Архив за месяц: Март 2015

Резервдик рота пландык текшерүүдөн өттү

күжүрмөн рота 1

күжүрмөн рота 2

күжүрмөн рота 3

күжүрмөн рота 4
4-5-март күндөрү Чаткал районунун резервдик ротасынын пландык текшерүү иш чарасы өткөрүлдү.
317-резервдик ротанын күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында өткөрүлгөн бул иш чарага район аймагында жашаган жыйырма жаштан кырк беш жашка чейинки курактагы запастагы жоокер эсептелген жарандардан 112 адам катышты.
Иш чара район акиминин биринчи орунбасары Жуманалы Накетаев, резервдик ротанын командири, район акиминин орунбасары, улук лейтенант Муратбек Досматов, КР. Коргоо министрлигинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын улук офицери, полковник Таалайбек Жүзүмалиев, райондук аскер комиссары, улук лейтенант Эрнис Самаковдордун жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө, резервдик ротанын курамы алдын-ала болуп кетчү ар кандай согуштук же, башка кырдаалдарда кандай аракеттенүү керектигин, андай болгон күндө, резервдик рота кандай аракеттерди иш жүзүнө ашыра алаарын иш жүзүндө көрсөтүп, айрым бир зарыл аскердик ыкмаларды аткарышты.
Резервдик ротан быйылкы өтүп жаткан күжүрмөн даярдыкка жоопкерчилик менен мамиле жасап, ар кандай кырдаалга даяр экендигин көрсөтө алды. Муну КР. Коргоо министрлигинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын улук офицери, полковник Таалайбек Жүзүмалиев да өз сөзүндө тастыктады. Ал-Сиздер Ата Мекендин запастагы жоокерлерисиздер. Сиздер тышкы жана ички агрессивдүү күчтөрдөн өз районуңуздардын калкын, маанилүү объекттерди коргоого аласыздар. Резервдик рота деген, аймактык коргоодогу эң негизги күч.-деди резервдик ротанын курамына кайрылып жатып. Ал мындан сырткары, иш чараны уюшкандыкта өткөргөн резервдик ротанын өздүк курамына, алардын ичиндеги Ооган, Баткен согуштарынын ардагерлерине, райондук жетекчиликке жана айыл аймак башчыларына ыраазылыгын билдирди.

Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күндөрү биргеликте белгиленди

3-март күнү районубуздун борбору Каныш-Кыя айылында 3-март-Кыргыз Республикасынын Туусу күнү жана 5-март-Ак калпак күнү маанилүү күндөргө арналган иш чара болду.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Туусун булгалай көтөрүшүп, баштарына кыргыз оюулары түшүрүлгөн ак калпактарды кийишип, “Ак калпак кыргыз күнү”, “Ак калпак күнү менен” деген ураандарды көтөрүшкөн мектеп окуучулары каз-катар тизилишип, район борборунун көчөлөрүн аралай басышып, райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чейинки аралыкты басып өтүштү.
Райондук мамлекеттик администрациянын алдында аларды район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери тосуп алышты.
Ал жерде бул удаалаш келген майрамдарга арналган чакан жыйын салтанаттуу түрдө ачылып, алгач, Кыргыз Республикасынын Гимни астында Кыргыз Республикасынын Туусу көтөрүлдү.
Салтанатуу жыйын ачылган соң, район акими канжарбек Эшалиев Куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын бирден-бир атрибуттарынан болгон Кыргыз Республикасынын Туусунун мааниси жана Кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүндө алган орду тууралуу учкай токтолуу менен, кыргыз элинде ак ак калпактын барк-баасы тууралуу айтып, салтанаттуу жыйындын катышуучуларын удаалаш келген маанилүү күндөр менен куттуктады.
Андан соң, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Нышанбү Оморова, каныш-кыя айыл аймагынын кызматкери Кубаныч Осмонбеков, Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин окуучусу Нурлан кызы Акылай кттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Салтанатуу жыйындын расмий бөлүгү аяктаган соң, Чыңгыз Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концертке кезек берилди. Мында, маданият үйүнүн кызматкерлери эстраданын жана аккордеондун коштоосунда атуулдук духтагы обондуу ырлардан созолонтушуп, салтанаттуу жыйындын катышуучуларына жакшы маанай тартуулай алышты. Буга кошо эле, райондук музыкалык мектептин окуучулары “Кара жорго” бийин катыра бийлешип, элдин көңүлүн көтөрүштү.
Салтанаттуу жыйын кыргыз республикасынын Гимни менен жыйынтыкталды.
ак калпак куну 1

ак калпак куну 3

ак калпак куну 5

ак калпак куну 7

ак калпак куну 6

ак калпак куну 8

ак калпак куну 9

ак калпак куну 10

ак калпак куну 11

ак калпак куну 15

ак калпак куну 16

ак калпак куну 17

Кулактандыруу!!!

Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасы
Конкурс жарыялайт
Улук инспектор – 1 орун
Квалификациялык талаптар:
а) Ветеринардык врач, жогорку жана атайын орто билимдүү адистер
б) Компьютерде иштей билүү жөндөмү
Талап кылынуучу документтер:
1.Конкурска катышууга арыз
2.Дипломдун көчүрмөсү
3.Эмгек китепчесинен көчүрмөсү
4.Паспорттун көчүрмөсү (ИНН)
5.Өздүк баракчасы, резюмеси, сүрөт (3-4) 2 даана
6.Өмүр баян
Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруу жарыя гезитке жарыялангандан баштап эки жуманын ичинде Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармасына тапшыруу керек.
Конкурс Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен Ала-Бука райондук мамлекеттик админстрациясынын кеңсесинде өткөрүлөт.
Эскертүү: Улук инспектор Терек-Сай, Сумсар айыл аймактарында иш жүргүзөт.
Тел: 03749 – 6 – 02 — 37

Турак жайларыбызды өрттөн сактайлы

өрт коопсуздугу 1 
Урматтуу районубуздун тургундары, сиздерге маалым болгондой, бүгүнкү күндө көпчүлүк өрт кырсыктары турак жайлардан чыгууда. Ошол өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ар бир жаран өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо зарыл. Ошол себептүү, сиздерге төмөнкүдөй эрежелерди аткаруу менен өз турак жайларыңыздарды өрт коркунучунан сактап калууга болоорлугун эсиңиздерге салып кетебиз.
-жаш балдарды кароосуз калтырбагыла;
-жаш балдардан ширенкени катып койгула, жана электр каражаттарын колдонуусуна жол бербегиле;
-электр жылытуу каражаттарын күйүүчү нерселерге жакын орнотпогула;
-тиричилик электр жабдыктарын, жандырылган абалда көзөмөлсүз калтырбагыла;
-От жагуучу мештерди ар дайым көзөмөлгө алып, мештин ичин жана мооруларды ыштардан тазалап туруу керек;
-бөлмөлөрдө жана турак жайларды ачык от менен жылытпагыла;
-от күйүп жаткан мезгилде кооптуу заттар жана суюктуктар менен иштөөдө коопсуздукту так сактагыла;
Урматтуу жарандар! Жогорудагы көрсөтүлгөн жөнөкөй өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен сиздер жакындарыңыздарды жана турак жайыңыздарды сактап кала аласыздар.
Өрт чыкса 101 ге чалыңыздар!
А.Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, кенже лейтенант

Кутман курак кут болсун, Кудайым берген Чаткалым

80 жылдыкка шакафтар 
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын маданият үйүндө Шекафтар №8 китепканасында китепканачы Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу астында Чаткал районунун 80 жылдыгына карата
Кутман курак кут болсун,
Кудайым берген Чаткалым” аттуу тегерек столу болуп өттү.
Бул тегерек столго Гагарин орто мектебинин ардагер мугалими Абдубали Касымбаев, Чаткал районунун ардактуу атуулу Койлубай Тургунов, Шекафтар мектеп-интернатынын ардагер тарбиячысы Сабыржан Машрапов жана мектеп-интернатынын тарбиячысы Ашырбүбү Карабаева баш болгон окуучу-тарбиялануучулар жана башка меймандар келип катышышты.
Адегенде китепканачы Кансулуу Мадалиева тарабынан аудиторияга Чаткал жергеси тууралуу көркөм окуулар тартууланып, Чаткал районун тарыхы баяндалды.
Андан соң сөз кезеги жолугушуунун ардактуу меймандары А.Касымбаевге, С.Машрапбаевге К.Тургуновго келди. Алар учурунда Чаткал районунун тарыхы жана өздөрүнүн билгендери, көргөндөрү жана Чаткал районунун түптөлүшүнө, келечегине кам көрүп эмгектенип иштеген.
Чаткал жергесинин чыныгы уулдарынын бири болгон Темиркул Кошбаевдин Чаткал жергесинин, Чаткал районунун өсүп-өнүгүшүнө, келечегине кошкон салымдары, иштери, эмгектери жана Чаткал жергесинин ажайып кооздугу, байлыктары тууралуу окуучуларга баяндама беришти.
Ошондой эле аксакал меймандар окуучулар тарабынан узатылган суроолорго кеңири жоопторду, түшүнүктөрдү беришти. Аксакалдар, тегерек столдун ардактуу меймандарынын Чаткал районунун, Чаткал жергесинин кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси, келечеги жөнүндө болгон аңгемелери, баяндамалары, эскерүүлөрү тегерек столдун жалпы катышуучулары үчүн, өзгөчө окуучулар – Чаткал районунун келечек кадрлары үчүн кызыктуу жана пайдалуу кырдаалда өттү. Жакшы тартип, жакшы окуу, ата-энени кадырлап сыйлоо, өз мектебин, өз жерин сүйүү менен келечекте районубуздун алдыңкы инсандарынан, алдыңкы кадрларынан болуштарына аксакалдар акыл сөздөрүн окуучуларга насаат кылып айтышты.

Аксакал меймандар Кансулуу Мадалиеванын уюштуруусу менен өткөрүлгөн
“Кутман курак кут болсун,
“Кудайым берген Чаткалым” тегерек столуна ыраазы болушуп, ага “рахматтарын” айтышты.
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Улуу Жеңишке салым кошкон

колесникХХ-кылымдын дүйнөнү дүңгүрөткөн зор тарыхый, унутулгус окуясы болгон Улуу Жеңишке өз салымын кошкондордун бири Сумсар айылынын тургуну Владимир Яковлевич Колесник.
В.Я.Колесник 1926-жылы азыркы Аксы районунун Караван шаарына жакын Успеновка (мурдагы аталышы) айылында туулган. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-1945-жылдары Фергана, Ашкабад, Моздок, Саранск шаарларында болуп, өзүнүн аскердик милдетин аткарган.
1944-1945-жылдары Кама дарыясына жакын Саранск шаарында аэроаянтта чабуулга чыгуучу самолетторду даярдоону, чабуулдан жабырканган самолетторду оңдоп, кайрадан согушка жөнөтүүнү, чабуулга чыгуучу самолеттор конуучу аэроаянтты үзгүлтүксүз иретке келтирүүнү камсыз кылууга өз салымын кошкон.
В.Я.Колесник жана анын жолдошторунун милдети-аскердик самолеттордун чабуулга чыгуусуна туруктуу шарт түзүү болгон.
Улуу Жеңиш үчүн В.Я.Колесник сыяктуулар күн-түн иштешип, күжүрмөн, кажыбас эмгектери менен улам Улуу Жеңиш күнүн жакындатышкан.
1949-жылы В.Я.Колесник Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланган.
Учурда В.Я.Колесник Сумсар шаарчасынын Советская көчөсүндө жашайт. Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин юбилейлик медалдары менен сыйланган, жеңилдиктерге укугу бар күбөлүгү берилген. Бүгүн Владимир Яковлевия Колесник 89 жашта. Учурда ардактуу эс алууда.
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Куттуктоо!!!

Майрамдык гүлдесте
Куттуу болсун!
Жаркып бүгүн жашыл аалам жаз келип,
Жашоо көрктүү аялзатка наз берип.
Ошол көркөм сулуулукка магдырап,
Көлкүлдөшөт көчөлөрдө кар да эрип.
Ооба десеңчи, жан жыргаткан жаз айынын магдыраткан жылуулугу, жаштык берген улуулугу, анан да сезимдерге алтындай болгон арзуу чачкан ажайып кооз сулуулугу өзү өзгөчө сөз кылууга арзыйт эмеспи. Жаз келгенде түркүн-түстүү гүл жайнап, көркөм дүйнө көңүлдөрдөн муңду айдап, бир ажайып ышкы чачат сезимге, жүрөктөргө махабаттуу бүр байлап. Жаз келгенде жаркыйт аалам жаңырып, көркөм дүйнө кооздугуна чайынып, бүт теребел сулуу кыздай таранат, арзыганын күткөн өңдүү сагынып. Жаз келгенде үйдүн куту аялзат ачылатго, күлмүң көзү карагат, ошол көзгө, сулуулукка арбалып, арзуу оту улам күчөйт дамамат.
Бүгүн келди жаз айлары жасанып, бүчүр ачып ар бир үйгө бак алып, келди мына гүлдөй болуп күлмүңдөп, кел замандаш, жазгы балдан таталык.
Жаз сулуусун билбеген бар, билген бар, билсең ал жаз-үйүңдөгү сүйгөн жар, аялзатсыз көңүл кирдеп ар дайым, кут учкандай болуп турат дүйнөң тар. Ошондуктан ыйык деймин аялды,ар бир үйгө шоола төккөн таң алды, жараткан да жарык болсун деп ойлоп, берген тура сулуулукту, жамалды.
Жаз айында келип аял майрамы, жаз гүлүндөй бүгүн алар жайдары, мен андыктан үйдүн куту аялга, куттук айтам, куттуу болсун майрамы!
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен айымдар!
Мухамед Ади

Сурьма казабыз-деп, үч адам каза болду

сурьма тууралуу 1 сурьма тууралуу 2 сурьма тууралуу 3 сурьма тууралуу 5 сурьма тууралуу 7 сурьма тууралуу 8“Буюкканга жылдыз от” демекчи, жумушсуздуктун айынан аз да болсо каражат таап көртириликти өткөзсөк деп Терек-Сайдагы таштанды шахтыларга кирип сурьма казгандардын аягы тыйылар эмес. Бул жерде бир гана Терек-Сай айыл аймагынын эмес, Ала-Бука районунан келип иштегендер да арбын. Ошондон улам өз алдынча сурьма казгандардын так санын аныктоо кыйын.
Ал тургай күндүзгү жана түнкү сменада иштегендер да бар.
Жакында эле дал ошол сурьмачылардан 3 адам газга ууланып каза болушту. Баары тең кырчындай болгон эр азаматтар экен, аттиң!.. Албетте муну жеткен ажал дечүлөр да болор, бирок Жараткан Алла Таалам деле сактансаң сактайм дейт тура. Тооба дейли, буга чейин деле шахтыда ар түрдүү кырсыктар болуп келген. Бирок, эң өкүнүчтүүсү бүгүнкү сурьма казгандар эч кандай коопсуздук чараларды көрүшпөй эле шахтыларды тытып жүрүшкөнүндө болууда. Жогоркудай кырсыгынан Кудай сактасын деңизчи, а ден соолукка зыяндуулугу канча? Муну менен эсептешкен жан жок. Тек “карайлаган там сүзөт” болуп сурьмачылардын аягы дале тыйылар эмес.
Т.Темиралиев «Чаткал оттору»

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Чаткал районунун тургундары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги, 19-35 жашка чейинки ден-соолугу чың, аскер кызматын өтөгөн уландарды контракттык негизде кызмат өтөө үчүн КР Коргоо министрлигинин 30295 Майлуу-Суу шаары, 30630-30629-52870-92843-36806-50970
Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнө чакырат.
Айлык маянасы 11000 сомдон 15000 сомго чейин
Суроолоруңуздар боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот:
Чаткал райондук аскер комиссариаты.
Сурап билүү телефондору 0(3749) 6 02 26: 0(312) 29 37 66; сотовый: 0779 19 04 85 же 0554 19 04 85 же болбосо айылдык аймактардагы аскердик каттоо инспекторлоруна кайрылсаңыздар болот!

Кулактандыруу!!!

Каныш-Кыя айыл аймагы 1 (бир орун) адис административдик мамлекеттик кызмат орунга конкурс жарыялайт.
Адис административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билим деңгээли:
-муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен орто билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциясы:
Төмөнкүлөрдү билүүсү керек:
-жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Көндүмдөр:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
-кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо.
-жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо
-мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
-командада иштөө.
Ыктуулук:
-мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер:
-Арыз
-Өздүк баракча
3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
-Паспортун же өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтердин көчүрмөсү
-жогорку же атайын орто билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (күбөлүк, сертификат ж.б көчүрмөлөрү)
-Эмгек китепчесинен көчүрмө
-резюме
-өмүр баян
Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт.
Дареги: Чаткал району, Каныш-Кыя айыл Өкмөтү
Байланыш телефону: (03749) 6-03-32
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күнү маалымат берилет.