Архив за месяц: Декабрь 2015

Жаңы Жылды чаткалдыктар зор салтанат менен тосуп алышты

жаны жыл 2016 IMG_20151231_114202 жаны жыл 2016 IMG_20151231_120940 жаны жыл 2016 IMG_20151231_121241 жаныжыл 2016 IMG_20151231_120852жаны жыл 2016 IMG_20151231_121717 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_121931 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123343 жаны жыл 2016 IMG_20151231_123915 (2) жаны жыл 2016 IMG_20151231_124423 жаны жыл 2016 IMG_20151231_132009

2016-Жаңы Жыл Чаткал районунда майрамдык чоң шаан-шөкөт менен тосуп алынды. Алгач, райондо жашаган элдик өнөрпоздордун катышуусунда үч айлампада «Сармерден» маданий иш чарасы өткөрүлүп, жыйынтыгында Каныш-Кыя айылынын өнөрпоздору жеңүүчү деп табылды.

Буга кошо эле, Жаңы Жылга утурлай райондук мамлекеттик администрацияда, мектептерде жана бала бакчаларда наристелерге арналып «Балаты» майрамдары тартууланды. 28-декабрь күнү Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө район аймагында жашаган жарым, тоголок жетим балдарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан «Балаты» оюн зоок иш чарасы өткөрүлдү. Салт болуп калган бул майрамдык иш чарага 78 жарым, 12 тоголок жетим жалпысы 90 бала катышып, Аяз Ата жана Аяз кыз менен биргеликте майрамдык иш чаранын күбөлөрүнөн болушту. Майрамдык иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев  катышып, балдарга Жаңы Жылга карата куттуктоосун айтып, аларга  кең келечек каалады. Ал эми, катышуучуларга маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, күү тартууланды.

Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир балага райондо кен казуу менен алектенген «ЗААВ Чаарат» жана «Кичи Чаарат» фирмалары тарабынан даярдалган ар бири 350 сомдук белектер берилди.  Аталган фирмалар тарабынан район боюнча 150 балага белек тапшырылды. Айыл аймактары тарабынан да тоголок жана жарым жетим балдарга камкордуктар көрүлүп, белектер берилди.

Ал эми, 31-декабрь күнү район борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүнө Балаты орнотулуп, район калкына майрамдык шаан шөкөт тартууланды. Майрамдык шаан-шөкөт күндузгү саат 11лерде башталып, алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевдер баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айрым тургундар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Андан соң, айылдардан келген Аяз Ата жана Аяз Кыздардын сынагы болуп, анда Аяз Ата жана Аяз кыздар өздөрү менен келген өнөрпоздордун коштоосунда өз өнөрлөрүн элге тартуулашып, ыр, бийлерди аткарышып, өз даярдыктарын калыстардын сынына коюшту. Мында, айрым Аяз Аталар чыгармачылык деңгээлин көргөзүшүп, майрамга ат чегилген чана менен келишсе, айрымдары автоунаага чиркелген чаналар менен келишип, катышуучуларга өзгөчө таасир калтыруу менен, майрамдык иш чараны шаңга бөлөштү. Соңунда, калыстар тобунун баалоосу менен 1-орун Каныш-Кыя айылынын Аяз Ата жана Аяз кыз коштогон өнөрпоздоруна ыйгарылып, 10000 сом акчалай байге берилди. 2-орун №46-кесиптик лицейдин аяз Ата коштогон өнөрпоздоруна берилип, 8000 сом акчалай байге тапшырылды. 3-орунга Айгыр-Жал айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздорго ыйгарылып, алар 6000 сом акчалай байгеге ээ болушту. Ал эми, 4-орунду Коргон-Сай айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздор ээлеп, 4000 сом акчалай байгенин ээси болушту.

Айта кетчү нерсе, Жаңы Жылга карата өткөрүлгөн «Сармерден» жана «Балаты» майрамдык иш чаралары Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды.

М. Эшназаров

 

Өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгы аз катталды

SAM_1009 (2)

Чаткал районунда өткөн 2014-жылга караганда жол кырсыктары аз катталды. Тактап айтканда,район боюнча өткөн жылы 13 жол кырсыгы катталган болсо, быйыл  10 жол кырсыгы катталып, көрсөткүч үчкө азайды. Мындан адам өлүмүн коштогон 1 жол кырсыгы катталды. Ал эми,  жол эрежесин бузгандарга 288 административдик протокол түзүлдү.

Өткөн жылы адам өлүмүн коштогон кырсыктардан 3 ирет болгон.

тегерек стол 4К. Усупбеков мектебиндеги эн чон класстык болмосу 1SAM_0938SAM_0939

Жол эрежелерин туура сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жыл ичинде Чаткал РИИБнин ЖККТ кызматкерлери тарабынан район мектептеринде 59 ирет иш чаралар уюштурулуп, лекциялар окулду. Жогорудагы жол кырсыктарынын азайышына аталган иш чаралар да себеп болду деп айтсак болот.

Мындан сырткары, кыш мезгили келгендигине байланыштуу унаа жолдору тайгак кездерде жол эрежелерин так сактап, унаа ылдамдыгын көрсөтүлгөн мерчемден ашырбоо боюнча күн сайын эскертүүлөр берилүүдө.

М. Кадыров. Чаткал РИИБнин ЖККТнун ага инспектору, милициянын капитаны

Менин да айтаар кебим бар…

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

(2015-жылдын 11-декабрында “Жаңы ордо” газетасына жана анын сайтына Чаткал районунун акими К. Эшалиев жөнүндө макала жарык көргөн. Ошол чыккан макалага жооп кылып райондун акими “Жаңы Ордо” газетасына төмөндөгүдөй жооп берген.)

 Канжарбек Эшалиев, Чаткал районунун акими:

“Элдин акчасына Бишкекке үй салсам, биринчи кабатын балдар бакчасына, экинчи кабатын карылар үйүнө  бергенге даярмын”

 

Канжарбек Жаныбекович, сөздү  ток этер жеринен баштасак. Чаткал районундагы  Жаңы-Базар деген жерде баасы  200 миң доллар көпүрө мындан 2-3 жыл мурун бүтмөк экен. Ал ушул кезге чейин бүтпөптүр. Бул боюнча сизге  кылмыш иши козголгон деген маалымат айтылды. Бул айтылгандардын чындыгы барбы?

— Көпүрөнүн курулушу боюнча мага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Ал көпүрөнүн курулушу башталганда  мен аким болуп шайлана элек болчумун. Мурунку  акимдин убагында курулуш  иши башталган. Баса белгилеп айтып коёюн, курулушка  бюджеттен эч кандай  каражат  каралган эмес.  Райондук бюджетке курулушка деп каралган акча түшпөгөн.  Көпүрө демөөрчүлөрдүн жардамы  менен курулмак.  “Тоо кен Корея” фирмасы менен  “Тоо кен” фирмасы  көпүрөнү салып берип жатат. Бирок, эки компания  өз ара соттошуп жаткандыктан көпүрөнүн курулушу аягына  чыкпай токтоп турат.  200 миң доллар биздин бюджеттен бөлүнбөсө, ал акча райондук казынага  келип түшпөсө биз кантип  аралашмак элек? Көпүрөнүн каржы маселесине кийлигишүүгө биздин акыбыз да жок.

Көпүрөгө делип  каралган 200 миң  доллардын эсебинен сизди аким болгон деп айтып жүрүшөт. Жергиликтүү депутаттардын  отуз жетисине  2 миң доллардан акча  тараткан экенсиз.  Акчанын күчү менен шайлангансызбы?

— Мени жергиликтүү кеңештин депутаттарына  акча таратты  деп маалымат тараткан  адамдар жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын да  абийирине шек келтирип жатат.  Менин талапкерлигим акимдин кызматына  көрсөтүлүп жатканда  эч кандай акча таркатылган  эмес. Мен 37 депутатка  2 миң доллардан акча  таркатчудай  бай эмесмин. Андай байлыгым  да жок. Коррупциялык жол менен кызмат орунга  келүүгө жеке өзүм каршымын. Акимди  шайлоо учурунда 7 талапкер көрсөтүлүп,  биринчи турда  эле мен 33 добушка ээ болуп,  аким болуп  дайындалганмын.  2 миң  доллардан акча  таратпаганымды жергиликтүү кеңештин депуттаттары  толугу менен тактап берет. Ал эми көпүрөнүн курулушуна  каралган  200 миң доллар акчаны  демөөрчүлөр өздөрү  билишет. Ал акчаны менин колума берген  да эмес.

Чаткал районунда алтындан түшкөн каражатты каалагандай тескеген топ бар дешет. Ал топтун башында  сиз турат экенсиз.  Ал топту кандай негизде кургансыз?

— Бул мени Чаткал элине жек  көрсөтүү үчүн  аракет кылып  жаткан адамдардын чыгарган маалыматы.  Мен дагы алтындан түшкөн каражатты  каалагандай тескеген  кандай топ экенин  түшүнгөн жокмун. Ал топ качан түзүлгөнүн, кимдерден турарын так айтышса жакшы болмок экен.  Чаткал  районунда 25 миң калк жашайт. Менин тобум ошол  25 миң эл. Мени  көзөмөлдөп турган дагы карапайым калк. Мен үчүн элдин кары-жашы дебей баары  бирдей. Чаткал  районунун акими катары  элдин талабын  талашканга дайым даярмын. Элден өткөн сынчы жок дейт. Менин жумушка кызмат  үчүн чуркаган 3-4 адам эмес, эл гана  так баасын бере алат. Мен  ар дайым жумушка кетип жатып “Калыстыгың болбосо  акимдигиң не пайда?” деген сөздү  өзүмө-өзүм берем.  Аким катары баарына калыс  карашым керек. Баардык  жасалып жаткан иш мыйзам  чегинде болушун талап кылам. Мен аким болуп туруп,  район элинин ырыскысын өзүм билемдик  менен каалагандай чачып жаткан топту уюштуруп, анын башында өзүм тургандыгымды фактылар менен далилдеп беришсе, менин кызмат  ордума  көз артып жаткандарга  кабинетимди бошотуп  беремин. Ошондой топ бар болсо, эл алдына  чыгып топ менен жолукканга даярмын.

Ал топко жергиликтүү кеңештин депутаттары кире турганы  айтылбадыбы. Ошол топко кирген жергиликтүү депутаттары  Жогорку Кеңештин депутаттарында жок “Джип” үлгүсүндөгү машиналарды  айдап жүргөнү жөнүндө сөз  болгон. Бул чындыкпы?

— Жергиликтүү кеңештин  депутаттары “Джип” авто унааларды  айдап жүрүшөт деген маалыматты окуп сүйүндүм. Демек, биздин районубузда экономикалык өсүш болуп, элдин жашоо шарты оңолуп жатыптыр. Азыр өлкөбүздө карапайым адам деле өзүнүн жашоо шартын оңдогонго аракет кылып, үй салып, “Джип” машина  алып жатпайбы. Жергиликтүү  кеңештин депутаттары кандай  айдап жүргөнүнө менин  кандай  тиешем бар? Ал  өздөрүнүн  жеке жашоосу. Жеке мен бир дагы депутатка акыркы  үлгүдөгү машина тургай, Союз учурунда чыккан  машина дагы алып берген эмесмин. Ар  ким  кандай жашайт,  өзүнүн эрки.  Мен аким катары  Чаткал районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары гана эмес, ар бир үй-бүлөөнүн короосунда экиден “Джип” машина турушун  тилеймин. Мен жөнүндө ар кандай ушактарды чыгарып жүргөндөр дагы экиден  машиналуу болушсун. Мени  “Лексус” маркасындагы кымбат баалуу машина  алды деп айтышыптыр. Азыр аким  катары  менде “Волга” жана “Исузу Бекорн” маркасындагы кызматтык авто унаа бар. Муну  элдин  баары билет.

Авто унаадан сырткары  сиз кыска убакыт  аралыгында эле Бишкекке заңгыраган эки үйдү салып жибериптирсиз. Ал үйлөрдү өзүңүз иштеп тапкан каражатка салдыңызбы?

— Чындыгында  мен дагы кыска убакыттын ичинде  аким эмес, акчасы бар  бизнесменге деле заңгыраган үйдү Бишкек шаарына салыш кыйын болсо керек деп ойлойм. Мен айылга үй салып баштаганыма  5 жыл болду. Дагы деле ал үйүм бүтө элек. Бир  жылда эле эки кабаттуу болгон эки үйдү салып жибергенге  каражатты  табыш оңой болбосо керек. Мен 5 жылда айылга  үй салып бүтүрө  албай  жатканымда, борбор калаага эки хансарай салганымды өзүм дагы элестете  албайм. Бишкекте менин эки кабат хан сарай түгүл, времянкам жагы  жок. Эгер Бишкектеги эки кабаттуу үй меники болсо анын биринчи  кабатын балдар бакчасы кылып, экинчи кабатын карылар  үйүнө өткөрүп берүүгө даярмын.

Сиз аким болуп келгенден бери Чаткалга  көзгө көрүнө турган бир да имарат курулбады деген доомат  коюлуп  жатат. Район  үчүн  кандай  иштерди жасай  алдыңыз?

— Союз тарагандан  кийин  Чаткал  районунда  курулуш  иштери  токтоп  калган. 24 жылда райондун  аймагында бир  да мектеп курулган эмес. Мен аким болуп ишке киришкенге чейин  эки чоң мектеп авариялык  абалда болчу. Бул маселе чечилбей келген. Аким болуп  дайындалгандан бери үч мектептин курулуш иштерин баштадык. Бир мектепти жакын арада  колдонууга  бергени жатабыз. Жакында  эле “Ай-Чубак” балдар бакчасын 10 млн сомго куруп бүтүп, пайдаланууга  бердик. “Чебурашка” балдар бакчасы  музыкалык  мектепке берилип  кеткен  экен. Аны кайра  кайтарып алып, 3млн сомдук керектүү жабдыктарды  алып, ишке  киргиздик. Жаңы жылга  чейин Коргон-Сай айылындагы балдар бакчасын пайдаланууга  беребиз деп турабыз. Чакмак-Суу айылындагы  дагы балдар  бакчасын  сатып алып, аны  да пайдаланууга берип  жатабыз. Айгыр-Жал менен  Каныш-Кыяны  бириктирген жолго 18 млн сомго  көпүрөнү бүтүрүп  пайдаланууга берилди.  Таласка  кеткен жолго да көпүрө  салынды. Каныш-Кыя   айылынын ичинде эки  көпүрө ишке  кирди.  Ак-Таш айылында  эки көпүрө ремонттон өткөрүлдү. Ушул  күнгө чейин Чаткалда  коомдук  мончо  жок болчу.  Мен аким болуп  келгенден кийин  коомдук мончо курулду. Айгыр-жал  айылында  маданият үйү курулуп жатат. Бул жасалган  иштер эл үчүн болуп жатат  да. Чаткалда  бир да көзгө  көрүнөрлүк  имарат курулган жок  деген курулай  доомат. Андай  сөздү райондо болуп жаткан жакшы иш-чараларды жокко чыгаргысы  келген бир ууч адамдар таратып  жатат деп ойлойм.

Коомдук  мончо 3,5 млн сомго  курулуп, азыр  жараксыз болгондуктан иштебей  жаткан турбайбы?

— Жараксыз болуп иштебей жатат деген сөз суу кечпейт. Азыр элдер ошол  коомдук мончону пайдаланышып жатат. Жай мезгилинде  айыл жергесинде жашаган эл мончого барбайт  да. Жайлоого чыгышат, чөп чапканы  кетишет. Күн ысып жаткан мезгил болгондо дарыяга түшкөнү барышат. Айылда  жай мезгилинде мончого болгон талап дээрлик жок болот.  Ошондуктан коомдук мончо дагы жай мезгилинде иштебейт. Суук түшөрү менен иштей баштайт.

— Чаткалдагы  эң көйгөйлүү маселе экология экенин  сиз да танбасаңыз керек. Алтын казган фирмалар экологияны  бузуп жатканы  айтылып келе жатат. Азыр  экологиялык абал кандай?

— Менин  кесибим  эколог  болгондуктан  райондогу экологиялык  абалды көзөмөлдөп турам.  Жеринен  таанышканы барганда дагы алтын казган  фирманын жетекчилерине өз сөзүмдү айтам. Аким  экологияга көңүл кош  карайт деген дагы туура эмес. Жай мезгилинде  ар бир  айылдан бирден элдин өкүлүн, жергиликтүү депутаттар кирген 17 адам делегат менен Түркияга  барып  экология боюнча тажрыйба алып келдик. Келгенден кийин бизде иштеп жаткан фирмаларга  “Түркияда  алтын иштеткендер экологияга зыянын тийгизбей иштейт экен” деп талап койдук. Эгер алтын казгандар экологияга  терс таасирин тийгизе турган болсо райондо экотехинспекциянын адистери бар, ошолорго кайрылып, тийиштүү  чараларды  көрөбүз.

Жергиликтүү эл алтын казган компаниялар экологияга терс таасирин тийгизип жатат деп каршы  чыкканда, сиз эл менен компаниялардын ортосуна түшүп, алтын казгандардан акча алат экенсиз. Бул айтылгандарга  кандай жооп айта аласыз?

— Мен  аким болгуча бир топ нааразычылыктар болуп, эл менен  фирмалардын ортосунда  пикир  келишпестиктер жаралып, алтын казгандардын техникаларын тартып алып, жол тоскон окуялар болгон. Азыр деле пикир келишпестиктер болуп турат. Мен бийликтин ошол жердеги өкүлү болгондон соң стабилдүүлүктү кармоо, элди ынтымакка чакыруу, түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү менин милдетим. Ошондой окуя  боло турган болсо райондогу  укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары менен чогуу  барып, эл менен сүйлөшүп, маселени жеринде чечкенге аракет кылып келем. Эл нааразы болуп жатканда, аны жеке өзүмдүн кызыкчылыгыма пайдаланып, алтын  казгандардан акча өндүрүп алсам, кудайга да жакпай турган иш кылган болмокмун. Чаткал  чакан район. Акча алган болсом заматта эле билинип калмак. Мен ачык эле айтып коёюн, элдин нааразычылыгын пайдаланып фирмалардан акча талап кылган учур болушу  мүмкүн эмес. Мындан кийин да андай окуя болбойт.  Кайсыл райондо ошондой окуя болгон болсо, аким  стабилдүүлүктү сактаганга аракет жасамак.

Алтын казган фирмадан  өзүңдүн кызматтык авто  унааңызды ремонттон өткөзүү үчүн акча  которткон экенсиз.  Кайсыл фирма  акимдин кызматтык унаасын ремонттон өткөрүү үчүн акча  которуп, демөөрчү болуп берген?

— Менин үстүмдөн  эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Мени  каралап жаткан  адамдар далилдүү аргументти таба албаса, сөзсүз сот алдында  жооп берет. Менин кызматтык унаамды ремонттон өткөзүү үчүн бир дагы фирма акча которуп берген эмес. Эгер чын эле  кайсыл бир фирма акча которгон болсо, аны айтып жаткан  адамдар кайсыл банкка акча которулганын, эсебин берип койсо жакшы  болмок.

Мындан сырткары райондогу Мамакаттонун имаратын  ремонттон өткөрөм деп  фирмалардан акча алып, имаратты оңдобой же фирмага акчаны  кайтарып бербей жүрөт экенсиз?

— Райондогу  Мамлекетик каттоо  кызматына жардам  көрсөтүү  боюнча фирмаларга кат жазып кайрылганбыз. Бирок,  бир дагы  фирманын жетекчиси  Мамкатоонун имараты үчүн  деп  менин колума  акча алып берген эмес.      Эгер  фирмалар  жардам көрсөткөн учурда  дагы   мага эмес. Мамкатоонун өзүнө алып келип бермек. Алтын казгандар деле мага акчаны эч кандай  докумети жок  эле бере бергидей келесоо эмес да. Эгер кайсы фирма  мага тыйын берген болсо, мен беттешкенге даярмын.

Чаткал районунда  өндүрүлгөн  алтындан   2 пайыз  жергиликтүү казынага калат экен. Сиз  ошол акчадан  9 млн  сомго   маданият  үйүн куруга бериптирсиз. Сиздин ал  акчага аралашканга  укугуңуз жок да. Кантип уруксат берип койдуңуз?

-Туура, ал  акчаны   иштетүү үчүн   токтом чыгырып берүүгө  акимде  эч кандай   укук жок. Азыр эки баскычтуу бюджет.  Айыл өкмөттөр, өздөрүнүн  бюджетин депутарттары менен  бирге карап, кайда жумшоо керек экенин чечишет. Аким аларга көрсөтмө бере албайт. Аким көрсөтмө берген күндө деле  аны жергиликтүү кеңеш  канаттандырбайт. 9млн сом боюнча  тендер өтүп, Каныш-Кыя айыл өкмөтү  тарабынан каржыланган. Азыр ал  салына турган маданият  үйүнүн  курулуш иши бүтү алдында турат.  Менин ал жерге эч кандай тиешем жок.  Тендер өтүп, жеңүүчү  аныкталган соң,  курулушка деп каралган  9 млн сомду бербей,  казынада кармап турганда  каржы министрлиги менен Экономика  министрлигинен атайын кат баргандан кийин  гана курулушту айыл өкмөт каржылаган. Аким тарабынан 9 млн сомду иштеткенге эч кандай токтом кабыл алынган эмес. Алтындан түшкөн  акчалар айыл өкмөттөрдүн  бюджетинде кармалып турат.  Ал акча райадминистрацияга келип түшпөгөндөн кийин  биз ага аралашканга укугубуз жок.  Мени билим берүү тармагындагы  коррупциялык  иштерге аралаштырып жиберишиптир. Райондук  билим берүү башкармалыгында  1млн 260 миң  сомдук коррупция иштери болуп, кассир 960 сомду кайра төгүп  жатканын айтыптыр. Бул боюнча тергөө иштери  жүргөн. Акыркы чекитти сот коёт. Ал ишке аким жооп бербейт да.  Менин кандай тиешем бар ал ишке. Ооруканага  ошол кассирди  бухгалтер кылып койгон деп  мени күнөлүү кылышыптыр. Кимди бухгалтер  кылып дайындашты оорукана жетекчилиги өзү  чечет да.  Мен ал жерге эч кимди бухгалтер кылып дайындаган эмесмин. Менин    функцияма  кирбейт, аралашпайм дагы.

Чаткалда  криминал башкарып калды деп айтылып жүрөт. Мындан бир аз мурун эле   бир фирманы 5кг алтыны менен тоноп кеткен окуя болду эле. Ушул окуя  айтылгандарга негиз болуп бербейби?

— Мен ошол сөздү чыгарып жаткандарга “ Кайсы криминал  Чаткалды башкарып жатат?” деген суроону берет элем. Ар кандай сөздөрдү чыгара бериш  оңой экен да. “Фонта”  деген фирманы  тоногондор  колго түшүрүлүп , иши сотко өтүп,  тоногондор өздөрүнүн  жазасын алышкан. Акимдин ордуна көз арткандар менин  жеке жашоомо да асылып  корукта жетекчи болуп турганда катчы кыздын боюна бүртүрүп коюп, аким болгондон кийин  ага үй салып  берген деп  айтышыптыр. Мен  корукта жетекчи болуп иштегеним чын. Бирок катчы кыздын  боюна бүтүрүп койгон дегидей, алар ошол учурда шам жагып кармап туруптурбу? Эгер фактысы болсо эл алдына чыксын. Мен жооп бергенге даярмын.  Аким болгондон бери  эч кимге үй салып берген  эмесмин. Өзүмө 5 жыл мурун  үй салып баштагам, ошону бүтүрө  албай жатып, башка  адамга  кантип үй салып берет элем? Андай окуя болгон эмес. Кудайга шүгүр өзүмдүн  жакшынакай болгон  үй –бүлөөм бар. Эки  кыз бир уулум бар. Келинчегим мадания үйүндө  иштейт. Эл арасында өзүбүздүн жай турмушубузду өткөрүп жатабыз.  Кызмат үчүн күрөшкөндөр менин үй-бүлөмө асылбай жигитче күрөшсө дейм.  Аларга да үй-бүлөөлүк бакыт каалайм.  Ар кандай сөздөр менен мени элге жаман көрсөткөндөргө  кудайдан  ыйман берсин.  Чаткал районунда биринчи  райондун 80 жылдык мааракесин уюштурдук.  Буга чейин мындай иш чара болгон эмес.  Эли аз болгону менен тарыхы бай экенин даңазаладык.  80 жылдыкка карата 80 доолбор деген  программа  иштеп чыканбыз. Райондун энциклопедиясын биринчи басып чыгардык.  Бул дагы чоң жетишкендик.  Ушул сыяктуу бир топ иштер аткарылганын  экономикалык абалыбыз  жакшырып баратканын  көргөндөр, ушул иштерди  мен жасасам болбойт беле деп кыска ой менен алектенип  жатышса керек.  Ошол адамдарга кимдин пешенесине акимдикти  жараткан жазган болсо, ошол    адам  аким болот, бирөөнү  каралоо менен аким боло албайт   дейт элем.  Босогобузда  жаңы жыл келе жатат. Жаңы жылда   элиме жараткан  жакшылык берсин.  Элибиз тынч болсун.  Чагымчыл күчтөрдүн  артынан  эрчибесин.  Бул менин актанып айткан пикирим эмес. Бөйрөктөн шыйрак  чыгарып  жаткан адамдардын  жүздөрү  бат эле ачылыт. Акты ак, караны кара  деген эл баарына калыс баасын берет.

Маектешкен  Наралы  Асанбаев “Жаңы ордо” газетасы

Президенттин Балаты майрамына катышат

SAM_0534

Жыл алмашуусуна саналуу гана күндөр калып, салтка айланган балаты өткөрүү аземдеринин күнү белгиленип, алдынан чакыруулар уюштурула баштаган кези. Быйылкы жылы Президенттин балаты майрамына Чаткал районунан бир окуучу, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамына 6 окуучу, ал эми Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин балаты майрамына 204 окуучу чакырылууда.

Б. Дилдебаев

Айылдык кеңеш каражат бөлдү

Чаткал жолдору 3

Жакында Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз сессиясы өткөрүлүп, айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айыл аймагынын карамагындагы колдоону талап кылган муктаждыктарга 1 миллион 200 миң сом акча каражатын бөлдү. Тактап айтканда Терек-Сай жана Чымканаев орто мектептерине парта жана отургучтарды алууга 247500 сом, Камчыбеков орто мектебине интерактивный доска алууга 260 миң сом, Чымканаев жана Терек-Сай орто мектептерине компьтердик класс ачууга 525 миң сом, Горняк-1, Горняк-2 көчөлөрүнөкошумча жарыктандырууга 12 миң сом, айылдагы жардамга жуктаж эки адамга 5 миң сомдон 10 миң сом, Ак-Теректин ооруканасына ажаткана салууга 40 миң сом, Чымканаев жана Камчыбеков орто мектептерине эки теннистик стол алууга 30 миң сом,  Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарына элдердин жаңы жылдык майрамды уюштурууга 87 миң сом бөлдү.

Г. Кельдибаева

Муктаждыкка жардам

-4021-e1437416085633

2015-жылдын 17-ноябрында Ош областынын аймагында жер титирөө катталып, анын кесепетинен 500дөн ашуун турак жай, 10 социалдык обьектилер жабыркаган болчу. Мына ошол жер титирөөдөн келип чыккан зыяндарды калыбына келтирүүгө Чаткал районунун эли да жакында акчалай колдоо көрсөттү. Тактап айтканда райондогу 24 мекемеде эмгектенишкендер 176593 сом, тоо кен тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “ЗАВ Чаарат” ишканасы 150 000 сом, жалпысы 326593 сом акчалай жардам берилди.

Б. Дилдебаев

 

Жаңырган жыл жакшылыкка жар болсун!

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

Урматтуу Чаткал районунун тургундары! Баарыңыздарды күн санап кирип келе жаткан 2016-жаңы жылыңыздар менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атынан куттуктайм.

Жаңы жылга баарыбыз жакшы ниет менен бара жатып, алды менен өзүнүн сапарын карытып бара жаткан эски жылга саресеп салсак, кой жылында районубуздун эли  үчүн бир топ тарых барактарында жазылып калчуу жакшы жышаандардын күндөрү болду. Районубуздун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын чогубуз менен уюшкандыкта областтык мааниде белгиледик. 80 жылдыктын шарапаты менен бир топ илимдин адамдары катышкан “Чаткал району-илимий изилдөөлөрдө” аттуу республикалык маанидеги илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. Ошону менен катар эле алгачкы жолу Чаткал районунун энциклопедиясы жарык көрүп, элибиздин колуна жетти.

өтүп бара жаткан жылда элибиздин ынтымагы менен социалдык, маданий, билим берүү жана башка тармактарда бир топ ийгиликтер жаралды. Көптөгөн алдыга койгон максаттарыбызга жетише алдык.

Ардактуу калайык калк! Жаңырып келе жаткан 2016-жыл элибиз үчүн жакшылыктар коштогон жылдардан болсун. Элибиздин башына бакыт конуп, жергебизди кыдыр жылоолосун. Ар бир үй-бүлөгө ынтымак, ден соолук жана жакшылыктарды каалайм.

А. Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

 

Экология жана техникалык коопсуздук көзөмөлдө

_DSC0360

 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыктын  максаты- аймакта маамлекеттин жана жарандардын экологиялык техникалык коопсуздугун камсыздоо, аймактагы  мамлекеттик органдар , ишкерлер жана  жеке тараптар тарабынан Кыргыз Республикасынын экологиялык  жана техникалык мыйзамдык нормативдик актыларынын  туура аткарылышын козомолдоо жана контролдоо болуп эсептелет. Аймактык башкармалык өз  ишинде мыйзамдуулукту сактоого жана  экотехникалык   коопсуздукту камсыздоодо  алдын алуу, эскертүү   иш  чараларга өзгөчө басым кылып келет.

Аймактык  башкармалык тарабынан 2015-жылдын  11 айында жалпысынан 700 текшерүү жүргүзүлгөн,  ал эми 2014-жылдын ушул эле мезгилинде  612 текшерүү жүргүзүлүп, өткөн жылга караганда  88  текшерүү көп жүргүзүлдү. Быйылкы жылы  өткөн жылга салыштырганда  пландуу текшерүүнүн саны  48 ге, контролдук текшерүүнүн саны  84 ге көп.  Бул аралыкта  26 субъектке 1639 миң сомдук  доо коюулган,  анын 20сынан 830 миң сому өндүрүлгөн,  салынган доолордун   50 пайызы өндүрүлдү, 2014-жылга караганда 176,3 миң  сомго доо  көп өндүрүлдү. Тартип бузуучуларга 147 токтом толтурулуп, 95 адам административдик жоопкерчилике тартылып,  22 айып салынып, 417 миң сомдук айып салынган. Бул өткөн жылдан 72 миң  сомго  көп салынган.   25 тараптан 376 миң сомдук айыптар өндүрүлдү. өткөн жылдан 2 эсеге айып көп өндүрүлгөн. Текшеруулордун багыты боюнча да откон жылга караганда коп тармактарга конул болунду.

Аймакта өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча  11 ай ичинде 104 текшерүү өткөрүлүп 1220 пункт кемчилдик табылган, анын 262 пункт аткарылган,  одоно түрдө бузган пунктар боюнча   15 адамга протокол түзүлүп 30 624 сом административдик айып салынган.

Райондук администрациясынын башчылары – акимдерге жана айылдык аймагынын башчыларына ведомстваларга  19  маалымат жөнөтүлгөн.

Аймакта энергетикалык   коопсуздук  нормаларын сактоо боюнча 97  текшерүү жүргүзүлүп 306 пункуттан турган  нормативдик талап бузулуулар аныкталып    четтетилди. Натыйжасында жыл ичинде   кырсык  жана  авария   катталган  жок .

Архитектуралык- курулуш  көзөмөлү

2015-жылдын  он бир айында 57 курулуш обьектиси болуп, анын 5701,99 кв.м. 185634600 сомго жана 7 кичи обьектилер 7 кв.м. 7261,3 сомго ишке кабыл алынды.

Жалпысынан 2015-жылдын тогуз айында 78 текшерүү жүргүзүлүп, токтом чыгарылып, эскертүү  берилген.

Быйылкы жылы ирии  курулуштрдан  болгон  “Казак мыс голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун  фабрикасы, Көк-Таш айылындагы 340 орунду орто мектептин имараты, Аксы районундагы Качыкеев атындагы орто мектептин имараты ишке берилди.

Сотко 8 обьект боюнча материалдар өткөрүп берилип, өткөрүлгөн материалдар боюнча 4 жаранга 10 000 сомдон 40 000 сом административдик айып салынып, 30 000 сом административдик айып өндүрүлдү. 2 иш кайтарылып берилип, 1 иш соттук кароодо. «Арстанбап» ЖЧКсы менен болгон соттук иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-майындагы чечими, Жалал-Абад областык сотунун админстративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23-июлундагы аныктамасы толугу менен жокко чыгарылды

Архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча 40 тартип буузулар аныкталды:

 

Ала-Бука  токой чарбасын  текшерүү жыйынтыгы менен токой чарбага   бузулууларды четтетүү  тууралуу     № 07/344-349 сандуу    15  пункуттан турган  жазма буйрук  берилди.   Текшерүү жүрүшүндө  токой чарбанын    Штамберди участкасында   «Фулд голд майнинг» фирмасы  тарабынан  731 м2 жер аянттын курдуу катмары атайын жерге топтобогондугу   айлана чөйрөгө зыян келтиргендиги аныкталып   № 07-344-170  протокол түзүлүп  фирмага    58048 сом доо эсептелип, 2000 сом административдик айып салынып Административдик чара колдонуу боюнча 07-344-137   сандуу   токтом  кабыл  алынган.     Келтирилген зыян жана айып толук   өндүрүлүп  алынды.

 «Фулд толд майнинг »  фирмасын текшерүүдө   фирманын жооптуу адамдары тарабынан   айлана чөйрөгө келтирген зыян   аныкталып   фирманын башкы адисти  Ма Ши Жун  мырзага  36,0 миң сом доо  жана 2000 сом   айып эсептелип, өндүрүлдү. Фирмага экологиялык коопсуздук нормаларын сактоо боюнча   12 пункуттан турган  жазма буйрук берилди.

Падыша –Ата мамлекеттик коругун  18- августа   оперативдик рейд жүргүзүү  убагында    инспекторлор   Ж.Чыныев,  Ж.Арстанбековтор  тарабынан  коруктун  Ак-Коргон участкасынан  бир  баш кийик атып келе  жаткан мыйзамсыз аң улоочулар колго  түшүрүлгөн. Текшерүү убагында мыйзам бузуучу   Кашка-Суу айыл амагынын Чеч Дөбө айылынын тургуну  Дооранов Русландан бир баш кийктин башы  23-30 кг чамасында кийиктин эти, СКС  маркасындагы корабин мылтыгы, эки огу  менен  алынып, тиешелүү  күч органдарына  өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн  жыйынтыгы менен Аксы райондук соту тарабынан  Дооранов Руслан инспекция тарабынан коюулган 110 миң сом доо айыпты төлөө жагы милдеттендирилип 3 жылга шартуу эрксиздике  кесилди, бүгүнкү күнгө 55 миң сом төлөтүлдү.

Ушул эле корука ноябрь айындагы пландуу текшерүү учурунда   инспекторлор     Ж.Арстанбеков, М.Мамырбековтор  тарабынанөсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн” №5 обходтун егери Ж.Султанмуратовко  административдик  укук  бузуу боюнча  № 07-700/146 протоколу түзүлүп № 07-700/131 административдик  жаза колдонуу боюнча токтом кабыл алынып 2352 сом доо жана 5000 сом административдик айып салынды. Тосту участогундагы № 2 обходтун Сары-Таш жана Чункурсай коктуларында  долоно жана арча дарактарынын кыйылышына жана 25,43 жыгач отунунун мыйзамсыз ташылып кетишине жол берилгендиги аныкталып  обходтун егери  М.Айталиевке 430 058   сомдук зыян эсептелип  12-ноябрь  күнү жеринде АКТ  түзүлүп  чара көрүү  үчүн  материалдар   Аксы райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. “өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн”  №4 обходтун егери  И.Курманбаевке административдик укук бузуу боюнча  токтом кабыл алынып 1000 сом административдик айып салынды.

Аксы районуда иштеп жаткан «Юрский Парк» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаратылышка келтирилген зыян аныкталып,  Бишкек  райондор аралык соту   тарабынан 405,7 миң сомдук доону өндүрүү боюнча чечим кабыл алынып, толук төлөп берүү жагы милдеттендирилди. Жаратылышка зыян келтиргендиги  үчүн  «ДТ Казанский»  жоопкерчилиги чектелген коомуна 56333 сом айып салынып  сотко өткөрүлүп берилди

Аксы районунун  Жерге-Тал айыл аймагында таштандылар боюнча  мыйзам талаптары аткарылбагандыктан 10 пункуттан турган эскертүү берилип 1000 сом айып салынды.

үч-Коргон айыл аймагынын админстрациясына   КР  суу мыйзамдарын бузгандыгы  үчүн  7000 сом жана  таштандыларды  жайгаштыруу  талабын аткарбагандыгы үчүн 3000 сом  айып  салынды.

Ала-Бука районунун    өрүктү айыл аймагынын  администрациясы тарабынан жаратылышка зыян келтирүүгө жол бергендиги   үчүн     180 миң сом доо салынып  өндүрүү боюнча  соттук териштирүү  иштери жүргүзүлүүдө.

Ак-Коргон  айыл аймагы тарабынан жер кыртышына зыян келтирилишине жол бергендиги үчүн  27988  сом доо,  2000   сом айып салынып,  10000  сом доо  өндүрүлдү .

Терек-Сай участкасында кумдан алтын элөө  менен иш жүргүзүп жаткан   «Эвентус» жана  «Чаткал -17» фирмаларынын мыйзам нормаларын сактабагандыгы үчүн Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү материалдар өткөрүлүп берилди.

Каныш-Кыя   айыл аймагы жер кыртышын булгагандыгы үчүн 6000 сом доо, 2000 сом айып салынды.Ушул эле райондун Терек-Сай  айыл аймагына өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн  2924 сом доо, 1000 сом айып эсептелип толук өндүрүлдү.

Чаткал районунун  Чакмак-Суу участкасында  жер астынан казуу менен  кен өндүрүүчү «ЗАО Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан жер кыртышына зыян келтиргендиги  үчүн 370500  сом доо жана 10 000  сом административдик айып салынып толук өндүрүлдү.

Чаткал айыл аймагынын аймагындагы ЕТ GEO  кен иштетүүчү ишканага 52000 сом доо айып салынды.

Аймактагы   кен өндүрүү  менен   иш жүргүзүп жаткан «Долина Кассана», «Кичи Чаарат», «Чаарат ЗААВ», «Терексай жаштары » фирмалары тарабынан  ушул  күнгө чейин  төлөнбөй келген айыл чарба жоготуулары аныкталып   3 млн 464 мин  сом айыл чарба жоготуулары Республикалык бюджетке төлөтүлдү.

Чаткал токой чарбасынын  аймагында  мыйзамсыз 17 түп дарак  кыйылышына жол бергендиги үчүн  токой чарбасына   12469 сом доо, 3500 сом административдик айып салынды.

Чаткал райондук жалпы практикалык дарыгерлер борборун текшерүүдө өрт коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилгени үчүн  4000 сом административдик айып салынды.

Чаткал айыл аймагынын Жаны-Базар айылын  тургуну Ж Эрназаровадан келип түшкөн арыз боюнча  ордунда текшерилгенде  мыйзамсыз  күйүүчү май сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгына күйүүчү майды турак жайда сатууга тыюуу салынынып,   5000 сом административдик айып салынды.

Чаткал райондук электр тармагынын энергетика  эрежелерин бузгандыгына,  3000 сом административдик айып салынды.

Чаткал районунда жайгашкан мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилгени үчүн   2000 сом административдик айып салынды.( Ташикеев а.м. жана Алтын-Бешик а.м.б.б.)

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын   Кызыл-Токой айылында жаңы курулуп жаткан таза суу 32  200 000 сомдук  проекти,  “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК тарабынан   каржыланып  бүтүүдө. Аймактык башкармалыгы тарабынан кабыл алуу комиссия текшерип жетишпестиктер боюнча эскертме берилген.   Терек-Сай айылдык аймагы өзүнүн балсына алуу керек.

Инспекция тарабынан 2015 жылдын 5-ноябрында Сумсар айыл аймагына пландан тышкары текшерүү жүргүргүзүлүп, аймакта 1950- 1978-жылдар аралыгында уран кени өндүрүшүнөн   пайда болгон 8 калдык сактоочу жайдын абалын текшерип, калдыктарды сактоочу жайлардын абалы    экологиялык кооптуу абалда экендиги аныкталып,  өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин  алдындаагы калдык сактоочу жайлар боюнча Агенттигине  № 07-340/343 сандуу  жазма буйрук  жөнөтүлдү. Жазма буйрукта  Сумсар суусунун оң жагындагы  калдык сактоочу  жайдын   авариялык абалы көрсөтүлүп  сактоо дамбасын калыбына келтирүү, №1  калдык сактоочу жайды башка жака көчүрүүнү,  №3  калдык сактоочу жайды консервациялап, үстүлөрүн бекемдөөнү  тездетүү, Шекафтар айылынын ичинде жайгашкан  уран калдыктарын башка жака ташып кетүү маселесин чечүү  жагы көрсөтүлдү. Сумсар айылындагы калдыктар  сактоочу жайдан суу чыгып дарыяга кошулуп жаткандыктан ,   суудан анализ алынып  Чүй областык лабораторияга жөнөтүлдү.

 

Ы. Ызабеков, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык  инспекциясынын башкармалыгынын башчысы

Жардамдар берилип келет

100_3679

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн  жыл сайын өткөрүү жөнүндө”токтомуна ылайык райондо бир топ иштер аткарылды.

Өткөрүлгөн  иш-чараларда, тактап айтканда жолугушуулар, тегерек  столдор, семинарлар, жарменкелер, майрамдык түштөнүүлөр жана башкаларда  1-топтогу майыптыгы бар жарандарга, улгайган жарандарга жалпы 53 адам 250 килограммдан жалпысы  13250 кг көмүр суммасы 66250 сом, туберкулез  менен ооруган  2 жаранга  30000 сомдук,  ал эми райондук  мекеме  уюмдардын  жетекчилери  тарабынан  мүмкүнчүлүгү  чектелген 26 жаранга  30000 сомдук  жардамдар  көрсөтүлдү.  Жалпысы  81 адамга  126250 сомдук  акчалай  жардам берилди.  Мүмкүнчүлүгү  чектелген 20 адамга  20000 сомдук сый тамак, белектер  берилди. Райондук  мекеме уюмдардын жетекчилери  тарабынан  мүмкүнчүлүгү  чектелген  7 жаранга  8250 сомдук  жалпысы  27 адамга  28250 сомдук  жардам көрсөтүлдү.  Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка  чейинки 19 балага  500 сомдон 9500 сом, 18 жаштан жогорку  67 майыпка  ар бирине  300 сомдон  20100 сомдук акчалай жардам  жана 10400 сомдук  баалуу белектер, 2-топтогу  1 жаранга  5000 сом,  колдоого  мукташ  25 үй-бүлөгө 32000 сомдук көмүр  таркатылып берилди. Райондук  мекеме  уюмдардын жетекчилери  тарабынан  мүмкүнчүлүгү  чектелген 7 адамга  5400 сомдук  жардам  берилди. Жалпысы  119 адамга  82400 сомдук материалдык  жардам  көрсөтүлдү.  Мекеме  уюмдардын  жетекчилери тарабынан  15 колдоого муктаж  адамдарга  12600 сом акчалай  жардам, 12 майып адамга  8 куб отун  6600 сомдук  жардам көрсөтүлдү. Жалпысы 27 адамга  19200 сомдук  жардам көрсөтүлдү.  Жалпылап айтканда район  боюнча  254 адамга  256100 сомдук жардам көрсөтүлдү.

Б. Дилдебаев

Бир айылда эки спорт зал

жергиликтуу пескоблок

 

Терек-Сай айылындагы Эшалы  болуш  көчөсүндө  мурдагы  курулган спорт залды реконструкциялап, капиталдык ремонттон  өткөрүп, спорт  комплекси  курулуп  жатат.  Ал спорт  залга  жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  5,748,3 миң сомго тендер өткөрүлүп  “Оомат-Замир» ЖЧК коому   5,438,6 миң сом  утуп  чыгып,  бүгүнкү  күндө  спорт  комплексин  бүтүрүү үчүн  кызуу  иштешүүдө. Бул иш  1-октябрда  тендерге  берилип, 24-октябрда жыйынтыгы  чыккан. “2016-жылга  чейин  ачылышы  күтүлүүдө”,- дейт фирманын директору. Учурда ал бригадада  10 киши иштеп жатат.

Ошондой эле айыл аймактын Ак-Терек көчөсүндө дагы бир күрөш  жана  машыгуу залдарынын  курулушу  1-ноябрдан башталды. Ал “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулууда

Г. Кельдиярова