Архив за месяц: Декабрь 2015

5000 сом сүйүнчү сыйлык

rodilnyy-dom-11-foto-oksana-dobrovolskaya-1

Шекафтар  айылында жаңыдан ачылган  төрөт үйүндө  алгачкы  болуп төрөлгөн  Сумсар  айылынын тургуну Раманова Жаңылай болду.  Жаңы төрөт  үйүндө биринчи болуп төрөгөн  Раманова  Жаңылайды  Сумсар айыл Кеңешинин депутаты  Назаров  Абдумалик  анын кыздуу болушу менен  куттуктап, өз  жанынан Жаңылайга  5000 сом акчалай сүйүнчү сыйлык  белегин  тапшырды. Ошондой  эле депутат  Абдумалик Назаров Жаңылайдын  аман –эсен көз жарышын камсыз кылышкан врач Мурзалиева Тажүгүлгө, акушеркалар  Нурасатова Алтынайга жана  Бекмуратова  Гулбарчынга терең  ыраазычылыгын  билдирди.

Б. Исаков

Окуучуларга камкордук

IMG_4623IMG_4633

А.Чымканаев орто мектебинде  берилүүчү  шашке чайына ар бир окуучуга  күнүнө 10 сомдон азык түлүккө  бөлүнөт. Кээ бир мектептер сыяктуу окуучуларга  сентябрь   айынан  тарта   ысык тамак   азыркы учурга чейин берилбей,  болгону  күнүнө берүүлүчү  печенье,  кекс, жана таттуу чай  окуучуларга берилүүсү  кайталанма көрүнүш болуп келет

Мектеп директору Гулнара   Турдалиеванын берген малыматына карганда ал   былтыркы  окуу жылында ПРООНго  долбоор жазган,   бирок мектепте суу жоктугунан   проек өтпөй калган.   Быйылкы окуу жылында  кайрадан  долборго катышып,   Терек -Сай   айыл  өкмөтү  тарбынан  30 пайызга  өздүк салымы үчүн  75 миң сом  акча каражатына ишеним кат жазылып алынган.   Буйруса  суу маселеси чечилсе  бул долбоор  ишке ашат деген үмүт болууда. Бул маселе боюнча   мектеп  жетекчилиги тарабынан  көп  жака кайрылуулар  болуп жатат.  Айыл тургундарынан жана ата- энелерден да   жардам   сурап  кайрылышууда.   Жогорудагы маселе чечилсе Чымканаев орто мектебинин окуучулары да ысык тамак менен  камсыз болот  дейт мектеп директору Г. Турдалиева.

Г. Кельдиярова

Социалдык төлөм көйгөй жаратууда

IMG_0008

Жакында Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү.   Элдик жыйында      айыл тургундары  жана   айылдык кеңештин депутаттары  келип катышты .   Жыйындын  негизги маселеси азыркы учурда төлөнүп жаткан сацилдык  камсыздандыруу төлөмдөрү бир топ маселени жаратып жаткандыгы болду. Бул төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жаткан көп балалуу үй бүлөөлөр  жана кары картаңдардын   ооруканага  келгенде  соц фонддон аныктама бербей  жаткандыгы айтылды.  Бул маселе тууралуу   бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу кайрылуу болгондугу, бирок азырынча жооптордун келе  электигине  токтоло кетишти. Бул тууралуу райондук социлдык камсыздандыруу фондунун башчысы А. Эшикуловго кайрылганыбызда,  каттарга жооптордун келип жаткандыгын айтып,бирок бул маселе  Жогорку Кеңештин   депутатары  чечерине токтолду.  Ошондой эле I-II топтогу майыптар гана   төлөнүүчү салыкты төлөбөй тургандыгына токтолуп,  калган жарандар милдетүү түрдө төлөй тургандыгын  мекеме жетекчиси А. Эшикулов кошумчалады.

Т. Алмарсбек кызы

Чаткалдын жетик уулдарына чын дилден ыраазымын

SAM_1447

Чаткал Чаткал болгону көп нерсени башынан өткөрдү. Тээ согуш жылдарынан бери эле Чаткалда не деген өзгөрүүлөр болду. Алардын баары тарых барактарында калды, албетте. Чаткалдын тарыхын астейдил оодара карап олтурган адам не деген ажайып окуяларга, түркүн тагдырлуу белгилүү адамдарга кезигээри талашсыз. Чаткалдын түптөлүшүнө не деген асыл адамдар салым кошкон жок. Алардын катарына Чаткалды бир-эки жолу көрсө да, бул жердин ыйыктыгын, асылдыгын баалап, кыргыз журтунун ыйык бир бурч экендигин астейдил жүрөгүнөн сезип, бейиштин бир бурчундай болгон алакандай кооз жердин келечек тагдыры үчүн жан күйдүргөн Султан Ибраимов, Турдакун Усубалиев сыяктуу белгилүү инсандар буга кошо эле, Чаткалдан чыккан Темиркул Кошбаевдей чыныгы уулдар кирээри талашсыз.

Мага да Чаткалда иштөө туз насиби буйруп, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары өрөөңдү өздөштүрүү озуйпасы мага тапшырылып, бул куттуу жерде он жылдай эмгектендим. Азыр ойлоп олтурсам, Чаткалга жыйырма алты жаш курагымда келип, жаштык курагымдын жалындуу мезгили Чаткалда калыптыр. Ал кезде Чаткалга жаңы гана техникалар келе баштаган мезгил. Өрөөндүн баш-аягы өздөштүрүлө элек. Чаткалдык жигердүү жаштардын деми менен далай жерлерди өздөштүрүп, Башкы-Терекке калктуу конушту негиздедик. Ал жерлердеги жаштык кездин бараандуу күндөрү аликүнгө эсимде.

Андан бери далай мезгил өтүп, Чаткал район катары бир топ жетишкендиктерге ээ болуп, республикага таанымал болду.

Мына, жакында Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде белгиленди. Бул маарекеге республикалык жана облустук деңгээлдеги бир топ коноктор келишип, Чаткалдын өнүгүп жаткандыгына күбө болушту. Мен да сыйлуу коноктордун катарында көп жакшы нерселерге күбө болдум. Чаткалда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгондугуна күбө болуп, райондун ушундай деңгээлге жетишине менин да салымым бар экендигине ичимден сыймыктандым.

Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгиленди десем аша чаппайм. Чаткалдын алмустактан берки басып өткөн жолу сахналаштырылып чагылдырылып, бүгүнкү күндөгү ар тараптуу жетишкендиктери да бир сыйра көздөн өткөрүлдү. Чаткалга ушундай чоң иш чара керек эле. Антпесе, Чаткалдын өнүккөнүн ким билет да, ким билбейт. “Миң уккандан бир көргөн артык”- демекчи, ар нерсени адам өз көзү менен көргөнү жакшы. Ушундай чоң иш чараны өткөрүүгө демилгечи болгон инсандарга,  Чаткал районунун азыркы жетекчилигине, район акими Канжарбек Эшалиевге чын дилден ыраазылыгымды билдирмекчимин. Чаткал районунда мындай жетишкендиктер дагы көп боло берсин.

Саматкул Максымбеков. Чаткал районунун ардактуу атуулу, КР. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Ала-Бука району

Башкы-Терек айылы таза суу менен камсыздалат

IMG_2700

Башкы-Терек айылынын калкына буга чейин ичүүчү таза суу таңкыс болуп келген. Быйыл аталган маселени чечүү колго алына баштады. Тактап айтканда, айылга таза суу тартып келүү долбоорунун сметалык баасы 18 млн. сомго белгиленип, долбоор” Кичи-Чаарат” компаниясы тарабынан каржыланууда. Таза суу жеткирүү боюнча быйылкы жылы аткарылган иштерге 12 млн. сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Башкы-Терек мектебинин жылытуу тутуму оңдолууда

IMG_20151222_115834

Башкы –Терек мектебинин жылытуу тутуму буга чейин оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген. Бул маселеге чечүү үчүн каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 480 миң сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы күндөрдө бул иштер толугу менен бүткөрүлмөкчү.

М. Эшназаров

Коргон-Сай айылында мектеп курулууда

IMG_2932(сүрөттүн материалга тиешеси жок)

Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров атындагы мектебинин имаратынын жараксыз абалга келгенине бир топ мезгил болуп, аталган мектепке жаңы имарат куруу маселеси эчак бышып жетилсе да, ишке ашпай келген. Быйыл “муз ордунан козголуп” дегендей, жаңы имараттын курулуш иши башталды.  Жаңы мектеп имаратын курууга республикалык бюджеттен 26 млн. 185 миң сом акча каражаты каралып, тендер өткөрүлүп, учурда курулуш иштери башталды.

М. Эшназаров

Район борборундагы мейманкана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

-4021-e1437416085633

Район борбору Каныш-Кыя айылынын “Өрдөш” участкасындагы мейманкана буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген. Быйыл аталган мейманкананын мончосу жана бильярд ойноочу жайы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү жана  буга кошо эле, мейманкананын айланасы көрктөндүрүлүп, бул иштерге Каныш-Кыя айыл аймагынын  бюджетинен 1 млн. 379 миң 900 сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Коргон-Сай айылына китепкана курулду

  IMG_2944

Коргон-Сай айылындагы айылдык китепкана үчүн буга чейин имарат жаатында маселе жаралып келген. Мындан сырткары, айыл башчы үчүн да өзүнчө имарат зарыл болуп келген эле. Быйыл бул маселелерди чечүү Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колго алынып, чечилди. Тактап айтканда,  айылга заманбап имарат курулуп, ага айыл башчы менен айылдык китепкана жайгаштырылды. Аталган имараттын курулуш ишине жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 399 миң 900 сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Айгыр-Жалга маданият үйү курулууда

айгыржал клуб 2

Буга чейин Айгыр-Жал айылында маданият үйү маселе жаратып келген. Бул маселени чечүү быйыл колго алынды. Тактап  айтканда, айылга маданият үйүн куруу Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан башталып, ага жергиликтүү бюджеттен 1 млн.551 миң 300 сом акча каражаты каралган. Аталган маданият үйүнүн курулушу учурда аяктоо алдына.

М. Эшназаров