Архив за месяц: Июнь 2015

Чаткалдык алдыңкы окуучулар кызыктуу сапарда болушту

 

Борборубуз Бишкек шаарында иш алып барган «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси чат8тарабычат56нан Чаткал районунун Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарынын мектептеринде окуган алдыңкы окуучуларды Бишкек, ОШ, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы маданий жана тарыхый мекемелерине жана аталган шаарлардагы жогорку окуу жайлары менен бир жумалык таанышуу сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу билдирди.

чат2чат3

Анын маалымдашынча, долбоорго кеткен каржылык чыгымдын жарымы Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы, ал эми, калганы шаар жеринде ар кандай тармактарда иштеген чаткалдык уул-кыздар тарабынан каржыланды.

Таанышуу сапарында алдыңкы окуучулардын тобу КР. Жогорку Кеңешинде болушуп, андагы депутаттары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүктөрү менен тааныша алышты.  Мындан сытркары,  Коомдук биринчи каналдын “Ой ордо” ток шоусуна да катышышып, өз ойлору менен бөлүшүшүп, телеберүү аркылуу обого чыгуу бактысына ээ болушту.

чат 4чат1

Таанышуу сапарынын жүрушүндө алдыңкы окуучулардын тобу  Жаштар министирлигинде да болуп,  аталган министрликтин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.

Таанышуу сапарынын катышуучулары долбоордун жүрүшүндө көптөгөн жогорку окуу жайлары менен жакындан таанышып, алар үчүн келечектеги кесипти туура тандоого зор мүмкүнчүлүккө ээ болушту.

Негизинен, долбоордун максаты-жаш муундардын билимге болгон туура көз карашын калптандыруу, улуу муундардын жаштарга болгон камкордугун уюштуруу, мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү жана ошондой эле, алардын кесипти туура тандоолоруна көмөктөш болуу эле. Долбоор өз максатына жете алды деген ойдобуз-дейт уюштуруучулардын бири, » Жаркын келечекке багыт»  жаштар бирикмесинин мүчөсү Жоодар Атантай уулу.

Чаткалда «Алыш» күрөшү боюнча облустук мелдеш өттү

 

27-июнь күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук алыш IMG_2789ыйгарымдуу өкүлүнүн “Алыш” күрөшү боюнча өтмө кубогу болуп алыш IMG_2807өттү.

Мелдешке Жалал-Абад облусу жана Талас облустарынан балбандар келишип, катышты.

Мелдешке КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарымдуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустагы айрым район шаарлардын башчылары келишти.

Мелдешти Чаткал районунун акими КанжарбекЭшалиев ачты.алыш IMG_2815алыш IMG_2805

Ал эми,  КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарымдуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң кызуу мелдеш башталып, балбанбар өз салмак бөлүктөрү боюнча кызуу таймаш жүргүзүштү. Мелдешке  “Алыш” күрөшү боюнча Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча  вице-президенти Абдыкалык Турдиев жана “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык калыс Жаныш Ташматовдор калыстык кылышты.

 

Кечке дейре кыйкырык-сүрөөн менен созулган мелдеш соңуна чыгып, соңунда, балбандарга байгелерди мелдешке конок катары келген район, шаарлардын башчылары тапшырышты.

Мында, 90 килодон жогорку салмак боюнча 1-орунду Арстанбаптан келген балбан Абдумалик Мулажанов женип алды. 2-орунду Таш-Көмүр шаарынан келген балбан Иляс Исаев эледи. Ал эми, 3-орун Базар-Коргондук балбан Абдыманап Жороевге ыйгарылды.алыш IMG_2833

90 кило салмактагы балбандар алыш IMG_2835арасында 1-орунду Баяман Муратбеков ээледи. 2-орунду чаткалдык балбан Жолдошев Мурат жеңип алды. Ал эми, 3- орун чаткалдык балбан Абдырасул уулу Мырзага берилди.

70 жана 80 кило салмактагы байгелалыш IMG_2885үү орундар да өз алыш IMG_2886ээлерин тапты.

 

Мелдеш соңунда “Алыш” күрөшүнүн өтмө кубогу Ала-Бука алыш IMG_2889районунун акими Алымкул Кулуевге салтанаттуу түрдө тапшырылды.

 

 

 

 

Ала-бука районунун акими Алымкул Кулуев  кезегинде Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге өтмө алыш IMG_2890алыш IMG_2889 кубокту ийгиликтүү өткөргөндүгүнө ыраазылык катары башына ак калпак кийгизип, чепкен жапты жана мелдешти өткөрүү убактысы келерки июль, август айларында болоорун, так өткөрүү убактысы кошумча кабарланаарын кошумчалады.

 

алыш IMG_2890алыш IMG_2899алыш IMG_2904

 

Эскерте кетсек, өтмө кубок Чаткал районунун 80 жылдык маарекесинин алкагында өттү.

 

«Салкын-Төр» эс алуу жайы элге кызмат көрсөтүүдө

Район борборунда жаңыдан ачылган «Салкын-Төр» эс алуу жайы элге кызмат көрсөтө баштады.салкынтор Изображение 4568салкынтор Изображение 4585

Бул жай жеке ишкер Өмүрбек Токтогулов тарабынан ачылган. Эс алуу жвйында азыркы кезде сегиз орунга ылайыкташкан беш сөөрү жана жасалгаланган боз үй орнотулган. Мында күн сайын эки жүздөй адам келип, жапжашыл бак-даракка оронгон кенен жайда тамактанышып, көңүл ачышып, эс алышып кетишет. Буга кошо эле, чаткалдыктар сырттан келген кадырлуу конокторду да мында апкелип, таза аба, кооз жаратылыштын койнунда сый көрсөтүүнү адатка айландырышууда.

салкынтор Изображение 4574салкынтор Изображение 4577

Ашканасында  элпек ашпоздор түрдүү тамактарды жасашып, эки адам жалаң гана шишкебек жасоо менен алек.

салкынтор Изображение 4593салкынтор Изображение 4579салкынтор Изображение 4581

-Күн сайын элден жүз литрдей кымыз сатып алабыз, кечке дейре калбайт.  Мындан сырткары, күн сайын тамак-ашка 25-30 килого чейин малдын этин пайдаланабыз. Муну да жергиликтүү калктан сатып алабыз.-дейт эс алуу жайынын ээси Өмүрбек Токтогулов.

салкынтор Изображение 4587салкынтор Изображение 4591

Өмүрбек Токтогуловдун маалымдашынча, эс алуу жайында азыр жалпы он эки адамды жумуш менен камсыздай алды. -Мындан башка да соода-сатык жүргүзгөн жайларыбыз бар. Ал жерде иштегендер менен кошо жалпы он тогуз адамды жумуш менен камсыз кылуудабыз-ишкер.

Ишкер буга кошо эле, келечекке койгон максаттары тууралуу айтып, «Салкын-Төр» эс алуу жайын кыш мезгилинде да иштей тургандай шарт түзүп, эс алуу жайына кошумча шарттарды түзүү боюнча ойлору менен бөлүштү.

М. Эшназаров   

 

Түркиядан диний билимибизди тереңдеттик

Май айында Кыргызстан муфтияты тарабынан атайы тандалып алынган 31 имам Туркия жергесине барып, окуп,  дин жаатында билимдерин тереңдетип келишти.

курс IMG-20150525-WA0117

Муфтияттын тандоосу мага да насип этип, 31 имамдын арасында Турккурс 20150510_060359ия жергесине бардым.  Айта кетүүчү нерсе, Муфтияттын тандоосуна ылайык, имамдардын бешөөсү түрк тилин билгендерден болуп, алар котормочунун милдетин аткарышты. Мен түрк тилин жеткиликтүү билгендигимден, бул окууга 5 котормочунун арасында катышуучу жана котормочу катары бардым.

курс 20150426_142300

Биз Түркиянын Бурса шаарында кырк күн дүйнөлүк деңгээлдеги дин жаатындагы мыкты аалымдардан сабак алдык. Окуу негизинен, имамдардын диний билимин тереңдетүү, Куранды тереңдетип үйрөнүү, хадистерди жеткиликтүү чечмелөө багытында жүрдү. Окуудан сырткаркы мезгилдерде түрк шаарларын кыдырып, ал жактагы түрк туугандардын жашоо деңгээли, шаарларынын абалы менен таанышууга мүмкүндүк алдык жана окуудан сырткары, бир топ турмуштук тажрыйба алып, дүйнөлүк цивилизацияга болгон көз карашыбыз кеңейди десем болот. Чындыгында, түрк туугандар жашоо деңгээли жагынан бир топ алдыда экендигине ынандык.

 

Бул окуу бардык катышуучуларга чоң пкурс 20150501_155242айда берди деп түз айта алам, себеби, биз ислам дини жаатында мурда билбеген же, билүүгө тийиш болгон көптөгөн билимдерди ала алдык.

Кыргызстандын имамдарынын диний билимдерин тереңдетүүнү колго алган Кыргызстан муфтиятына, бул окууну колдоого алган диянет фондуна жана Түркиянын Кыргызтандагы элчилигине бардык катышуучулардын атынан терең ыраазылык билдирип кетмекчимин.

Кубанычбек Токонов ажы  Чаткал районунун баш имам хатиби.

 

Кулактандыруу!

 

Урматтуу районубуздун тургундары!

IMG_2715

Район борбору Каныш-Кыя айылындагы райондук жалпы дарыгерлик борборунда Кербен шаарында иш жүргүзгөн “Сайкал” дарылоо борбору тарабынан алынып келинген инфракызыл нурлар аркылуу дабалоочу СПА сауна элге кызмат көрсөтүүдө.

энерг. сауна 3энерг. сауна 1

СПА сауна төмөндөгүдөй ооруларга жардам берет:

-Кан айланууну жөнгө салат,

-Кан басымды калыбына келтирет,

-остеохондрозго,

-нерв системасына,

-суук тийген учурда,

-Полиартрит, простатиттин айыгуусуна өбөлгө түзөт.

-Косметикалык каражат катары сулуулук тартуулайт, толук адамдардын арыктоосуна шарт түзөт.

энерг. сауна 2

Дарылоо адамды тердетип, тер чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

Кошумча: “Сайкал” дарылоо борбору 2012-жылдан бери “Энергетикалык саунанын” жардамы менен  калкка жардам көргөзүп, бир топ оорулардын сакаюусуна себеп болуп келүүдө.

“Энергетикалык саунадан” пайдаланып, дартына дабаа тапкысы келгендер Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна келип, кайрылса болот.

Г. Кошокова: Сумсар балдар бакчасы долбоор аркылуу оңдоп-түзөлүүдө

SAM_3155

Сумсар балдар бакчасы МЕРСИКОнун көмөгү  менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Жыл башында бакча жетекчиси Гульмира Кошокова МЕРСИКОго бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 120 миң 430 сомдук долбоор жазып, аталган колдоо тапкан эле. Өтүп бараткан жумада долбоордун каражатына бакчаны оңдоп-түзөө иштери башталды.

-Долбоордо каралган жалпы каражаттын 60 %ын же, 72350 сомун өздүк салым катары коомчулук ал эми, 40 %ын же, 48080 сомун МЕРСИКО каржылоодо. Мындан сырткары, Сумсар айыл өкмөтү да жыл сайын каражат жагынан жардам берип келет. бүгүнкү күндө, ата-энелер колдон келген жардамын беришүүдө.-деди бакча башчысы Гульмира Кошокова.

 М. Эшназаров 

Аймактык тескөө бөлүмүнө жакындан жардам берилүүдө

Демөөрчүлүктүн деми менен

Терек-Сай айыл өкмөтү тарабынан Терек-Сай аймактык тескөө бөлүмүнүн оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүнүп, аталган бөлүмдө бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жургүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык тескөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги Өскөнбек Жумабаев билдирди. Ал-Биздин аймактык тескөө бөлүмү айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан. Тескөө бөлүмүнүн имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө каражат жагынан жардам бергендиги үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл аймак башчысы Бакытбек Турдалиевге ыраазылык билдирмекчимин-деди өз сөзүндө.

Аймактык тескөөчү Өскөнбек Жумабаев буга кошо эле, айыл өкмөтү Терек-Сай айылында жайгашкан Коомдук алдын алуу борборуна да компьютер жана керектүү эмеректерди алууга каражат жагынан жардам берип жаткандыгын маалымдады.

М. Эшназаров

“Терек-Сай Жаштары” айыл аймакка 17 млн. 716200 сом берди

SAM_0227

Өткөн жылы Терек-Сай айыл аймагындагы сурьма кенин иштетүү боюнча аукцион өткөрүлүп, анда “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсы утуп алган эле. Аукциондон утуп алган ишкана катары мыйзамга ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн эсебине акча каражатын төгүп бермекчи болгон. Жакында тактап айтканда, июнь айында “Терек-Сай Жаштары” ЖЧКсы айыл өкмөттүн эсебине 17 млн. 716200 сом акча каражатын которуп берди.

Терек-Сай айыл кеңеши кезектеги сессиясында карап, аталган каражатты айыл аймактагы зарыл маселелерди чечүү боюнча бөлүштүрүп берди.

М. Эшназаров

Айтургандын жетишкендиктери баарыбызды кубандырат

мелисбаева айтурган 2   мелисбаева айтурган 3

Быйылкы окуу жылы Курулуш айылындагы С. Мырзалиев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мелисбаева Айтурган үчүн жемиштүү  жылдардан болду. Буга албетте, Айтургандын окууга ыр-бийге болуп ынтызарлыгы себеп болуп, анын аркасы менен көптөгөн ийгиликтерди багындыра алды. Ал буга чейин райондогу мектептер арасындагы “Аялуу жан сыры адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” аттуу кароо-сынакта Айтурган  белгилүү акын Э. Ибраевдин  “ Улут болсом,тилим менен улутмун”деген ырын ийнине жеткире көркөм окуп, 1-орунду багындырып,  кароо-сынактын облусттук туруна жолдомо алган эле.

 

Айтурган  облустук кароо-сынакка катышып, анда да ийгилик жаратып, район, шаарлардан барган катышуучулардын арасынан өзүнүн таланты менен алдыга суурулуп чыгып, 3-орундун ээси болуп кайтты. Анын бул жеңиши Чаткал районуна да бир топ аброй алып келе алды десек жаңылышпайбыз.

Айтурган Мелимелисбаева айтурган 5сбаева мектеп турмушунмелисбаева айтурган 4да да ар дайым активдүү болуп, көп сынактарга катышып, багындырып келатат. Алсак, быйыл өзү окуган  С.Мырзалиев орто мектебинде болуп өткөн “Жаз периси 2015” сынагында 1-орунду ээлеген. Мындан башка да бир топ жетишкендиктери бар. Айтургандын  окуудагы жана жалпы эле мектеп турмушундагы  ийгиликтерин эске алып, быйылкы окуу жылында мектеп администрациясы Айтурган Мелисбаевага С.Мырзалиев атындагы 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиясын тапшырып, “Жылдын мыкты окуучусу-2015”  наамы менен сыйлашты. Айтурган мындан да зор ийгиликтерди жаратаарына окуткан мугалимдери жана ата-энеси, классташтары ишеним көрсөтүшүп, аны менен сыймыктанып келишет.

С. Субанова

Белгилүү методист С. Абдылдаева семинар өткөрдү

семинар 0932семинар 0930

12-июнда Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында Каныш-Кыя жана Жаңы-Базар айылдарында кенже курактагы балдарды тарбиялоодогу белгилүү методист Сайкалбү Абдылдаева тарабынан 2-6 балдар үчүн ачылган кошумча тайпалардын тарбиячылары катышкан  «Алдыңкы өлкөлөрдүн ыкмаларын балдарды окутуп, тарбиялоодо пайдалануу» аттуу райондук семинар болду.

Семинарда тарбиячылар Калима Молдотаева, Чынара Орозова, Феруза Керим кызы  тарабынан «Айлана-чөйрө менен тааныштыруу. Жаз мезгили», «Орус тилин үйрөтүүдө куурчак театрынын балага тийгизген таасири» аттуу сабактар өтүлүп, катышуучулардын назарына сунушталды.

Мындан сырткары, мет  семинар 0936 семинар 0945одист Сайкалбү Абдылдаева «Балдар менен карым-катнаш жасоо процессиндеги педагогдун ролу» аттуу темада теориялык окуу өткөрдү.

Семинарда тарбиячылар теориялык жактан билимдерин бир топ кеңейте алышты.

М. Эшназаров