Архив за месяц: Июнь 2015

Темиркул Кошбаевдин музейи-гүлдөгөн доордун күзгүсү

кошбаевдин музейи 1кошбаевдин музейи 2

“Өмүр бизден өтүп  кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев даанышмандык менен айткандай, өз кезинде калкка кадыр-баркы артып, элге эбегейсиз эмгеги сиңген инсандарды ар дайым эскерип, алардын баа жеткис эмгектеринин кадырын бил жүрүү келечек муундарга парз эмеспи.  Ушундай изги тилектин жетегинде районубузга кезегинде зор эмгек сиңирген инсандардын жасап кеткен иштери эскерилип келаткандыгы кубандырат.

 

Албетте, Чаткалга зор эмгек кошбаевдин музейи 4кошбаевдин музейи 3сиңиргендердин башында көптөгөн инсандар менен бирге эле, Темиркул Кошбаев тураары шексиз. Бул республикага аттын кашкасындай белгилүү инсан быйыл 83 жашка чыкмак экен. Жарыкчылыкта канча узак жашаса да, эч бир адам баласы өлбөй калбайт экен. Антсе да, адамды өлбөс кылган анын эмгектери эмеспи. Темиркул Кошбаев өз кезинде республиканын, анын ичинде Чаткал районунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө тоодой эмгек жасап кеткендиктен, анын эмгектерин, өрнөктүү өмүр жолун кийинки урпактар унутпай жүрсүн үчүн жыл башында райондук жетекчилик тарабынан райондук мамлекеттик администрациянын имаратында музейи ачылган.

кошбаевдин музейи 6кошбаевдин музейи 5

Музейде Темиркул Кошбаевдин жумуш учурунда, ар кандай убактарда түшкөн сүрөттөрү, “Ардак Грамоталары”, баалуу сыйлыктары, иш кагаздары, олтуруп иштеген жумуш стол, отургучу айтоор, ал инсандын пайдаланып жүргөн айрым буюмдарына чейин ирээти менен коюлган. Музейге кирген адам Темиркул Кошбаевдин өрнөктүү өмүр жолу менен кеңири тааныша алат.  Көрүүчүлөр музей тууралуу өз таасирлерин жана каалоолорун жазып калтыруучу китепче да ачылган.  Бул музей бир жагынан белгилүү инсандын өрнөктүү өмүр жолунан кабар берсе, экинчи жагынан, Чаткал районунун гүлдөп, өнүгүп  турган мезгилин чагылдырып тургандыгы менен да баа жеткис десем жаңылышпайм.

Төмөндө өмүрү өрнөктүү инсандын бараандуу эмгек жолуна токтоло кетсек.

кошбаевдин музейи 12

Бир гана Чаткал районуна  эмес, Республиканын көпчүлүк жерлерине таанымал, учурунда өз эли үчүн жан үрөп эмгектенген инсан, Чаткал районунун ардактуу атуулу Темиркул Кошбаев көзү тирүү болгондо 9-майда 82 жаш курагына чыкмак. Бирок, улуу элибизде “Атаң өлсө да, атаңды көргөң өлбөсүн” деген кеп бар эмеси. Анын сыңарындай бүгүн туруп кечээкини эстебей калуу адамдык касиетке да сыйбас. Ошол багытта Темиркул Кошбаевди туулган күнүндө дагы бир жолу эстеп, анын жасаган эмгектерин эске алганыбыз эп.

Кошбаев Темиркул 1932-жылы 9-майда Ала-Бука районуна караштуу Айгыр-Жал айылында туулган. Ал кезде Чаткал Ала-Бука районуна карап турган.

1947-1950-жылдары Пржевальск айыл чарба техникумунда окуп, зоотехник кесибине ээ болгон.

кошбаевдин музейи 6кошбаевдин музейи 7

алгачкы эмгек жолун 1950-жылдын август айында Айгыр-Жал зоовет участкасында зоотехник болуп иштөө менен баштаган. 1953-жылдын сентябрь айынан 1955-жылдын май айына чейин Чаткал райондук айыл чарба башкармалыгында ага зоотехник, башкы зоотехник, 1956-жылдын июнь айынан 1957-жылдын сентябрь айына чейин Кызыл-Жар МТСда мал чарбасында ага зоотехник, 1957-жылдын сентябрынан 1962-жылдын август айына чейин К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институнун студенти болгон. Ала-Бука ветлечебницада 1962-жылдын август айынан 1963-жылдын апрель айына чейин дарылоочу врач, 1963-жылдын августунан 1964-жылдын январь айына чейин башчысы болуп иштеген. 1964-жылдын январь айынан 1966-жылдын август айына чейин Жаңы-Жол районунун Жаңы-Жол совхозунда башкы ветврач болуп эмгектенген. 1966-жылдын август айынан 1973-жылдын январь айына чейин Токтогул районундагы Үч-Терек совхозунда директор, 1973-жылдын январь айынан 1977-жылдын ноябрь айына чейин Ала-Бука районундагы “Бирлик” совхозунда директор, 1977-жылдын ноябрь айынан 1980-жылдын октябрь айына чейин Эл депутаттарынын Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.

кошбаевдин музейи 8

1980-жылдын октябрь айынан Кыргызстан компартиясынын Ош областынын Чаткал райкомунун биринчи сектретары, 1990-жылдын 10-мартынан Кыргызстан Коммунисттик партиясыкошбаевдин музейи 11нын Чаткал райкомунун биринчи секретары, Эл депутаттарынын райондук  Советинин төрагасы болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Советин депутаты болгон.

Мамлекет алдында сиңирген зор эмгеги үчүн “Знак почета” ордени, В.И. Лениндин туулгандыгынын100 жылдыгына карата “За доблестный труд” медалы жана эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Темиркул Кошбаев 2011-жылдын 19-июнунда дүйнөдөн каткан.

кошбаевдин музейи 9кошбаевдин музейи 10

Темиркул Кошбаев чарбакер, уюштургуч, демилгечил жөндөмүнө эгедер адам болгон. Айрыкча, 1980-жылы Чаткал району жаңыдан район болуп уюшулгандан анын түптөлүшүнө чейин күн-түн деп тыным албай, чаалыкпай эмгектенген. Чаткал жергесине электр энергиясынын келиши, анын тоо арасындагы короо-сарайларга чейин жеткирилиши эле канчалаган түмөн-түйшүктү жараткан. Район жаңыдан уюшулуп жатканына байланыштуу канчалаган социалдык курулуштар, кабат үйлөр, мал сарайлар, көпүрөлөр, тоо боорун жарган авто жолдор, аэропорт, нан заводу, кулинарный цех, кирпич заводу, асфальт заводу (курулушу башталып союз жоюлганда аягына чыкпай калган), 3 теле мунара курулуп, элге теле көрсөтүү көрсөтүлгөн, радио уктурула баштаган. Мындан сырткары байланыш, почта тармактары ишке киргизилген. Райондо басмакана уюштурулуп, райондун газетасы жана жергиликтүү радиосу иштеген. Элдин маданиятын өстүрүү колго алынып, маданият үйү, кинофикация, чачтарачкана, мончо, сүрөткана, быткомбинат ишке берилген.Айыл чарбасына башкы көңүл бурулуп, ак койдун саны өсүп, башы 120 000ге жеткен. Райондун борбору 1985-жылы Жаңы-Базар айылынан Каныш-Кыя айылына көчүлүлүп келген. Мамлекетке тиешелүү болгон баардык тармактардын мекемелери ачылып, толук кандуу иштеген. Мына ушул айтканга оңой болгону менен канчалаган түйшүктү талап кылган иштердин ар биринде анын уюшулушуна жана түптөлүшүнө Темиркул Кошбаевдин түздөн-түз байланышы бар.

 

Темикем темир болчу, бүгүлбөгөн

Тросттой эрки бекем үзүлбөгөн,

Темикем темир болчу, бүгүлбөгөн.

Чаткалдын ар-намысын бийик сактап,

Эч качан өзгөлөргө жүгүнбөгөн.

 

Бүркүттөй бийиктикти бүрүп кетчү,

Жалкоону жарганаттай илип кетчү.

Чаткалдын маселеси чечилбесе,

Чагылган болуп күйүп-күйүп кетчү.

 

Келечек үчүн эркти бүлөгүлө,

Сүрөсөң, чыгаандарды сүрөгүлө!

Элиңе арбын эмгек жасаганды,

үйрөнсөң, Темикемден үйрөнгүлө!

Атантай Акбаров, акын, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээсикошбаевдин музейи 3 кошбаевдин музейи 5 кошбаевдин музейи 6 кошбаевдин музейи 7 кошбаевдин музейи 8 кошбаевдин музейи 9 кошбаевдин музейи 10 кошбаевдин музейи 11 кошбаевдин музейи 12

Кулактандыруу!

 

“Кыргызалтын” АККнун Терек-Сай кен иштетүү филиалы төмөнкү бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

  1. Кен байытуу фабрикасына- жетекчи
  2. Кен байытуу фабрикасына- жетекчинин орун басары
  3. Кен байытуу фабрикасына- электромеханик
  4. Кен байытуу фабрикасына- сменный мастер

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

Билими: жогорку

Иш стажы  3 жылдан кем эмес;

Кесиби: инженер-кен байытуучу; инженер-металлург; инжинер- электрик

  1. өздүк баракча
  2. Резюме
  3. 3-4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
  4. өмүр баяны
  5. Паспорт.
  6. Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын)

Керектүү документтер жарыя Чаткал райондук “Чаткал оттору” газетасына чыккан күндөн төмөнкү даректе кабыл алынат:

Чаткал району, Терек-Сай айылы, “Кыргызалтын” ААКнун Терек-Сай кен иштетүү филиалы

                             Тел. (0312) 96-20-14; факс 03749 6-02-06 E-mail: F-tsr @ mail. ru

Документтер 2015-жылдын  25-июлуна чейин кабыл алынат.

Сурап билүү телефондору:                     770 90-49-17, 0770 90-01-06

Чаткалдык воллейболчулар республикада намыс коргошту

Изображение 261 Изображение 267

2015-жылдын 14-майынан 16-майына чейин Жалал-Абад шаарында өткөн д”Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө”  аттуу ураан алдында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп,  аталган мелдеште Чаткал районунан барган команда биринчи орунду ээлеген элген эле. Мелдештин шартына ылайык, облустук мелдеште жеңген команда катары  Ысык-Көл облусунун өтүлүүчү мелдешке жолдомо алган. Аталган республикалык  мелдеш 29-майынан 4-июнуна чейинки мезгилде Чолпон-Ата шаарында болуп, мында  чаткалдык спортчулар Жалал-Абад облусунун намысын  татыктуу коргошуп, республика боюнча экинчи орунду багындыра алышты. Бул тууралуу Чаткал райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Замирбек Белдибеков билдирди.

С. Субанова  

Шакафтардын мыкты окуучулары борбор калаада болушту

Шакафтардын эң  мыкты  окуучулар -Жогорку Кенеште

Шакафтардагы В. И. Ленин атындшакафтар 8агы мектеп-интернатынын   эң мыкты  окуган окуучуларын жана турган мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүн камтыган, жалпы он жети ошакафтар 5куучудан турган топ борбор калаабыз Бишкек шаарына барышып, анда КР. Жогорку Кеңешинде болушуп, андагы  депутаттардын ишмердуулугу менен таанышышты. Алар мындан сырткары,  Жогорку Кеңеште жүрүп жаткан сессияга да катышышып, депутаттар менен жолугушту.

 

Окуучулардын тобу мындан сырткары, борбор калаабыздагы музей, кишакафтар 6тепканаларда болушуп, буга кошо эле, бир топ жогорку окуу жайлары менен таанышышты. Айрыкча,  Ата-Турк Манас университетине болгон сапар өтө кызыктуу болду. Окуучулардын тобу ал жерге барган кезде окуу жайда англисшакафтар 2, түрк, кытай, кыргыз мамлекеттеринин тили, маданияты, улуттук кийимдери, тамак ашы  боюнча «Тил Фестивалы» өтүп жаткан экен. Окуучулар фестивалга да катышууга үлгүрүштү.

Быйылшакафтар 1кы окуу жылынышакафтар 3н соңу Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын окуучулары үчүн жемиштүү жана кызыктарга бай болду.

Байсалдуу иш сапар (“Миң уккандан, бир жолу көргөн артык”)

турцияга сапар 2

            “Чаарат ЗААВ” компаниясынын ишмердиги Чаткал районунун аймагында башталган мезгилден бери экологиялык  коопсуздук маселеси жергиликтүү калкты кооптондурбай койбой тургандыгын компаниянын жетекчилиги жакшы түшүнүү менен кабыл алган. Ошондуктан, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып барып, жергиликтүү жана эл аралык талаптар менен ченемдерди так сактоо үчүн көп каражаттарды жумшап, мониторинг жүргүзүп жана сурамжылоолорду өткөрүп турууда. Өткөрүлүп жаткан экологиялык мониторинг иш-чарасына дайыма жергиликтүү калктын өкүлдөрү чакырылган. Айлана-чөйрөнү мониторингдөө тобу айылдык кеңештин мүчөлөрүнөн, компаниянын жана мамлекеттик органдардын адистеринен куралган.

турцияга сапар 3

Ошондой эле, райондун жергиликтүү башкаруу органдары, айыл округдарынын башчылары, айылдык депутаттар Кеңешинин жана жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жылына 2 жолудан компаниянын сайтына экскурсиялар уюштурулуп турууда. Ал жерге барган эл өкүлдөрү компаниянын аткарып жаткан иши, Чандалаш суусунунун тазалыгын (суунун тунмасы), экологиялык көзөмөл (өсүмдүктөр жана жаныбарлар) талабы боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын (добуш жана аба вибрациясы) өздөрү көрүп тааныша алышат. Мындан тышкары, компанияга бөлүнүп берилген жер участогунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу жана адистерди даярдоо, салыктардын өз убагында төлөнүп турушу сыяктуу маселелер талкууланат.

Райондун жергиликтүү тургундарынын тынчын алып келген негизги маселелердин бири катары, компаниянын ишинин жүргүзүлүшүндө химиялык заттардын, атап айтканда цианиддин колдонулушу болуп эсептелет. Албетте, бул маселенин көтөрүлүшүндө, эл арасында: “уулуу заттарды (цианид) колдонуп жатышат, ден соолукка зыяны тийүүдө, суу булганууда, эки баштуу, беш буттуу мал туулууда” деген сыяктуу сөздөр кошумча болууда. Ошол себептен компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү калк менен ар кандай чогулуштарда, жолугушууларда, коомдук угууларда дайыма түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, бул маселелер боюнча  толук түшүндүрмөлөрдү беришип, айтылган сунуштарды дайыма көзөмөлгө алып турушат.

Турцияга сапар 1

“Миң уккандан, бир көргөн артык” дегендей, ушундай жолугушуулардын биринде, компаниянын жетекчилиги райондун жергиликтүү органдарынын, айылдык депуттардын жана жергиликтүү жашоочулардын өкүлдөрүн чет мамлекеттердин бириндеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, тажрыйба алуу үчүн атайын иш сапарын уюштуруп берүү чечимин кабыл алган. Мына ошол чечим үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишке ашырылып, Турция мамлекетинин “Чоплер” кени чыккан жердеги компаниялардын иш тажрыйбасы менен тааныштыруу максатында, Чаткал районунан 16 өкүлү иш сапары менен барып келишти. Дагы бир эске алуучу жагдай, иш сапарга баруучу чаткалдык өкүлдөрдү ар бир айылдан тандап алуу укугу толугу менен райондун жергиликтүү бийлигинин жетечилерине берилген.

Төмөндө Турцияга иш сапары менен барып келген Чаткал районунун өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин билели:

Мусабаев Сатаркул АскаровичКаныш-Кыя айыл аймагынын башчысы: — «Чаарат ЗААВ» компаниясынын ишмердиги биздин айылдын аймагында жүргүзүлгөндүктөн, компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери менен бат-бат жолугушуп, экологиянын жана жолдордун абалы, жергиликтүү тургундарды жумушка орношутуруу, салык төлөө ж.б.у.с. маселелерди талкуулап турабыз. “Чаарат” компаниясы айылды социалдык-экономикалык жактан колдоого да дайыма өз салымын кошуп келүүдө.

Мына кече күнү эле “Чаарат” компаниясынын демилгеси менен Турция мамлекетине иш сапарга барып келдик. Сапарыбыздын башкы максаты да, ошол өлкөнүн “Чоплер” кенин иштетип жаткан компаниялардын ишмердиги менен жакындан таанышып келүү болчу. Чынын айтсак, ал кен чыккан жердин жергиликтүү элге тийгизген пайдасы абдан жакшы экен. Социалдык жактан көрсөткөн жардамы да көп, жумушчулардын айлык акысы 1-1,5 миң долларды түзүп, иш процесси да акыркы үлгүдөгү шарттарда жүргүзүлүп жатыптыр. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү бул компанияларга ыраазычылыгын билдирип турушарын айтышты.

турцияга сапар 2

“Чаарат” компаниясы 2016-жылдан баштап кен өндүрүүчү комбинатты курууну баштоо алдында турат. Бул компания да Турциядагы компаниялардын тажрыйбасын колдонуп, районубуздун жергиликтүү калкы менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жардамдарды берип, жана эң негизгиси КР мыйзамдарынын чегинде ишмердигин жүргүзүп, экологиябызга зыян келтирбей ишмердигин жүргүзүүгө аракет кылышы керек. Албетте, “Чаарат” компаниясына  да Турцияга иш сапарын уюштуруп алып барып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги, тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүндүгүн түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми районубуздун жергиликтүү калкына бул иш сапар жөнүндө айтып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Кудайкулова Айсалкын Айылдык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары: — Турциядагы тоо-кен тармагында ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын иш тажрыйбасы менен таанышып келдик. Иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде “Анаголд” – “Аласар” компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Кен чыккан жер айылдан 1,5 км аралыкта жайгашыптыр, ал эми бир айылды башка жакка көчүрүшүп, элге жакшынакай кылып үйлөрдү салып беришиптир. Ал жактагы жергиликтүү калктын жашоо шарты абдан жакшы экен. Кен өндүрүүчү фабрикага барып, анын иши менен тааныштык. Айрыкча ал фабриканын экологияга, адамдардын ден соолугуна  зыяны тийип жатабы же жокпу деп сураштырып көрдүк. Цианид ачык түрдө колдонулат, эч зыяны жок дешти. Турция мамлекети абдан бай, эли саясат менен иши жок, бардыгы тең дыйканчылык менен алпурушуп, кызылча, арпа, буудай айдашат экен.

“Чаарат” компаниясы жөнүндө айта турган болсок, Чаткалдагы башка компанияларга караганда эл менен тыгыз байланыш түзүп, көп эле жардамдарды берип жатат.

Өнөрбаева Рахия Райымбековна Бала бакчанын башчысы, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты: — Турцияга болгон иш сапарга биздин райондон 16 адам барып келдик. “Чоплер” деген кен чыккан жеринде болуп, ал жакта ишмердигин жүргүзгөн компаниялардын жергиликтүү эл менен мамилеси, салыктарды төлөө түрлөрү, фабриканын экологияга терс таасири барбы же жокпу деген сыяктуу маселелер боюнча кызматкерлер менен аңгемелештик. Жергиликтүү калктын ден соолугуна жана малдын арасында аномалиялык көрүнүштөр катталбаптыр. Элинин социалдык абалы абдан жакшы, жаңы үйлөрдү куруп беришиптир.

Кен чыккан жерде “Анаголд” (Турция) жана “Аласар” (Канада) компаниялары ишмердигин жүргүзүшөт экен. Башкы кеңсеси Анкара шаарында жайгашыптар. Жүргүзгөн иштеринин бардыгын Турция мамлекетинин мыйзам чегинде алып барышаарын айтышты. Турция мамлекети абдан өнүккөн, бай мамлекет экен, ага жергиликтүү эл түрткү берип, ошентип ар тараптан өнүгүшсө керек. Мына биздин райондун аймагында да көптөгөн компаниялар ишмердигин жүргүзүшүүдө. Алар жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта болуп, өз ара түшүнүү менен иш алып барышса, элдин социалдык абалы да оңолот.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып “Чаарат” компаниясынын жетекчилигине Турция мамлекетине иш сапар уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Компания эртерээк кенди өндүрүү фабрикасынын ТЭНин бүтүрүп, инвестициялоону калыбына келтирип жана жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иш алып барса деген ойдобуз.

Шекебаев Нурлан Каныш-Кыя айылынан, жеке ишкер: — Турцияга болгон иш сапарыбыз жакшы болду. “Чоплер” деген кен чыккан жерине барып, фабриканын иши менен таанышып көрдүк. Жергиликтүү элге зыяны жок экен. Менин байкаганым, биринчиден комапниялар айыл өкмөтү менен ишти пландаштырып алып барат экен, мисалы, азык-түлүктү толугу менен ошол жерде эле алышат. Экинчиден, жергиликтүү калкты толук жумуш менен камсыз кылышыптыр. Жергиликтүү эл башында компаниялардын ишмердигине каршы болушуптур, анан жетекчилер элдин өкүлдөрүн Америкага алып барышып, ал жердеги компаниялардын ишмердиги менен тааныштырып, көрсөтүп келишиптир. Ошондон кийин эл каршы болгонун токтотуп, компания менен тыгыз байланышта иштеп ушундай ийгиликтерге жетишкен экен.

Биздин аймакта да ошондой зыяны жок комбинат курулса. Компания эл менен тыгыз байланыш түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтүп турса ийгилик сөзсүз болот.

Нармырзаев Улукбек –  келечектеги тоо-кен адиси, Каныш-Кыя айылынан: — Иш сапарыбыз абдан жакшы болду. Убактыбыздын көбүн “Чоплер” деген кен чыккан жеринде өткөрдүк. Ал жердеги компаниялардын ишмердиги, иш системасы менен тааныштык. Цианидди кандай иштете тургандыгын айтып беришти, калдыктарды көмүүчү жайы жок, цианид жерге көмүлбөй, булганган суу кайра айлантуу жолу менен тазаланып турат экен. Элдин ден соолугуна, экологиянын коопсуздугуна мамлекет көзөмөл жүргүзүп, кам көрүп тураарын айтышты. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү кен чыккан жерде иштешип, жашоо шарттары жакшы. Бак дарактар өсүп турат, оорулуу жандыктар жок. Ошол жерде жашаган мугалим менен аңгемелештик.

Эми келечекте “Чаарат” компаниясы да “Чоплер” кен чыккан жериндей сыяктуу тоо-кен тармагынын эрежелерин сактап ишмердигин жүргүзсө биз колдоо көрсөтөбүз.

Балтабаев Эмилбек – экономист-бухгалтер, Чакмак-Суу айылынан: — Иш сапарыбызда “Чоплер” деген кен чыккан жердеги компаниялар жергиликтүү эл менен кандай иш алып барат, кандай жардамдарды көрсөтүп турат, цианидди колдонобу, анын элдин ден соолугуна тийгизген таасири сыяктуу маселелер менен таанышып, тажрыйба алып, эл, жер көрүп кайттык.

Биздин райондун аймагында “Чаарат ЗААВ” жана “Кичи Чаарат” сыяктуу компаниялар ишмердигин жүргүзүүдө. Эгер бул компаниялар Турциядагыдай тартипте иш алып барышса, жергиликтүү эл макулдугун берет жана элибизге да, мамлекетибизге да пайдалуу болот. Ал үчүн биринчиден — эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу керек, экинчиден — экологияга зыяны тийбесин, үчүнчүдөн – районго, мамлекетке пайда түшүп туруусу шарт.

Сапарбек уулу Азамат – Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Айгыр-Жал айылынан: — Айылдаштарым мени геолог адиси катары, Турцияга барып, көрүп-билип кел деп жиберишкен. Иш сапарыбыз жакшы өттү, жергиликтүү айыл кен чыккан жерден 1,5 км аралыкта жайгашыптыр. Бир айылын ал жерден көчүрүшүп, 33 үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришиптир. Жашоо шарттары абдан жакшы. Ар бир үй-бүлөдөн 2-3 киши иш менен камсыз болуптур. Компаниялар техниканы да жергиликтүү калктан арендага алып турушат экен, Бизди тартып барган микроавтобус да арендага алынган болуп чыкты. Калдыктарды көмүүчү жайы колдонулбайт, тазалоо иштери айлантуу жолу менен жүргүзүлөт дешти.

Ашыркулов Чолпонбай Бишкектеги тоо-кен институтунун бүтүрүүчүсү, Коргон-Сай  айылынан: — Кен чыккан жерде цианид колдонулганы менен, составы аз зыяны жок дешти. Фабриканын ичине кирип таанышып, түшүнүк алдык. Жумушчулар жатаканада жашашат экен. Жергиликтүү эл менен жолугуп аңгемелештик. Алар да адегенде компаниянын ишмердигине каршы болушкан экен. Зыяндуу болот деп ойлогонбуз дешти. Компаниялар аларга үйлөрдү, бала бакча, мектеп, мечит салып беришиптир. Биз зыяндуу эч нерсени байкабадык, булганган суу жок, бардыгы труба менен агып жатат.

Биз эми районго келгенден кийин жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Убагында “Чаарат” компаниясынын жардамы менен жогорку окуу жайын бүтүрдүк, практиканы да компаниянын лагеринде өткөргөнбүз, ошондуктан компанияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Министрликтин өкүлү кошумча тайпалар менен таанышты

 

Июнь айынын алтысында КР. Билим берүү жана илиIMG_2576м министрлигинин өкүлү, GIZ долбоорунуIMG_2579н эксперти Айгүл Камалова районубузга иш сапары менен келип, райондогу 2-6 жаштагы балдарды окутуу үчүн ачылган кошумча тайпаларда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери менен жакындан таанышты.

Министрликтин өкүлү Айгүл Камалова алгач Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын жаңыдан ачылган бөлмөсүнүн кызыл тасмасын кесүү аземине катышты. Ал мындагы кошумча тайпанын жаңыдан пайдаланууга берилген бөлмөсүнүн ички шарты менен таанышып, мында, балдар үчүн керектүү шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болуп, 2-6 жаштагы балдарды окутуу долбоорунун жетекчиси Сайкалбү Абдылдаевага ыраазычылыгын билдирди.

IMG_2594IMG_2600

Айгүл Камалова андан соң, Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей”, Айгыр-Жал айылындагы “Алтын Бешик” жана Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчаларындагы кошумча тайпалардын иштери менен жакындан таанышып, кошумча тайпаларда учурда жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлгандыгын белгиледи.

IMG_2611

Соңунда, министрликтин өкүлү Айгүл Камалова бүгүнкү күндө мамлекетибизде жалпы эле балдар маселесин чечүү багытында кандай иштер алып барылып жаткандыгын айтуу менен,IMG_2610 тарбиячыларга жалпы эле бала тарбиялоодогу алдыңкы ыкмалар тууралуу кеңири түшүнүк берип, слайд шоу аркылуу балдарга тиешелүү мыйзамдык ченемдер, бала тарбиялоо ишиндеги көптөгөн маселелер боюнча окуу өткөрдү. Тарбиячылар да министрликтин өкүлүнө өз ишмердүүлүктөрүнө тийиштүү суроолорду беришип, жоопторду алышты.

С. Субанова, Каныш-Кыя айылы

Тарбиячылар керектүү билим ала алышты

IMG_2605

Июнь айынын бешинде район борбору Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасындагы “Баластан” күндүзгү окутуу борборунда “Алдыңкы инновациялык ыкмаларды өз өнөрканамда пайдалануу” аттуу темадагы семинар-тренинг болду.

 

Семинар-тренинIMG_2584гге райондогу бала бакчалардан келген 25 тарбиячы жана райБББнын кызматкери Гүлгакы Субанова катышты.IMG_2610

Семинар-тренингдин жүрүшүндө тренерлер-Жыргал Усенбаева, Сайкал Абдылдаева, Нурзада Сурапбаева, Назгүл Субановалар тарабынан “Өнүктүрүүчү чөйрө”, “Алдыңкы педагогикага умтулуу”, “Алдыңкы педагогиканы колдонуудагы оюн ыкмалары”, “Стратегиялык методдор” аттуу окуулар өткөрүлүп, аталган окуулардын алкагында алдыңкы өлкөлөрдүн методикасын колдонуу боюнча кеңири түшүнүктөр берилди.

Буга кошо эле, тренерлер Вольдарф, Ментассори, Гардерддин педагогикалык өзгөчөлүктөрүнөн да мисалдар келтирилди.

Буга кошо эле, тарибячылар топ-топко бөлүнүшүп, практикалык сабактарды өтүшүп, аларга сабактар аркылуу педагогикалык алдыңкы ыкмалар практика жүзундө көрсөтүлдү.

Семинар-тренингге катышкан тарбиячылар баланы алдыңкы педагогикалык ыкмалар аркылуу тарбиялоо боюнча керектүү билимдерди ала алышты.

С. Субанова, Каныш-Кыя айылы

Алдыңкы окуучулар борбор калаада эс алып кайтышты

Изображение12 077Окуучулар борбор калаага барышат 2

 

Май айында Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын алдыңкы окуучуларынан жана мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнөн турган топ борбор калаабыз Бишкек шаарына барышып, 3 күндүк эс алууда болуп кайтышты.

DSC09270

Борбор калаага барган чаткалдык окучулар тобун мектеп интернаттын директору Турсуналы Орозбаев өзү баштап жүрүп,  борбор калаадагы кооз жерлерди, көз жоосун алган жайларды жана жалпы эле шаар турмушу менен бир сыйра тааныштырып, окуучулардын маданий-эстетикалык ырахат алуусуна мыкты шарт түзүп бере алды.

Окуучулар үчүн бул 3 күндүк эс алуу жайкы каникул алдында эсте калаарлык маанай тартуулады.

Б. Исаков, Сумсар айылы

Облуста III-даражадагы диплом менен сыйланды

DSC00558

 

Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын орус тили жана адабияты мугалими Гүлнара Нармырзаева райондук “Жыл мугалими-2015” кароо-сынагында 1-орунду ээлеп, облустук кароо-сынакка жолдомо алган эле.

Май айынын 19-20-май күндөрү облус борбору Жалал-Абад шаарында болуп өткөн “Жыл мугалими-2015” кароо-сынагында Гүлнара Нармырзаева III-орунду жеңип алды жана ага облмамадминистрациянын III-даражадагы “Ардак Грамотасы” башка жеңүүчүлөр менен биргеликте салтанаттуу түрдө тапшырылды.

М. Эшназаров

Сумсарда “Жаш куткаруучу” кароо-сынагы болду

өрт коопсуздугу 2өрт коопсуздугу 1

Май айынын соңунда Шакафтар айылындагы  Ю. А. Гагарин орто мектебинде Сумсар айыл аймагындагы мектептердин жогорку класстарынын арасында “Жаш куткаруучу” кароо-сынагы болду.

Кароо-сынакка Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар”, Ю. А. Гагарин орто мектебинин “Жаш куткаруучу”, В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын “Шумкар” командалары өз ара беттешип,  өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча даярдыктарын көргөзүшүп, күч сынашышты.

Кароо-сынактын жүрүшүнө Чаткал райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башчысынын орунбасары, лейтенант Дастан Тайиралиев, өрткө каршы кызматтын инспектору, лейтенант Азамат Жумабаев, Сумсар айылдык кеңешинин депутаты, Сумсардагы №80 өрткө каршы бөлүмүнүн ага айдоочусу Нурдин Курмантаевдер күбө болушту.

Кароо-сынак өтө курч мүнөздө өтүп, жыйынтыгында, 164 упай менен 1-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын “Шумкар” командасы жеңип алды. 2-орунду Ю. А. Гагарин орто мектебинин “Жаш куткаруучу” командасы ээледи. Ал эми, 3-орун Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар” командасына берилди.

Ошондой эле, кароо-сынактын жүрүшүндө, өзүнүн мыкты көрсөткүчтөрү менен Сумсар орто мектебинин “Ак Шумкар” командасынын мүчөсү Тынарбек Шайназаров “Мыкты куткаруучу” наамына татыды. Ал эми, “Өрт-дос, өрт-душман” аттуу сүрөтү менен Сумсар орто мектебинин 8-классынын окуучусу Мисиров Данияр (мугалими Рахим Юлдашев) Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын II-даражадагы диплому менен сыйланды. Мындан сырткары, кароо-сынактын бир топ активдүү катышуучулары Чаткал райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын I-II-III-даражадагы дипломдору менен сыйланышты.

Б. Исаков, Сумсар айылы