Архив за месяц: Август 2015

Статистика тармагына ат көтөргүс эмгек сиңирген

 

 

Күнү кече эле арабызда жүрүп, пенсия курагында болсо да жаштардан кем калышпай иштеп, өзгөлөргө өрнөк болуп жүргөн агабыз, бир бөлмөдө бетмаңдай отурган Токобаев өскөнбай агабыздын арабыздан кеткенине билинбей эле эки айга чукул убакыт өтүп кетиптир. Ал киши көзү тирүүсүндө райондогу статистика тармагына дегеле, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ат көтөргүс эмгек сиңирип, ошонусу менен элдин кадырлоосуна жетишкен инсан эле. Мындай инсанды эл алдында дагы бир ирет эскере кетсем, артыкбаш кылбас деп ойлойм.

ө токобаевКопия 20150828_141417

 

Токобаев Өскөнбай  1951-жылы туулган, билими жогорку, экономист Кыргыз Агрардык Академиясынын агрардык өндүрүштүн экономикасы  жана башкаруу адистигин алган.

ө ТОКОБАЕВ20150828_142247

Ал өзүнүн  алгачкы эмгек жолун 1968-жылы  Ала-Бука районунун  Чаткал совхозунда жумушчу болуп  иштөөдөн баштаган. 1973-1988-жылдары  Чаткал мал чарба  станциясында, Башкы-Терек  совхозунда экономист жана  башкы экономист  болуп эмгектенип, райондун түптөлүшүнө көрүнүктүү салым кошкон.

ө токобаев20150828_140558

Мында иштеген жылдары тууралуу ошол кезде аны менен бирге иштешкен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Саматкул Максымбеков да Өскөнбай Токобаев тууралуу жылуу пикирин айтып келет.

ө токобаев20150828_141046

Ал андан соң, 1988-1995-жылдары  Каныш-Кыя совхозунда  башкы  экономист  болуп иштеп, 1995-жылдын  май айынан  өмүрүнүн акырына чейин  экономист, башкы адис,  жетекчинин  орун басары   болуп  Чаткал райондук  мамлекеттик статистика  бөлүмүндө  үзүрлүү  эмгектенип  келген.

ө токобаев20150828_141417

Өскөнбай Токобаев 1979-89-99-2009-жылдардагы  Эл каттоолордо  жана  2002-2003-жылдардагы  айыл чарба каттоосунда  инструктор, бөлүм  башчы, жетекчинин  орун басары   катары  иш алып  барган. Ал эми азыркы мезгилде  башкы  адис  болуп  иштеп келген.

Башкы-Терек, Каныш-Кыя   совхоздорунда  иштеп жүргөн мезгилдеринде райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымдары ошол кездеги мамлекеттик бийлик органдары тарабынан эске алынып, бир нече жолу совхоз  дирекциясы,  райондук  партиялык  комитети  тарабынан “Ардак  Грамоталарга”  татыктуу  болгон.  Тактап айтканда, Чаткал  райондук   мамлекеттик  администрациясынын  эки жолу,  Жалал-Абад  облустук  мамлекеттик  статистика  башкармасынын,  Жалал-Абад облустук  мамлекеттик  администациясынын  жана Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  статистика  комитетинин  “Ардак  грамоталары”  менен  сыйланган.

ө токобаев20150828_141801

Ал эми, 2010-жылы  көп жылдык  үзүрлүү эмгеги үчүн  Кыргыз  Республикасынын  статистика  кызматынын  отличниги  төш  белгисине  татыктуу болгон.  2012-жылдын  жыйынтыгы  менен  Өскөнбай Токобаевге Жалал-Абад областынын  аймагындагы  райондук, шаардык  мамлекеттик  статистика  бөлүмдөрүнүн  арасындагы  мелдештин   шарттары боюнча 2012-жылдын  “Эң  мыкты  кесипкөй башкы  адиси” наамы  ыйгарылган.

Токобаев  Өскөнбай  басып өткөн  эмгек  жолунда такшалган  тажрыйбалуу  экономист,  жөндөмдүүлүгү  жогору  инсан,  адис катары  иш алып  барды.   Тапшырылган  ар кандай   иштерди  жогорку  жоопкерчиликти  сезүү менен өз  убагында  так жана сапаттуу аткарууга жетишкен.

Мамлекеттик  жана  коомдук  иштерге  активдүү  катышуу  менен райондук  деңгээлде жана өз коллективинин арасында  кадыр баркка ээ жана  коллективде  жаш адистерди  тарбиялоодо мыкты   насаатчы  эле.

Анын аткарган иштери, жүрүш-турушу көпчүлүгүнө асыресе, өсүп келаткан жаш кадрларга үлгү болгон. Өскөнбай Токобаевди калк өтө принципиалдуу, көп нерсеге көзү жетик жана өз ишинин майын чыгарган жана аткарган иши үчүн эч кимге милдет кылбаган ак жүрөк инсан катары билишчү десем жаңылышпайм.

Чындыгында, райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн мыкты билген мындай тажрыйбалуу экономист райондо сейрек экендиги талашсыз.

ө токобаев20150828_141644

 

 

Айрыкча, анын пенсияга чыкса да, арыдым, карыдым-дебей, жаштардан кем калышпай иштеп, райондук статистика бөлүмүнүн кызматкерлерине гана эмес, райондогу бир топ мекемелердин эсепчилерине билгенин үйрөтүп, аларга жол көрсөткөн мыкты насаатчы катары иштеп келгендиги мактоого гана татырлык.

Мамлекеттик  кызматтын  1-класстагы   инспектору  болгон.

ө токобаевКопия (3) 20150828_141644

7 баланы  тарбиялап  чоңойткон. 16 неберенин чоң атасы жана таятасы. Уулдарынын ичинен кичүүсү Бекболсун ата жолун жолдоп, экономист-бухгалтер кесибин аркалап келүүдө. Ал азыр борбор калаадагы жеке фирмалардын бирине башкы эсепчи болуп эмгектенип жаткан кези.

Чаткал районунун акими К. Эшалиев 2013-жылдын  ардактуу атуулдары О. Токобаев. П. Балташев. С. Мамбеткулов менен. 31-август. 2013-жыл 1

Өскөнбай Токобаевге көп  жылдык  үзүрлүү  эмгеги жана райондун  социалдык-экономикалык  жактан  өнүгүүсүнө  кошкон  бараандуу  салымы   үчүн  “Чаткал  районунун  Ардактуу  атуулу”  наамы ыйгарылган.

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев айткандай, мындай жетик инсандардын көзү өтүп кетсе да, жасаган эмгеги албетте, элдин эсинде түбөлүк сакталып кала бермекчи.

А. Стамбеков, райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси

 

31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Канжарбек Эшалиевдин район калкын куттуктоосу!

ipp

Урматтуу районубуздун калайык калкы! Кадырлуу ата-эне, ага-ини, эже-карындаштар!

Убакыт өтүп, жыл айланып, минтип,  мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн чоң салтанат менен белгилөөчү күн да кирип келди.

Бул күндү көрүүнү эңсеп, ата-бабаларыбыз эчен кылымдап кан төгүп, жан берсе да, улуттук ар намысын бийик тутуп жашап келишкен. Эгемендүүлүк мезгили минтип, биздин доордун шыбагасына туш келип, аны жыл сайын белгилеп келебиз.

Мамлекетибиз эгемен болгонуна быйыл жыйырма төрт жыл толуп олтурат. өткөн жыйырма төрт жыл ичинде жаш Кыргыз мамлекети канчалаган саясий, экономикалык оош-кыйыштарды башынан өткөрүп, ага карабай өз эгемендүүлүгүн сактап, ага жараша башка мамлекеттерге демократиялык принциптеринен тайбаган эркин өлкө катары белгилүү болуп келе жаткандыгы кубандырат. Башка чоң мамлекеттер Кыргызстандын эгемендүүлүүлүгүн таанып, мамлекетибиз алар менен теңата ар кандай саясий-экономикалык жана аскерий алакаларды түзүп, ошонусу менен эл аралык деңгээлде өз аброюн сактап келет.

Урматтуу районубуздун тургундары!

Кадырлуу журтташтар!

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоого ар бир кыргызстандык өз салымын кошуусу тийиш. Бул үчүн өз мекенин сүйгөн чыныгы атуул катары мамлекеттүүлүгүбүздү мамлекеттин ичинде да, сыртында да сактай билип, ага шек келтирбей, тетирисинче, кайда болсок да атуулдук бийик парзыбызды унутпай жүрсөк, ошол биздин мамлекетибиздин чыңдалышына кошкон зор салымыбыз-деп ойлойм.

Ошондуктан, ар бирибиз эгемен мамлекетибиздин алдында өз милдетибизди так билип, ага жараша чыныгы атуул катары мамлекетибиздин мындан ары чыңдалышына өзүбүздүн ар тараптуу салымыбызды кошо билели демекчимин.

Урматуу ага-ини, эже-карындаш жана бир туугандар!

Баарыңыздарды кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан кызуу куттуктап, жалпыңыздарга ден соолук жана чексиз бакыт каалап кетмекчимин.

К. Эшалиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

Пенсия төлөмдөрү көбөйтүлөт

IMG_2557

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун  негизги милдеттеринин бири болуп жарандарды пенсия менен  камсыз кылуу жана пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында, пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү менен бирге, пенсиялардын орточо өлчөмүн эң төмөнкү  керектөөчү бюджеттин өлчөмүнөн жогорку денгээлде сактоо болуп саналат.

Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2014-жыл 24.11. №670 токтому менен «Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы» бекитилип, ишке кирген. Концепцияда жашоо өсүп жаткан шартта пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу, жарандардын пенсия алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекет кепилдиктерди күчөтүү үчүн иш чаралар каралган.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.06.2015-жылдагы №411 «2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү  төмөндөгүдөй тартипте көбөйтүлөт:

(А) 2015-жылдын 1-сентябрына карата 40 жыл жана андан көп  камсыздандыруу стажы бар эркектерге жана 35 жыл же андан көп камсыздандыруу стажы бар аялдарга, ошондой эле 1-топтогу майыптарга 500 сомго жогорулатылат.

(Б) Калган пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 250 сомго  жогорулатылат.

1-мисал: Аманов Б 2010-жылдан бери жаш курагы боюнча пенсия алат. 2015-жыл 01.09 карата анын жалпы камсыздандыруу стажы 41 жыл 5 айга барабар жана электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде пенсиясынын өлчөмү 3205 сомду түзөт. Демек анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүп, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясы 3705 сомго барабар болот (3205+500).

2-мисал Акматов А 1-топтогу  майыптыгы боюнча 4400 өлчөмүндө пенсия алат. 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт, өлчөмү 4900сомго жетет.(4400+500=4900)

2-топтогу майыптыгы боюнча  пенсия алгандарга: биринчи кезекте 2015-ж 01.09. карата анын  камсыздандыруу стажы аныкталат. Эгерде 2015-жыл 01.09. карата  2-топтогу  майыптыгы боюнча пенсия алган эркектин 40 жыл же андан көп камсыздандыруу стажы жана аялдын 35 же андан көп камсыздандыруу стажы болсо анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөндөн аз болсо 250 сом кошулат.

3-мисал Кожомкулова Г 2-топтогу майыптыгы боюнча 3850 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 37 жыл демек анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүп,  2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясынын өлчөмү 4350 сомго  жетет. (3850+500=4350)

4-мисал Асанов Т  жаш курагы боюнча пенсионер 2015-жыл 01.09 карата электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде пенсиясынын өлчөмү 4732 сомду түзөт. Анын камсыздандыруу стажы 38 жыл 2015-жыл 01.09 карата анын пенсиясы 250 сомго көбөйтүлүп 4982 сомго барабар болот.(4732+250=4982)

5-мисал Алиев А 2-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алат. Пенсиясынын өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде 2250 сом жалпы камсыздандыруу стажы 10 жыл 2015-жыл 01.09 тартып анын пенсиясынын өлчөмү 250 сомго көбөйтүлүп 2500 сомго жетет. (2250+250=2500)

3-топтогу майыптыгы боюнча пенсияларда да камсыздандыруу стажы аныкталат. Эгерде 2015-жыл 01.09 карата 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган эркектин 40 же андан көп стажы  жана аялдын 35 же андан көп камсыздандыруу стажы болсо анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт. Бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 250 сом төлөнөт. (500*50%=250сом)

Эгерде 3-топтогу майыптын стажы 40 жана 35 жылга жетпесе, анын пенсиясы 125 сомго көбөйтүлөт.(250*50%=125сом)

6-мисал Ашымова С 3-топтогу майыптыгы боюнча 1857 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 36 жыл 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүшү керек, бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 250 сом төлөнөт. (500*50%=250 сом). Пенсиясы 2015-ж 01.09 баштап 2107 сомду  түзөт. (1857+250=2107)

7-мисал Кадыров Н -3-топтогу майыптыгы боюнча 1613 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 16 жыл. 2015-жыл 1-сентябрынан тартып  пенсиясы  250 сомго көбөйтүлүп, бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 125 сом төлөнөт. (250*50%=125сом)

Бийик толуу шарттарда курагы боюнча пенсия алган адамдардын камсыздандыруу стажы 2015-ж 01.09 карата 1,5 эселенген өлчөмдө эсептелет.(КР Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдын 8-ст ылайык аныкталат)

8-мисал:- Кемелов И.К-5465 сом өлчөмүндө пенсия алат. 2015-жыл 01.09 карата жалпы стажы 48 жыл (Бир жарым өлчөмүндө  эсептелинген бийик толуу шарттардагы стажын кошкондо) 2015-жыл 01.09 тартып анын пенсиясына 500 сомго көбөйтүлүп, 5965 сомду түзөт. (5465+500=5965)

Пенсияларды кайра эсептөөнүн дагы бир өзгөчөлүгү индексацияланган эмгек акысы 8000 сомдон жогору болгон адамдардын пенсиясынын биринчи камсыздандыруу бөлүгү  да СП1 кайра эсептелинет. Пенсиялык камсыздандыруу мыйзамынын 23-ст ылайык жекече эсепке алууга чейинки орточо айлык эмгек акы 80 эсептешүү  көрсөткүчүнөн ашпашы керек. Ушундан улам эмгек акысына райондук коэффицент белгиленген жерлерде жашаган жарандар үчүн орточо айлык эмгек акынын эң жогорку чеги 2015-жылдын 01.09 чейин 8000 сом өлчөмүндө эсептелинип келген. «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, Пенсияны эсептөө  үчүн эмгек акыга түзөтүү  коэффиценттери жөнүндө) КР мыйзамы менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө чектөөлөр алынып салынды. Ошентип буга чейин пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү чектелген 8000 сомдон эсептелинип келген адамдарга мындан ары өзү иштеп тапкан орточо айлык эмгек акысынан эсептеле баштайт.

9-мисал:-К.Абдрамановдун пенсиясы 2015-ж 01.09.карата 7250 сомду түзөт, анын жалпы камсыздандыруу стажы 42 жыл (а. и. 1996-жылга чейинки стажы 24 жыл) 2015-ж 01.09 карата индексацияланган орточо айлык эмгек акысы 17268 сомду  түзөт. Пенсиясын

кайра эсептөөгө чейин пенсиясынын 1-чи камсыздандыруу бөлүгү (СП1) чектелген 8000 сомдон эсептелинип, 1920 сомго барабар болгон (8000*24%=1920). 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын 1-чи камсыздандыруу бөлүгү (СП1) өзү иштеп тапкан орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнө  карата эсептеле баштайт жана 4144 сомду түзөт (17268*24%). Натыйжада К Абдрамановдун пенсиясы 01.09.2015-ж тартып 9974 сомго барабар болот.(7250+500+2224(4144-1920))

№2 тизме боюнча женилдетилген пенсия алуучу жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн Социалдык фонд аркылуу, ал эми базалык жана 1-чи камсыздандыруу бөлүгүн иш берүүчү төлөгөн пенсионерлердин пенсиясы да мыйзам чегинде кайра эсептелинет.

Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия баккан адамдын 2-топтогу майыптыгы боюнча пенсиясы катары эсептелинет (Пенсиялык  мыйзамдын 7,15,19-ст) жана Пенсиялык мыйзамдын 19-ст ылайык  дайындалат.

1). Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү, багуучусунда калган адамга чектелген  пенсиянын өлчөмүнө  карата кайра эсептелинет:

А) 40 жыл же андан көп стажы бар эркектер үчүн жана 35 жыл же андан көп стажы бар аялдар үчүн:

-багуусунда калган бир адамга пенсия 250 сомго көбөйтүлөт.(500*50%);

-багуусунда калган эки адамга-450 сомго (500*90%);

-багуусунда калган үч адамга-600 сомго (500*120%);

-багуусунда калган төрт же андан көп адамга 750 сомго (500*150%).

Б) 40 жылга жетпеген стажы бар эркектер үчүн 35 жылга жетпеген аялдар үчүн;

-багуусунда калган бир адамга пенсия 125 сомго көбөйтүлөт.(250*50%);

-багуусунда калган эки адамга-225 сомго (250*90%);

-багуусунда калган үч адамга-300 сомго (250*120%);

-багуусунда калган төрт же андан көп адамга 375 сомго (250*150%).

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун 1-пунктуна ылайык 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып «Аскер кызматкерлеринин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдын негизинде пенсия алып, кызматтан кеткенден кийин республиканын ар кайсыл тармактарында иштеп жаткан жана Социалдык фондко мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп жатышкан пенсионерлердин пенсиясынын 2- камсыздандыруу бөлүгү  да кайра эсептелинет.

Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык 1-жолу чектелип жаткан пенсиялардын  камсыздандыруу  бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып көбөйтүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык электр энергиясы үчүн белгиленген компенсациялык төлөмдөр өзгөртүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  2005-жыл 12-январындагы №10 токтому менен бекитилген «Пенсияны дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө»  жобо  менен пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиялык иштеги документтер боюнча мурда жүргүзүлгөн  баардык  кайра эсептөөлөр сакталуу бойдон  калат, ошондуктан 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу  өлчөмү да сакталышы керек.

2015-жылдын 1-сентябрындагы кайра эсептөө менен  бир эле убакта башка негиздер  боюнча  пенсияны кайра эсептөөгө  укуктуу болгон учурда (пенсиянын экинчи камсыздандыруу  бөлүгүн кайра эсептөө (СП2); стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча маалыматтар боюнча  кайра  эсептөө; 80 жашка чыгуу ж.б) биринчи кезекте бул негиздер  боюнча пенсия кайра эсептелет, андан  кийин  2015-жылдын  1-сентябрынан  тартып  пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлөт. (ушул Методикалык  көрсөтмөлөрдө баяндалгандарды  эске  алуу менен өкмөтүнүн токтомунун  1-пунктунда  каралган ченемдер боюнча ).

Эгерде пенсионер 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин стажы жана эмгек акысы (СП2) кошумча документтерди, ошондой эле жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө маалыматты тапшырса, 2015-жылдын 1-сентябрынан кийинки пенсиянын жогорулатуу өлчөмү бул негиздер  боюнча кайра эсептөөгө байланыштуу  өзгөрүлбөйт.

2015-жылдын 1-сентябрынан кийин майыптык тобу, пенсиянын түрү же категориясы  өзгөргөн учурда  пенсияны  жогорулатуу   суммасы өзгөрүлбөйт.

10-мисал: Н.Гончарова  2-топтогу  майыптыгы боюнча пенсия алат жана  2015-ж 01.09. тартып анын пенсиясы 250 сомго көбөйтүлүүгө тийиш.  2015-жылдын 1-сентябрынан  кийин майыптык тобу    1-группага өзгөрсө да, көбөйтүлгөн суммасы (250 сом) ошол бойдон кала берет.

11-мисал К.Бекжонов 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алат жана стажы 11 жыл 2015-ж. 01.09. тартып анын пенсиясы 125 сомго көбөйтүлүгө тийиш. Бирок 2015-жылдын  1-сентябрынан кийин майыптык тобу  2-группага өзгөргөн учурда К.Бекжановдун пенсиясы 250 сомго көбөйөт.

Жогоруда белгиленгендей КР өкмөтү тарабынан пенсиялык камсыздоо системасын  өнүктүрүү компенсациясын иштеп чыгып, биздин жарандарды келечекте пенсия менен камсыздоо, пенсионерлердин социалдык  абалын чыңдоо максатында атайын иш чаралар кабыл алынып, бул багытта чоң реформалык  иш аракеттер көрүлүүдө.

Ал эми пенсияларды чектөө, төлөө, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү  жана башка Социалдык фондко тийиштүү маселелер  боюнча 6-01-41,6-02-66, 3-00-05, 3-00-06 телефондору аркылуу   байланышып  маалымат  алсаныздар болот.

А. Эшикулов, Чаткал райондук Социалдык фонд башкармасынын башчысы

Семинар: багбан Нарсулуу Абдылдаеванын күнөсканасы үлгү катары көрсөтүлдү

IMG_3694 IMG_3697 IMG_3699 IMG_3685 IMG_3684 IMG_3710 IMG_3692 IMG_3722 IMG_3724

25-август күнү Айгыр-Жал айылында Чаткал райондук Айыл Кеңеш кызматынын (АКК) адистери Дания мамлекети тарабынан каржыланган  “Азык-түлүккө болгон укук” программасынын алкагында “Чакан күнөсканаларды куруу. Отунду үнөмдүү пайдалануу” аттуу семинар болду.

Семинарга район акиминин биринчи орунбасары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын адиси Кубанычбек Осмонбеков, жергиликтүү журналисттер жана айыл тургундары катышты. Мында,  тренерлер-Эркеайым Рысбекова жана Сайкал Кулмурзаевалар катышуучуларга айыл шартында чакан күнөсканаларды кантип куруу жана пайдалануу, үй шартында жер семирткич жасоо, “Тезпаз” меши жана анын пайдасы, жумуртка багытындагы тоок багуунун пайдасы сыяктуу айыл калкынын турмуш-тиричилигине пайдалуу, айыл калкынын экономикасын көтөрүүгө жөндөмдүү бир топ иш чараларды түшүндүрүшүп, АКК тарабынан аткарылып жаткан иш чаралардын жыйынтыктары тууралуу айтып беришип, айрымдарын тажрыйба түрүндө көрсөтүштү.

Ал эми Айгыр-Жалдык дыйкан Нарсулуу Абдылдаева АККнын жардамы менен өзү куруп, ага бадыраң, помидор жана болгар калемпирин эгип, азыркы кезде пайдасын көрүп жаткан чакан күнөсканасы үлгү катары катышуучуларга тааныштырылды.

Семинардын соңунда, катышуучулар бул семинардан бир топ пайдалуу нерселерди үйрөнө алышкандыктарын бир ооздон белгилешти.

Ал эми, район акиминин биринчи орунбасары Ж. Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын адиси К. Осмонбековдор АКК кызматкерлерине айыл калкына эң керектүү иштерди аткарып жаткандыктары үчүн ыраазылыктарын билдиришти. АКК кызматкерлери өз кезегинде айылдардагы АККнын иштерине айыл башчылары жакындан жардам берип, айыл калкынын ички турмушун оңдоодо биргеликте аракеттенүүнүн ордуна салкын мамиле жасашып жаткандыктары тууралуу билдире кетишти.

М. Эшназаров

Айгыр-Жал айылына жаңы маданият үйү курулууда

айгыржал клуб 1 айгыржал клуб 2Чаткал районунун Айгыр-Жал айылына Каныш-Кыя айыл аймагынын каражатынын эсебинен айылдык маданият үйү курулууда. Айылдык маданият үйүнүн курулуш иштерин “Астасстрой” курулуш мекемеси алып барууда. Аталган маданият үйүнүн курулуш иштерине Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 8 млн. 318 миң 941 сом жумшалууда. Маданият үйүнүн курулуш иштери бүткөрүлүп, быйыл ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Чаткал районунун борборунун кире беришине дарбаза курулууда

IMG_3742Чаткал районунун алдыдагы 80 жылдык маарекесине карата район борбору Каныш-Кыя айылынын кире беришине дарбаза курулууда. Дарбазанын курулуш иштерине Каныш-Кыя айыл аймагынан 456 миң сом акча каражаты каралып, курулуш иштери “Бишкекстрой” курулуш мекемеси тарабынан иш жүзүнө ашырылууда. Аталган курулуш жакынкы күндөрдө курулуп бүтүп, ишке берилмекчи.

Башкы-Терек айылына бала бакча курулууда

6-тайпа 1

Чаткал районунун Башкы-Терек айылына Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен бала бакча курулууда. Бакчанын курулуш иштери “Асаба Чаткал” жана “Айти-Булак” ЖЧКлары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине айыл аймактын бюджетинен 8 млн. 987 миң сом каралган. Бакча быйыл ишке берилмекчи.

(сүрөттүн макалага тиешеси жок)

80 жылдыкка арналган дарбаза

27-августта Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын кире беришине алдыдагы Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата бийиктиги 7 метр ал эм, эни 11 метр 64 сантиметр болгон, жаңыдан курулган дарбазанын ачылыш аземи болду.

сүрөттүн макалага тиешеси жок

 

Ачылыш аземине район акиминин орунбасары Муратбек Досматов, Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков  баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган дарбазаны курууга Сумсар айыл аймагынын мурдагы башчысы Осмонбек Ботобеков менен Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы Райымкул Полотов демилге көтөрүп, дарбазаны куруу иши Бишкек шаарында иш жүргүзгөн “Сумсар, Шакафтар жаштар коому” тарабынан ишке ашырылып, курулуш иштерине аталган коом тарабынан жүз миң сомдон ашуун каражат сарпталды.

Ачылыш аземинде “Сумсар, Шакафтар жаштар коомунун” башчысы Султан Жороевге Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Ыраазылык кат”  жана Сумсар айыл аймагы тарабынан “Ардак Грамота” тапшырылды.

Кулактандыруу!!!

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы Болуш айылына спорттук клуб курууга тендер жарыяланат. Тендер 2015-жылдын 10-сентябрында күндүзгү саат 10.00 дө Терек-Сай айыл аймагынын имаратында өтөт. Дареги: Чаткал району, Терек-Сай айыл аймагы, Терек-Сай айылы, Б. Турдалив көчөсү, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн имараты. Байланыш үчүн тел: 0772 44 22 83