
Архив за месяц: Январь 2016


Ботулизмден сактаныңыздар
Ото курч муноздогу тамак-аштан уулануу, борбордук жана вегетативдик нерв системалары жабыркайт. Оорунун козгогуч булагы болуп, клостридиум ботулинум кыймылдуу анаэроб (аба жок жерде осуучу), грамм минус таякчасы эсептелинет жана бул таякчанын 2 формасы бар: вегетативдик, споралык. Козгогуч булагы чоп жеген жаныбарлардын, балыктардын, рактардын, адамдардын занында жашаган споралар жана ал споралар бийик температурага туруктуу, ал аба жок жана ото аз жерде сыртка коркунучтуу токсин болуп чыгарат (ботулотоксин). Ботулотоксиндин 7 туру бар: А, В, Е, F туру адамда ботулизм оорусун, ал эми С, Д, G туру канаттууларда, балыктарда жана сут эмуучулордо ботулизм оорусун чакырат.
Ботулизм адамдан адамга жукпайт.Ботулизм оорусу менен катталгандардын саны ото аз, бирок олумго дуушар болгондордун саны 70% тузот. Ошондуктан медициналык жардамды эрте алуу олумдон сактайт, себеби ага каршы вакцина эрте 10 сааттын ичинде берилиш керек.
Адамдын организмине БОТУЛОТОКСИН уй шартында туура жакшы обработкадан отпогон, консервациялоо технологиясы бузулуп жасалган жана сакталган салат, ышталган колбаса, балык, эт жана жашыл фасоль, шпинат, козу карын продукцияларын колдонуудан келип тушот.
Клиника
Инкубациялык мезгили 12 сааттан 24 саатка чейин жана 8 кунго чейин. Башкы симптомдору: адам катуу алсырайт, башы айланат, удвоение-козуно кош корунот, оозу кургайт, жутунуу кыйындайт, кусат, ичи кобот, бара-бара моюн кол булчундары алсыз боло баштайт, журок согуусу басандайт, козу тунарат, бирок дене табы которулбойт жана эс акылын жоготпойт. Акырында булчундардын параличи жана дем алуу кыйындайт.
Диагностика
- Медициналык жардамга убакытты откорбой тез кайрылуу
- Туура дигноз коюу (инсульт, синдром Гийена-Барре, тяжелая миастения)
- Ашказанды жууп тазалоо, клизма жасоо
- Тамак калдыктарын, кусунду, ашказанды жууп тазалаган сууну ж.б. чогултуу
- Ботулизмге каршы сыворотка жасоо
- Жасалма дем алдыруу
Алдын алуу жолдору
-Уй шартында жана жакшы обработкадан отпогон салаттарды ж.б продукцияларды колдонбоо
-консервацияланган тамак-ашты 30 минута 100 градустагы ысык сууда кайнатып анан колдонуу
-тастыкталган документтери бар продуктыларды сатып алуу, туура сактоо
-тамак-аш саткан ар бир дукон, коомдук тамактануучу жайлардын муздаткычтар менен камсыз болуусу
-коомдук, мектеп, бала бакчалардын тамак-аш жайларында ар бир жасалган тамактан контролдук суткалык проба алуу, 1 сутка муздаткычта сактоо
Андан сырткары тамак-аштан ууланууну алдын алуу учун 5принцип:
- Тазалыкты сактоо
- Бышкан жана бышпаган продукцияны оз-озунчо кармоо
- Кайнатуу
- Сактоо температурасын такай козомолдоо
- Таза сууну жана таза тамак-ашты колдонуу
Эпидемияга каршы иш-чаралар
-Эгерде ботулизмге шектелип катталса, райондук ОААжМСЭКБуна тез билдируу беруу.
-Оорулууну тез арада жаткыруу (госпитализация).
-Очокто эпидкозомолду кучотуу, кошо жеген адамдарды табуу, тактоо, медициналык 10 кундук козомолго алуу.
-Ботулизмге каршы сыворотканы убагында беруу.
Урматтуу Чаткал районунун тургундары, биздин райондо ушундай кырдаал болбосун десек, жогоруда берилген маалыматтын ото маанилуу экенин жана аны аткаруубуз керек, ал эми ден-соолук биринчи орунда турарын жыл башынан эскертет элем.
Оз убагында медицинага кайрылуу ар бир жарандын милдети жана жоопкерчилиги.
Маалымат иретинде-Жалал-Абад областы боюнча 2015-жыл ичинде 12 учур ботулизм оорусу менен катталган, анын ичинен 26 адам жабыр тартып, 5 адам олумго дуушар болгон. Мында, Токтогул районунда -1, Таш-Комур районунда-1, Базар-Коргон районунда-2 жана Кара-Кол-1.
Г.Т.Акылбекова Чаткал райондук ОААжМСЭКБнун башкы врачы

«2015-жылдын мыктысы» деп табылды
2015-жыл-Улуттук экономиканы чыңдоо жылына карата Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салым кошкондугу үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу катчысы Гүнөтай Ибраева облустук «Акыйкат» гезити тарабынан «2015-жылдын мыктысы» деп табылды.
Сыйлык сиздики, сыймык биздики демекчи, сыйлуу даражаңыз кут болсун!
М. Эшназаров

Сыйлык-сыймык: район акиминен сыйлыкка ноутбук алды
Өткөн 2015-жылы райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкан кызматкерлерге сыйлык катары бир даана ноутбук берүү чечими чыгарылган эле. Жыйынтыгында, бул иш чарага активдүү катышкан кызматкер катары Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти Айгүл Жантаева табылган. Жакында болуп өткөн райондук коллегияда район акими Канжарбек Эшалиев Айгүл Жантаевага сыйлык катары убада кылынган бир даана ноутбукту өз колу менен тапшырды.
Анда эмесе, Айгүл Жантаевага сыйлыгыңыз кут болсун демекчибиз

Элдик жыйындар өтүүдө
26-январь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарында болуп, элдик жыйын өткөрүштү.
Элдик жыйын алгач Ак-Таш айылында болду. Жыйында негизинен, айыл тургундары соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулагандыгына нааразылыгын билдиришип, райондук соцфонд башкармалыгынын башчысы Адылбек Эшикуловго бир топ суроолорду беришти. Өз кезегинде Адылбек Эшикулов суроолорго жооп берип, соцфонд төлөмдөрү боюнча мыйзам КР. ЖК тарабынан колдоо таап, КР. Президенти тарабынан кабыл алынгандыгын ал эми, райондук соцфонд аткаруучу гана орган экендигин, райондук соцфонддон эч нерсе чечилбесин билдирип, соцфонд төлөмдөрү тийиштүү жогорку органдар тарабынан кайрадан каралып жаткандыгын, ага карата райондон сунуштар жиберилгендигин маалымдады.
Элдик жыйында мындан сырткары, айылга «Тез жардам» автоунаасы керек экендигин айтышты. Аким К. Эшалиев райондук борборлоштурулган ооруканадагы бир «Тез жардам» автоунаасын айылга бөлдүрүп берээрин билдирди.
Айыл тургундары айылда электр энергиясынын ашыкча чыңалуусунан улам жарык тез-тез өчүп калып жаткандыгын билдиришти. Бул маселе боюнча жооп берген РЭС башчысы Кылыч Жарашов айылдагы чегара заставасына жакында орнотулган трансформаторго айылдагы үйлөрдү бөлүп, чыңалууну калыбына келтирип берээрин айтты.
Элдик жыйындын жүрүшүндө мындан сырткары салык, саламаттыкты сактоо жаатында да бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Аким К. Эшалиев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө жигердүү салым кошкон айыл тургундарына ыраазылыгын билдирди.
Элдик жыйын андан ары Курулуш айылында улантылып, мында райондук ветборбордун башчысы Жунусбек Жолдошев малды дарылоо иштери февраль айында башталаарын, бүгүнкү күнгө кутурма оорусуна каршы беш миң вакцина келгендигин билдирди. Ал өткөн жылы республика боюнча ветеринария иштерине 60 млн. бөлүнсө, быйыл бул сумма эки эсе көбөйтүлүп, 130 млн. сом бөлүнүп жаткандыгын маалымдады.
Курулуш айылынын суу жээктерин өзөн суусу жеп, айрым үйлөргө жакындап жаткандыгы, айылдагы С. Мырзалиев орто мектебинин имаратынын эскирип бараткандыгы, айылдагы ФАПты ылайыктуу имаратка көчүрүү тууралуу көйгөйлөр айтылып, аким К. Эшалиев бул маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү КР.ӨКМнин райондогу өкүлү А. Сулаймановго жана райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Б. Баймырзаевге тапшырды.
Жаңы-Базар айылындагы болгон элдик жыйында да жогорудагыдай маселелер көтөрүлүп, айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Мындагы элдик жыйында айыл тургуну А. Абдылдаев өткөн жылдары Чаткал айыл аймагы тарабынан аткарылган Жаңы-Базар айылына таза суу чыгаруу, көчө чырактарын орнотуу, Ак-Булак каналын ишке киргизүү жумуштарына байланыштуу сын пикирин билдирди. Бул маселелер боюнча Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров жооп берип, аталган маселелер боюнча жогорку тийиштүү органдар тарабынан ондон ашуун текшерүүлөр келип, эч бир кемчилик табылбагандыгын, эгер кемчиликтер табылган болсо, эбак мыйзам боюнча чаралар көрүлмөк экендигин айтты жана таза суу чыгаруу жана көчө чырактарын орнотуу иштерине айыл аймактын бюджетинен бир тыйын коротулбай жалаң инвестиция тартуу менен бүткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Ал эми, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы М. Суранов Ак-Булак каналы боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирип, далил катары тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Айыл тургуну А. Осмонкулов жогорудагыдай сын, пикирлер аркылуу элди экиге бөлүү аракетин токтотуп, учурда район жетекчилигинде жигердүү иштеп жаткан жергиликтүү жаштарды колдоп алууга чакырды.
Элдик жыйын жүрүшүндө район акими К. Эшалиев быйыл кен ишканаларынан түшкөн 2 пайыздык кирешенин эсебинен Чаткал айыл аймагына бир даана трактор жана чөп таңгактоочу алуу, Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарына бир чакырымдан жалпы эки чакырым унаа жолун асфальттоо, Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын шартын оңдоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер максатталып жаткандыгын маалымдады.
Жыйын соңунда айыл тургундары өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Туусу», «Акыйкат», «Аймак», «Жаңы Ордо» сыяктуу республикалык абройлуу басылмалар тарабынан Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары белгиленгендигин, аны менен бирге эле район акими Канжарбек Эшалиев аталган басылмалар тарабынан «Жылдын мыкты акими» деп табылгандыгын белгилешип, Канжарбек Эшалиевге ак калпак жана кыргыз чепкенин кийгизишип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.
М. Эшназаров

Чаткалда карышкырларга аңчылык күч алды
Районубузда карышкырларга аңчылык күч алууда. Айта кетсек, өткөн жуманын соңунда Чаткал айыл аймагынын Чандалаш айылынын тургундары Рустам Эшназаров жана Топчу Барпиевдер жергиликтүү тургундар менен биргеликте карышкырларга аңчылыкка чыгышып, 3 күндө үч ургаачы карышкырды жок кылышты. Ал эми, Жаңы-Базар айылынын тургуну Шаабаев Жакып аттуу жаран тузак менен үч карышкырды колго түшүргөн. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди.
26-январда Жаңы-Базар айылында болуп өткөн элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев элдин малына зыян келтирип жаткан жапайы жырткычтарды жок кылууга мамлекет тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлөөрүн маалымдап, бир карышкырды жок кылган жарангамамлекет тарабынан алты миң сом сыйлык берилээрин билдирди.
М. Эшназаров

Коргон-Сай айылында өрт кырсыгы катталды
2016-жылдын 18-январдан 19-январга караган түнү 1саат 35 мүнөттө Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №81-ӨКБтүн байланыш түйүнүнө Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округуна караштуу Коргон-Сай айылында жайгашкан Курманалиев Бакытбектин 5 бөлмөлүү турак үйүнүн меш орнотулган 2 бөлмөсүнүн шыбынан өрт кырсыгы чыккандыгы тууралуу кабар Кудайкулов Акжол тарабынан билдирилген.
Кабар түшөөр замат Чаткал райондук ӨКМКБнүн №81-өрткө каршы бөлүгүнүн 4 кароолу 1 күзөттөгү ГАЗ-66-01 өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 1 саат 40 мүнөттө чыгып, 02 саат 19 мүнөттө жетип келген учурда турак үйдүн чатыры түтөп жаткан.
Өрткө каршы кызматтын кызматкерлери турак үйдүн алоолонуп күйүп кетүүсүнүн алдын алып, өз убагында 05саат 10 мүнөттө толугу менен өчүрүлдү жана жеке адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келген жок.
Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу мештин жана морунун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккандыгы аныкталды.
Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары, лейтенант

Билим берүүчүлөр мелдешти
Жакында Л.А.Маняшин жетектеп келген Сумсар орто мектебинин спорттук залында мектептин жетекчилиги жана профсоюз уюмунун демилгеси жана уюштуруусу астында табигый предметтер боюнча мугалимдеринин, гумантирадык предметтер боюнча мугалимдеринин, башталгыч класстарынын мугалимдеринин жана техникалык кызматкерлеринин командалары аралык “Шайыр старт” жана волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгында Л.А.Маняшин төрагасы болгон калыстар тобунун чечимине ылайык 1-орунга табигый предметтер боюнча мугалимдердин командасы чыгып, мелдештин жеңүүчүлөрүнөн болушту. Ал эми 2-орунду гуманитардык предметтер боюнча мугалимдер командасы ээледи. 3-орундун ээлеринен башталгыч класстардын мугалимдеринин командасы болду. 4-орунду техникалык кызматкерлер командасы ээледи.
Ошондой эле Раманкулова Адина, Таиров Абыл, Сматова Дилбар, Чолпонкулов Ташмамат “Мыкты оюнчулар” номинациясына ээ болушту.
Б.Исаков

Сумсар айыл аймагы: Ийгилик жана көйгөй
Өткөн 2015-жылы Сумсар маданият үйүнүн жамааты гранттан 400000 сом утуп алышып, заманбап 201 даана орундук жана 21 жумшак орундук, 4 стол сатылып алынган. Учурда Сумсар маданият үйү жаңы эмеректер менен жабдылып, залдардын, бөлмөлөрдүн жана китепкананын көркү чыгып, көргөндөрдүн көнүлүн бурат. Бул көрүнүш маданият үйүнүн жамааты үчүн бир жагынан ийгилик жана чоң кубаныч болду.
Бирок 2016-жыл башында Сумсар маданият үйүнүн көйгөйү – анын Совет доорунан бери эскилиги жеткен чатырын жабуу. Буга 1 миллиондун айлана тегерегинде акча каражаты керек. КР Президенти өзүнүн Указы менен 2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу Сумсар айыл өкмөтү, райадмнистрация тийиштүү инстанциялар менен байланышып, биргеликте Сумсар маданият үйүнүн бул көйгөйүн чечүүгө жардам берет деген ойдобуз.
Б.Исаков

Жыл аягында 120430 сомдук иш аткарылды
Өткөн 2015-жыл Гүлмира Кошокова жетектеген Сумсар балдар бакчасы үчүн “Ийгилик башаты – аракет” дегендей ийгиликтүү жылдан болду. Фактылар жана цифиралар менен айтканда 2015-жыл ичинде МЕРСИКО дон 48080 сом, райадминистрациядан 50000 сом акча каражаттары бөлүнүп жана ата-энелердин 22350 сомдук акчалай жардамдары менен балдар бакчасынын ички бөлмөлөрүнө 147,4 метр квадрат линолеум төшөлүп, бакчанын тегереги цементтелген. Эң негизгиси болочокторго кышка карата камкордук көрүлүп кательняга 36000 сомдук печка орнотулуп, балдар бакчасынын бардык бөлмөлөрүндө жылуулук өкүм сүрүп келет.
Балдар бакчасынын башчысы Гүлмира Кошокованын улам жандуу аракеттеринен жаралган натыйжалар, ийгиликтер жыл аягында жана 2016-Жаңы жыл башында Сумсар балдар бакчасынын ишинин толук кандуу жүрүшүнө өбөлгө түзүп, болочоктордун жакшы шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берип турат.
М. Эшназаров