Архив за месяц: Февраль 2015

КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы салык кодексинин 92-беренесинин талаптарына ылайык жеке жарандардын 2014-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2015-жылдын 1-апрелинде аяктарын эскертет.
Бирдиктүү салык декларацияны төмөнкү мекеме уюм жана ишканалар тапшырышы керек.
— Мамлекеттик кызматкерлер
— Жеке ишкерлер (патент жана күбөлүк менен иштегендер)
— Жеке пайдалануусунда салык төлөнүүчү кыймылсыз мүлкү бар жеке жарандар.
— Юридикалык жакты түзбөстөн ишмердик жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар (салык кызматынан каттоодон өткөндөр).
— Автоунаа жана жер үлүштөрүнүн ээлери (короо-жай ээлеринен тышкары).
Бирдиктүү салык декларация Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында ишемби жана жекшембиден башка күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат.
Байланыш телефондор: 03749 6-02-36, 0771 50-52-63, 0772 61-89-64
Ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын Колл-борборунун бирдиктүү 194 номуру аркылуу алууга болот.
Эгерде белгиленген убакта декларация тапшырылбаса Кыргыз Республикасынын административдик жаза кодексинин 351-беренесинин негизинде 2000 сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертебиз
Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы

Урматтуу салык төлөөчүлөр!

Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 92-беренесинин талаптарына ылайык мекеме уюмдар жана юридикалык жактардын, 2014-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2015-жылдын 2-мартында аяктарын эскертет.

Бирдиктүү салык декларациясы Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында ишемби жана жекшембиден башка күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин жүргүзүлөт. Тыныгуу убактысы 12.30 дан 13.30 га чейин.

Байланыш телефондор: 03749 6-02-36, 0771 50-52-63, 0772 61-89-64
Ошондой эле толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын Колл-борборунун бирдиктүү 194 номуру аркылуу алууга болот.
Эгерде белгиленген убакта декларация тапшырылбаса Кыргыз Республикасынын административдик жаза кодексинин 351-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айыпка кириптер болушуңуздарды эскертет!
Дареги: Салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы

Окуучулар борбор калаага барышат

Жакында Шакафтардагы В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын администрациясынын башчысы Т.Орозбаев 2014-жылдын акыркы декабрь айында болуп өткөн райондук олимпиадада жеңиш менен кайтып келишкен мектеп-интернатынын 10 окуучусу менен жолугушуу өткөрдү. Бул райондук олимпиадада мектеп-интернатынын 2 окуучусу 1-орунду, 6 окуучусу 2-орунду, 2 окуучусу 3-орунду ээлешип жеңиш менен келишкен болчу.
Алар менен болгон жолугушууда Т.Орозбаев бул 10 окуучунун райондук олимпиададагы ийгиликтери мектеп- интернатынын чоң сыймыгы болгондугуна акцент жасап, аларды дагы бир ирет кызуу куттуктап, окуу – тарбия процессинин жүрүшүндө алдыда дагы ийгиликтерди жарата бериштерине каалоосун билдирип, жайкы каникулда Бишкек шаарына сапарга барып, сейилдеп келе тургандыктарын камсыз кыла тургандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле областтык олимпиадага катышууга жолдомо алышкан окуучулар Акматбек уулу Темирлан, Парпиев Айтназарга ийкемдүү ийгиликтердин жаралыштарына тилектештигин билдирди.

окуучулар борбор калаага барышат 1
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Улуу Жеңишти улам жакындатышкан

сариева азашТарых барактарынан жазылып калгандай ошол мезгилдеги бирдиктүү , ынтымактуу Совет элинин, Советтик Армиянын 1941-1945-жылдарда германдык фашизмди биротоло талкалап жеңиши – хх кылымдагы Совет элинин өлбөс-өчпөс эрдиги, Улуу Жеңиши. Эң оор шарттарда Советтик Армия дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болуп, СССРдин жана Европа өлкөлөрүн фашисттик оккупациядан куткарып калды. Европа аймагында тынчтык өкүм сүрдү. 1945-жылдын 9-майында Рейхстагдын чокусуна орнотулган Жеңиш Туусу Адамзаттын тарыхындагы унутулгус эң зор окуялардан болуп, тарых барактарында 9-май – Улуу Жеңиш күнү деп аталды.
Ошол 1418 күнгө созулган оор согуш жылдарындагы фронтто жана оорукта ар бир жоокер жана генерал, ар бир жумушчу жана колхозчу, ар бир коммунист жана комсомол, пионер, ар бир эркек жана аял өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишти жакындатышкан. Ошондуктан да биз бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына 1941-1945-оор жылдардагы согуш ардагарлеринин курман болгондоруна, тирүүлөрүнө жана оорукчуларга хх-кылымдын тарыхындагы Улуу Жеңишке кошкон салымдары үчүн таазим кылабыз. Алардын көрсөткөн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери унутулгус экендигин тарых барактары ырастап, далилдеп келет.
Сумсар айыл аймагында да Улуу Жеңишке өздөрүнүн эрдиктери жана күжүрмөн эмгектери менен салымдарын кошушкандар бар. Оорукта ошол оор мезгилдерде Советтик аскерлерге, жоокерлерге камкордук көрүшүп, күжүрмөн эмгектери менен Улуу Жеңишке салым кошкондордун бири -Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар айылынын тургуну Сариева Азаш эне. Сариева Азаш эне 1923-жылы туулган. Каардуу, оор 1941-1945-согуш жылдарында оорукта эмгектенишкен миңдеген кыргызстандыктардай эле, Чаткал, Ала-Бука талааларында өздөрүнүн кажыбас-кайратуу эмгектери менен көптөн күткөн Улуу Жеңиш күнүн жакындаштырышкан. Албетте, алардын оор согуш жылдарындагы турмушу жана эмгеги – чыныгы атуулдук эрдик. Ал Жеңиш күнүнө болгон жолдо миңдеген адамдар оорукта кажыбас-кайрат менен эмгектенишкен. Аларга жеңишке гана болгон үмүт, ишеним кайрат берген.
Мына ушундай Улуу Жеңишке болгон оор, кыйын, узак жолдо Сариева Азаш эне 5 жыл Чаткал районунун Ак-Таш айылынын талааларында кош айдап, ат минип, орок оруп, чөп байлап, машак терип, кажыбас-кайраттуу эмгектери менен Жеңиш күнүн жакындаштыргандардын катарында болуп, Улуу Жеңишке өзүнүн зор, салмактуу салымын кошкон.
Бүгүн Сариева Азаш эне: “Улуу Жеңишке болгон узак жана кыйын жолдо 5 жыл үмүт, ишеним, ой-тилек, кажыбас кайрат менен эмгектендик, кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк, кыйынчылыктар артта калды. “Кыйынчылыктын түбү – үзүр”, “Сабырдын түбү – сары алтын” – деп айтылгандай, кажыбас, күжүрмөн эмгегибиздин акыбетин көрдүк – ошол мезгилдеги бир үй-бүлөнүн балдарындай жашаган Совет элибиз фашизмди жеңди, согуш бүттү. Ушунусуна кудайга миң мертебе шүгүр кылып, кайра келгис жоготуулардын кайгысын, согуштан кайтпай калган аталардын, уулдардын, бир туугандардын элестерин унута албайт экенсиң. Ылайым согуш болбосун” – деп эскерет.
Ооба, бүгүн биз согуш жана оорук каармандарыбызга көңүл бөлүү, камкордук көрүү, таазим кылуу менен ардактообуз абзел.
Учурда Сариева Азаш эне 1941-1945-жылдарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу, оор жылдарындагы кажыбас кайраттуу, күжүрмөн эмгектеринин, Улуу Жеңиштин акыбеттерин көрүп 4 кызды, 2 уулду өстүрүп, тарбиялап, үйлөп – жайлап 24 неберенин чоң энеси болуп, Улуу Жеңиш тартуулаган бактылуу турмушту башынан өткөрүп, өрнөктүү өмүр сүрүүдө.
Сариева Азаш эне Улуу Жеңиштин бир нече юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Белгилей турган нерсе бүгүн ар бирибиз согуштун катышуучуларына, ооруктун каармандарына эң жогорку көңүл буруу, аларга мээримдүүлүктү, урмат-сый, таазим кылуу биз үчүн парз.
Б.Исаков «Чаткал оттору»

Биринчи грант алынды

Жер-жерлерде көптөгөн социалдык маселелерди чечүү максатында коомдук фонддор түзүлүп, түрдүү долбоорлор жазылып, грант утуп алып, көңүл өйүгөн көйгөйлөрдү чечип келишүүдө. Мына ушул багытта А.Жерембаев жетектеген “Айкан” коомдук фонду мыкты иштерди бүткөрүп жаткандыгы маалым. Буга бир мисал катары Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу максатында аталган фонд тарабынан долбоор жазылып, 1 миллион сом грант утуп алгандыгын айтсак болот.
— Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлгөн “Жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, жетим жана жарым жетим балдарга кошумча билим, тарбия берүү” деген темадагы долбоордун негизинде кичи гранттар конкурсуна катышып, 1 миллион сом утуп алганбыз,- дейт “Айкан” коомдук фонддун Терек-Сай айыл аймагы боюнча координатору А.Жантаева сөз учугун улай.
Жакында ошол каражаттын 1-траншы 250 миң сом бөлүнүп, ага “Ай нуру” балдар бакчасына керектүү эмерек буюмдар алынып келинди. Тактап айтканда килем, дорожка, чачык, фотоаппарат, телевизор, ДВД караоке, принтер, электро тефаль, электроплита жана башка ар түрдүү оюнчуктар алынды.
Буюруса 2-3 транштар да келип, кошумча тайпа ачылчу күн да алыс эмес.
Ооба, аракетке берекет деген ушул эмеспи. Минтип долбоор жазып, грант утуп, аздан болсо да социалдык маселелер чечилип жатышы кубанарлык күрүнүш деп ойлойм

Биринчи грант алынды 2
Т.Темиралиев «Чаткал оттору»

Эхинококкоз-жугуштуу дарт

Эхинококкоз оорусу акыркы жылдары калк арасында кеңири жайылып чоң көйгөйдү жаратууда. Ошондуктан эхинококкоз оорусу социалдык оорулардын катарында болгондуктан оору менен күрөшүүгө жапа тырмак киришүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы Мал чарбасы рынокту өнүктүрүү-1 долборунун алкагында иш алып баруу азыркы учурдун талабы экендигин белгилеп жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эң маанилүү болуп саналат.
Эхинококкоз оорусу 2-3 мм болгон тасма курттарды алып жүрүүчү ит, мышык жана жапайы жаныбарлар (карышкыр, түлкү, чөө жана башкалар) алардын ичинде тасма курттар 14 күндүн ичинде жетилип, өзүнүн жумурткасын сыртка бөлүп чыгарууга жөндөмдүү болушат. Бөлүнүп чыккан жумуркалар айына 10 күн аралыкта жана ысык мезгилде 4 айга чейин, жерде, топуракта, чөптүн үстүндө жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Айлана чөйрөдөгү эхинококкоздун жумурткасын айыл чарба малдары чөп, суу аркылуу жугузуп алат.
Адам өздүк гигенасын сактабагандыктан дарыланбаган ит, мышык менен байланышта болгон мезгилде жугузуп алат. Жугузуп алган адамды дарылоо операция жолу менен гана жүргүзүлөт. Азыркы мезгилде районубузда 21 адам ооруп, операциялык жол менен дарыланган жана алардын үчөөсү кайрадан операцияга дуушар болуп отурат. Бул көптөгөн акча каражатын талап кылуусу баарыбызга маалым.
Ошондуктан эхинококкоз оорусун алдын алуу, андан сактануу жолдору болуп, ар бир атуул өзүнүн үйүндөгү ит, мышыгын ветеринарларга кайрылып, эхинококкоз оорусуна дарылатуу болуп саналат. Адам өздүк гигенаны сактоодо колду жакшылап жууп, балдардын ит, мышыктар менен ойноодо алардын дарыланган же дарыланбагандыгы жөнүндө маалыматты билип, жергиликтүү ветеринардык врачтарга кайрылып туруусу абзел. Айыл чарба малдары союлган мезгилде боор, өпкө эхинококкоз менен жабырланса аларды ветеринардык санитардык эреженин негизинде итке бербестен өрттөп, чуңкурга көмүп салуу керек. Себеби; ит малдын эхинококктун личинкасын (ыйлакчасы) менен жараланган боор, өпкө жеп, ылаңды өзүнө жугузушат жана иттин организминде эхинококоз куртун жетилтип жумуртка чача турган стадиясы өтөт, ошондуктан ит, мышык, жапайы жаныбарлар оору таркатуучу болуп эсептелет. Алар өздөрү эч качан эхинококкоз ылаңы менен оорушпайт.
М.Мырзабаев, Чаткал райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук башкармасынын башкы инспектору

Демөөрчүлөрдүн деми менен

Калктын жалпы эле социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу учурдун эң негизги маселелеринин бири экендиги жалпыга маалым. Бул багытта Терек-Сай айыл аймагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Ырас, тоо арасында жайгашкандыктан бул аймакта эгин айдалчу жер жок. Ошондуктан калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы жана өндүрүш тармактарында эмгектенишет. Аймактын жалпы аянты 16817 гектарды түзүп, анда 4189 адам же 903 кожолук күн кечирет. Айыл аймакта өткөн жылга ар түрдүү салыктардан түшкөн кирешелер 7185,5 миң сом түзүлсө, ал эми аткарылышы үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 6857,2 миң сомду түзгөн. Коммуналдык тейлөө боюнча электроэнергиядан кредитордук карыз 2014-жылдын башында 424,7 миң сом болсо, 2015-жылдын 1-январына карата 575,5 миң сомго чыгып отурат. Байланыштан болгон карыз өткөн жылдын башында 1,8 миң сом болсо жыл этегинде 3 миң сом болгон. Мына ушул маалыматтардан көрүнүп тургандай, айыл аймактын капчыгы чектелүү. Анткени менен, абалга кол куушуруп отуруп албай демөөрчүлөр менен биргеликте аймактагы социалдык маселелерди мүмкүнчүлүтүн барынча чечип келишүүдө.
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме-уюмдардын 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттен жана жеке фирмалардан берилген акча каражатына кайрылсак; өткөн жылдын февраль айында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими менен айыл аймактагы 3 бала бакчага 185,3 миң сом каражат балдардын кошумча тамак ашы үчүн бөлүнүп берилген. Калкка электроэнергия боюнча компенсация төлөп берүүгө 322,9 миң сом которулуп берилген. Атайын каражаттардын эсебинен жардамга муктаж айрым атуулдарга 2 миңден 10 миң сомго чейин акчалай жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле көчмөндөр оюнуна катышып келүү үчүн 40 миң сом ал эми, Т.Сатылгановдун 150 жылдык маарекесине катышуу үчүн 36 миң сом, аймактагы таштандыларды ташып чыгарууга 43,5 миң сом жумшалган. Мындан сырткары “Ай нуру”, “Келечек” жана “Бүчүр” бала бакчаларына тамак-аш жана башка ар кандай чыгымдарына бюджеттен жана атайын каражаттардын эсебинен бардыгы болуп 2044,0 миң сом жумшалган. Мындай фактыларды санай берсек бир топ. Ошолордун катарында А.Чымканаев атындагы орто мектебинин тышкы ремонтуна 150 миң сом, аймактык оорукананын жылуулук системасын оңдоо үчүн 151 миң сом каражатты “Хайленд” фирмасы которуп бергендигин белгилей кетүү керек.
Айыл аймактын жергиликтүү киреше бөлүгүн толтуруу 2015-жылдын 1-январына карата салыктын бардык түрлөрү боюнча 6857,1 миң сомго белгиленген болсо, жыл жыйынтыгында маалым болгондой салыктын бардык түрлөрү ашыгы менен аткарылган. Анкен менен 2012-жылы жаңы киреше булагы болгон жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө 2 пайыздык төлөм киргизилген жана 2013-жылга “Кыргызалтын” ААК Терек-Сай иштетүү филиалынан 2 пайыздык төлөмгө такталган план 2480,0 миң сом болсо, бүгүнкү күнгө аткарылганы 690,3 миң сомду түзүп, план 27,8 пайызга гана аткарылган. Ошондой эле сатуудан алынуучу салыктын планы да 21,4 пайызга араң орундатылган.
Калкты таза суу менен камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Маселен, Кызыл-Токой айылына таза суу түтүктөрүн орнотууга “Мусай” ЖЧК долбоорлоо институту менен келишим түзүлүп, долбоор даярдалып, 2012-жылы тендер өткөрүлүп, тендерде “Фулд Голд Майнинг” – “Гидрострой” биргелешкен ЖЧК утуп чыгышып, 32 миллион сомго суу түтүгүн куруп берүүгө келишим түзүлгөн. Бул курулушка “Фулд Голд Майнинг” ЖЧК демөөрчүлүк кылып бүгүнкү күнгө таза суу түтүктөрүн орнотуу иштери 100 пайызга аткарылып бүттү. Буюруса жаз алды менен суу түтүктөрү пайдаланууга берилет. Терек-Сай айылынын калкын да таза суу менен камсыз кылуу максатында ОсОО “Мусай” менен долбоор даярдоого келишим түзүлгөн. Даярдалып жаткан долбоор боюнча Терек-Сай айылына суу түтүктөр орнотулуп, айылдын тургундарын таза суу менен камсыздоо, Алмалуу-Булак сайынан Горняк 1,2, Ак-Терек, Ынтымак көчөлөрүнө таза суу түтүктөрүн тартуу “Терек-Сай руднигинин” филиалы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Айыл тургундарын социалдык жактан камсыздандыруу да колго алынган. Жыл ичинде аймактагы шефке алынган аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө жетекчилер тарабынан 5000 сомдун тегерегинде жардамдар көрсөтүлгөн. Ошондой эле, айыл аймак тарабынан резервдик фонддон аз камсыз болгон, майып, жардамга муктаж жарандарга акчалай жана материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, Ооган согушунун ардагерлеринин 25 жылдык маарекесине 16600, 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата 34 Баатыр энеге жана мекеме-уюм жетекчилерине 25000, Улуу Жеңиш күнүнө 10000, “Кыргызалтын” ААКнын Терек-Сай кен иштетүү филиалы тарабынан 20000 сом жана ардагерлердин 4 жесирине ар бирине 1000 сомдон берилди. Иштамберди Фулд Голд Майнинг фирмасы 16-май энелер күнүнө 8000 сомдук белекти 25 аялга берди. Ал эми, 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө “Келечек”, “Ай нуру”, “Бүчүр” балдар бакчаларында тарбияланып жаткан 300 балага 17000 сомдук таттуулар берилип, Терек-Сай кен иштетүү ишканасы тарабынан бакчаларга 5 миңден 10 миң сомго чейинки акчалай демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү. Мындай фактыларды санай берсең өтө көп.
Аталган айыл аймакта курулуш иштерине да өзгөчө маани берилүүдө. Маселен, “Евентус” ЖЧК демөөрчүлүк жардам көрсөтүп, Кызыл-Токой айылына айылдык клуб салына баштаган. Азыр курулуштун 80 пайызы бүттү десе болот. Маданият үйүнүн курулушу тендерде жеңип алган “Байсал Курулуш” ЖЧК тарабынан жүргүзүлүүдө. Бир сөз менен айтканда, айыл аймакта өткөн жылга көптөгөн социалдык обьектилер пландаштырылган эле. Алардын көпчүлүгү айыл аймак, инвесторлор тарабынан бүткөрүлсө, кай бирлери бүтүү алдында турат. Кыскасы, демөөрчүлөр менен иштешүү мыкты жолго коюлганын баса белгилеп кетүү керек.
Айта кетчү дагы бир нерсе, Школьная көчөсүндө жаштар үчүн жеке демөөрчү Аскат Анаркулов тарабынан 100 миң сомго тренажердук зал ачылса, жеке ишкер Нурлан Сманов тарабынан пескоблок чыгаруучу цех ишке киргизилип, элге кызмат кылууда. Ал эми, Ынтымак көчөсүндөгү коомдук пайдалануудагы суу түтүкчөсүн алмаштыруу жергиликтүү тургундардын демилгеси менен бүткөрүлдү.
Негизинен, айыл аймактын социалдык экономикалык абалын жакшыртуу максатында демөөрчүлөр менен иштешип, тышкы инвесторлорду тартуу жакшы жолго коюлган. Дал ушул багытта “Эвентус”, “Хайленд Эксплорейшн”, Фулл Голд Майнинг” фирмалары жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан 6370300 сомдук каражат тартылган. Кыскасы демөөрчүлөрдүн деми менен айыл аймактын социалдык экономикалык абалы күн санап жакшырууда.
Т. Темиралиев

КР. Эл жазуучусунун 80 жылдык маарекеси татыктуу белгиленмекчи


КР. Эл жазуучусу Өскөн Даникеев быйыл сексен жашка толду. Белгилүү жазуучунун сексен жылдык маарекесин жогорку деңгээлде белгилөө боюнча республиканын туш-тарабында иш чаралар уюштурулуп жаткан кези. Чаткал району да бул жаатта четте калбай, 2015-жылдын 6-февралында райондук мамлекеттик администрациянын № 19-буйругу чыгып, райондогу мекеме, ишканаларга жана айыл аймактарына жөнөтүлдү. Аталган буйрукка ылайык, белгилүү жазуучунун сексен жылдыгын татыктуу өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, тийиштүү мекемелер тарабынан жазуучунун ишмердүүлүгү, өмүр баяны жана басып өткөн жолу тууралуу кечелерди, бурчтарды жана көргөзмөлөрду уюштуруу, жазуучунун “Өрттүү кечүү” тегерек столдорду өткөрүү боюнча иш планы кабыл алынды. Ал эми, иш чаралардын өткөрүлүшү тууралуу райондук гезит аркылуу район калкына жеткирилип турмакчы.

Жаш балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алынып барылмакчы

Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын 2015-жылдын 9-февралындагы № 21-буйругуна ылайык, райондун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөргө жана балдарга карата кордук, зомбулукка каршы чукул чара көрүү боюнча штаб түзүлдү. Аталган буйрукта белгиленгендей, райондук штаб тарабынан райондогу мекеме, ишканалар жана айыл аймактары менен биргеликте жыл ичинде район аймагында жашы жете элек өспүрүмдөргө жана балдарга карата кордук, зомбулукка каршы тийиштүү иш чаралар турмушка ашырылмакчы.

Кара Кыргыз автономиялуу областынын мааракелүү күнү белгиленмекчи

Быйыл Кара Кыргыз автономиялуу областынын РСФСРдын курамына киргендигине 90 жыл толуп олтурат. Бул маанилүү күнгө карата райондук деңгээлде иш чараларды уюштуруп, өткөрүү боюнча райондук мамлекеттик администрациянын 2015-жылдын 6-февралында № 18-буйругу чыкты. Аталган буйруктун негизинде, жогорудагы иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү боюнча иш чаралардын планы түзүлдү. Эми, түзүлгөн планга ылайык, февраль айынын соңуна чейин мектептерде, лицейлерде, илимий практикалык конференцияларды, тарыхый окуу лекцияларын ж.б. иш чараларды өткөрүү, атайын бурчтарды уюштуруу сыяктуу иштер алынып барылып, өткөрүлгөн иш чаралар райондук теле жана гезит аркылуу чагылдырылмакчы.