Архив за месяц: Апрель 2015

Жашылдандыруу-көрктөндүрүү мезгилине карата

лесхоз 2лесхоз 2
Чаткал райондук токой чарбасы тарабынан апрель айында райондогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мезгилине карата Чаткал айыл аймагына 100 даана кызыл карагайдын, 270 даана кара өрүктүн, 600 даана өрүктүн жана 50 даана айланд гүлүнүн көчөттөрү берилди. Каныш-Кыя айылына болсо, 80 даана карагайдын, 100 даана кызыл карагайдын, 65 даана алманын, 484 даана өрүктүн, 280 даана кара өрүктүн көчөттөрү таркатылып берилди. Мындан сырткары, ар түрдүү гүлдөрдүн уруктары да берилди. Буг кошо эле бүгүнкү күндө, ,алма, өрүк жана кара өрүктүн көчөттөрү райондогу мекеме, ишканаларга жана район калкына сатылды.
Мындан сырткары, тянь-шань карагайы менен кызыл карагайдын көчөттөрү токой чарбасы тарабынан түзүлгөн питомниктерге тигилди.

Эмгеги менен элдин эсинде калган инсан

20150427_093336
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев айтып кеткендей, көзү өтүп кетсе да, артында калган албан эмгектеринен элдин эскерип жүрүүсүнө арзыган инсандарыбыз ондоп саналат десем жаңылышпайм. Алардын бири-көзү тирүү кезинде өзүнүн эмгекчилдиги, адамдык бийик касиети менен белгилүү болуп келген инсан, маркум Сүйүмкан Чондоева.20150427_093706
Сүйүмкан Чондоева 1956-жылы Чаткал районунун Акташ айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1973-жылы Чаткал орто мектебин «Математикадан өзгөчө жетишкендиги үчүн» Ардак Грамотасы менен аяктаган соң, 1973-74-жылдары Жаш-Тилек орто мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1974-жылы Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырып, анда окуп жүрүп, 1979-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыз-келиндер институтуна которулуп, жогорку окуу жайын ошол жерден аяктаган.
Институтта окуп жүргөн мезгилинде философиядан адабий ийримге катышып ВЛКСМдын Бүткүл союздук 6 конкурсунун республикалык турунда I даражадагы диплом менен сыйланган. Бул Чондоева Сүйүмкандын кесиптик жолундагы алгачкы ийгилигинин башаты эле.
Андан аркы педагогикалык иш жолу Курулуш айылындагы Сары-Булак азыркы С.Мырзалиев атындагы орто мектебинен уланып, анда да талыкпаган изденүү менен аракеттенген, чыгармачыл мугалим катары көрүнө алган. Натыйжада, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Кийинки жылдар аралыгында Каныш-Кыя орто мектебинде мугалим, райондук билим берүү бөлүмүндө методист, Чаткал орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген. Ар бир мектепте иштеген мезгилинде математиканы терең окутуп , кабинет түзүп , көргөзмө куралдар топтомун жасап окуучулардын сүйүктүү мугалимине айланган. 1991-жылы анын педагогикалык изденүүлөрү көз жаздымда калбай, ага “Мугалим методист” наамы ыйгарылган. 1992-жылы болсо, “Жыл мугалими” кароо-сынагына катышып жеңүүчү деп табылган. Ушул талыкпаган эмгегинин аркасында “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Бир канча автордук сабактардын жаратуучусу катары райондук, областтык денгээлде методдору жайылтылган. 2000-жылы КР. Президентинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. 2001-2006-жылдары С.Мырзалиев орто мектебинде директорлук кызматты аркалаган. Директор болуп иштеген кезинде учурдун талабына туура түшүнүп, Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен 1млн 742000 сомдук грант утуп алып, мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, учурдагы заманбап шартка келтирген жана жалпы баасы 200 миң сомдук керектүү эмеректер менен мектептин ар бир классын камсыздаган.
2009-жылдан баштап Сүйүмкан Чондоева районго сырттан инвестиция тартуу ишин колго алып, айылдагы тонолуп, жок болуп кеткен балдар бакчасын кайрадан ошол эле АБРден грант алган 192000 сом каражатка ремонт иштерин бүткөрүп, ошону менен бирге эле, балдар ойноочу аянтча жасаган. Өзү оңдоп-түзөп, калыбына келтирген “Айтамга “ балдар бакчасына жетекчилик кыла баштап, бакчага 25 бала бакчага кабыл алган. Ошол эле жылы август айынан баштап Сүйүмкан Чондоеванын жеке аракети менен бала бакча жергиликтүү бюджетке киргизилип каржылана баштаган.
2010-жылы дагы АБР тарабынан 142400 сом бөлүнүп берилип, кошумча эки бөлмөсү ремонгттолуп,кошумча экинчи группа ачылып,балдардын жалпы саны 44 кө, иштеген кызматкерлер 14 кө жеткирилген .20150427_093557
2010-жылы МЕРСИКО тарабынан каражат бөлүнүп, 120мин сомго жумшак жана катуу эмеректер жана оюнчуктар алынып берилди. Ушул эле жылы АБР тарабынан жалпы суммасы 20 мин сомдук каражатка ар кандай оюнчуктар, окуу куралдар бери лген.
Сүйүмкан Чондоева 2011-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан . Анын иш жүзүнө ашырган албан эмгектери эске алынып, 2012-жылы «Айтамга» балдар бакчасына анын ысмы ыйгарылып, “ С. Чондоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” болуп атаган .

Айзирек облустук олимпиадада биринчиликти алды

 айзирек ибраимова

Жыл сайын окуучулар арасында райондук, областтык, республикалык олимпиадалар өткөрүлөөрү маалым.

Үстүбүздөгү жылы да дал ушундай олимпиадалар райондук, областтык деңгээлде өткөрүлдү. Райондук олимпиадада Терек-Сай атындагы орто мектептин бир нече окуучусу алдыңкы орундарды ээлешип, областка жолдомо алышкан болчу. Жакында областтык турда аталган мектептин окуучусу У.Орунбаев 1-орунду жеңип алса, ал эми ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Айзирек Ибраимова кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча  жазуудан биринчиликти багындырып, республикалык олимпиадага жолдомо алды.

Жеңишиң кут болсун, Айзирек!

-Ырахмат.

Областта биринчиликти   алуунун өзү зор жеңиш деп ойлойм. Өзүңдү кандай сезип жатасың?

-Кубанып, толкунданып, чын эле мен ушундай ийгиликти багындыра алдымбы деп өзүмчө эле толкунданып жаттым. Анткени, атаандаштарым деле ар кимиси ар жерден иргелип барган окуучулар да. Ошончо окуучудан өзгөчөлөнүп жеңишке жетүүнүн өзү зор бакыт деп сезем.

Эссе жазуудан биринчиликти алыпсың. Кайсыл темада жаздың эле?

-“Улуттук намыс болбосо, улуттук тил кайдан болсун” деген темада жаздым. Анткени, өлкөбүздө мамлекеттик тил болгон эне тилибиз – кыргыз тилинин абалы негизги көйгөйгө айланып калбадыбы. Дегеним, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп кабыл алып, иш кагаздары да ушул тилде колдонулсун деген менен да улуттук тилибизди жеригендер көп болуп жатпайбы. Ушул маселенин тегерегинде жаздым.

Келечекте ким болсом дейсиң?

— Котормочу же журналистика багытында окусамбы деп турам. Мектепти аяктаганча дагы ойлонуп көрөм го кайсы бирин тандоону.

Ырахмат. Окууларыңда ийгиликтер болуп, республикалык олимпиадада биринчиликти багындырып кел!

М. Эшназаров “Чаткал оттору”

“Сармерден” конкурсу болуп өттү

IMG-20140310-WA0006
Жакында Шекафтар маданият үйүнүн жетекчиси Шекербек Одинаевдин демилге-иш аракеттери жана уюштуруусу астында Шекафтар айылынын маданият үйүндө Сумсар, Терек-Сай жана коңшулаш Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймактарынын таланттары келип катышышкан “Жигиттер” жана “Кыздар” топторунан турган “Сармерден” конкурсу болуп өттү. “Сармерден” конкурсунда элдик ырлар, бийлер, обондуу ырлар, комуз күүсү жаңырып, залдын көркүн чыгарып, көрөрмандарды кубанычка бөлөп, жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Сахнада ат салышкан жигиттер жана кыздар тең тең чыгышып, калыстар тобунун чечимдерине ынанышты. Ошентип, Шекербек Одинаевдин демилге-уюштуруусу менен “Сармерден” конкурсу Сумсар, Шекафтар, Терек-Сай жана 1-Май айылдарынын таланттарынын башын бириктирди.
Б. Исаков «Чаткал оттору»

Эстеликти реконструкциялоо Жеңиш күнүнө бүткөрүлөт

 20150427_113906

(сүрөттө: жеке ишкер, уста Рашит Гизатулин)

Үстүбүздөгү 2015-жылдын 1-мартынан баштап Шекафтар айылынын тургуну, жеке ишкер Рашит Гизатулин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата айылдын борборундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган эстеликти өзүнүн жеке демилгеси менен реконструкциялоого бел байлап киришкен. Ал бүгүнкү күнгө чейин реконструкциялоого 95000 сом акча каражаттын жумшады. Ага кошумча элден 18000 миң сом акча жардам берилди. Акчалай жардамдар дагы келүүдө. Эстеликти Шекафтар айылынын тургуну, сүрөтчү-жасалгалоочу Үсөн Рыскулбеков жасалгалоо. Ал согуш ардагерлеринин – аттарын ташка чегип жазуу жана башка иштер менен жардам берип, акча каражаты менен эсептегенде 40000 сомдук акчага өзүнүн жардамын берип, салымын кошту. Рашит Гизатулин жана Үсөн Рыскулбеков эстеликти реконструкциялоо иштерин 9-Май – Жеңиш күнүнө бүткөрүүнү алдыларына максат кылышууда.

Б.Исаков “Чаткал оттору”

80 жылдык маарекени өткөрүүдө жеке демөөрчүлөр кол сунууда

кенешме 11

Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жакындаган сайын, район аймагында бул иш чарага карата даярдык иш чаралары күч алып, анын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсунө райондук бийлик гана эмес, катардагы карапайым жарандардын да кызыкдар боло баштагандыгы кубандырууда. Тактап айтканда, аталган облустук деңгээлдеги иш чаранын жогорку деңгээлде өткөрүлүүсүнө каржылык жана материалдык колдоо көрсөтөм деген бир топ мекенчил инсандар чыга баштады. Алардын бири-Коргон-Сай айылынын тургуну Тургуналы Токторбаев. Бул инсан райондун 80 жылдык маарекесине аз да болсо колдоо болсун-деп өз эсебинен бир баш тай берүү тууралуу оюн билдирди. Бул тууралуу өткөн жумада болуп өткөн райондун 80 жылдыгына арналган кеңешмеде айтты. –Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өз деңгээлинде өткөрүп, иш чараны көрүүгө республиканын ар тарабынан келген меймандарга районубуздун ар тараптан өнүгүп жаткандыгын көрсөтө билели, туугандар. Бул облустук деңгээлдеги иш чарага көп каражат кетээри айкын иш. Ошондуктан, баарыбыз колдон келген жардамыбызды аябай, жалпы колдоого алалы. Мен мисалы, өз жанымдан бир баш тай берем. Аны иш чаранын бир жагына пайдаланышсын-деди.
Эми кантишээр экен-деп сырттан сынап карап турбай, чын дилден колдоо көрсөткөн атуулдук сезими бийик инсандардан уучубуз куру эмес экендигине дагы бир ирет ынанып, бул инсанга дагы бир ирет ыраазылык билдире кетели.

Ден соолук үчүн күрөшүп

Изображение 3591 

Чаткалда Ниязбек доктур десе кимдер гана тааныбайт. Айрыкча Чаткал айыл аймагынын төрт айылынын жашоочуларынын кары жашы дебей сыркоолоп калышса алды менен мына ушул Ниязбек доктурдун кароосунан өтүшүп, анын көзөмөлүндө дарыланышат же анын жолдомосу менен райондук же башка жактардын ооруканаларына дарыланууга барышат.

Мына ошол доктур Ниязбек быйыл 5-апрелде 65 жаш куракка чыгып олтурат. Ниязбек Таирбеков 1950-жылдын 5-апрелинде Чаткалдын Айгыр-Жал айылында жарык дүйнөгө келген.1967-жылы Чаткал орто мектебин аяктагандан кийин ошол эле жылы медициналык институттун даярдоо курсуна окууга тапшырып, 1974-жылы институтту бүтүргөн. Институтта окуп жүргөн кезинде жакшы окугандыктан анын сүрөтү студенттердин “ардак тактасында” илинип турган. Ал эми институттун комсомол комитетинин да мүчөсү болгон. Окууга жана коомдук иштерге да активдүү катышуу менен бирге студенттердин өздүк көркөм ийриминдеги комузчулар ансамблин жетектеген. 1971-жылы 3-курста окуп жүргөн кезинде үй-бүлө куруп, Муназараева Курманбүбүгө баш кошкон.

Медициналык жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1975-жылы Ош областтык ооруканасынан интернатурадан өткөн. 1976-жылы өзү туулуп өскөн Чаткал өрөөнүнө келип, ооруканага хирург жана участкалык башкы врач болуп дайындалган. 1977-жылы Ташкентте “Социальная гигиена и организация здравоохранения” боюнча эки ай, 1982-жылы “Актуальные вопросы по хирургии” боюнча, 1987-жылы Новокузнецкийде “Актуальные вопросы по хирургии” боюнча специализациядан өткөн. 1980-жылдан 1982-жылга чейин райондук ооруканада башкы врач болуп эмгектенген. 1991-жылы райондук оорукана Жаңы-Базар айылынан Каныш-Кыя айылына көчүрүлгөндө №2 Жаңы-Базар үй-бүлөлүк врачтар тобунун жетекчиси жана райондо хирург болуп которулуп, ошол убактан ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатат. 2010-жылы пенсияга чыккан. Пенсияга чыкканы менен Чаткалда врачтардын жетишсиздигинен элди кыйып ишин таштап кете албай келет.

Ниязбек Таирбеков өзүнүн дарыгерлик кесиби хирург болгону менен №2 Жаңы-Базар үй-бүлөлүк врачтар тобунда жалгыз врач болгондуктан хирург, терапевт, балдар дарыгери, кээде акушер-гинекологдун да милдетин кошо аткарып келет. Ал билиминин жана медициналык тажрыйбасынын жетишинче сыркоолоп келгендерге, жараат алгандарга, кээде ай-күнү жетип, толгоосу келип калгандарга жардамын берет. Деги эле бул кесипти аркалап келе жаткандан бери аппендицит, кесаровосечение, внематочное беременность, сөөктөргө болуп жалпысы 3000 ге жакын операция жасаган. Мунун өзү 3000ге жакын адамга медициналык жардам көрсөткөндүк эмеспи. Ал эми жумуштан тышкаркы убакта түн уйкудан безип, кыштын ызгаарына, бороон чапкын, жаан-чачынга карабай канчалаган адамдардын ден соолугуна жардам берип келүүдө.

Учурда Ниязбек Таирбеков жетектеген медициналык мекемеде 8 койкалуу стационардык жай бар. “Тез жардам” бөлүмү да күн-түн дебей элдин кызматында. Бул мекемедеги имараттар (кирпичтен салынган имараттан башкасы) толугу менен ушул кишинин жетекчилиги астында салынып же реконструкцияланган. Н. Таирбековдун медицина тармагына кошкон салымы эске алынып, бир нече жолу райондук, областтык райкомпартиялардын, мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен сыйланган. 2010-жылы “Саламаттыкты сактоонун отличниги” наамы берилген. Ал бир гана тармактын ишин аркалап келбестен коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Элдин ишеними менен 7 жолу айылдык жана райондук Советтердин депутаты болуп шайланган.

Н. Таирбековдун өмүрлүк жубайы Курманбүбү Эл агартуунун отличниги. Алар өмүр жолунда 5 баланын ата-энеси, 16 неберенин таята, таенелери. Кыздарынын арасынан Айнура Таирбекова атасынын кесибин жолдоп акушер-гинеколог болгон.

Биз да Ниязбек Таирбековду 65 жашка чыгышы менен куттуктап, анын өзүнө ден соолук, узак өмүр каалап, татаал кесибинде ийгиликтер болуусун тилейбиз.

Б. Дилдебаев, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

 

 

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын 2015-жылдагы токтомдору (1)

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясынын
№ 1 Токтому
3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджеттин 2014-жыл ичинде аткарылышы боюнча Каныш-Кыя айылдык Кенешинин торагасынын 13.03.2015-жылдагы № 1 буйругуна ылайык карап чыгып берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

Т о к т о м к ы л а т:

1.Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджеттин 2014-жыл ичинде аткарылышы боюнча берген маалыматы эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2014-жыл ичиндеги жергиликтуу бюджетинин чыгаша болугунун 70 542,1 мин сомго аткарылгандыгы белгиленип,Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы-экономика болумунун 2014-жыл ичинде жергиликтуу бюджетинин аткарылышы боюнча жургузгон иштери канаттандырарлык деп табылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясынын.
№2 ТОКТОМУ.
«03» Апрель 2015.ж. Каныш-Кыя кыштагы.
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2015-жылга карата тузулушу боюнча айыл аймагынын финансы экономика болумунун башчысы К. Темирбековдун билдируусун угуп, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин сессиясы томонкудой белгилейт:
Жогорудагы корсотулгон маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин кезектеги V чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин киреше болугу жергиликтуу салыктардан жана жыйымдардан топтоонун колому №1- тиркеменин негизинде 2015-жылга карата 45765,5 мин сом олчомундо бекитилсин жана оз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагына тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин чыгаша болугу №2 тиркеменин негизинде 2015-жылга карата 45765,5 мин сом олчомундо бекитилсин. Эн биринчи кезекте змгек акыга, социалдык фондко чегеруулорго жана комуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак ашына, сапар чыгымдарына жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин укуктарынын негизги принсиптери жонундогу мыйзамынын 21-статьясына ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын коломунун 1% же 457,7 мин сом олчомундо айыл аймагынын резервдик фонду тузулсун. Ошондой эле ушул мыйзамдын 23-статьясына ылайык айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жугуртулуучу акча каражатынын колому жыл башына карата 200,0 мин сом олчомундо бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2015-жылдын 1-январына карата калган 25736,4 мин сом акча каражаты №3 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
5. Каныш-Кыя айыл аймагынын атайын каражат эсебинде 2015-жылдын 1-январына карата калган 713,0 мин сом акча каражаты №4 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
6. Айыл аймагынын финансы экономика болумуно бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы экономика болумуно милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясынын
№ 3 Токтому

3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясы, айылдык кенештин торагасынын 13.03.2015-жылдагы №3 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга карата аткарган иштерин карап чыгып, берген маалыматын угуп жана талкуулап

Т о к т о м к ы л а т :

1.Каныш-Кыя айылдык Кенешинин айыл чарбасы, финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитеттердин берген маалыматтары эске алынсын.

2.Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясынын
№ 4 Токтому

3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата тузулгон сметасын, мал башына толонуучу тарифтерин,штаттык бирдигин, жергиликтуу инфраструктураны онуктуруу боюнча акча каражатын жана пайдалануу учун жайыт жер болуп беруу боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
Т о к т о м к ы л а т :
1.Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин торагасы Ж.Камчыбековдун берген маалыматы эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата тузулгон сметасы, мал башына толонуучу тарифтери,штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркемелер тикелет)
3. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча жергиликтуу инфраструктураны онуктуруу боюнча ар бир айылда аткарылуучу иштерди кайрадан карап чыгып,тузулгон долбоорлордун сметасына жана иштин коломуно ылайык акча каражат болуу жайыт комитетине эскертилсин. 2015-жылга карата жергиликтуу инфраструктураны онуктуруу учун 514 500 сом акча каражаты бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт жерлеринен 2015-жылга карата жайыт комитетине пайдалануу учун 22 000 гектар жер болунуп берилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт космитетинин торагасы Ж.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясынын
№ 5 Токтому

3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын 2014-жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктап карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясы,
Т о к т о м к ы л а т :
1.Туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Кудайкулованын берген маалыматы эске алынсын.
2.Берилген тапшырмаларды аткаруу менен бекитилген иш планга ылайык сессияга материал даярдоону оз убагында буткоруу жагы ар бир комитеттин торагаларына эскертилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын козмолдоо жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Кудайкуловага тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясынын
№ 6 Токтому
3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2015-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин ветеринардык кызмат корсотуудон алынуучу акча каражатынын баасынын олчомун бекитип беруу боюнча райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы Ж.Жолдошовдун кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясы
Т о к т о м к ы л а т:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2015-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин ветеринардык кызмат корсотуудон алынуучу акча каражатынын баасынын олчомун бекитип беруу боюнча райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын башчысы Ж.Жолдошовдун кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда 2015-жылга карата жеке ветеринардык кызматкерлердин ветеринардык кызмат корсотуудон алынуучу акча каражатынын баасынын олчому №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII сессиясынын
№ 7 Токтому

3-апрель 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айыл аймагынын сессияга сунуш кылган Айгыр-Жал айылынын тургуну Нарматов Бекболсундун жазган арызын карап чыгып жана талкуулап , Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI I сессиясы,

Т о к т о м к ы л а т :

1.Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну Нарматов Бекболсундун арызы боюнча берген сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын ар кандай чыгымдар статьясынан турмуш шартына байланыштуу 35 000(отуз беш мин) сом акча каражатын болуп берууго уруксат берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 1 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.
Каныш-Кыя айыл аймагынын 2014-жыл ичинде социалдык-экономикалык онугуусу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевдин бир жылдык аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап Каныш-кыя айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

Т о к т о м к ы л а т :

1.Каныш-Кыя айыл Окмотунун башчысы С.Мусабаевдин 2014-жыл ичинде айыл аймакта социалдык-экономикалык жактан онуктуруу боюнча бир жылдык жургузгон иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 2 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясы, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 2015-жылга карата тузулгон иш планы менен таанышып жана талкуулап

Т о к т о м к ы л а т :

1.Каныш-Кыя айылдык Кенешинин 2015-жылга карата тузулгон иш планы бекитилсин.
2.Иш планда корсотулгон маселелерди оз убагында даярдап, сессияга сунуш кылуу жагы тиешелуу комитеттерге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Кудайкуловага милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 3 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясы, Каныш-Кыя айылдык аймагынын 2015-жылга карата социалдык-экономикалык онугуу программасы менен таанышып жана талкуулап

Т о к т о м к ы л а т :

1.Каныш-Кыя айыл аймагынын 2015-жылга карата тузулгон социалдык-экономикалык онугуу программасы бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык онугуу программасын ишке ашырууда айыл аймагынын адистери менен айылдык кенештин тиешелуулугуно карата комитеттери тыгыз байланышта иш алып баруусу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-кыя айыл аймагынын башчысы С.Мусабаевге милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 4 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенеши 2014-жыл ичинде 8 жолу сессия отуп анда 55 токтом кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдордун айыл аймагы тарабынан аткарылышын карап чыгып, Каныш-кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

Т о к т о м к ы л а т :
1.2014-жыл ичинде Каныш-Кыя айылдык Кенешинин сессиясында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча берилген маалымат эске алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары оздоруно тиешелуулугуно карай аткарылышын ар дайым козомолдоп туруусу жана аткарылбай тоскоолдуктар болуп жаткан токтомдор боюнча айылдык кенештин торагасына маалымат берип туруу менен айыл аймагынан аткарылышын талап кылуу иштери колго алынсын.
3.Токтомдордун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Кудайкуловага милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 5 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенеши Чаткал токой чарбасынын 2015-жылга карата ишке жарамдуу жыгач, отун, жайыт акыга, айдоо жана чоп чабык, токой жеринде кен казып иштеген фирмалардын аренда акысы учун тузулгон калькуляциясын карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

Т о к т о м к ы л а т :
1.Саткал токой 2015-жылга карата ишке жарамдуу жыгач, отун, жайыт акыга, айдоо жана чоп чабык, токой жеринде кен казып иштеген фирмалардын аренда акысы учун тузулгон калькуляциясы тузулгон таблицага ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген калькуляцияга ылайык мыйзамдуу иш алып баруу жагы Чаткал токой чарбасына эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, экология, этика жана жаратылышты коргоо боюнча комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 6 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

“Мунуципиалдык социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтуу жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечуудо БОУ менен ЖОБнын оноктоштугу” долбоорунун алкагында, мамлекеттик социалдык тапшырыкты аткарууга тузулгон келишимдин негизинде, сатып алынып келинген эмеректерге, орг техникаларга биргелешкен маниторинг жана балоо топтун курамын тузуу жонундо:

Т о к т о м к ы л а т :

1. Мамлекеттик социалдык тапшырыкты аткарууга тузулгон келишимдин негизинде сатып алынып келинген эмеректерди, орг техникаларды жеринде коруп, сапаты, баасы боюнча мониторинг жургузуу учун биргелешкен маниторинг жана баалоо боюнча томондогудой топтун курамы тузулсун.
1. Жолдошов Нургазы-айылдык кенештин депутаты, топтун торагасы
2. Ж.Осмонова-айыл аймагынын соц.адиси,топтун мучосу
3. Г.Рыскулова-“Чебурашка” бала бакчасынын башчысы, топтун мучосу
4. М.Кубатов-райондук жаштар комитетинин торагасы, топтун мучосу
5. Р.Эгембердиев-Жаштар уюмунун, топтун мучосу
6. С.Алымкулов-“Алтын-Бешик” бала бакчасынын башчысы, топтун мучосу
7. Б.Чоюнова-“Бермет” НПОсунун жетекчиси, топтун мучосу
8. У.Абдиев-айылдык кенештин депутаты, топтун мучосу
9. К.Смаилов-Айгыр-Жал айылынын айыл башчысы, топтун мучосу
10. А.Кадырбеков-Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл башчысы, топтун мучосу
11. И.Максымбеков-Чакмак-Суу айылынын айыл башчысы, топтун мучосу
12. Ч.Абдыкеримов-айылдык кенештин депутаты, топтун мучосу
13. И.Манасов-Бащкы-Терек айылынын айыл башчысы, топтун мучосу
14. Р.Онорбаева айылдык кенештин депутаты,топтун мучосу
15. А.Иманбеков-Коргон-Сай айылынын айыл башчысы, топун башчысы
16. Ч.Орозалиева-Аялдар кенешининторайымы, топтун мучосу
17. Э.Бекмырзаев- чыгымдоолор боюнча башкы адис, топтун мучосу
18. М.Чонатаев- эсепчи, топтун мучосу
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясынын
№ 7 Токтому

3-март 2015-жыл. Каныш-Кыя кыштагы.

Каныш-Кыя айылдык Кенеши Чаткал электртармактар ишканасынын кайрылуусун карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

Т о к т о м к ы л а т :
1.Чаткал электр тармактар ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2 . Кайрылууну мыйзамдуу карап чыгып, тиешелуу документтери менен кийинки сессияга сунуш кылуу жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, экология, этика жана жаратылышты коргоо боюнча комитетине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Кудайкуловага милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык
Кенешинин торагасы: Э.Кошбаев.

Өрт коопсуздугу эрежелери эске алынса

                                     

өрт коопсуздугу 1

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында аймагында турак-жай, короо-жайлар жана автоунаалардын өрттөнүүсү көп катталып, адам өмүрлөрүн алып жаткан учурлар болуп жатканы баарыбызга маалым. Жаз айларынын келиши менен айлана чөйрөнү таштандыдан арылтуу максатында ар кандай иш-чаралар уюшулуп,ошону менен бирге эле автоунааларды ,айыл чарба техникаларын ремонттоо иштери башталган учурда төмөнкү өрт кырсыгын алдын алуу эрежелерин эсиңиздерге салабыз:

—   Айлана чөйрөнү тазалоо жана таштандыларды өрттөө учурунда үйдөн, короодон алысыраак жерге атайын таштанды төгүүчү чуңкурларга өрттөп, аны кароосуз калтырбаңыздар;

— Тал-теректерди бутаган же жыккан учурда электр мамычаларына жана электр чубалгыларына этият болуңуздар;

—   Айыл чарба техникаларын ремонттоодо кыймылдаткычтарды аккан майлардан тазалап, электр чубалгыларынын кабыкчаларынын желип калуусуна жол бербей, автоунаада   өрт өчүргүч (огнетушитель) болуусу талапка ылайык.

Дагы бир айта кете турган зарыл маселе районубуздагы баардык мекеме-уюмдарда өрт өчүрүүчү каражаттар(өрт калканы) менен толук камсыз болуусу керек.

Урматтуу районубуздун тургундары тилсиз жоого жол бербей, эмгек менен жаралган мүлкүбүздү сактайлы.

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары,

лейтенант                          

 

Орус тилчи мугалимдер тажрыйба алмашты

 Изображение 4373Изображение 4372Изображение 4382 Изображение 4379Изображение 4385Изображение 4380Изображение 4377Изображение 4376

Өтүп бараткан жумада район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде райондогу орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин арасында тажрыйба алмашуу иш чарасы болду.

Аталган иш чарага район аймагынан   16 орус тилчи мугалимдер катышып, ачык сааттарды өтүү аркылуу тажрыйба алмашышты.

Ачык сааттардын негизги темасы болуп быйылкы жылдын 9-майында өтчү Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекеси болду. Ага ылайык, мугалимдер Ата-Мекенге болгон сүйүү, согуштагы жана ооруктагы элдин азабы, тынчтыктын барк-баасы тууралуу окуучуларга түшүндүрүп, окуучулар Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу тарыхый сүрөттөрдөн жасалган слайд шоу, окуучулар тарабынан тартылган сүрөттөр, согушка жана тынчтыкка байланыштуу обондуу жана көркөм ырларды аткарышып, өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтүштү.

Мындан сырткары, мугалимдер өз сабактарында Чаткал районунун алдыда боло турган 80 жылдык маарекесине байланыштуу темаларды да колдонушуп, окуучуларга Чаткал району тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.