дотациядан чыгып, өзүн өзү каржылай ала турган деңгээлге жетти. Аталган айыл аймактардагы кен байлыктарын иштеткен ишканалар райондун жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык жана маданий абалын  бир топ жакшыртууга салым кошушту. Мунун аркасында районго бир нече социалдык объекттер жана көпүрөлөр курулуп, жолдор асфальтталып, айылдарга ичүүчү таза суу жеткирилүүдө.  Өткөн жылдагы негизги иш чаралардын бири-Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде өткөрүлдү.

IMG_5400

Район акиминин баяндамасынан соң, райондогу төрт айыл аймактарынын башчыларына коллегия мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, өткөн жыл ичинде аткарылбай калган айрым план, милдеттенмелердин  аткарылбай калуу себептери суралды. Мында, коллегия мүчөлөрү тарабынан Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймак башчыларына азык-түлүк коопсуздугу боюнча алынып барылып жаткан иштер жетишсиз экендигин белгилешип, дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүү талабы коюлду.IMG_5405IMG_5396

Андан соң, жарыш сөзгө орун берилип, А. Жантаева, Н. Мамбетова, У. Абдыкеримова, К. Исмаиловдор жарыш сөзгө чыгышып, район акиминин маалыматы тууралуу оң пикирлерин билдиришип, район акими К. Эшалиевдин ишине ийгиликтерди каалашты.IMG_5407IMG_5403

Коллегия соңунда, район акими К. Эшалиев февраль айында айылдык кеңештердин кошмо жыйынында депутаттарга дагы маалымат берилээрин, район акиминин өткөн жыл ичиндеги аткарган иштерине ошондо баа берилээрин кошумчалады.

М. Эшназаров

Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров:-Мекенчил инсандарыбызга ыраазылык

н. мырзаяровӨткөн 2015-жыл районубуз үчүн бир топ жетишкендиктердин жылы болгондугуна күбө болдук. Район калкынын колдоосу аркасында район жетекчилигинин аракети менен районубуздун инфратүзүмү оңолуп, социалдык-экономикалык жана маданий жактан бир топ алдыга жылуулар болду. Буга унаа жолдорунун асфальтталышы, социалдык объектилердин курулушу, айыл көчөлөрүнүн жарыктандырылышы, кен өндүрүү ишканалары менен социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында тыгыз кызматташуу ж.б. кошууга болот.

Өткөн жылдагы дегеле, район тарыхындагы чоң жетишкендиктердин бири-Чаткал районунун 80-жылдык маарекесинин облустук деңгээлде белгилениши десек туура болот. Бул Чаткал районунун -4021-e1437416085633республикадагы аброюн дагы бир тепкичке көтөргөн маарекеге районубузда ишмердүүлүк жүргүзгөн тоо кен ишканалары жана район калкы демөөрчү катары көрүнүктүү салымдарын кошушту.

IMG_3787 (2)

Айта кетээрим, районубуздун башка аймактары сыяктуу эле, Чаткал айыл аймагынын бир топ тургундары  өз салымдарын кошо алышкандыгын баса белгилөө менен, Чаткал айыл аймагынын жетекчилигинин жана өзүмдүн атымдан ыраазылык билдирип кетким келет. Бул мекенчил жарандарыбыздын аттарын атай кетсек:

Жаңы-Базар айылынан

Кыдыров Абдылда, Козукулов Бактияр, Артыкбаев Улукбек, Кубатбеков Рахман, Өмүрбеков Бектурсун, Айталиев Ильяс, Маматова Айсулуу, Кочкоров Акжол, Бейшенова Гүлбарчын баштаган «Жаңылык»- кыз-келиндер тобу, Абдыкеримова Уулбү, Ниязалиева Айчүрөк, Барпиев Искендербек, Өскөнбаев Эркинбек, Сатимов Абдырахман, Сатимова Санамбү, Карабаев Кудайберди, Акматов Сулайманкул, Барпиев Сыргак, Козукулов Азимкул, Аширов Мамыт, Эрназаров Нурлан, Дуулатов Сүйүналы, Түкүшов Шекербек, Молдобеков Нурмат, Абдылдаев Алтынбек, Айтиев Баймырза, Алчынбекова Сонун, Молдобеков Нурмат, Эргешов Абдигапар, Абдырахманова Кайырма, Молдалиев Анарбек, Айдаров Бактыбек, Усманов Салимбай, Рысымбетов Анарбек, Сейталиев Жапар, Убалиева Назира, Сатимбаев Өзгөрүш, Субаналиева Чолпон, Дилдебаев Таалайбек

Акташ айылынан

Максымбеков Сагын, Рустемов Кубаныч, Мусабекова Дарика, Бекешова Буурай, Эшкараев Шаршен, Райымкулов Бакыт. Мамыралиев Шералы, Максымбеков Таалай, Исматов Сүйүтбек, Полотов Нурбек, Козубаев Тургунбай, Сарымсаков Каримжан, Нурбаев Райкан, Ашырбаев Эркин, Полотов Эсен, Ашырбаев Турсумат, Бекмуратов Имаш, Бектурганов Орозбек, Эшкараев Шаршен, Райымкулов Бакыт, Мамыралиев Шералы, Максымбеков Таалай, Исматов Суйутбек , Полотов Нурбек, Козубаев Тургунбай Ак-Таш чегара заставасынын жетекчиси Амиракулов Миралы,

Курулуш айылынан

Сейталиев Мелисбай, Таласбаев Аманкул, Бузелбаев Ашыркул, Абдубалиев Ашырмамат, Сыдыков Абдыжапар, Чыныев Жайлоо, Шанабаев Жакыпалы, Чолпонкулов Топчу, Бекмуратов Эркин, Таласбаев Токтогул, Таласбаев Шеркул, Тынышов  Баяс, Давлетов Искак, Кочкоров  Смаил, Мырзалиев Ибраим, Мырзалиев Байдоолот, Сейталиев Анарбек, Рыскулов Кушубек, Эргешов Убали, Кыштообаев Соорон, Абдыкеримова Мээрим. Абдыкеримов Умар, Досматов Касым, Мазирбаев Асан, Дубанаев Мухамедалы, Алымбеков Марат, Сурапбаев Мамбеткул

Жогоруда аты аталган мекенчил  инсандарыбызды кирип келген 2016-Жаңы Жылы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик жана үй бүлөлөрүнө бекем ынтымак каалап кетмекчимин.

Нурланбек Мырзаяров, Чаткал айыл аймагынын башчысы

 

Чаткалдык чебер эненин өнөрүн алып калууга кызыккандар аз болууда

Чаткал районунун Коргон-Сай айылынын тургуну 77 жаштагы чебер Курманалиева Нурила эне боз үйдүн жасалгасын, ат жабдыктарды, куржун, сокмо таар, колбаштык сыяктуу кыргыздын нагыз улуттук буюмдарын жасап келаткандыгына быйыл элүү жылдан ашты. Чебер эне ушул мезгилге чейин беш боз үй тилкелеген. Мындан сырткары, ат жабууларын бир торпоктон сатып келген. Анын буюмдарын сатып алуучулар чебер эненин жасаган буюмдарынын бышыктыгына, көркөмдүгүнө жана кыргыздын оюу-чийүүлөрүнүн нукура үлгүдө түшүрүлгөндүгүнө баа беришип, эч качан кымбат дешпейт.
-Чеберчилик менен алектенгениме быйыл элүү жылдан ашты бирок, ушул мезгилдин ичинде менин өнөрүмдү алып калайын деген бир да дилгир аялзатын жолуктурбадым. Баары эле үйрөнөбүз-деп, кызыгышып келишет да, майда ишке чыдабай, качып кетишет-деп азыркы кыз-келиндердин чыдамсыздыгына нааразылыгын жашырбаган чебер эне азыр 13 жаштагы Айназик аттуу небереси энесинин өнөрүн үйрөнүүгө далалаттанып жүргөндүгүн айтат. Чебер эне өзү айткандай, чындыгында эле, эненин өнөрүн алып калуучу аялзаты чыкпаса анда, нукура кыргызга таандык өнөрдү жоготуп алуубуз айкын иш. Эмесе, чебер энеге мындан ары да бекем ден-соолук, узак өмүр ал эми, энесинин сейрек өнөрүн үйрөнүүгө бел байлаган небереси Айназикке шык жана бекем чыдамкайлык каалайбыз.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер союзунун мүчөсү