Архив за месяц: Сентябрь 2015

Кулактандыруу!!!

Изображение 4021

Урматтуу Чаткал районунун калайык калкы! Кадырлуу мекенчил журтташтар!

Быйыл Чаткал районунун уюшулгандыгына 80 жыл толгондугу баарыбызга белгилүү. Бул маарекелүү күнгө карата  жалпыңыздарга Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине арналган банктык эсеп ачылгандыгын эскертебиз. Аталган маарекени татыктуу өткөрүүгө салым кошууну каалаган жарандар колдоо катары төмөнкү банктык эсепке каражат которсо болот.

Сиздерди терең урматтоо менен «Чаткал 80» коомдук фонду

р/с 1290343230400296

БИК 129034

ИНН 02008201510080

код ОКПО 29262198

Арстанбаптыктардын быйылкы негизги кирешесинин азайышына эмне себеп?

 

Быйыл арстанбаптыктар жаңгак токойлорунан жылдагыдай киреше ала алышпады. Буга быйыл жаз айларындагы аба ырайынын кескин өзгөрүшү себеп болду деп айтылууда. Ал эми, айрым тиешелүү адистердин белгилөөсүндө, мунун башка да бир нече себептери бар.

12042950_892187037526730_4560671539349306552_n

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 631 миң га мөмөлүү токойлор болсо, анын көпчүлүк аянты Арстанбапка туура келет. Мында, алча, алма, мисте, долоно, акчечек жана жаңгак токой аянттары бар болуп, мунун көпчүлүк үлүшү жаңгак токойлоруна туура келип, анын жалпы аянты 47 миң га ны  түзөт. Ал эми, биз сөз башында айткандай, Арстанбаптын жергиликтүү калкынын негизги кирешесинин азайышынын башка себептерин иликтеп көрсөк, 1990-жылдардын башында Советтер Союзу ураган мезгилден баштап жергиликтүү калктын көңүлү жаңгак токойлорунан пайда табууга бурулуп, натыйжада токойлор таланып, тонолууга учурап, андагы мекендеген жапайы жаныбарлар башка жактарга ооп кете баштаган. Тактап айтканда, токой арасына мал жаюудан улам такырайып, бадалдар таптакыр суюлуп, жердин эрозияга учуроосуна жол ачылган. Ар түрдүү мөмөлөрдүн кырк пайызы жан-жаныбарларга азык катары калтырылуусу тийиш болсо тетирисинче, жан-жаныбарларга эч нерсе калтырылбай натыйжада, жапайы жаныбарлар керектүү азыктардан айрылышып, бул көрүнүш алардын башка тараптарга ооп кетүүсүнө түрткү болгон.  Арстанбап токой чарбасы менен биргеликте иш алып барган “Лесик-Түштүк” экологиялык бирикмесинин биоартүрдүүлүк боюнча адиси Закирходжа Сарымсаковдун билдиришинче,   Арстанбап токойлорун буга чейин сүт эмүүчүлөрдүн түрүнө кирген жапайы жаныбарлардын жыйырма төрт түрү мекендеп келсе, жаратылышка жасалган жогорудагыдай туура эмес мамиледен улам, бүгүнкү күндө алардын аз гана түрү калган. Мындан сырткары, ошол кездерде токойдон отун даярдап, сатуу бизнеси гүлдөп, мунун айынан бир топ долоно дарактары кыйылган. Кыскасын айтканда, ал кездеги кыйынчылыктан улам мукурап турган калк  токойлорду орунсуз пайдаланышып айтор, токойлор бир топ бүлүнүүгө учураган. Бүгүнкү күндө деле, токой чарбаларындагы токойчулардын санынын аздыгы жана алардын айлык маяналарынын өп-чаптыгы да токойду өз деңгээлинде кайтарууга алууга тоскоолдук жаратып келет.

12036710_892186634193437_5238592010664531762_n

Албетте, жергиликтүү тургундардын бул боюнча пикири да ар түрдүү. Өзүн атагысы келбеген арстанбаптык тургундун пикиринде, Арстанбаптагы токой чарбаларынын жумушчулары ошол жерден айлык маяна алып иштеген соң, токойду жакшы корушу керек. – Токойчулар өздөрү жакшы иштешпейт. Мен мисалы, ал жерден айлык алсам, аны акташ үчүн жакшылап иштейм да. Мага бөлүнгөн токой тилкесине барып көргүлө ишенбесеңер, мен токой чарбасынан айлык албасам деле, алар коруган токойлордон бир топ жакшы карайм-дейт ал. Айта кетчү нерсе, токойлуу аянттарынын айрым бөлүктөрү бир нече жыл мурда жергиликтүү тургундардын камкордугуна бөлүнүп берилген.

Чындыгында, жергиликтүү тургундардын билдиришинче, калк үчүн дыйканчылыктын башка түрлөрү менен алектенгенге караганда, жаңгак терип сатуу бир топ жогору киреше алып келет. Жергиликтүү тургун Кутлуг Садиевдин айтымында, 200 кило жаңгак терип сатсаң 20 миң сомдой киреше таба аласың. Ал эми, жергиликтүү тургундардын айрымдары жыл сайын  700-800 килого чейин жаңгак терип, сатып пайда көрүшөт.

З. Сарымсаковдун билдиришинче, дагы бир көйгөйлүү маселелердин бири-жергиликтүү тургундар токойлуу аянттарга мыйзамсыз түрдө үй салып алышууда. Буга чейин 460 тургундун токойлуу аянттардан мыйзамсыз жер ээлеп, үй салып алгандыгы ачыкка чыккан. Жакынкы жылдардагы мөмөлүү токойлорду пайдаланууга киргизилген мораторийден соң, токойлорду коромжу пайдалануу бир топко тыйылган бирок, жергиликтүү калктын токойлорду жайыт катары пайдалануусу такыр токтобой келет.  –Мындай жосунсуз мамилелердин айынан мөмө берүүчү токойлордун аянты азайбаса да, токойлордун ички экосистемасы талкаланууда.-дейт биоартүрдүүлүк боюнча адис З. Сарымсаков.

12036710_892186634193437_5238592010664531762_n

Акыркы убактарда жогорудагыдай терс көрүнүштөргө кайдыгер карабаган чет элдик уюмдардын колдоосу менен жаңгак баштаган мөмөлүү токойлорду сактоо иштери колго алына баштаган. Бүгүнкү күндө, Германиялык техникалык кызматташтык уюмунун (GIZ) колдоосу аркылуу Арстанбап жана Ачы токой чарбаларында биоартүрдүүлүктү сактоо, токойлорду коромжуга учуратпоо жана келечек муундарга бүтүн бойдон өткөрүп берүү ишине коомчулуктун өзүн тартуу иштери алынып барылып, бул иш аракеттер бүгүнкү күндө оң натыйжаларын берүүдө. Бул багытта алгач атайы иш чараларда кала берсе, мектептерде жана мечиттерде жергиликтүү калкка жана жаш муундарга кайрылуулар жасалып,эл туура кабыл алып жаткандыгын билдирди З. Сарымсаков.

Буга кошо эле, быйыл Арстанбап жана Ачы токой чарбаларындагы көчөт өстүрүүчү аянттарда-питомниктерде GIZ уюмунун колдоосу менен мөмө берүүчү дарактардын бир нече түрүнүн көчөттөрү өндүрүлүүдө.

Албетте, бул аракеттер жакшы көрүнүш экендиги талашсыз.  Ал эми, биз макала башында айткандай, быйыл Арстанбаптын жергиликтүү калкынын мөмөлүү токойлордон жылдагыдай киреше ала албай калышына быйылкы аба ырайынын өзгөрүшүнүн кесепети гана себеп боло алдыбы же,  жогоруда айтылган токойлорго карата кыянаттык мамилелер да өз “үлүшүн” кошо алабы, аны окурман өзү талдап көрөөр.

Мухамедалы Эшназаров. КР журналисттер кошунунун мүчөсү

 

Айгыр-Жал айылынын унаа жолу асфальтталууда

IMG_3958 IMG_3963 IMG_3965 IMG_3967 IMG_3968 IMG_3970

11-сентябрь күнү  Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жергиликтүү унаа жолун асфальттоо иштери башталды.

Аталган жолдун бул бөлүгүнүн болжол менен 3 чакырымы  асфальтталмакчы. Асфальттоо иштери «Империал Групп» жол  куруу ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Элдик жыйындарда жетекчилерге тиешелүү талаптар коюлду, тийиштүү жооптор алынды

Жакында   Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким  Канжарбек Эшалиев баш болгон  райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери  Айгыр-Жал айылында эл менен жолугушуу өткөрүп, анда айыл тургундарынын суроолоруна тийиштүү жетекчилер жооп беришти.

Элдик жыйында райондук социалдык фонд башкармасынын башчысы Адылбек Эшикуловго тийиштүү суроолор жер салыгы жана пенсиялардын көбөйүшү туурасында  айыл тургундары суроолорду беришти. Берилген суроо-талаптарга тийиштүү жоопторду алышты.

IMG_3856

“ЧААВ Чаарат” фирмасынын өкүлү  Абдыракман Сапарбеков  акыркы жылдары айыл-чарбасына жакшы көңүл бурулбай жаткандыгы район алкагында иштеп жаткан фирмалардан бөлүнгөн акча каражатына техникалар алынса, эгин жыйноо маалында көйгөйлөр жаралбайт эле деген пикирин айтып кетти.

IMG_3859

Ошондой эле райондук токой-чарба бөлүмүнүн башчысы Нургазы Жолдошев жылдан-жылга токойлордун кыйылып жок болуп жаткандыгын эске салуу менен кышка карата атайын инвесторлорду таап арзан баада көмүр тарттырсак жакшы болмок деген сунушун билдирди.

IMG_3869

Мындан тышкары Чаткал РИИБнун башчысы, милициянын подполковниги Медербек Муратов айыл тургундарына мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алалы ата-энелер балдарды кечкисин көзөмөлгө алып турсак.-деп, жакында айылга аймактык тескөө бөлүмчөсү ачылаарын билдирди.

IMG_3879

Буга кошумчалай мектеп директору Абдуваит Стамбеков да мектеп окуучулары окуудан тышкары маалда ата-энелер өздөрү балдарына көңүл буруп, айрыкча түнкүсүн  кайда жүргөнүн көзөмөлгө алсаңыздар деген суранычын айтып кетти.

Айыл тургундары “ЗААВ Чаарат” фирмасы каржылаган Каныш-Кыя айылындагы ачылган дүкөндүн азык-түлүктөрдүн баасы баштагыдан кымбаттай түшкөндүгүн көзөмөлгө алсаңар, биздин айылдын өзүнө эле дүкөн ачып берсеңер жакшы болмок деген ойлорун айтышты.

IMG_3872

Райондогу №47кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков балдарды туура кесипке багыт алдырып, район ичинде иш жүргүзүп жаткан фирмаларга ишке жайгаштыруу үчүн сөзсүз түрдө билим болуш керектигин  айтып, андыктан лицейге балдарды окутуп колдон келсе, Терек-Сай, Кызыл-Кыядагы окуу жайларга окуткула деген сунушун билдирди. Бул сунушка район акими-Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл округунун башчысы Сатаркул Мусабаевдер да кошулуп, мындан тышкары мүмкүндүк болуп турган кезде фирмалар менен ынтымакта иш жүргүзүп, райондун мындан ары да жетишпеген көйгөйлүү маселелерин алар аркылуу чечтирип алсак деген ойлорун билдиришти.

IMG_3894

Мындан тышкары да тийиштүү жетекчилер менен бирге  бир топ маселелер каралды. Андан соң элдик жыйын Каныш-Кыя айылында уланып, мында да эл менен ар тараптуу маселелер каралды.

IMG_3866

Айыл тургуну Ойгонбай Кожобеков райондук социалдык фонд башкармасына, жер салыгы боюнча, жана райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жетекчисине  көбүнчө бизде орулууларга  туура диагноз коюлбайт мындай боло берсе айыл элинин саламаттыгы эмне болот. Мындай көрүнүштөргө ким жооп берет деген оюн билдирди.  Аталган маселе боюнча элдик жыйындын катышуучуларынын арасында кызуу талкуу жүрдү.

Элдик жыйында мындан тышкары,  Чаткал районунун 80-жылдыгына карай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, район үчүн көп эмгектерди жасаган Дербиш Чотбаевдин атын бир көчөгө ыйгарсак деген сунуштар айтылды.IMG_3861

Жыйын соңунда райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Канжарбек Эшалиев алдыда келе жаткан шайлоого активдүү катышып, ынтымакты сактап,татыктуусуна өз добушуңуздарды берсеңиздер жана Чаткал районунун 80-жылдыгын жакшы саамалыкта белгилеп алсак деген пикирин билдирип кетти.

 

кулактандыруу!!!

чаткал аймактык шайлоо комиссиясыIMG_3902

Урматтуу районубуздун тургундары!

Район аймагында 7-сентябрдан баштап «Мен тизмеден өзүмдү билги келет» аттуу иш чаранын алкагында Чаткал районундагы  бардык шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялык тестирлөөдөн өткөрүү жүрүп жатат. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар алдыдагы шайлоого ишенимдүү баруу үчүн шайлоочулардын тизмесинде бар же, жок экендигине карабастан,  өздөрүн бир ирет тестирлөөдөн өткөрүүлөрү тийиш.

Иш чара 12-сентябрга чейин уланат.

 

кулактандыруу!!!

 

Терек-Сай  айыл  аймагы 1 (бир орун)  адис административдик  мамлекеттик  кызмат орунга конкурс  жарыялайт.

Адис  административдик  кызмат  орунуна  төмөнкүдөй квалификациялык  талаптар  белгиленет:

  1. Кесиптик билим  деңгээли:
  • Муниципалдык кызмат орундарынын  профили боюнча кайра даярдоодон  өтүү менен  орто  билим.
  1. Иш стажы  жана тажрыйбасы:
  • Стажына талап   коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү  билүүсү  керек:

  • Жалпы Мыйзамдарды, о. э. тиешелүү  тармактагы  мыйзамдарды;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн  зарыл  болгон  көлөмдө мамлекеттик  жана  расмий  тилдерди  билүүсү;

Көндүмдөр:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын  сапаттуу аткаруу;
  • Кызматтык милдеттерине ылайык  өзүнүн  ишин  натыйжалуу  пландоо;
  • Жарандардын кайрылууларын  карап чыгуу  жана  ал боюнча  жоопторду даярдоо;
  • Мамлекеттик жана расмий  тилдерде  ишкердик  кат  алышуу;
  • Командада иштөө.

Ыктуулук:

  • Мыйзамдар жана  башка ченемдик  укуктук  актылар  менен иштөө  жана  аларды  иш жүзүндө  колдонуу.
  • Компьютердик жана   уюштуруу  техникасын,  зарыл  болгон программалык  продукттарды  колдоно  билүү

Талап  кылынуучу  документтер:

  • Арыз
  • Өздүк баракча
  • 3 х 4 өлчөмүндөгү  2 даана  сүрөт
  • Паспорттун же өздүгүн  күбөлөндүргөн  башка  документтердин көчүрмөсү
  • Жогорку же  атайын  орто билим  жөнүндөгү  дипломдун көчүрмөсү

(күбөлүк, сертификат ж.б. документтердин  көчүрмөлөрү.

  • Эмгек  китепчесинен  көчүрмө
  • Резюме
  • Өмүр баян

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  массалык  маалымат каражаттарына  жарыялангандан  кийин  эки  жуманын ичинде  төмөнкү  дарек боюнча  жүргүзүлөт.

Дареги :   Чаткал  району  Терек-Сай   айыл  аймагы

                  Байланыш  телефону:   (37-49)  6-01-97

Квалификациялык  талаптарга  жооп берген  талапкерлерге  конкурс өткөрүлүүчү  күнү  маалымат   берилет.

Колу жеңил, ак пейилдүү киндик эне

       айша нурбаеваIMG_3777 (2)    

Дүйнө жүзүндө бир күндө миңдеген наристелер жарык дүйнөгө келишет, алардын жарык дүйнөгө келиши ата-энесин гана эмес, мээрман киндик энелерди да чоң кубанычка бөлөшөт. Умай энелердин алтын колдору менен наристелер коомубузду шаңга бөлөп, келечекке жол алышат, алардын эмгектерине баа жеткис, түйшүктүү жана өтө жоопкерчиликтүү. Ошондой өз кесибин сүйүп, талыкпай иштеп келе жаткан мээрман энелерибиздин бири жүздөгөн ымыркайлардын киндик энеси Айшабү Нурбаева болуп эсептелет.

нурбаева айшаIMG_3776 (2)

Айшабү Нурбаева 1962-жылы 5-январда Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган.1979-жылы орто мектепти аяктаган соң, Жалал-Абад медициналык окуу жайынын акушердик бөлүмүнө тапшырып,1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, алгач эмгек жолун Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Жеңил колдору жана ак пейили менен болочок энелерге жылуу мамиле жасап, ал тургай  төрөтү оор болгон, өмүрү кылдын учунда турган энелерди да аман-эсен көз жардырып, нечендеген энелер гана эмес анын бардык жалпы үй-бүлөсүнүн алкышына татыды. Далай жолу күндү-күн, түндү түн дебей уйкусуз атырган күндөрү да болгон.

нурбаева айшаIMG_3773

Албетте, айтып олтурсак мээрман умай энебиздин энелерге кылган камкордугу айтып бүткүс. Ушундай ак эмгегинин жемиши менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алкыштарга жана ондогон “Ардак Грамоталарга” ээ боло алды.

нурбаева айшаIMG_3765нурбаева айшаIMG_3760

Алсак,  2009-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Ж.Эгембердиева тарабынан райондун социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен,  2010-жылы Жалал-Абад мамлекеттик администрация башчысы губернатор К.Масиров тарабынан көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип,чоң ийгиликтерди камсыз кылгандыгы үчүн ”Ардак Грамотасы” менен,

нурабаева айшаIMG_3762айша нурбаеваMG_3757нурабаева айшаIMG_3763

2013-жылы Чаткал райондук аялдар кеңеши тарабынан медицина тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардак Грамота” жана ушул эле жылы областтык саламаттык сактоо координатору М.Миянов жана областтык ССККБК төрагасы Э. Исмаев тарабынан калктын ден-соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Ардак Грамотасы” ошондой эле, 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы,жогорку кесипкөйлүгү үчүн  КР. Саламаттыкты сактоо министри Т. А. Батыралиев тарабынан “Ардак Грамотага” ээ болгон.

нурбаева айшаIMG_3766

“Элге кызмат кылып, журтка жарандуу, өлкөгө керектүү болуу-эбегейсиз бакыт, улуу дөөлөт”-демекчи, киндик эненин кызматына миңдеген алкыш сыйлыктарды ыйгарсак да анын эмгегин жеткире баалай албаспыз. Айшабү Нурбаева учурда да Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн акушерка-гинеколог кызматын аркалап, жаш кызматкерлерге өзүнүн мыкты тажрыйбаларын үйрөтүп, энелерге жана наристелерге кам көрүп, талыкпай эмгектенип келүүдө. Киндик эне айша Нурбаева алгач иштей баштаганда өзүнүн жеңил колдору менен жарык дүйнөгө алып келген ымыркайлар бүгүнкү күндө өздөрү ата-эне болуп калган кездери. Алар киндик энеге чексиз ыраазы экендигин жашырышпайт.

Түйшүктүү кесипти аркалаган биздин каарман, айыл элинин бел туткан умай энеси, жети баланы тарбиялап чоңойтуп, беш неберени эркелетип,жолдошу менен бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Эл үчүн, энелер үчүн талыкпай эмгектенген Айшабү Нурбаева мындан ары да ата-энелердин кубанычын арттырып,  наристелердин күлкүсүнүн улам жаңырып турушуна себепкер киндик эне болуп жүрө берсин демекчибиз.

Гүлмайрам Ташбаева КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү

Көп кырдуу дарыгер Сатыбалды Жоробеков

 

Элдин ден-соолугунун саламаттыгы дарыгерлердин колунда. Алар канчалык тажрыйбалуу болуп, ишин тың жана жоопкерчилик менен алып барса, сыркоолоп келгендердин дарты жеңилдеп, өмүрүнө өмүр кошулаары шексиз. Дегеле дарыгерлер   өмүрдүн сакчылары, миңдеген дарттардын жеңүүчүлөрү. Ушундай дарыгерлердин бири тактап айтканда, көп кырдуу инсан десек да жарашкан Сатыбалды Жоробеков.

жоробеков сатыбалды20150903_115712 — копия (2)

Ал 1963-жылы Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Бактылуу балалык  чагы дал ушул айылда өтүп, убакыт келип бой жетип, Кыргыз Мамлекеттик Медицина иниститутуна тапшырып,  ал жерди 1987-жылы ийгиликтүү аяктапган. Алгач 1987-1988 жылдары Ош областык ооруканасында бир жылдык интернатурасын өтөп, 1988-жылдан тартып 1990-жылга чейин Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканада врач анестезиолог-реаниматолог, 1990-1992 жылдары Көк-Серек участкалык ооруканасында башкы дарыгер,1992-жылдан 1998-жылга чейин Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканасында врач анестезиолог-реаниматолог болуп эмгектенет. Андан соң, тактап айтканда, 1998-жылдан тартып, Чаткал районунун борборлоштурулган райондук ооруканасында врач анестезиолог-реаниматолог, терапевт, УЗИ диагностикасында адис болуп эмгектенет. 2006-жылдан тарта ушул эле ооруканада хирургия бөлүм башчысы, мындан тышкары акушер-гинеколог, рабиолог, гельминтолог, жана онколог кызматында иштейт. Ал эми,  2014-жылдан баштап  врач онколог, УЗИ диагностикасында узист жана КДО бөлүмдө бөлүм башчы болуп эмгектенип келе жатат.

жоробеков сатыбалды20150903_115533 (2)

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, жигит курак кезинен тартып ушул күнгө чейин медицина тармагынын бир гана тармагы менен гана чектелип калбай ар тарабынан билим алып, элдин ден-соолугунун саламаттыгына кам көрүп, көп кырдуу дарыгерлердин катарынан орун алып келет. Ошондой эле көп кырдуу дарыгерибиздин элдин ден-соолугуна кам көрүүдөн тышкары дагы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө кызмат кылгандарга жана андагы энелерге бир топ шарттарды түзүп берүүгө жетишти, мындан тышкары хирургия бөлүмүнө да кошкон салымы чоң.

жоробеков сатыбалды20150903_120054 — копия (2)

Ушундай келечек жаштарга үлгү болор дарыгерибиздин эмгектери бааланып, 2007-жылы “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси, 2012-жылы Жалал-Абад областынын губернаторунун “Ардак” грамотасы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана ошондой эле Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун администрациясынын “Ардак Грамотасы”  менен сыйланган.

жоробеков сатыбалды20150903_115533 (3)

Эл ичинде элдин батасын алып, ишинде жалпы иш жамаатында кадыр баркка арзып  келет. Үй бүлөсүндө  камкор ата эки уул,үч кызды жубайы Айтилла экөө тарбиялап өстүрүп, учурда туң уулу Марат Бишкек шаарында музыканттык кесипти аркалоо менен бирге эле, республикалык деңгээлдеги ырчыларга ыр жазып ырларын оранжировкалап кызмат көрсөтүп келет.

сатыбалды жоробеков20150903_130055 (2)

 

 

Чоң кызы Айжамал Москва шаарында чач тарач стилист болуп иштөөдө. Ал эми  кийинки уулу Алмазбек Бишкек шаарынан бир жылдык ашпозчу кесибин бүтүргөн. Кызы Назгүл Бишкек шаарында ИСИТОнун мед колледжинде фармация факультетинде окууда. Кичүү кызы Жасмин  Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы гимназия мектебинде окуйт.

жоробеков сатыбалды20150903_115229 — копия (3)

 

 

Көп кырдуу инсан, белгилүү дарыгер Сатыбалды Жоробековдой инсандар ылайы эл ичинде көп болсун демекчибиз.

Гүлмайрам Ташбаева КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү

“Терек-Сай жаштары” айыл аймакка бир топ демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүдө

мамбеткулов уланбек терексай жаштарыIMG_3846 (2) у мамбеткулов терексай жаштары

Чаткал өрөөнүнүн жер алдындагы кен байлыктарын чалгындоо, өндүрүү иштери ар кайсы жактан келген фирмалар тарабынан жүргүзүлүп келаткандыгы маалым. Булардын ичинде көбү чет элдик фирмалар болсо, айрымдары атамекендик фирмалар болуп эсептелет. Муну айтайын дегеним, жер алдындагы кендерди өндүрүүдө жергиликтүү жарандар да өз алдынча фирма ачып, чет элдик фирмалардан кем калышпай, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздай башташкандыгы кимди болсо кубандырат. Булардын бири “Терек-Сай жаштары” фирмасы.

Бул фирма аты айтылып тургандай, Терек-Сайдын тургуну, азыркы учурда аталган фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов тарабынан түзулгөн. Ал эми, фирманын башкы директору Искендер Таиров.

“Терек-Сай жаштары” фирмасы өткөн жылы Терек-Сайдагы сурьма кенин аукциондон утуп алгандыгы көпчүлүккө белгилүү. Бүгүнкү күндө, фирма утуп алган сурьма кенинде иш баштала элек, тактап айтканда, кенди керектүү өндүрүүгө шарттар түзүлүүдө.

Азыркы кезде фирмада толук кандуу жумуш баштала элек болсо да, Терек-Сай айыл аймагынын жаштарынан он эки тургун жумуш мене камсыз болуп, баары күзөтчүлүк жумушта иштешүүдө. Антсе да, фирма тарабынан Терек-Сай айыл аймагына бир топ социалдык жардамдарды берилип келаткан кези. Атап айтсак, Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын жаштарына фирма тарабынан жалпысы сексен беш миң сомдук стол тенниси, воллейбол жана баскетбол оюндарынын керектүү спорттук шаймандары алынып берилген. Ал эми, мындан сырткары, өтүп бараткан жылдын биринчи жарымында, аукциондон утуп алган фирма катары мыйзамга ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине 17 млн. сомдон ашуун акча каражатын которуп беришип, айыл аймактын бир топ социалдык көйгөйлөрүнүн чечилишине зор салым кошо алышты.

-кенди өндүрүүгө толук кандуу жумуштар эмки жылдан башталмакчы. Ага чейин деле Терек-Сай айыл аймагына ар тараптуу колдоолорду көрсөтө бермекчибиз-дейт фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов.

Уланбек Мамбеткулов өзү да өздүк каражатынын эсебинен айыл аймакка демөөрчүлүк көрсөтүп келаткандыгын билдирди. Анын билдиришинче, быйылкы 31-август-КР. Эгемендүүлүк майрамына карата айыл аймакка 10 миң сом берген. Ал эми, быйылкы жаңы окуу жылында Чымканаев орто мектебине 40 миң сомдук демөөрчүлүк көрсөткөн. Мындан сырткары, фирмада иштеп жаткан жаштарга воллейбол оюнуна спорттук кийимдерди алып берген.

Сөз соңунда, “Терек-Сай жаштары” сыяктуу жергиликтүү фирмалардын саны мындан ары да артып, чет элдик фирмалар менен теңтайлаша иштеп, мыйзамды түшүнө билген, элге да, жерге да бирдей маданияттуу жана сарамжалдуу мамиле жасаган жергиликтүү фирмалар көбөйө берсин демекчибиз.

М. Эшназаров