Архив за месяц: Май 2015

Кулактандыруу!

Чаткал айыл аймагынын айыл өкмөтү бош муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

  1. Курулуш айылына айыл башчы кызмат ордуна
  2. Ак-Таш айылына айыл башчы кызмат ордуна

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;

-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү,

-муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча атайын орто кесиптик билими же, жалпы орто билими,

-жалпы мыйзамдарды жана тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү,

-компьютерде иштей билүүсү,

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат;

-жеке арызы, кадрларды каттоого алуу баракчасы, өмүр баяны, 2 даана сүрөт

-паспортун же, өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтердин көчүрмөсү, (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

-зарыл кесиптик билимин, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын)

Сынакка катышуу үчүн жогоруда айтылган документтерди кулактандыруу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 15 күндүн аралыгында Чаткал айыл өкмөтүнүн катчысына тапшырууңуздар зарыл.

Сынак өтө турган күн талапкерлерге сынак болоордон 3 күн мурда маалымдалат.

Сурап билүү тел: 0778 97 13 21

Чаткал айыл аймагынын айыл өкмөтү бош муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

  1. Курулуш айылына айыл башчы кызмат ордуна
  2. Ак-Таш айылына айыл башчы кызмат ордуна

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;

-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү,

-муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча атайын орто кесиптик билими же, жалпы орто билими,

-жалпы мыйзамдарды жана тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү,

-компьютерде иштей билүүсү,

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат;

-жеке арызы, кадрларды каттоого алуу баракчасы, өмүр баяны, 2 даана сүрөт

-паспортун же, өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтердин көчүрмөсү, (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

-зарыл кесиптик билимин, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын)

Сынакка катышуу үчүн жогоруда айтылган документтерди кулактандыруу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 15 күндүн аралыгында Чаткал айыл өкмөтүнүн катчысына тапшырууңуздар зарыл.

Сынак өтө турган күн талапкерлерге сынак болоордон 3 күн мурда маалымдалат.

Сурап билүү тел: 0778 97 13 21

Жеке пикир: Күнүмдүк тиричилик кымбатпы же…?

SAM_0227

Адамдарга жакшы, жагымдуу мамиле болсо көңүлдөрү көтөрүлүп, шаңына шаң кошулуп, эмгекке болгон көңүлү да көтөрүңкү болот эмеспи. үйдөн чыгып жатып улууну көрсөң ыйбаа кылып, кичүүгө ызаат көрсөтүү бул биздин күнүмдүк, жарандык милдетибиз да. Ал эми мамлекеттин милдети-бул коомду бириктирүү. Бул коом тарабынан кеңири колдоо табууга тийиш.

Бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар арасында патриоттук сезим ач кыйкырык, куу сүрөө катары түшүнүлүп, ашкере цивилизациялизмдин  идеяларына буруп жатат. Бул көрүнүш мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына терс натыйжа алып келет. Жаңы рухийликке, айкындуулукка жана бекемделүүгө эмнелер бөгөт болуп жатат?. Менин оюмча коллективизмдин кыйрашы, адамдарды саясий партияларга, үй-бүлөгө, урууга байлап коюучу процесстер, улуттук партиялык күчтөр өздөрүн кубаттуу көрсөтө алышпай жатат. Эл ишенбей калды, кимдин ким экенин өздөрү көрсөтүп коюшту. Патриотимдин чыныгы ресурсу-туулган жерге, маданиятка болгон сүйүү.”Сен патриот бол”, “Элиңди, жериңди сүй” деп мажбурлоо кыйын. Таасир этүү каражаттары менен (үй-бүлө, бала бакча, мектеп, ЖОЖдор, ММК, адабияттар) аркылуу мүмкүн. Мына ушунун натыйжасында жаштар, өспүрүмдөр арасында криминогендик абалдын курчушуна маданият, тарыхка кайдыгер мамиленин өсүшүнө алып келүүдө. Алма сабагын карап өсөт дейт. Легендарлуу патриот личносттордун жаңы образын түзүү менен жүзөгө ашырууга болот.

Ар бирибиз Кыргызстан менен сыймыктанууга, анын өнүгүшүнө салым кошуп, жүрөгүбүздө “биз” деген ураан жанып турбаса, өзүбүздү бактылуу пендемин деп айтууга акыбыз жок.

Тимур Жолдошбеков, Терек-Сай айылы, ардагер мугалим

Балдар биздин планетанын келечеги

DSC_0864

1-июнь-балдарды коргоо күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен райондогу  социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, балдар бакчаларында жана китепканаларда белгилөө максатында даярдыктар көрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө райондо 18 жашка жетпеген 159 ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майып бар. Ал эми  21 тоголок жетим каттоодо турат. Анын ичинен турмуш шартына байланыштуу12 тоголок жетим балдар райондогу айрым мекеме жетекчилерине колдоого алып жардам берип турууга бөлүнүп берилген.

Балдарды коргоо күнүнө карата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Кундуз Сейталиеванын демилгеси менен “Биз баарыбыз теңбиз” аттуу акция уюштурулуп, жеке ишкерлерге “Кайдыгер карабаңыздар” деп мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырыктар жөнөтүлүүдө.

Ал эми 1-июнь күнү райондо “Балдар биздин планетанын келечеги” деген аталышта оюн-зоок сынагы да өткөрүлмөкчү.

Б. Дилдебаев «Чаткал оттору»

Сумсарда Улуу Жеңиштин урматына эстелик ачылды

SAM_3155

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгы Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылында да чоң салтанат менен белгиленди. Ал күнү айылдын тургуну жеке ишкер Рашид Гизатулиндин аракети жана салымы менен айылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып тургузулган эстелик кайрада реконструкциялангандыгына байланыштуу эстеликтин ачылуу аземи болду.

Ал күнү экинчи дүйнөлүк согушка арналган ырлар жаңырып, салтанаттын алдынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана оорукта эмгектенгендердин сүрөттөрү жана Улуу жеңишке арналган транспаранттар менен коштолгон “Бессмертный полк” (“өлбөс-өчпөс полк”) жүрүшү болду.

Салтанаттын жүрүшүндө Эстеликти реконструкциялаган Р. Гизатулин сөз сүйлөп, анын демилгесин колдоп эстеликти реконструкциялоого ар тараптан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди. Ал эми Р. Гизатулиндин эмгегине ыраазы болушкан айыл аймагындагы мекеме жетекчилери, калк арасынан чыгып сүйлөгөндөр ага баалуу белектерин беришсе, райондук мамлекеттик администрациясы  Ардак грамотасын тапшырды.

Эстеликтин ачылуу аземинде марафон да өткөрүлүп, айыл аймагындагы мекемелер, элдер жана “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын “Бозумчак” кенинин Ала-Бука районундагы атайын өкүлү У. Баймырзаев компаниянын атынан марафонго 20 миң сом салым кошсо, элдин салымы менен жалпысы 40 миң сом акча каражаты топтолду.

Эстеликти ачуу салтанатынын соңунда айыл таланттарынын концерттик программасы тартууланды. өзгөчө № 8 Шекафтар айылдык китепканасынын китепканачысы Кансулуу Мадалиеванын аткаруусундагы Толгонайдын монологу, аткарган комуз күүлөрү, ырдаган обондуу ырлары көпчүлүктүн купулуна толду.

Б.Исаков

Сыймык Бейшекеев чаткалдык таланттарды сындан өткөрдү

IMG_1709 IMG_1707

Май айынын жыйырмасында КР. Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев өзүнүн “Таланттарды издейбиз” аттуу долбоорунун алкагында районубузга келип, эл ичинен чыккан таланттарга сынак өткөрдү.

Сынак район  борборундагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө болду.

Сынактын алдынан белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев өзүнүн чыгармаларынан көрүүчүлөргө тартуулоо менен, досу, Чаткалдан чыккан белгилүү талант, рааматылык Таалай Бектургановдун чыгармаларынан да аткарып берип, залдагы көрүүчүлөр менен биргеликте белгилүү ырларын ырдап, айтоор, сынактын алдынан өзгөчө шаңдуу да, жандуу да концерт коюп, элдин дүркүрөтө кол чабуусун жарата алды.

IMG_1713IMG_1714

 

 

Андан соң, сынакка орун берилип, сынактын талабына ылайык, отуз жашка чейинки талапкерлер гана катышты. Тактап айтканда, Ашыркулова Татына менен Анаркулов Актан Сыймык Бейшекеевдин чыгармаларынан жандуу үн менен аткарышып, элдин сынынан өтүштү. Сынактын жобосуна ылайык, Анаркулов Актан өзүнүн уккулуктуу үнү менен элдин кыйкырык-сүрөөн колдоосуна ээ болуп, сынактын областта өтчү туруна жолдомого ээ болду.

IMG_1719

 

Сынактын соңунда, район акиминин орунбасарлары Жуманалы Накетаев, Муратбек Досматов жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманалы Нурбаевдер Сыймык Бейшекеевге ыраазылык сөздөрүн атышып, район акиминин ыраазылык катын тапшырышып, ак калпак жана  чепкен кийгизишти.

IMG_1736

Өз кезегинде Сыймык Бейшекеев да ыраазылыгын билдирип, алдыдагы Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине келип, өз өнөрүн тартуулаарын айтып өттү. Ал эми, бүгүнкү сынактын жеңүүчүсү болгон Анаркулов Актан 2-июнда областта өтчү областтык сынакка катышарын билдирди.

М. Эшназаров “chatkal.kg

Кулактандыруу!

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош ваканттык кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт.

  1. Адис-1 орун

                                             Квалификациялык талаптар:

-Жогорку билимдүү, жашы 21 ден кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү:

Мамлекеттик кызматтагы иш стажына талаптар коюлбайт:

-Компьютерде иштей билүүсү (MS Word. Excel):

Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөп жана жаза билүүсү:

-Иш кагаздары менен иштөө жөндөмү:

-соттолбогондугу тууралуу тактама:

-коллективде иштөө жөндөмдүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү:

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу зарыл:

  1. Сынактык комиссиянын төрагасынын атына арыз:
  2. Өздүк баракчасы, сүрөтү менен:
  3. Резюме:
  4. 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  5. Жеке карточка сүрөтү менен;
  6. Өмүр баян;
  7. Паспорттун көчүрмөсү (сүрөтү менен);
  8. Дипломдун жана мурда иштеген болсо эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);
  9. Документтерди сынак сайтка жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде тапшыруу зарыл.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаңыздар болот;

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү тел; (03749)60310, 60030,

Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

“Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга”

терексай акция 1

Мына ушундай аталыштагы иш чара жакында Терек-Сай айыл аймагында өткөрүлдү. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду жана БУУнун Аялдар уюмдарынын колдоосу жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлгөн бул иш чарага алдын ала тыкыр даярдык көрүлгөн болчу. Тактап айтканда,  иш чара өтүүчү күн белгиленип, ага катышуучулардын так саны белгиленип, мекеме, ишканалардын жетекчилерине, көчө комитеттерине иш чарага катышуу боюнча каттар жолдонгон. Иш чараны өткөрүүгө керектелүүчү материалдардын бюджеттик сметасы алдын ала түзүлүп, иш чарага тиешелүү ураандар жасалып Терек-Сай, Эшалы болуш, Горняк, Ак-Терек айылдарынын көрүнүктүү жерлерине илинген болчу.

Белгиленген күнү Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн алдында көңүлдүү музыкалар жаңырып, айыл өзгөчө шаңга бөлөнүп турду.  Тазалык иш чарасына айыл тургундары, мекеме, ишканалардын жааматтары ошондой эле, мектеп окуучулары катышты. Санитардык гигиенаны сактоо максатында уюштуруучулар тарабынан иш чарага катышкан мектеп окуучуларына ар бирине бирден колкап менен таштанды салынуучу баштыкчалар таркатылып берилди. Буга кошо эле, окуучулар ичүүчү таза минералдык суулар жана бир гана ирет колдонууга жарактуу стакандар менен камсыздалышты.

терексай акция 2

Ал эми, иш чаранын башка катышуучулары тактап айтканда, ар бир көчөнүн жашоочулары өздөрү уюшуп, санитардык гигиенаны сактоо боюнча өздөрү камылга көрүштү.

Айыл ичин таштандылардан арылтуу максатында өткөрүлгөн “Тазалык айылыбызга, айылыбыз жалпыбызга” аттуу бул иш чараны өткөрүүгө жалпысынан он миң сом каражат жумшалып, ондогон миң сомдук жумуштар аткарылгандыгын эске алсак,  бул саамалыкты районубуздагы бардык айыл аймактары колго алса болчудай. Дегеним, айылыбыз таза, көчөбүз көрктүү болсо, жандүйнөбүз да жаркып, жашообуз жакшы, денибиз сак болоору шексиз.

Бул иш чараны өткөрүүдө А. Жантаева, Д. Сапарова, К. Токонова, А. Оморкулова, Т. Качикеевалардын уюштуруучулук эмгектерин атабай кетүүгө болбос.

терексай депутаты А. Сейитов

Ошондой эле, иш чаранын катышуучуларына демөөрчүлүк кылган айылдык кеңештин депутаты Алмаз Сейитовго кантип ыраазылык билдирбей кое аласың.

Т. Темиралиев “Чаткал оттору”

Жол коопсуздугу боюнча кеңири түшүнүк алышты

б-терек семинар 2 б-терек семинар 1

Май айынын он үчүндө Башкы-Терек орто мектебинде дене тарбия сабагынан “Дене тарбия сабагында кыймыл тактикасын, маданиятын калыптандыруу аркылуу окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо” аттуу райондук семинар болду.

 

Семинарда мугалимдер А. Орозов, Г. Абдыкеримовалар тарабынан “Улуттук күрөш”, “Укук бузуу. Суицид. Кылмыш жана кылмыштуулук” аттуу кечелер жана “Шайыр шамдагайлар” аталыштагы эстафеталык оюн өткөрулдү.

Буга кошо эле,  семинардын жүрүшүндө, жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында “Көңүл бургула, балдар!” аталыштагы тарбиялык саат өтүлдү.

б-терек семинар 3 б-терек семинар 6 б-терек семинар 5

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө, окуучулар жол коопсуздугу эрежелерин атайы орнотулган жол белгилерин колдонуп, жолдо жүрүү эрежелерин аткаруу аркылуу үйрөнүштү. Тарбиялык сааттын уюштуруучулары жолдо жүрүү эрежелерин сактоо багытында атайы колдонмо көргөзмө куралдарды жасашып, алар аркылуу сабак өткөндүктөн, сабак окуучуларга да, семинардын катышуучуларына да абдан таасирлүү болду.

Тарбиялык сааттан окуучулар жол коопсуздугу багытында кеңири түшүнүк ала алышты.

М. Эшназаров “chatkal.kg

Бир короо койду сел агызып….

суудагы койлор 2

Үстүбүздөгү жылдын жаанчыл келиши айыл чарбабызга, эккен эгиндерибизге жакшы болду деп сүйүнгөнүбүз менен, нөшөрлөгөн жаандын кесепети да оңой болбой калды окшойт. Дегеним, 10-май күнү жааган нөшөрлүү жаандан кыян жүрүп, Терек-Сай унаа жолу жапа чексе, 12-майда кечке жуук жааган нөшөрлөгөн жаан жолго эле эмес, мал чарбабызга да опол тоодой зыян алып келди. Тактап айтканда, КР. ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кызыл-Токой айылынын Добулгу-Сай участкасында катуу жүргөн селден жол бузулуп, Кызыл-Токой айылынын тургуну Арзыматов Нурланбекке таандык тогуз жүз элүү баш кой-эчкини сел алып кеткен.

Сел аккан малдарды Терек-Сай суусу менен агызып келип, Орто-Токой суу сактагычына чейин алып келген.

суудагы койлор 1

Каз, өрдөктүн ордуна калдайып карааны көрүнгөн катыгүн, кой-эчкинин өлүктөрү….

Селден аман калганы жүз жыйырма чакты гана кой-эчки болуп чыкты. Кырсыкка айла жок демекчи, адамга зыян келбегенине шүгүр кылалы.

Т. Темиралиев “Чаткал оттору”