Архив за месяц: Ноябрь 2015

кулактандыруу!!!

Урматтуу районубуздун тургундары!

Чаткал айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөнкү бош муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

1. Айыл аймактын жооптуу катчы кызмат орунуна-1 орун

2. Социалдык жактан коргоо адистиги кызмат орунуна-1 орун.

3. Миграция жана туризм кызмат орунуна-1 орун

Квалификациялык талаптар:

-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү,

-муниципалдык кызматтагы 2 жылдан кем эмес эмгек стажы,

-жогорку билими,

жалпы мыйзамдарды жана тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү,

-компьютерде иштей билүүсү.

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

-жеке арызы,

-кадрларды эсепке алуу баракчасы,

-өмүр баяны,

-2 даана сүрөт

-резюме,

-паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн башка документтердин көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт),

-зарыл кесиптик билими,

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү,

-дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын).

Сынакка катышуу үчүн документтер кулактандыруу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде Чаткал айыл аймагынын жооптуу катчысына тапшыруу зарыл. сынак өтчү күн талапкерлерге сынак болоордон 3 күн мурда маалымдалат. сурап билүү тел: 0777160193

Чаткал району жабыркагандарга кол сунат

IMG_4832 IMG_4833 IMG_4834 IMG_4835 IMG_4836

24-ноябрь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында 2015-жылдын 17-ноябрында Ош областынын аймагында болуп өткөн жер титирөөгө байланыштуу райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери катышкан чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйында район акиминин орун басары Муратбек Досматов аталган кейиштүү окуядан улам жабыркаган жарандарга жакындан жардам көрсөтүү тууралуу КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы  телефонограммасы менен тааныштырды.

Жыйын жүрүшүндө катышуучулар мындай учурда четте карап туруу чеки болоорун бир ооздон белгилешип, Ош облусунун жер титирөөдөн жабыркаган жарандарына кандай жагдайда жардам берүү керектиги боюнча ойлорун ортого салышып, соңунда райондо иштеген ар бир кызматкер 200 сомдон жардам берүү боюнча чечим кабыл алышты. Жыйынтыгында, район аймагында кыркка жакын мекеме болсо, анда иштеген жалпы кызматкерлерден чогулган акча каражаты эки жүз миң сомдон ашмакчы. Мындан сырткары, район аймагында иш жүргүзгөн тоо кен компанияларына да кайрылуу тууралуу сөз болду.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Ош облусунда болуп өткөн жер титирөөдө беш жүзөн ашуун турак жай, он социалдык объект жабыркаган.

М. Эшназаров

 

Чаткал районуна-80 жыл

чаткал 80_DSC0024 ЭлТР тарабынан даярдалган Чаткал районунун 80 жылдык маарекесинне арналган атайын чыгарылышты  бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар: www.youtube.com Чаткал районуна-80 жыл

Шакафтарда төрөт үйү ишке берилди

rodilnyy-dom-11-foto-oksana-dobrovolskaya-1 ehquuh wnfjbjuqkumc srlfgqtat vigmm (2)(сүрөттөр интернеттен алынды)

Ноябрь айынын 17синде Чаткал районунун Шакафтар айылында заманбап шарты бар он орундуу төрөт үйү ишке берилди.

Төрөт үйүнүн ачылыш аземине КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева баштаган облустук  жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңыдан ишке берилген төрөт үйү мурда Сумсар аймактык бейтапканасынын карамагында болуп, 1990-жылдардан бери кароосуз калып, иштебей турган. Төрөткананы кайрадан ишке киргизүүгө он жылга жакын убакыттан бери аракеттер көрүлүп, 2014-жылдан баштап Сумсар аймактык бейтапканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева тарабынан астейдил аракеттер көрүлө баштаган. Өткөн жылдан бери Жалал-Абад ФОМСтан 2 млн. сомго жакын акча каражаттары жана мунун ичинде медкаражаттар  ал эми, райондук жетекчиликтен 50 миң сом жана башка демөөрчүлөрдөн акча каражаттары, ар кандай жардамдар берилип натыйжада, төрөт үйү кайрадан ишке кирди.

Төрөт үйүнүн ачылыш аземи учурунда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева төрөт үйүнө 100 миң сом, Жалал-Абад ФОМСтун башчысы Т. Нышанов 100 миң сом тапшырышты. Ал эми, “ӨмүрФарм” ишканасы тарабынан төрөтканага 5 даана люстра тапшырылды. Ачылыш аземинин катышуучулары төрөткананы кайрадан ишке киргизген Э. Таджибаевага жана төрөткананын ишин кайрадан жандантуу демилгесин көтөрүп, көп аракеттерди жумшаган айылдык кеңештин депутаты С. Курмантаевага ыраазычылыктарын билдиришти.

Б. Исаков

Дүйнөлүк азык-тулүк программасынын алкагында

IMG_4637 IMG_4638 IMG_4602 IMG_4612IMG_4629 IMG_4633IMG_4624 IMG_4623 IMG_4617 IMG_4620IMG_4609 IMG_4605 IMG_4616 IMG_4614

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк Программасы боюнча республикабыздагы пилоттук мектептерге ашкана жабдуулары менен байытылган ун берилген. Районубуздун С. Байдөөлөтов жана Терек-Сай орто мектептеринде  аталган программанын алкагында 1-4-класстарга шашке тамагы берилүүдө.

Аталган мектептердин ашканасында бүгүнкү күндө Программанын алкагында берилген электр плитасы, муздаткыч, идиш коюучу шкаф жана идиш жуучу эмеректер кызмат көрсөтүүдө. Ашканаларга буга кошо эле, ысык суу киргизилип, ашкана кызматкерлери күнүмдүк пайдаланууга ысык суу колдонушууда. Буга кошо, шашке тамагын берүүчү жерге да ысык суу киргизилип, окуучулардын гигиеналык жактан тазалыгына шарт түзүлгөн.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А. Нарбекованын маалымдашынча, бүгүнкү күндө  1-4-класстардан Каныш-Кыя орто мектебинде эки жүз ал эми, Терек-Сай орто мектебинде жүз он окуучуга шашке тамагы берилет.

М. Эшназаров

Бакчалар ысык суу менен камсыздалууда

IMG_4575 IMG_4584 (2)  IMG_4612

Айгыр –Жал  айылындагы “Алтын-Бешик” бала бакчасы азыркы заманбап жабдуулар  менен  жабдылып, бакчанын ички шарты улам  жакшырууда. Тактап айта кетсек,  быйылкы жылдын эсебинен   “Алтын Бешик” бала бакчасына ысык суу киргизилип  азыркы учурда толугу менен иштеп жатат. Бала бакчада  негизинен 65 бала тарбияланып, анда 17 кызматкер эмгектенет.  МерсиКО  уюму тарабынан бала бакчага  200 метр аралыктагы булактан суу алынып келинип, 2 тайпага 5 жерге, ашканага 2 жерге жана кир жуучу жайга 2 жерге ысык суу киргизилди.   Азыркы убакта тарбиялануучулардын тазалыгын өз деңгээлде кармаганга  жана кызматкерлер идиш аяк ж.б. зарыл нерселерди жууганга ысык суу пайдаланышууда.

Аталган иштерге МерсиКО уюму жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан жалпысы болуп 267818 сом жумшалды-дейт  бала бакча башысы  Сабира  Алымкулова.

Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»

Чаткалда “Түшүм майрамы” белгиленди

 

IMG_4673 IMG_4664 IMG_4666 IMG_4667 IMG_4650 IMG_4651 IMG_4652 IMG_4697 IMG_4708 IMG_4741Жыл сайын күз айларында районубуздун төрт айыл аймагында кезек менен “Түшүм майрамы”   белгиленип келет. Аталган майрам быйыл Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Салтанатта район акими К. Эшалиев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяровдор баштаган райондук бийлик өкүлдөрү, алдыңкы айыл чарба кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон инсандарга райондук, облустук деңгээлдеги сыйлыктар жана “Ардак Грамоталар” тапшырылды.

Мында, көрүнүктүү дыйкан-фермерлер Г. Таирова, Н. Молдобеков, Н. Курбанов, Э. Аширбеков, Н. Кудайбердиев,  Г. Мырзабекова, С. Исматов, Д. Нышанбай кызы, Т. Чоңатаев, И. Айталиев ж.б. бир топ айыл чарба ишмерлери райондук жана облустук деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту.

Маарекенин расмий бөлүгү аяктаган соң улуттук спорт оюндарына кезек берилип, таш билек спортчулар арасында улак тартыш, эр оодарыш, улуттук күрөш боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мында өзгөчөлөнгөн нерсе, бул жолку маарекеде кыз-келиндер арасында эр оодарыш  болуп, төрт балбан кыз-келиндер ат үстүндө эркектерден кем калышпай билек кармашып, күч сынашып, элдин кыйкырык, сүрөөнүн жарата алышты.

Мындан сырткары, маарекеде райондогу дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп, анда ишкер дыйкан-фермерлер өздөрү өндүргөн ар түрдүү айыл чарба продукцияларын сатыкка чыгарышты.

Т. Алмарсбек кызы «Чаткал оттору»

Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу маалымат беришти

IMG_4526 IMG_4527 IMG_4528 IMG_4525

12-ноябрда раймамадминистрацияда “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу жана Борбордук Азиядагы Евразия фондунун уюштуруусу алдында“Региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу тоо кен компанияларынан түшкөн кирешелерди ачык жана эффективдүү башкаруу” долбоорунун алкагында “Региондорду өнүктүрүү фонд дору, аларды түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгүн уюштуруу” аттуу тренинг болду.

Тренингдин максаты- жергиликтүү инфратүзүмдү андан ары өнүктүрүү максатында региондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жана администрациясынын, буга кошо эле,  жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жергиликүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу, региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү, башкаруу жана долбоорлорду каржылоого буюртма берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү болуп, тренигге раймамадминистрациянын тиешелүү кызматкерлери,  район аймагындагы айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана район тургундары катышты.

Тренингде КР. Экономика министрлигинен келген өкүл Аскат Беков менен көзкарандысыз эксперт Зоотбек Кыдыралиевдер тренингддин темасынын алкагында бир топ маселелер тууралуу ой бөлүшүп, региондорду өнүктүрүү фонддорунун иштөө тартиби, аларга түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн, фондго долбоор жазуунун жол-жоболору сыяктуу маселелер тууралуу түшүнүк беришти.

Катышуучулар мындан сырткары, тоо кен компанияларына тиешелүү бир топ суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты

М Эшназаров

Ким келди?

Батырбеков Кудайберди -1 (2)

Батырбеков Кудайберди Темирбаевич 1976-жылы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Билими жогорку, Ош мамлекеттик Университетинин юрист пруденция факультетин бүтүргөн.

Алгачкы эмгек  жолун 1999-жылы Ош шаардык сотунда сот аткаруучу болуп баштаган. 2001-2005-жылдары  “Бета-Кыргызстан” жабык типтеги акционердик коомунда юрист-консультант, 2005-2007-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, 2008-2012-жылдары адвокат, 2013-жылдан Чаткал райондук  мамкаттоодо башкы каттоочу болуп иштеп келген.

2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын буйругу менен  Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын качальниги болуп дайындалды.

Баткен коогалаңынын катышуучусу.

үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

 

Сандык теле көрсөтүү иштей баштады

100_3679 (2)

Ноябрь айынын башынан баштап Чаткал өрөөнүндө сыналгы аркылуу сандык теле көрсөтүү көрсөтүлө баштады. Учурда 8 канал, тактап айтканда КТРК, ЭлТР, Баластан, Маданият, 7-канал, 5-канал жана Пирамида каналдары көрсөтүүдө.

Ал эми райондук “Телеком” АКунун директору Э. Ашырбеков 2016-жылдын жарымынан баштап санариптик көрсөтүү Чаткал өрөөнүңдө 35 каналдан көрсөтүлө тургандыгы пландалып жаткандыгын кошумча маалымдады.

Б. Курманбеков «Чаткал оттору»