Архив за месяц: Март 2015

Таалай Бектургановдун жаркын элесине арналган кароо-сынак өтөт

келечекке багыт коомдук жаштар бирикмесинин эмблемасы
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын демөөрчүлүгү жана уюштуруусу астында, “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси, Ч.Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүнүн жана Таалай Бектурганов атындагы Жаңы-Базар айылдык маданият үйүнүн жетекчиликтери тарабынан Чаткал районунун 80 жылдыгына карата даярдыктардын алкагында, Чаткалдан чыккан белгилүү талант Таалай Бектургановдун жаркын элесин эскерүү, анын калтырып кеткен зор маданий мурасын жаңы өсүп келе жаткан муунга таанытуу жана о.э. таланттуу адамдарды эл алдына алып чыгуу, жаштардын маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана жергиликтүү элдин маданиятка болгон туура көз карашын калыптандыруу максатында атайын кароо-сынак өтүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөсү Ильяс Нармырзаев маалымдады. Анын маалымдашынча, кароо-сынакка 16 жаштан 40 жашка чейинки гитарада мыкты ойноп, жакшы ырдай алган таланттар катышмакчы.
Мында алгач, апрелдин сегизинен он бешине чейин райондун ар бир айылында таланттууларды тандоо туру өткөрүлүп, андан соң, апрелдин он жетисинде Жаны-Базар айылындагы Т. Бектурганов атындагы маданият үйүндө Таалай Бектургановду эскерүү кечесине улай эле, тандалып алынган таланттуулар катышкан кароо сынак өтөт.
Кароо-сынактын баш байгеси атайын кубок жана жогорку сапаттагы гитара болмокчу.1-орунга телевизор. 2-орунга уюлдук телефон, ал эми, 3- орунга фото аппарат коюлмакчы. Мындан сырткары катышуучуларга дипломдор, кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.
Он сегизи күнү кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн жана белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы шоу концерт район борборундагы Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө өтмөкчү.
Андыктан, районубуздагы таланттуумун дегендер, чамдаңыздар!

Кулактандыруу!!!

район имамы кубанычбек токонов 2Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети “Келгиле, пайгамбарыбызды тааныйлы” аттуу сынак жарыялайт.
Сынак 3 китеп-“Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В)”, “Пророк Мухаммед (С.А.В) венец рода человеческого” жана “Улуу имам Абу Ханифа” аттуу китептер боюнча өткөрүлөт.
Сынакка катышууну каалагандар 2015-жылдын 15-апрелине чейин, тизмеге катталуусу керек. 3-майда сынак өткөрүлөт. 16-майда жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.
Сынакта гезитке жарыяланган суроолордон 25 суроо, ал эми китептен 50 суроо берилет. Жалпысынан 75 суроо берилет. Сынак тест түрүндө өтөт.
Сынак «Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммд» аттуу китептен саат 10:00дө,
«Пророк Мухаммад» аттуу китептен саат 12:00дө,
«Улуу имам Абу Ханифа» аттуу китептен саат 14:00дө башталат.

Сынакка катышуунун шарттары:
1. Сынакка мусулмандар гана катыша алат, катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.
2. Эгерде аял киши сынакта жеңип чыкса, ажылык же умрага бирге баруучу махрамына каржылоосун өзү табууга тийиш. Себеби аял киши ажыга же умрага өзү жалгыз бара албайт. Махрамы болуп эсептелген күйөөсү, баласы, бир тууган ага-инилери же атасы бирге болуусу шарт.
3. Сынакка жарыяланган китептин бирөөсүн гана тандоо керек. Бир эле учурда 2 же 3 китептен катышууга болбойт.
4. Сынакка катышуу үчүн сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсү зарыл. Каттоодон өтпөгөндөр катыша алышпайт.
5. Аталган 3 китеп менен бирге «Бейиш» гезитинин 23-санындагы жарыяланган суроолорго да даярдануусу керек. Бул суроолорду Чаткал районунун баш имам хатибинен алсаңыздар болот.
6. Сынакка уюштуруучулар катыша алышпайт.
7. Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
8. Сынакта ажы же умра жолдомосун жеңип алгандар жолдомонун акчалай төлөмүн алууга уруксат эмес.
Эгерде сынакка катышуучулар көп катталса, сынак Чаткал районунун өзүндө өткөрүлөт.Конкурска катталуу үчүн жана китеп жоктор китеп алуу үчүн Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажыга төмөндөгү номер аркылуу кайрылыңыздар.Тел: 0558 38-08-81. 0778 38-08-81. 0773 46-32-12.

Терек-Сай айылдык кеңешинин 2014-жыл ичинде кабыл алынган токтомдору (2)

Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын III сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«08» февраль 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык Кенештин 2014-жылга иш-планын бекитуу жонундо»

Терек-Сай айылдык Кенешинин убактылуу катчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Терек-Сай айылдык Кенешинин 2014-жылга иш-планы айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин.

Терек-Сай айылдык Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын III сессиясынын

№2 ТОКТОМУ
«08» февраль 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык аймагынын 2013-жылы жергиликтуу бюджеттин аткарылышы жонундо»

Терек-Сай айылдык аймагынын финансы-экономика болумунун башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VIIчакырылышынын III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык округунун 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышынын колому 22054,4 мин сомго айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын III сессиясынын

№3 ТОКТОМУ
«08» февраль 2014-жыл Терек-Сай айылы.
«Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2014-жылга киреше жана чыгаша болугун бекитуу жонундо»
Кыргыз Республикасынын бюджет жонундогу мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2014-жылга карата киреше жана чыгаша болугун бекитуу жонундо Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын 2014-жылдын жергиликтуу бюджетинин киреше болугу 7185,5 мин сомго №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Терек-Сай айылдык аймагынын 2014-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша болугу 7185,5 мин сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жергиликтуу бюджеттен берилуучу эмгек акы жана социалдык фондго чегеруу олчому 3604,4 мин сомго, ошондой эле биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
4.Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жонундогу мыйзамынын 21 беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду 71,8 мин сом олчомундо бекитилсин.
5.Жергиликтуу бюджеттин 1-январь 2014-жылга карата калган 14,2 мин сом, атайын каражаттардан калган калдык 1161,2 мин сом калдык №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Бекитилген лимиттерди оз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы-экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын III сессиясынын

№4 ТОКТОМУ
«08» февраль 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык округунун социалдык- экономикалык онуктуруу программаларын бекитуу жонундо»

Терек-Сай айылдык округунун жооптуу катчысынын билдируусун угуп жана Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын III сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык округунун 2014-жылга карата тузулгон социалдык-экономикалык онуктуруу программасы айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын III сессиясынын

№5 ТОКТОМУ
«08» февраль 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга карата бюджетин бекитуу жонундо»

Кыргыз Республикасынын жайыт жонундогу мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык округунун жайыт комитетинин 2013-жылы аткарган иштери жана 2014-жылга карата киреше жана чыгаша болугуно озгортуулорду киргизуу жонундо Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын III сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык округунун жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Терек-Сай айылдык округунун жайыт комитетинин 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша болугу 285396 мин сомго айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3.Бул токтомдун аткарылышы козомолдоо жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«16» май 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Онуктуруу саясат институту тарабынан откорулуучу «Элдин уну жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» «Онугуу саясаты- оспурум балдардын максаты» Долбоорунан утуп алган 1,0 млн сомду жергиликтуу бюджетке кириштоо жана чыгыштоо жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы Онуктуруу саясат институту тарабынан откорулгон “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” “Онугуу саясаты – оспурум балдардын максаты” долбоорунун кичи гранттар конкурсуна катышып 1,0 млн сом акча каражатын утуп алганын жана ал акча каражатына “Келечек” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу учунТерек-Сай айылдык аймагынын жергиликтуу бюджетке кириштоо жана чыгыштоо боюнча эсепчиси М.Колбаеванын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Онуктуруу саясат институту тарабынан откорулгон “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” “Онугуу саясаты – оспурум балдардын максаты” долбоорунан утуп алган 1,0 млн сом акчаны жергиликтуу бюджеттин спец. счетуна кириштелсин.

2. Онуктуруу саясат институту тарабынан откорулгон “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” “Онугуу саясаты – оспурум балдардын максаты” долбоорунан утуп алган 1,0 млн сом акча каражаты “Келечек” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга керектуу эмеректерди сатып алуу учун 22221100 статьясы боюнчачыгышталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенештин Финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

. Терек-Сай айылдык Кенешинин торагасы: Алымкулов Н.

Терек – Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын
№ 4 Т О К Т О М У
“29” апрель 2014 – жыл. Терек – Сай айылы.
“Терек-Сай айылдык аймагы тарабынан турмуш шартына жараша турак-жай салууга жер аянтын болуп беруу жонундо”
Терек-Сай айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын томонку тургундарына турмуш шартына байланыштуу турак жай салуу учун жер аянтын болуп беруу Терек-Сай айылдык аймагына сунушталсын.
2.
1. Омонов Шералы
2. Мамасыдыков Ильяс
3. Таиралиев Дастан
4. Качикеев Чынгыз.
5. Шырдаков Бердалы.
6. Чотбаев Алтын
7. Токоев Асыл.
8. Эсенкулов улан.
9. Мавлянов Улан.
10. Турдубаева Сонун.
11. Кочкоралиев Ильяз.
12. Ниязбеков Садыш.
13. Дыйканбаев Талант.
14. Балтагулов Бегалы.
15. Жаркулов Чолпонбай. 16. Тойчиев Бакыт.
17. Сулайманов Бакыт.
18. Кулушева Айнагул.
19. Мамбеталиев Улук
20. Жаркулова Асель
21. Жаркулов Уметалы.
22. Раев Алмазбек
23. Ажыбекова Марапат
24. Нарматов Айбек
25. Ашырбаев Эдил.
26. Ажакматов Сапаралы

2.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Терек-Сай айылдык Кенешинин агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер жана турак-жай боюнча адиси Ш.Балтагуловко жуктолсун.

Терек – Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: Алымкулов Н.А.
Терек – Сай айылдык Кеңешинин катчысы: Анарбаева Б.Д.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«22» сентябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Хунтай Ош жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясы жонундо»

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Сарыкамыш участогуна укуктук ченемдик актыны беруу максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Сарыкамыш участогуна укуктук ченемдик актыны беруу боюнча Хунтай Ош жоопкерчилиги чектелген коомунан атайын окуп келип, андан кенири маалымат алгандан кийин гана аракеттерди жургузуу жагы белгиленсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№2 ТОКТОМУ
«22» сентябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Вет. сервистин башчысы Ш.Каратаевдин кайрылуусу жонундо»

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу вет.сервистин башчысы Ш.Каратаевдин малдарды жасалма жол менен уруктандыруу аппараты учун акча каражатын болуп беруу максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагына малдарды жасалма жол менен уруктандыруу аппарат учун акча каражатын толоп беруу бюджеттин тартыштыгынан 2015-жылга калтырылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№3 ТОКТОМУ
«22» сентябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Жалал-Абад ОК МКБ нын кайрылуусу жонундо»

Терек-Сай айылдык аймагы Жалал-Абад ОК МКБ нын селдердин натыйжасында болуучу сел сууларын сордуруу максатында тийиштуу коломдо суу женчелери, суу аткычтар менен толукталган мотопомпаларды жергиликтуу бюджеттин эсебинен алып беруу боюнча Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагына караштуу № 79 ОККБ учун суу женчелерин, мотопомпаларды сатып алуу учун бюджеттин тартыштыгынан 2015-жылга калтырылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«14» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыядан болуп алуу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылы Каныш-Кыя айылдык аймагына карап калгандыктан кайра Терек-Сай айылдык аймагына болуп алуу максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.А.Турдалиевдин Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыя айылынан болуп алуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2.Кызыл-Токой айылын Терек-Сай айылдык аймагына киргизуу боюнча тиешелуу иш кагаздары такталып, тиешелуу мекемелер менен иш алып барылсын.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.А.Турдалиевге жуктолсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№2 ТОКТОМУ
«14» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Ак-Терек, Горняк-1, жана Ынтымак кочолоруно айыл статусун беруу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек кочосуно айыл статусун беруу максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Турдалиевдин Терек-Сай айылдык аймагынын карамагындагы Ак-Терек, Горняк-1, Горняк-2, Ынтымак кочолоруно «Ак-Терек» айылы статусун алып беруу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2.»Ак-Терек» айылы статусун алып беруу боюнча тиешелуу мекемелер менен иштер алынып барылсын.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.А.Турдалиевге жуктолсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын козомолдоону озумо калтырамын.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№5 ТОКТОМУ
«14» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Кочмондор оюнуна жана Токтогулдун 150 маарекесине акча каражатын болуу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы кочмондор оюнуна жана Т.Сатылгановдун 150 жылдык маарекесине катышып келуу максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагы тарабынан кочмондор оюнуна 40 мин сом акча каражаты жана Т.Сатылгановдун 150 жылдык маарекесине, 36 мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
2.Акча каражатын болуштуруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жуктолсун.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо Терек-Сай айылдык Кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№7 ТОКТОМУ
«14» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык Кенешинин типтуу уставын маалымат каражаттарына жарыялоо жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагынын айылдык Кенешинин типтуу Уставын маалымат каражаттарына жарыялоо максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын айылдык Кенешинин Типтуу Уставын маалымат каражаттарына жарыялоо учун акча каражатын болуштуруп беруу 2015-жылдын бюджетинен каралсын.

2.Токтомдун аткарылышын козомолдоо Терек-Сай айылдык Кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№8 ТОКТОМУ
«14» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Терек-Сай айылдык аймагында жер салыгы боюнча киргизилген озгортуулор жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагындагы жер салыгы боюнча киргизилген озгортуулорду кароо максатында Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагындагы жер салыгы боюнча баалар озгортуусуз калтырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын козомолдоо Терек-Сай айылдык Кенештин онор жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«06» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Евентус « ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду пайдалануу учун туура болуштуруу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы «Евентус» ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду туура болуштуруу жонундо аймак башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагындагы мекеме уюмдардын электро энергиядан болгон карызы учун 350,0 (уч жуз элуу мин) сом, мекеме уюмдарга комур сатып алууга 207,0 (эки жуз жети мин) сом жана мекеме-уюмдардын ар турдуу чыгымдары учун 130,0 (бир жуз отуз мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№2 ТОКТОМУ
«06» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.

«Евентус « ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду пайдалануу учун туура болуштуруу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы «Евентус» ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду туура болуштуруу жонундо аймак башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагындагы Горняк-2, Школьная, Мырзалиев кочолоруно тазалык куруу учун 100,0 (жуз мин) сом, Эшалы болуш кочосундогу общежитияны коз карандысыз баалоочуга келишимге ылайык 6,0 (алты мин) сом, Ынтымак кочосундогу аялдама учун 10,0 (он мин) сом болунуп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№3 ТОКТОМУ
«06» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.
«Евентус « ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду пайдалануу учун туура болуштуруу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы «Евентус» ЖЧКоому тарабынан демоорчулук жардам катары болунгон 1,0 млн сомду туура болуштуруу жонундо аймак башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагындагы Горняк-1, Горняк-2, Ак-Терек жана Ынтымак кочолоруно таза суу чыгаруу максатында 40,0 (кырк мин) сом акча каражаты, Кызыл-Токой айылындагы ФАП тын ремонту учун 20,0 (жыйырма мин) сом, айылдык аймактын ар кандай чыгымдары учун 50,0 (элуу мин) сом, Кызыл-Токой айылындагы Жеруюк участкасына копуро куру учун 62,0 (алтымыш эки мин) сом жана Терек-Сай айылындагы таштандыларды чыгаруу учун 20,0 (жыйырма мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№4 ТОКТОМУ
«06» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.
« Терек-Сай айылынын тургуну Н.Каныбековдун кайрылуусу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы Терек-Сай айылынын тургуну Н.Каныбековдун турмуш шартына байланыштуу айыл чарбасына керексиз жерден турак жай салуу учун жер аянтын болуп беруу боюнча Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын тургуну Н.Каныбековдун турмуш шартына байланыштуу айыл чарбасына керексиз жерден турак жай салуу учун жер аянтын болуп беруу Терек-Сай айылдык аймагына сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер жана турак-жай боюнча адиси Ш.Балтагуловко жуктолсун.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенешинин агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№5 ТОКТОМУ
«06» октябрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.
« Терек-Сай айылынын Ынтымак кочосунун тургуну Г.Урустамованын турак-жай салуу учун кайрылуусу жонундо»
Терек-Сай айылдык аймагы Терек-Сай айылынын Ынтымак кочосунун тургуну Г.Урустамованын турмуш шартына байланыштуу айыл чарбасына керексиз жерден турак жай салуу учун жер аянтын болуп беруу боюнча Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын Ынтымак кочосунун тургуну Г.Урустамованын турмуш шартына байланыштуу айыл чарбасына керексиз жерден турак жай салу учун жер аянтын болуп беруу Терек-Сай айылдык аймагына сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер жана турак-жай боюнча адиси Ш.Балтагуловко жуктолсун.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенешинин агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1 ТОКТОМУ
«23» декабрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.
« Терек-Сай жаштары» ЖЧК-нун кайрылуусун кароо жонундо»
«Терек-Сай жаштары» ЖЧК-нун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жер казыналар боюнча мыйзамына ылайык «Терек-Сай жаштары» ЖЧК-дун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагына «Терек-Сай жаштары» ЖЧК-го Терек-Сай айылдык аймагындагы Кассан аянтына 3785 МЕ Лицензиясынын негизинде кен казуу иштерин жургузууго 2034-жылдын 8-декабрына чейин 56,02 га жер аянтын болуп берууго уруксат берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын жер казыналары жонундогу мыйзамына ылайык Терек-Сай айылдык аймагынын социалдык пакет боюнча колдоо корсотуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы онор жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

Терек-Сай айылдык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын

№1А ТОКТОМУ
«23» декабрь 2014-жыл Терек-Сай айылы.
« Терек-Сай айылдык аймагынын киреше болугуно озгортуулорду киргизуу жонундо»
«Терек-Сай айылдык аймагынын финансы экономика болум башчысынын киреше болугуно озгортуулорду киргизуу жонундогу билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айылдык аймагынын 2014-жылга карата киреше болугунун планы №1 тиркемеге ылайык 5466,0 мин сомго кобойтулуп 180,0 мин сомго кыскартылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын финансы экономика болумунун башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жергиликтуу Кенештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

Терек-Сай айылдык
Кенешинин торагасы: Алымкулов.Н.А.

“Жыл мугалими-2015” сынагы болду

жыл муг 1 жыл муг 1 жыл муг 3 жыл муг 4 жыл муг 5 жыл муг 5 жыл муг 7 
Өтүп бараткан жуманын башында Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук “Жыл мугалими-2015” кароо-сынагы болуп өттү.
Кароо-сынакты жүрүшүндө катышуучулар окуучуларга сабактарды өтүшүп, өздөрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын көргөзүштү. Катышуучулар мындан сырткары, өздөрүнүн маданий, интеллектуалдык, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жана ар тараптуу таланттарын көргөзүү менен, калыстардын сынына коюшту.
Эки күнгө созулган кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын тандоосу менен баш байгенин ээси болуп Шакафтардагы В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын адеп сабагы боюнча мугалими Гүлнара Нармырзаева табылып, төрт миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 1-орун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин кыргыз тили мугалими Анапия Нуркуловага ыйгарылып, эки миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду. 2-орунга Терек-Сай айылындагы Терек-Сай орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Алтынай Турдиева илинип, миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми, 3-орун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жайнагүл. Атабаевага берилип, жети жүз сом акчалай сыйлыктын ээси болду. Мындан сырткары, сегиз катышуучу ар кандай наамдардын ээси болушуп, 3 мугалим райББнын “Алкыш” баракчасына арзышты.

Токойчулар үчүн пайдалуу семинар болуп өттү

лесхоз 1 лесхоз 2 лесхоз 3 лесхоз 4 лесхоз 5 
Өтүп бараткан жуманын соңунда Чаткал райондук токой чарбасында аталган чарбанын токойчулары үчүн семинар өттү.
Семинарга токой чарбасынын бардык токойчулары катышып, аларга токой чарбанын башчысы Нургазы Жолдошев, кызматкерлер Дүйшөнбек Барпиев, Курманбек Анарбековдор тарабынан өткөрүлдү.
Семинарда негизинен, токойду сактоо жана коргоо, токойчулардын укуктары жана милдеттери, тиешелүү мыйзамдар жана нормативдик укуктук актылар, өрт коопсуздугун алдын алуу чаралары, токой өстүрүү жана өрчүтүү, калемче даярдоо, көчөт тигүү, жайыт комитети менен мамилелер,жайыттарды туура пайдалануу маселелери айтылып, катышуучуларга аталган маселелер боюнча окуу өткөрүлүп, кеңири түшүнүктөр берилди.
Мында, токойчулардын ишмердүүлүгүндө кездешип келаткан көйгөйлүү маселелердин бири-токойчулар тарабынан жазылчу иш кагаздарынын туура,так жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте толтурулуусу экендиги айтылып, токой чарба кызматкери Дүйшөнбек Барпиев катышуучуларга бул маселеде кеңири окуу өткөрдү. Мында токойчулар окуунун жүрүшүндө актылардын жана протоколдордун үлгүлөрүн өздөрү толтурушуп, үйрөнүшүп, аталган иш кагаздарын мыйзам жагынан туура жана сабаттуу толтуруунун тартиби менен жакындан таанышышты.
Мындан сырткары, токой чарба кызматкери Курманбек Анарбеков токой өстүрүү жана өрчүтүү, калемче даярдоо, көчөт тигүү, жайыттарды туура пайдалануу маселелери боюнча окуу өткөрүп, бул багытта кеңири түшүндүрмөлөрдү берди.
Семинардын соңунда, катышуучулар токой чарба кызматкерлерине өз ишмердүүлүктөрүнүн алкагында тийиштүү суроолорун беришип, кеп-кеңештерди алышты.

алиппе 1 алиппе 2 алиппе 3 алиппе 4 алиппе 5 алиппе 6“Алиппе менен коштошуу” кечелери болду
Өтүп бараткан жума башында район мектептеринде башталгыч класстардын “Алиппе менен коштошуу” кечелери болуп өттү.
Мындай кече район борбору Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде да болду. Кечеде алгач, мектеп директору Шадыкан Айымбетов, райББнын кызматкери Гүлгакы Субанова жана мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди каалашты.
Андан соң, ата-энелер жана мектеп окуучулары мектептин 1а жана 1б класстарынын окуучуларынын катышуусунда даярдалган чоң программадагы концертке күбө болушту.
Концерттин жүрүшүндө, жеткинчектер мектеп, мугалим жана билим темасындагы көркөм ырларды окушуп, обондуу ырларды аткарышып, тамгаларга арналган ырларын жатка айтышып, жыл ичинде окуп үйрөнгөн билимдерин көргөзүштү.
Мындан сырткары, жеткинчектер азыркы учурда эл ичинде популярдуу болуп жаткан “Кара жорго”, “Жалын бий” кыргыз бийлерин катыра бийлешип, балдар жомокторунан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.
Кеченин соңунда, 1-класстын класстык жетекчилерине жана окуучуларына ата-энелер тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

“Жол куруу сооп иш деп билемин”

ташанов  Буюруса, быйыл районубуздун уюшулганына 80 жыл толду. Бул мезгилдин ичинде аймагыбыз эбегейсиз өзгөрүүлөргө туш болду. Буга албетте эмгекчил элибиздин кажыбас кайраты жана да жетекчилердин иш билги касиеттери аркылуу жетишилди десем болот. Мына ошондой өз кесибин ардактап, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, кажыбас кайраты менен эл урматына ээ болуп, районубуздун гүлдөп өнүгүшүнө салымын кошкон жетекчилердин бири Абдумиталип Ташанов. Абдумиталип Ташанов 1953-жылы 22-февралда Ала-Бука районунун Өрүктү айылында туулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1975-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан соң атайын жолдомо менен Кара-Көл шаарындагы ДЭУ-30 ишканасында жол мастерликтен баштаган. 1976-жылы Ала-Букадагы ДЭУ-17 жол тейлөө ишканасына прораб болуп которулган. 1979-1981-жылдары ошол эле мекемеде жетекчи болгон. 1981-1986-жылдар аралыгында Чаткал районуна караштуу ДЭУ-27 ишканасында жетекчи, 1986-93-жылдары айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ал эми 1993-жылы ноябрда ДЭУ-27 менен РДЭСУ ишканалары биригип ДЭП-27 ишканасы уюшулганда элдердин суранычы менен кайрадан аталган ишкананын башчылыгына келген. Ал жерде 1997-жылдын декабрына чейин эмгектенип, 1998-жылдын январь айында Жалал-Абад областык ПЛУАД-6 ишканасына технадзор болуп дайындалган. 1999-жылдын апрель айында Ала-Бука райондук ДЭП-17 ишканасына жетекчи болуп келип. аталган ишканада 2014-жылдын ноябрь айына чейин үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Үй бүлөлүү 2 уул, 5 кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда 15 неберенин сүйүктүү чоңата, таятасы. -Абдумиталип аке, бу өмүр жолуңузга саресеп салып отурсам ортодо 7 жылдай кесиптик кошунда эмгектенгениңиз болбосо башка мезгил бүтүндөй жол тейлөө тармагында иштеп келипсиз. Ушунча мезгил бир тармакта иштөө сизди тажаткан жокпу? -Жок, эмнеге тажамак элем. Мен жол куруу сооп иш деп билемин. Сен салган жолдон миңдеген жолоочулар сапар чегишет. Ислам дининде деле айтылат эмеспи “жолдо жаткан ташты алып коюу сооп” деп. А биздин ишибиз жол тейлөө болгондуктан жолдорду жүргүнчүлөр кыйналбасын деп тегиздейбиз, оңдоп түзөйбүз дегендей. Мындай иштен рахат гана аласың. Анан калса бул өзүм жактырып тандаган кесибим. -Ошентсе да айтсаңыз Чаткал райондук жол тейлөө ишканасына жетекчи болуп келгениңизде ишкананын абалы кандай эле? — Чаткал райондук жол тейлөө ишканасы Таласка ашып өтчү Кара-Буура ашуусунун туу чокусуна чейин көзөмөлдөп турган. Ошону үчүн ишкана райондун борборунан четте, тагыраагы Башкы-Терек айылына жайгашкан эле. Мен жетекчи болуп барган мезгилде ишкананын кеңсеси жок болгондуктан бир жеке үйдү кеңсе катары пайдаланып турушкан экен. Кийин биз 60 сотых аянтты таш дубал менен курчап, бышкан кыштан учур талабына келгендей имарат куруп, ишкананы ошол жайга көчүрдүк. Анда Талас областына карачу эле го Чаткал. Областка баруучу Кара-Буура ашуусу аркылуу болгондуктан бул жолду жакшыртуу максатында аракет кылдык. Тактап айтканда жол кеңейтилип, талапка ылайык салына баштаган эле. Бирок, жолдун 5 чакырымы бүткөндө Чаткал району Ош областына карап калды да жакшы тилек менен салынып жаткан жол аягына чыкпай калып калды. Ошол мен иштеп турган мезгилде Терек-Сайдан Кыз Булакка чейинки жол оңдолуп, айрым жерлери жардыруу жолу менен кеңейтилип, Курулуш, Жаңы-Базар, Каныш-Кыя айылдарынын ичи шагыл менен битум аралаштырып кара шагыл жол болду. Ошондой эле Кызыл-Токойдон Кара-Буура ашуусуна чейинки жолду оңдоп түзөп көзөмөлдөп туруу дегендей көп эле иштер аткарылды. -Эми ошол сиз иштеген жылдар менен азыркы учурду салыштырып көрсөңүз . Ишкананын бүгүнкү абалы кандай деп ойлойсуз? -Азыр абал жакшы да. Ишкана заманбап техникалар менен камсыздалган. А биздин тушубузда өзүң билесиң Казакстан, СТО өңдүү бульдозерлор иштечү. Өзгөчө кыш айларында көчкү түшүп жол тосулуп калганда ашуунун жолун ошол эскирген техникалар менен күндөп-түндөп тазалоого туура келчү. Азыр андай кыйынчылык жок деп ойлойм. — Экинчи ирет бул ишканага жетекчи болуп келишиңиздин себеби эмнеде. Же чын эле өз кесибиңизден узап кетеалбадыңызбы? — Мен кайрадан жол тейлөө ишканасына ДЭП-27 ге жетекчи болуп келишиме элдин суранычы себеп болду. Эмнеликтен билбейм, менден башка бул мекемеге келген жетекчилер 1-2 жылдан ашык иштебей кете беришкен. Ошондонбу эл суранып экинчи ирет да иштөөгө туура келген. — Ушунча жылдык эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы? — Кудайга шүгүр десем болот. Партиянын Талас областык комитети менен областык аткаруу комитетинин Ардак грамотасын, ошондой эле Жалал-Абад обладминистрациясынын 2 ирет, Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2 ирет, агро өнөр кызматкерлеринин борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйлангам. Мындан сырткары “Ардактуу жолчу” төш белгисинин ээсимин. — Жыйналыштарда райондук жетекчилер менен айтыша кетмей адатыңызды байкачумун. Кызматтан жогорулабай калышыңызга чыр мүнөзүңүз себеп болбоду бекен? — (Күлүп) Мен айтсам акыйкатты, чындыкты талашып чырылдашчумун да. Мүмкүн сен айткандай ошол мүнөзүм себеп болгондур. Анкени, айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман эмеспи. Мен ага өкүнбөйм деле. — Чаткал эмнеси менен эсиңизде калды? — Чаткалдын эли адамды баалаган, меймандос эл келет. Жери болсо кооз. Кыш келгенде кыйынчылык башталат да жаз келери менен унутулат. Бир топ жыл Чаткалда иштеп жоро-жолдош, дос-тамыр арттырдым. — Сизди өкүндүргөн нерсе? — Өкүнгөнүм эле ошол жогоруда айтып өткөн Башкы-Теректеги ДЭП-27 ишканасынын имараты жеке менчикке сатылып кетиптир. Ошондой эле Шабыр Сай участкасына асфальт завод курулган эле. Ал да таланып, тонолуп жок болуптур. Ушулар турса эртеби-кечби иштейт эле да. — Куруп берген кызыктуу маегиңиз үчүн ырахмат, соо болуңуз!

Маектешкен Т. Темиралиев»Чаткал оттору»

Өсүмдүктөр жашоо булагы, ден-соолуктун байлыгы

02
Чаткал өрөөнүндө күн жылымдап кар эрип, жерге дем келе баштады. Кар кетери менен айланабыз жашыл шиберге айланып, түркүн түрдүү чөп өсүмдүктөрү өсүп чыгып, кызыл сары гүлдөр ачылып, айланабыз көз жоосун алган кооздукка айланат. Өсүмдүктөр биздин жашоо булагыбыз. Ошондуктан жайнаган ар түркүн өсүмдүктөрүбүздү табигый абалда сактап, керектөөбүзгө үнөмдөп пайдалануу ар бирибиздин милдетибиз.
Жаратылышка көмөк көрсөтүү менен анын байлыгын пайдалануунун бирден бир жолу аарычылыкты өнүктүрүү. Бал аарылар өсүмдүктөрдүн нектарын эле жыйнап тим болбостон, аларды чаңдаштырып, урук байлоосуна чоң жардам көргөзөт. Чаңдашуунун негизинде чөп өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана көбөйүүсү жогорулайт. Балчылыктын кенен өнүктүрсө ушул өрөөндөрдүн эли бал менен камсыз болуп, балды сырткары жактарга сатууга жетерлик даярдай алышат. Чаткал өрөөнүндө өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсүп жана дары чөптөр көп кездешкендиктен Чаткалдын балы да баалуу, базарда өтүмдүү. Айыл чарбасында элдин көпчүлүгү балчылыкка багыт алып, балчылыкты өркүндөтсөк элдин дагы экономикасы көтөрүлүп, жаратылышка дагы чоң салым болмок.
Өрөөндүн токойлуу бөлүктөрү ар түрдүү жемиш бактарга жана балдарга бай. Бул байлыктарды пайдаланууда жапайы жемиштерди терүүдө үч эреженин сакталышы милдеттүү шарт болушу керек. Биринчиден – ал өсүмдүктөрдүн урук таштоосун, экинчиден ушул өсүмдүктөн азыктанган жапайы жаныбарлар жана канатуулардын шыбагасын эске тутуу. Үчүнчүдөн, айрыкча жашыруун келип алгандар бадалдардын, дарактардын бутак-шактарынын сынып-бүлүнгөнүнө карап отурушпайт. Жыл сайын опсуз сындырылган өсүмдүк сополдонуп, түшүм берүүсү азаят же оорууга чалдыгып куурап жоголо берет. Мына ушул өсүмдүктөргө чычырканак, ит мурун, карагат, бөрү карагат сыяктуу көптөгөн бадал-дарак өсүмдүктөрү кирет. Алардын мөмөлөрүн этияттап терип өз пайдабызга пайдалансак.
Чаткал өрөөнүнүн кен талааларында көптөгөн чөп өсүмдүктөрү менен кошо дары чөптөрдүн көп түрлөрү өсөт. Алардан адырашманга токтоло кетсем анын бийиктиги 20-25 см. Кыргызстанда өтө көп таралган өсүмдүк. Адырашман чөбүн эрте жазда орок богок байлаган мезгилде жерден 5-10 см жогору кыркып алыш керек. Өсүмдүктү кол менен жулууга болбойт. Уругун кутучасы ачыла баштаган мезгилде жыйнайт. Кутучаны кездемени жазып күнгө же бастырмага кургатат. Өсүмдүктүн курамындагы олголоит алгач борбордук нерв системасынын кыймылдаткыч борборлорун жандандырат. Кандын басымын төмөндөтөт, жүрөк кан тамырын кеңейтет. Өттүн жана ичегилердин иштешин жакшыртат. Адырашманды биз өтө ыйык тутуп үй-жайды, бала-чаканы, короо-малды, техникаларды аластап келебиз.
Бака жалбырактын жалбырагы жайында гүлдөгөн мезгилде кол менен үзүп алынат. Бастырмага жука жайып кургатылат. Бака жалбырактын жалбырагы суук тийгенге каршы, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу болуп саналат. Жалбырактарды демдеп ичеги сезгенгенде жана бронхит, какырыкты жумшартуу үчүн демдеп ичет. Уругун ич катканда демдеп ичсе ичти жумшартат. Ириң чыгарууга пайдаланат. Кургатылган жалбырактан бир чоң кашык бир стакан (чоң) 20-30 минут демдейт, андан кийин пайдаланылат. Биздеги дары чөптөрдүн түрлөрүн таанып-билип жана аяр мамиле жасап пайдасын көрсөк.
Мындан тышкары бозунач, кадимки өгөй эне, долоно, шилби, чычырканак, карагат, ит мурун, мекеир ж.б. тамак ашка пайдаланган өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү витаминдерге өтө бай келип иммунитетти көтөрүүчү, денени калыптандыруучу, ар кандай оруулардын алдын алуучу катары чоң жардам көрсөтөт. Бул чөптөрдүн бир жагынан баалуулугу бар болсо, экинчи тараптан алганда жайыттар үчүн оттоо чөп болуп эсептелет.
Республиканын Улуттук Академиясына караган токойчулук боюнча институту, Агрардык академия атайын адистерди бөлүп, ар кайсы дары чөптөрдүн тараган орундарын жана запасын аныктап, сунуштарын (рекомендацияларын) берсе андан кийин республиканын фармация системасы кабыл алууну жана өз сырьебуздан көбүрөөк дары жасоону уюштурса, же ишкерлер коңшу республикалардын тиешелүү тармактары менен алака түзө алышса, жумушу жок айыл эли дары чөптөрдү даярдоого катышып, өздөрүнө да жайыттарга да пайда келтиришет эле. Чөп бышкан кезде чабылып, ордунда кургатылып жыйналса, чөптүн урук таштоосу да жакшырат.
Коруктардын, токой чарбасынын жана элдин керектөөсүнө жеткидей бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүү үчүн питомниктерди, айрыкча “токой жана токой-мелиоративдик” жана “жемиш бак” багытындагы питомниктерди уюштуруу бардык тараптан пайдалуу болор эле. Дыйкан чарбалар, жалпы эле жергиликтүү жашоочулар бак дарактарды тигүүнү көбөйтүүнү колго алуусу керек. Муну менен көптөгөн зарылчылыктар канаттандырылар эле. Талаа четтерине коргоо тилкеси катары тигилген бак-дарактар ал талаанын микроклиматын жакшыртса, жол жээктерине жана короо жайга тигилген бактар ал жайларга көркөмдүктү камсыз кылып кооздукту тартуулайт.
Жемиш бактар тигилсе түшүмүн берет. Андан ар кандай сок-сироптор, вареньелердин түрлөрү, жемиш кактар жасалып пайдаланылат. Акыры жүрүп жетилген учурунда ошол эле бак-дарактар арзан курулуш материалдары же отун болот. Айрыкча бадал өсүмдүктөрү же акация өңдүү өсүмдүктөр менен кошо талааны коргоо тилкесине тигилген мырза терек, кара жыгач же көк талдар курулуш материалы катары тез жетилүүчү дарактардан болуп эсептелет.
Аскасы бой тиреп, башынан ак кар кетпеген тоолордо токойлор анда өскөн өсүмдүктөр сулуулуктун белгиси эмеспи, токой байлыгын коргоо, аны көбөйтүү биздин асыл милдетибиз.
Жайнагүл Алчинбекова, Беш-Арал мамлекеттик коругунун кенже илимий кызматкери

Окуучулар өрткө каршы кызмат тууралуу кеңири түшүнүк алышты

ППЧ окуу 1 ППЧ окуу 2 ППЧ окуу 3 ППЧ окуу 4 
12-март күнү “С. Байдөөлөтов”, “А. Баймырзаев” жана Кайың-Суу орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары район борборунда жайгашкан Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө болушуп, аталган мекеменин аткарган кызматы менен кеңири таанышышты.
Бөлүмдүн башчысынын орунбасары Дастан Тайиралиев менен инспектор Азамат Жумабаевдер окуучуларды өрт өчүрүү шаймандары менен кеңири тааныштырышып, өрт кырсыгы болгон учурда кайсы шаймандын кандай колдонулушу тууралуу түшүндүрүштү. Буга кошо эле, өрт өчүрүү бөлүмүнө жаңыдан келген ЗИЛ 130 маркасындагы АЦ 40 автомашинасы менен тааныштырышып, анын иштөө жөндөмдүүлүгү тууралуу айтып беришти.
Мындан сырткары, өрткө каршы бөлүмдүн ички жашоосу, өрт өчүрүүчүлөргө түзүлгөн ыңгайлуу шарттар менен да тааныштырышып, өрт кырсыктарынын кантип алдын алуу, өрт кырсыктары жүз берген учурда кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу окуу өтүштү.
Бул иш чара облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын буйругуна ылайык өткөрүлдү.
Мындай иш чара 11-март күнү райондун Сумсар айыл аймагынын Сумсар орто мектебинде жана Терек-Сай айыл аймагынын “А. Чымканаев” орто мектебинде өткөрүлгөн.