Архив за месяц: Ноябрь 2015

Район мектептеринде шашке чайын берүү өз деңгээлинде

IMG_4550 IMG_4548

Райондо учурда 19 мектеп, анын ичинен 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп бар. 2015-2016-окуу жылы үчүн 269 класс комплектиде 4971 окуучу билим алышууда.

Ал эми 2010 – жылдын 1 – сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 1-4-класстар үчүн 1 окуучуга 10 сом өлчөмүндө жалпысы 1740 окуучуга шашке чайына 2015-жылдын январь айынан май айына чейин 723857 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми  2015-2016-окуу жылы үчүн 1839 окуучу шашке чайын ичип келишүүдө.

Жаны окуу жылынын башында  бардык мектептерге айыл аймактары тарабынан  муздаткычтар алынып берилген. Ошондой эле  ата-энелердин жардамы менен жетишпей жаткан идиш аяктарды толуктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, толугу менен идиш аяктар менен камсыз болду. Мындан сырткары М. Исмаилов атындагы орто мектеби 120 мин сомдук, С.Мырзалиев 75 мин сомдук, Т.Жаналиев 112 мин сомдук, Б.Камчыбеков 125 мин сомдук, Сумсар 189 425 сомдук жана Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби 175 мин сомдук, жалпы суммасы 796 425 сомдук ашканаа жабдуулары менен жалпы 6 мектеп МерсиКО уюмунан идиш – аяктар жана тамактануучу азыктар менен камсыздалды. Ал эми С.Байдөөлөтов жана Терек-Сай орто мектептеринин ашканаларына таза суу киргизилип, ПРООН тарабынан ашкана эмеректери менен камсыздалды.

Атайын кабарчы      

 

Район аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында

IMG_2930 IMG_2913 (2)

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 9 айда табигый кырсыктардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга өКМнен 3227 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, планда көрсөтүлгөн учаскаларда иш толук аткарылган.

Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан жергиликтүү мекеме иш-каналардан 40 млн. сом түшкөн, бирок фондун “Жобосу” чыга электигине байланыштуу зарыл объектилерге өзгөчө кырдаалдар учурунда дагы иштете албай жатышат.

Ал эми 29-августа нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен Сумсар айыл аймагындагы Сумсар айылынын Набережная участкасында 1960-жылдары салынган узуну 24 метр, туурасы 10 метр болгон ички чарбалык чоң автоуналар өтүүчү  көпүрөгө катуу келген селдин кесепетинен күн чыгыш тарабындагы көтөрүп турган негизги опорасын өз нугунан жылдырганына байланыштуу көпүрө 1,2 метр оң тараптагы жагы отуруп калган. Негизги көтөрүп турган опоралардан 0,70 см жарака кеткен, көпүрөнүн үстүнөн 45-50 см чейин жаракалар пайда болуп авариялык абалда турат.

29-августагы нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандан кеткен селден улам баардык болжолдуу чыгымдын өлчөмү 8383491 сомду түзөрүн “Жарандык коргонуу” комиссиясы аныктады. Бул нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен чыккан зыянды өКМ тарабынан сунушталып азыркы убакта акча каражаты чечилбей турат.

Ошондой эле Чаткал дарыясынын нугу райондук электр тармактар ишканасынын кенсесине жакындоо коркунучун алдын алуу үчүн райондогу мекемелерден 16 техника, 25 адам күчү ишке тартылып, жээкти бекемдөө иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү.

Район боюнча табигый кырсыктан жабыр тарткан 23 тургундун тизмеси такталып, тиешелү мекемелерге жөнөтүлдү.

Атайын кабарчы

Чаткал району өткөн тогуз айда

IMG_3786 IMG_3681 IMG_3970 IMG_4649

Чаткал районунда 2015-жылдын 9 айында эл чарба тармактарынан 2607803,0 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 169,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 151,9 пайызга же 890658,2 мин сомго көп аткарылды.

Айыл чарбасында   9 айдын жыйынтыгы менен 974932,7 мин сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 114,5 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 113,1 пайызга өсүү темпи  камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан  2243,0 тонна эт, 6801,0 тонна сүт, 103,0 тонна жүн, 1664,0  миң  даана жумуртка өндүрүлдү.

Өнөр жай тармагында 1225627,5 миң сомдук продукция өндүрүлүп,  ал эми 2014-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2,8 эсеге көп аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 217,6 пайызга аткарылды.

Ал эми калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 9 айдын жыйынтыгында 21536,0 миң сом болуп, план 95,1 пайызга, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 112,7 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.

Капиталдык салымдардын көлөмү 28565,8 миң сомду түзүп, план 54,6 пайызды, 2014-жылдын  9 айына салыштырмалуу өсүү темпи 46,0 пайызга аткарылды.

Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 357141,0 миң сомду түзүп,  план 112,5 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 108,5 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.

2015-жылдын 9 айында райондун  экономика, социалдык тармактарына  жалпысынан 186340,3 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,7 пайызды камсыз кылды. Анын ичинен 88750,0 миң сом айыл чарбасына, 51827,7 миң сом социалдык тармака, 16950,7 мин сом өнөр жай тармагына жана 28811,9 миң сом ар кандай тармака тартылган.

Райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 127138,5 миң сом кичи жана орто кредиттер берилилген.

Бюджеттин киреше бөлүгү салыктар жана жыйымдар район боюнча 177775,0 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 133,0 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 150,5 пайызга камсыз кылынды. Анын ичинен республикалык бюджетке 76720,1 миң сомдук план белгиленсе 71438,0 миң сомго аткарылып,  план 93,1 пайыз, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызды түздү. Себеби, алтын өндүрүүчүлөрдөн алынуучу салыктардын божомолу негизсиз жогору берилүүдө. Анкени эң ири өлчөмдө салык төлөп келе жаткан ОсОО “Вертекс Голд Компани” июль айынан баштап алтын өндүрүүсүн токтотуп, август-сентябрь айларынын салыктык отчетторун “0” менен берүүдө. Андан сыркары райондун аймагындагы кен байлыктарды иштетүүгө лицензия берүүгө аукциондордун болбогондугуна карабастан бонус    ( бир жолку төлөм) салыгы боюнча божомол негизсиз жеткизилүүдө.

Жергиликтүү бюджетке 56938,6 миң сом план белгиленсе, 106337,0 миң сом топтолуп, план 186,8 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 189,5 пайызга көп топтолгон. Райондогу  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгүн атайын каражаттар  жана  трансферттер  менен алганда  пландагы 77326,2 миң сомдун  ордуна 125988,2 миң сомго аткарылган, план 162,9 пайызга же 48662,0 миң сомго ашыкча аткарылган.

 Б. Дилдебаев  

МерсиКО менен тыгыз кызматташуунун аркасында

IMG_4574 IMG_4551 IMG_4563 IMG_4562

Райондун билим берүү мекемелери бир топ жылдан бери МерсиКО уюму менен тыгыз кызматташып келишүүдө. Булардын бири-Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уул Матиш атындагы орто мектеби. Аталган мектепке 1-4-класстардын окуучуларынын шашке чайына жакшы шарттарды түзүү, балдардын тамактануу потенциалын жогорулатуу максатында  МерсиКО уюму тарабынан жалпысы 184260 сомдук (мындан өздүк салым катары 65760 сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан берилген) ашкана эмеректери алынып берилген.

Буга кошо эле, аталган уюм тарабынан балдардын шашке чайы үчүн зарыл азык-түлүктөр да берилип келүүдө. Атай кетсек, өткөн окуу жылында МерсиКО тарабынан мектепке 204 литр ак май, 450 кг күрүч, 950 кг ун жана 200 кг буурчак берилген эле. Быйылкы окуу жылынын башталышында дагы 550 кг күрүч, 232 литр май, 1050 кг ун жана 200 кг буурчак берилди. Бүгүнкү күндө аталган мектептин 1-4-класстарында окуган 104 окуучуга шашке чайы берилет.

Мектеп ашпозчусу атайы окуудан өтүп, сертификатка ээ.

-Мектеп ашканасына Каныш-Кыя айыл аймагынын демөөрчүлүгү менен 6 даана стол жана 25 даана отургуч жасатып, орнотконбуз. Каныш-Кыя айыл аймагынын мектептин зарыл иштерине жакындан жардам көрсөткөндүгүнө мектеп жааматы жана ата-энелер терең ыраазы-дейт мектеп директору А. Стамбеков

Суу чыгарылып, шарт түзүлдү

шакафтар интернатSAM_1551

В.И.Ленин атындагы  мектеп-интернатынын  агрардык жана айыл чарба иштери боюнча орун басары  Жунусалы  Сманкулов  “Жайындагы бир күндүк эмгегин  кыштын 90 күнүнө тете” деп айтылгандай  жайдын август  айы ичи мектеп-интернатынын  обьектилерине жандуу аракеттер менен суу чыгарууга  киришкен эле.  “Аракеттен – берекет” дегендей, Жунусалы  Сманкуловдун аракеттери  натыйжалуу  болуп суу түтүкчөлөрү  кайрадан ремонттолуп  суу  чыгарылды.  Натыйжада  “Суу барган жерге тазалык  барат” дегендей  жогоруда  аталган обьектерге  суу  чыгарылып, мектеп-интернатынын  тарбиялануучулары үчүн жана  алардын  тазалыкты, гигиенаны  сактоолоруна  жакшы  шарт түзүлүп  калды.

Б.Исаков

“Милициянын жаш досу” кароо-сынагында

шакафтар интернатSAM_1551

1-ноябрь – Кыргыз  милициясынын  күнүнө жана  анын уюшулгандыгынын  91 жылдыгына карата  өспүрүмдөр арасында  кылмыштуулукту,  мектеп  рэкетчилигин, уурулук,  супцид жана башка терс көрүнүштөрдүн  алдын алуу максаттарында үстүбүздөгү 2015-жылдын 20-октябрында  Сумсар  маданият үйүндө Чымканаев, Ак-Терек, Камчыбеков, Гагарин, Сумсар орто мектептеринин  жана В.И.Ленин  атындагы мектеп-интернатынын  жогорку класстарынын  окуучуларынын  арасында  “Мекеним менин – Кыргызстан” ураан  астында

“Милициянын  жаш досу”  кароо-сынагы болуп өттү.

Бул  кароо-сынакка  РИИБнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Садырбай

Уулу  Марат,  РБББнүн башкы  адиси  Равшан Мамурбеков  келип катышышып, кароо-сынактын  күбөлөрүнөн  болушту.

Бул  конкурска  Камчыбеков  орто мектебинин “Көгүчкөн”, Чымканаев орто мектебинин

“офицерлер”,  Ак-Терек орто мектебинин  “Кыргызымдын кыраандары”, Сумсар орто мектебинин  “Калкан”, Гагарин орто мектебинин  “Бириккен Кыргызстан атуулдары” жана Шекафтар  мектеп-интернатынын “Барчын” келип  катышышып  өздөрүнүн таланттарын, өнөрлөрүн  залдагыларга тартуулашты.

Сынактын жыйынтыгында,  В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын  “Барчын”, Сумсар орто мектебинин “Калкан” командалары 1-орунга  чыгышып, конкурстун жеңүүчүлөрүнөн болушту.  Ал эми  2-орунду Чымканаев орто  мектебинин  “офицерлер”  командасы ээледи.   “Көгүчкөн”,   “Бириккен  Кыргызстан  атуулдары”,  “Кыргызымдын  кыраандары” командалары  3-орундун  ээлеринен  болушту.

“Милициянын  жаш досу”  конкурсу  таасир  берген,  патриоттук  сезимдерди козгогон, кызыктуу  жана пайдалуу  кырдаалда  өттү.

Б.Исаков

Таза колдор — таза жашоонун булагы!

IMG_4602IMG_4620IMG_4605IMG_4617IMG_4629 IMG_4610

Азыркы   учурда  районубуздун  мектеп, бала  бакча  жана  мектеп  жашына чейинки  балдар  арасында  вирустуу   гепатиттин  А  түрү  менен ооруп  катталгандардын  саны  күндөн  күнгө өсүп  жатат.  Вирустуу гепатиттин А түрү ар 3-4 жылда  кайталанып, күз-кыш  айларында  көбөйуп  туруучу карым катнаш,кир колдор, тамак  аркылуу жугучуу  жугуштуу оору болгондуктан, азыркы күндө  уюшкан мекемелер арасында көп катталып  аба- ырайынын  тез,өтө сууп  кеткендигинен да сарык оорусу күчөп жатат.

Райондук медициналык  мекемелерге 10 ай ичинде вирустуу гепетиттин  А туру менен 100 адам  катталып, үйүндө дарыланышкан. Үйлөрдө эрежелер так сакталбай бир үйдөн  бир канча бала  бири биринен  жугуп,оорунун  күчөп кетишине шарт түзүлдү.Үйлөрдө кыдырууда  ата- энелер тарабынан залалсыздандыруучу эритмелер менен оорулунун идиш-аяктары, жуулбай, бөлүнбөй, бир бөлмөдө  жаткан учурлар да жок эмес. Берилген тез билдирүүлөрдун негизинде РОААжМСЭКБу  тарабынан эпид иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Келечек” балдар бакчасына  23-сентябрдан,” Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 19- октябрдан КР ССМнин № 488 буйругунун негизинде 35 күнгө карантин коюлган.    Каныш-Кыя айылындагы “ Наристе” бала бакчасына кенже тайпасына 4 бала  ооруп калган. Жалпы тарбиялануучулардын  саны 102 бала. 19-октябрь куну 63, 20–октябрда 63, текшерүү  учурунда 21-октябрь куну 58 бала гана бала бакчага келгендиги аныкталды, бул 57% түздү. Ар бир группада балдар жуунучу бөлмөлөрдө жуунгуч (умывальник) коюлбаган.  Эреже боюнча ар бир беш балага бирден жуунгуч болуш кере,ага карбай коридордо 2 гана жуунгуч коюлган.   Балдар өз деңгээлинде   өздук гигиенаны  сакташпайт.  Горшокторду  залалсыздандыруу  үчүн бак коюлбаган, хлорамин менен чайкап гана коюлат.з Залалсыздандыруучу эритмелер менен иштөөнүн эрежелери так сакталбайт. Залалсыздандыруучу заттарды камсыздоо, эрежеге ылайык жууп,  тазалоо  төшөнчүлөрдү маркировкалоо, жогоруда аталган кемчиликтер жоюлганга чейин  бала бакча   10 күнгө  (22-октябрьдан 1- ноябрга  чейин)  жабылды.  Каныш-Кыя айыл аймагынын  А.Баймырзаев орто мектебинен  5 бала ооруп  катталган. мектепте 19-октябрдан каратин коюлган мектеп жана бала бакчаларга  35 кундук  аралыкта карантин коюлду,каратин учурунда жаңы оору  табылса    карантин узартылат. Сарык оорусу мектеп, бала бакчалардын ашканаларында  залалсыздандыруучу  каражаттарды  өз деңгээлинде сактабай, ашканаларда иштетилип жаткан дезинфекциялоочу каражаттар сертификаттары жок , текшеруу учурунда аптекалар менен келишимдер түзүлбөй, кандай каражат экендигин иштеп жаткан кызматкерлер иштетүүнү   билишпейт. Эрежелер так  сакталбагандыктан, жетекчилер  тарабынан балдардын өздүк гигиенасына маани бербей, көп оорулар жуулбаган колдор  аркылуу жугаары көмүскөдө калып, балдардын катышуусуна гана көнүл бөлүнүп калган. Кир колдор сарык оорусунун гана эмес көптөгөн  жугуштуу оорулардын  (мите курт оорулары-гельминтоз,лямблиоз, эхинококкоз, курч кармаган ичеги- карын инфекциялары,  ич келте, ич өткөк,сальмонеллез) таркатуу болуп эсептелет.  Районубуздун соода сатык ашкана  дукөндөрүндө  сатуучулар залалсыздандыруу  каражаттары менен иштешпейт,талапка ылайык идиш- аяктар жуулбай,өздөру билип эле столдорду коюп, граммдап спирттик ичимдиктерди жана суусундуктарды сатып, оорунун таралуусуна шарт тузуп жатат.

Урматтуу райондун жарандары азыркы учурда районубузда жугуштуу сарык оорусу күчөгөндүгүнө  байланыштуу балдарыбыздын өздук гигиенасын сактоо,мектеп бала бакчаларда уюштурулуп жаткан  иш чараларды азайтуу, ооруган балдарды өз убагында таап,дарылануусуна ак халатчандар менен биргеликте бул ооруну азайтууга баарыбыз милдеттубуз!

 

  Г. Акылбекова.   Чаткал райондук ОААжМСЭКБнун башкы дарыгери

Райондогу жол тейлөө ишканасы кышка даяр

карабуура ашуусундагы снайпер көпүрөсүSAM_3056 чапчыма ашуусу

Чаткал  районунун № 27 Жол тейлөө ишканасынын   башкы инженери Т. Субаналиевдин  айтымында  райондо алдыдагы  кыш мезгилине  карата даярдыктар  90 пайыз  аткарылды.  Быйылкы жылы мекеме жаңы техникалар менен  камсыз болгон. Чаткал-Ала-Бука унаа жолдорунун коопсуздук чаралары көрүлүп, кышка карата бир топ даярдык алдын ала көрүлдү. Тактап айтканда, Чаткал–Ала-Бука авто унаа жолунун  60-80 км чакырымында  2 даана оор техника  даяр турат. Ал эми, аталган унаа жолунун  80-180 чакырым аралыгында   2даана автожүктөөчү   жана  1 даана  жол тазалоочу  техникалар ишке даяр.  Аба ырайынын катаалдыгы эске алынып,  2500 тонна күйүүчү, майлоочу май  даярдалган.  Негизи, районго 1 жылга  болжол менен 50-60 күйүүчү, майлоочу май  керектелет.  Учурда Ак-Таш айылына  кеткен негизги унаа жолун кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн  ДТ-75 авто  унаасы  оңдолуп жатат. Буга кошо эле, аталган унаа жолун    жер көчкүлөрдөн  тазалоо айыл көпүрөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Кабарчы Т Алмарсбек кызы

Район мектептеринде кыш мезгилине карата даярдык жакшы

         IMG_4547 IMG_4638 (2)

Район аймагындагы дээрлик бардык мектептер жана мектептке чейинки билим берүү уюмдар кышка даяр. Бул тууралуу райондук билим берүү уюмунун башчысы Т. Тынышов билдирди. Анын билдиришинче, мектептерге  342 тонна  көмүр, 147 куб  жыгыч  отун алынып берилген.    Тактап айта кетсек, Б. Камчыбеков орто мектебине  40 тонна, Ж. Ташкеев мектебине  22 тонна, А. Баймырзаев орто мектебине 25 тонна көмүр бөлүнуп берилген. Ал эми бала бакчалардан -Сумсар бала бакчасы 15 тонна,Байчачекей бала бакчасы 18 тонна көмүр менен камсыз болгон. Райондогу мектептерде  кадр жетишпестиги  эске алынып, быйылкы жылдын эсебинен 7 жаш мугалим ишке тартылган.  Көпчүлүк жаш кадрлар  информатика,физика,география предметтеринен учурда   эмгектенип жатышат.  Окуу жылы башталгандан тарта мектептерде мугалимдер жетиштуу жана мурунку жылга караганда  кадр жетишпестиги  толугу менен жоюлган. өткөн окуу жылында  район аймагында мектеп окуучуларынын  өз ара пикир келишпестиги  чыр-чатактары  билим беруу  мекмесине  бир топ  ынгайсыз абалды  түзгөн. Мындай  окуяларды алдын алуу боюнча  бир топ иш чаралар  аткарылып , райондук ички иштер  башкармалыгынын  кызматкелери  жана  социалдык  педагогдор иш алып барууда  дейт райондук билим беруу  башкармалыгынын башчысы Т. Тынышев.

Кабарчы Т Алмарсбек кызы

АТАНТАЙ АКЫН МӨӨРӨЙ АЛДЫ

 

атантай 2

Эл аралык ТюркСой уюму жана Кыргызстан Жазуучулар бирлиги тарабынан ар кайсы муундагы акындар арасында уюшулган “Беш акын” теледолбоору өтүп жаткандыгы белгилүү. Жакында, аталган теледолбоордун 1960-70-жылдар аралыгында төрөлгөн акындар арасындагы таймашына  Жедигер Саалаев, Жыпара Исабаева, Алтынай Темирова, Олжобай Шакир жана Атантай Акбаров катышты.

Кечеде акындар мезгил сынынан өткөн мурунку ырларын жана жаңыдан жазган сыясы кургай элек ырларын окушту. Алардын ырларына жазылган обондорду таанымал ырчылар аткарып, көрүүчүлөрдү өз өнөрлөрү менен карк кылышты. Ошондой эле долбоор-сынакка катышкан акындар акындыгынан башка да өздөрүнүн кошумча өнөрлөрүн тартуулап, түрк тилдүү классик акындардын өздөрү которгон чыгармаларын окуп беришти.

Жазуучулар бирлигинин Төрагасы, акын Акбар Рыскулов баш болгон калыстар тобунда белгилүү адабиятчы-сынчы Кадыркул Даутов, адабиятчы-изилдөөчү Омор Сооронов, эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Омор Султанов, Төлөгөн Мамеев жана эл артисти Түгөлбай Казаковдор болушуп, акындарга калыс упайларын беришти.

атантай 1 (2)

 

Жыйынтыгында “Беш акын” телесынагынын бу жолку жеңүүчүсү болуп белгилүү акын Атантай Акбаров табылды.

Буюрса, декабрь айында ар муундагы акындардын жеңүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу таймашы өтөөрү күтүлүүдө. Чаткалдык белгилүү акын агабыз Атантай Акбаровго жыйыныктоочу таймашта ийгилик каалап кетмекчибиз.