Архив за месяц: Август 2015

Кулактандыруу!

Урматтуу салык төлөөчүлөр!

Мамлекеттик салык кызматы эскертет: ушул жылдын 1-сентябрына чейин автоунаа салыгын, 2-сентябрына чейин — турак үйлөргө жана батирлерге салыкты жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу – чарба жер участоктору үчүн) төлөө зарыл.

Салыкты өз учурунда төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Баардык маалыматты 194 номурунан жана www.sti.gov.kg сайытынан билүүгө болот.

Чаткал райондук салык кызматы

Район борбору көркүнө келүүдө

Район борбору Каныш-Кыя айылынын көчө бойлорундагы соода түйүндөрү оңдолуп-түзөлүп, иретке келтириле баштады.

IMG_3479

Булардын бири-айылдын чок ортосундагы “Канышай” соода дүкөнү. Бул дүкөндүн тээ Союз мезгилиндеги мыкты абалын кимдер билбейт. Акыркы мезгилдерди дүкөндүн кунары кетип, район борборунун көркүн ачмак турсун, тетирисинче, көркүн бузуп
тургандыгы жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө дүкөн ээси, жеке ишкер Талантбек Ботобеков аталган соода жайынын ичи-тышын заманбап түскө келтирип, оңдоп-түзөп жаткан кези. –Дүкөндүн ичи-тышын азыркы заманбап евро үлгүдө оңдотуп атабыз. Алдыда районубуздун 80 жылдык маарекеси сыяктуу бир топ маанилүү иш чаралар бар эмеспи. Ушул сыяктуу маарекелерде районубузга келген меймандарды район борборунун көрүнүшү кайдыгер калтырбаса деген эле тилек-дейт жеке ишкер Т. Ботобеков.

Эскерте кетсек, район борборуна мындан сырткары да, бир топ жаңы  мекемелер, соода түйүндөрү ж.б. бир топ имараттар салынып, район борбору жыл өткөн сайын көркүнө келүүдө.

IMG_3478 IMG_3476

Чаткалдык жаш спортчу дүйнөлүк бийиктиктерди багынтууда

 

Кезинде районубуздан чыккан чыгаан спортчулар Тообай Эрматов, Жамалбек Кошбаевдердин жолун улантып, бүгүнкү күндө, спорттун дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлдерин багынткан спортчулар чыгып келе жаткандыгы кимди болсо да кубандырбай койбойт. Алардын бири-Дүйшөнкул уулу Нуркамил.

 

ДуйшонкулIMG_20150519_150639_11 уулу Нуркамил 1992-жылы 8-августта Жаңы-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылы Т. Жаналиев орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетине тапшырат.IMG_20150513_091158_27

Спортко болгон кызыгуусу 2-класста башталып, спорттогу биринчи мугалими Кошбаев Кабылдын колунда 2 жыл спорттун дзю-до түрү менен машыгат. Андан соң, мектепти аяктаганга чейин эркин күрөш жана кур күрөш менен (мугалимдери-Мамыров Райкан,Кошбаев Кабыл, Убалиев Калый) машыгат. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле,күрөш жаатында ийгиликтерге жетишип, 8-11 класстарда окуучулар арасында эркин күрөш боюнча өткөн областык мелдештерде 1-2-3 орундарды багынта алган.

Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетине тапшырган соң, 2010-2011 жылдары окуу жайдын даярдоо курсун окуу үчүн Түркия мамлекетинин Болу шаарында 1 жыл окуйт. Болу шаарында да спорт менен астейдил шугулданганын токтотпой, тетирисинче,  өзүнүн чеберчилиги менен түрк спорт адистеринин назарына илинип, Болу шаардык эркин күрөш федерациясынын курамына кирип, эркин күрөш чебери Ухут Четиндин кол алдында машыгат.

2011-жылдан баштап ОшМУнун теология факультетинде кайрадан окуусун улантып, азыркы кезде ушул  окуу жайда 4 курста окууда.

IMG_20150513_091056_26IMG_20150519_150802_30

Нуркамил 2013-жылдан баштап карате-до боюнча 6-дан кара курдун ээси Рысбеков Нурдөөлөттүн кол астында спорттун карате-до спорту менен машыгып баштайт. Ал бул жаатта да да бир топ ийгиликтерди жаратып, 2013-жылы Түркия Мамлекетинин Алашехир шаарында  түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда өткөн ачык чемпионатта 3-орунду ал эми, 2014-жылы Косово мамлекетинин Приштина шаарында өткөн карате-до WSKU дүйнөлүк чемпионатында 3-орунду багынтса, 2015-жылы Ош шаарында өткөн Кыргызстандын ачык чемпионатында 1-орунду ээледи. Мындан башка да, бир топ эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багынтып келүүдө.

Нуркамил өзү окуган жогорку окуу жайдын турмушуна активдүү аралашып, андан өз ордун тапкан. Ал тактап айтканда, 2013-2014 жылдары ОшМунун  теология факультетинин жаштар комитетинин төрагасы болуп иштесе,  2014-жылдан баштап ушул эле факультеттин жаштар акыйкатчысы болуп иштеп келүүдө.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчуга мындан ары да ар тараптуу жетишкендиктерди каалап кетмекчибиз.

Чаткалдык имамдар «Ыйман» фондунан айлык ала башташты

коллегия апрель 1

Жакынкы күндөрдөн баштап Кыргызстандагы жума окулган мечиттердин имамдарына «Ыйман» фонду тарабынан айлык бериле баштады.

Белгилей кетсек, «Ыйман» фонду мамлекет тарабынан президент Алмазбек Атамбаев Шаршеновичтин колдоосу менен атайын түзүлгөн бир фонд.  Бул фондго Туркия мамлекети атайын жардамын узатып акча которгон. Ошол жардамдан имамдарга айлык чыгарып берүүдө. Бул фонд имамдарды айлык менен камсыздоо үчүн 3 шарт менен, 1-Мечиттин катталган болуусу, 2-айлык алуучу имам ханафий (Имам Аъзам) мазхабында болуусу ал эми, 3-Аттестациядан өтүүсү тийиш болгон шарттар менен гана камсыздоодо.

Чаткал районунун имам хатиби, ажы Кубанычбек Токоновдун маалымдашынча, 10-июнда муфтиятта уюштурулган аттестациядан районубуздагы 9 имамдан 8 имам катышып өтүп келишип, аталган фонддон айлык ала башташты. Учурда Чаткал районунда 9 мечит бар. Булардын баары каттоодон өткөн. Бул мечиттердин имамдары талапка ылайык, ханафий мазхабында. Бир гана Жаңы-Базардын имамы Эгембердиев Абдыкадыр аттестацияга белгилүү себептерден улам, баралбай калды. Азыркы учурда 8 имам «Ыйман» фондунан 4850 сомдон айлык ала башташты.