Архив за месяц: Февраль 2015

Чаткал жолу кардан тазаланды

Февраль айынын 22синен 23 үнө караган түнү Ала-Бука-Чаткал унаа жолунун Чапчыма ашуусундагы 74-чакырымына 500 миң кубометрдей кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган эле. Кар көчкүнү райондук ДЭП-27 ишканасынын техникалары бир сутка бою сүрүп, тазалап, 24-февраль күнү автоунааларга жол ачылды. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, РИИБ башчысы Медербек Муратов, ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын башчысы Муратбек Жоошевдердин көзөмөлү астында Чаткал тарапты көздөй 18 автоунаа жүргүнчүлөрү менен кошо өткөрүлдү. –Бир сутка бою техникаларыбыз тынбай, унаа жолундагы 400 кубометрдей кар көчкүсүн тазаладык. Мындан ары, унаа жолунун жабылбашын тыкыр көзөмөлдөп турабыз-дейт Муратбек Жоошев.
Ал эми аким Канжарбек Эшалиев кар көчкүсү түшөөр мезгил келгендиктен, унаа жолдордо автоунаалардын абайлап жүрүүсүн көзөмөлдөө керектигин РИИБ башчысына эскертти
көчкү 8

көчкү 9

Кулактандыруу!!!

2015-жылдын 22-мартында Каныш-Кыя айылында «Казына» лотерея оюну ойнотулат. Оюнга 2 даана Хонда Фит жана бир даана Митсубиси Делика автоунаалары коюлат. Мындан башка да бир топ баалуу утуктар бар. Сурап бил тел: 0777214845лотерея 1

лотерея 2

Бишкекте чаткалдык жаштар жолугушту

келечекке багыт коомдук жаштар бирикмесинин эмблемасы 
Чаткал жергебизден мектеп босогосун аяктап, борбор шаарыбызда билим алып, иштеп жүргөн жигердүү жаштарыбыздын демилгеси менен Бишкек шаарында “Келечекке Багыт” жаштар коомдук бирикмеси түзүлгөн. Учурда бул коомдук бирикме тарабынан чаткал жаштардын ар тараптуу жолугушуулары борбор калаада уюштурулууда. Бул тууралуу коомдук жаштар бирикмени жетектеген Айбек Кудайкулов маалымдады. Анын маалымдашынча, аталган коомдук бирикме тарабынан чаткалдык жаштардын башын бириктирүү максатында бир топ иш-аракеттер уюштурулууда.
Атап айтсак, ушул жылдын 21-февралында Бишкек шаарындагы “Чаткал” кафесинде жаштар жолугушуусу болуп, ага 150 гө жакын мекендештерибиз катышты.. Иш-чаранын максаты-Чаткалдык жаштардын ынтымак, биримдигин бекемдөө, билим, маданият тажрыйбалары менен алмашуу жана жаштардын жергебизге болгон сүйүү сезимин, сыймыгын арттыруу болуп саналат. Бул иш чарага районубуздун бир катар кадыр барктуу инсандары катышып, жакшы пикир насааттарын айтып кайтышты.
Жаштар арасында биринчи жолугушуу болуп жаткандыктан, жаштардын деми кубанычы жолугушууда жүздөрүнөн байкалып турду. Кечеде чыгармачыл жаштар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Чаткалдык жаш спортчунун ийгилиги

Артурбек Мамыров 1

Артурбек Мамыров 2

Артурбек Мамыров 3
Чаткалдык жаш спортчу Артурбек Мамыров 2015-жылдын 14-февралында Бишкек шаарынын «СТРОНГ» спорт клубунда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын эрежесиз эр таймаш боюнча сегизинчи ачык чемпионатында 57 кг салмакта үчүнчү орунду ээледи. Артурбек Мамыров 1995-жылы 9-ноябрда Чаткал районунун Жаны-Базар айылында төрөлгөн, Учурда Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана Спорт Академиясынын спорт факультетинин 1 курсунда билим алууда. Ал эрежесиз эр уруш боюнча машыгып келе жатканына 1 жылдын жузу болду. Жаш спортчу алдыдагы боло турган чемпионаттарга кызуу даярданып жаткан кези. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчуга ийгилик каалайбыз

Район акиминин келечекке аракети колдоого татырлык
Чаткал району климаттык шарты катаал, облустук, республикалык борборлордон өтө алыс жайгашкандыгы менен белгилүү. Андыктан, районубузда көптөгөн көйгөйлөр бар экендиги да маалым. Алардын бири-кадр жетишпестиги. Районубуздагы кадрдык жетишпестикти жоюу багытында учурдагы райондук жетекчилик тарабынан аракеттер көрүлүп келаткандыгы бизди кубандырбай койбойт. Антсе да, район калкы үчүн эң керектүү болуп келе жаткан саламаттыкты сактоо, тоо кен тармактарындагы керектүү кадрларды даярдоо колго алынып келаткандыгы жакшы көрүнүш. Билишибизче, райондук жетекчилик тарабынан быйылкы жылда районубуздан бир нече улан-кыздар райондук жетекчиликтин демилгелүү аракети жана райондогу тоо кен ишканаларынын демөөрчүлүгү менен медициналык жана тоо кен тармагындагы жогорку окуу жайларда билим алышууда.
Мен, райондук жетекчиликтин колдоосу менен медициналык жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттердин биринин энеси катары райондук жетекчиликке жана районубуздун акими Канжарбек Эшалиевге чын дилимден ыраазылык билдирип кетмекчимин. Чындыгында, уул-кыздарыбызды медициналык жогорку окуу жайы мындай турсун, орто окуу жайларга окутуунун акысын төлөө канчалык оор экендиги чындык. Бүгүнкү күндө, билишибизче, районубуздан сегиз студент медициналык жогорку окуу жайында окуп жатышат. Район жетекчилиги эл көйгөйүн туура түшүнүп, уул-кыздарыбызды калкка эң керектүү адистиктерге акысыз окутуп жаткандыгы колдоого татырлык. Районубуздун акими Канжарбек Эшалиев жаш экендигине карабай, калкыбыздын көйгөйүн жакындан сезип, элибиздин негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон медкызматкерлерге болгон таңкыстыкты чечүүнүн жолун тапкандыгы менимче, ата-энелердин, дегеле, жалпы район калкынын кынтыксыз колдоосуна ээ болчу аракет деп баалайм.
Кудай буюрса, райондук жетекчиликтин аракети бүгүнкүдөй ыргакта жанбай турса, беш-алты жылдан соң, районубузда медкызматкерлерге болгон таңкыстык жоюлат деген ишеничте турган кезибиз.
А. Байдөөлөтова, Каныш-Кыя айылы

таңуу бөлмөсү 1 таңуу бөлмөсү 2 таңуу бөлмөсү 3 таңуу бөлмөсү 4Демөөрчү инсандар көп болсун
Азыркы тартыш мезгилде, ким бизге кол кабыш кылат-деп кол куушуруп олтурбай, айрым мекемелер жеке демөөрчүлөрдү таап, кээ бир маселелерин чечип алып жаткандыгы кубандырат.
Мындай көз кубанткан окуя жакында райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда болду. Атап айтканда, Чаткал райондук ДЭП-27 ишканасынын башчысы Муратбек Жоошевдин жеке демөөрчүлүк каражатына оорукананын хирургия бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүмдүн таңуу бөлмөсүн оңдоп-түзөп алышты.
-Мурда бул таңуу бөлмөсүнүн дубалдары көчүп, полунун сыры кетип, абдан начар абалда болчу. Демөөрчү болуп берүүсүн суранып кайрылганыбызга жок дебей, Жоошев Муратбек агабыз беш миң сом акчалай жардамын берген. Ал каражатты жумшап, таңуу бөлмөсүн оңдоп алдык. Эми, бөлмөнүн полун эле эмес, дубалдарын да кадимкидей жууп, тазалап турабыз, анткени, дубалдары заманбап шыбалып, жууп турганга ылайыкташтырылды. Жоошев Муратбек агабызга чын дилибизден ыраазылык билдиребиз-дейт хирургия бөлүмүнүн улуу медайымы Наргиза Чурнабаева.
Биз да ылайым эле, кыйынчылыкта кол сунган демөөрчүлөрүбүз көп болсун демекчибиз.
М. Эшназаров

Мекенди коргоо күнү бала бакчада белгиленди

Байчечекей сынагы 1 байчечекей сынагы 2 байчечекей сынагы 3 байчечекей сынагы 4 
20-февраль күнү Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасында 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Жүрөгүмдө сактаймын, карегимде Ата-Журт” аттуу сынак болду.
Сынакка бакчанын сегиз тарбиялануучусу өздөрүнүн аталары, апалары, чоң ата, таяталары менен биргеликте катышып, күч сынашты.
Сынактын жобосуна ылайык, катышуучулар саламдашуу, атуулдук обондуу ыр, бийлерди аткаруу, спорттук көнүгүүлөрдү жасоо сыяктуу номерлерди аткарышып, өздөрүнүн таланттарын көргөзүү менен, көрүүчүлөргө шаттуу маанай тартуулашты.
Сынактын соңунда, калыстардын акыйкат чечими менен 1-орун Эшикулов Адылбек менен уулу Асанбеков Алтынбекке жана Алиев Тыныбек менен небереси Болотакунов Жалилге ыйгарылды.
2-орун Черикчиева Паризат менен уулу Сатыбалдиев Ырысдөөлөт жана Турсунбаев Мирлан менен уулу Осмонов Тынчтыкбек ээ болушту.
3-орунга болсо, Тайырбекова Элнура менен уулу Каримов Исламбек ээ болушту.
Ал эми 4-орун Рахматова Жазгүл менен уулу Сазанканов Бекназар, Кайкиева Паризат менен уулу Казаков Нурмамат жана Сейитбеков Болоткан менен небереси Болотканов Ариетке берилди.
Сынактын жүрүшү абдан кызыктуу деңгээлде өтүп, көрүүчүлөр ушундай кызыктуу сынакты уюштурган Козубаева Аида жетектеген бакчанын жааматына ыраазылыктарын билдиришти.
М. Эшназаров

Райондун 80 жылдыгына арналган ток-шоу болду

С. байдөөлөтов ток шоу 1 С. байдөөлөтов ток шоу 2 С. Байдөөлөтов ток шоу 3 С. Байдөөлөтов ток шоу 4 С. Байдөөлөтов ток шоу 520-февралда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинде мектеп жааматы тарабынан Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата “Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт” ток-шоусу болду. Ток-шоуга конок катары райондо алдыңкы жетекчилик кызматтарда жана ар кандай тармактарда иштеген белгилүү инсандар- Абдыракман Сапарбеков, Шадыкан Айымбетов, Равшанбек Мамурбеков, Мухамедалы Эшназаров жана Айсалкын Алыбаевалар катышып, Чаткал районунун тарыхы жана өздөрү иштеген тармактардын тарыхы тууралуу мектеп окуучуларына кеңири айтып беришти.
Абдыракман Сапарбеков өз сөзүндө, Чаткал району алгач 1935-жылы өз алдынча район болуп уюшулгандыгын айтуу менен, Чаткал районунун район болуп уюшулганына чейинки мезгилден баштап, кийин кантип өз алдынча район болгондугу жана Чаткал районунун район болуп уюшулушуна кимдер өзгөчө эмгек сиңиргендиги тууралуу окуучуларга кеңири айтып берди.
Шадыкан Айымбетов тарыхчы катары Чаткал районунун жана Чаткал өрөөнүнүн тарыхына учкай айтып, өрөөндө жашап өткөн Чанчар хан, Күлбөс хандар тууралуу көпчүлүк биле элек айрым маалыматтарды айтып берди.
Мухамедалы Эшназаров журналист катары райондун басма сөз кызматтары болгон райондук “Чаткал оттору” гезити, райондук “Кыял ТВ” телестудиясы жана райондук chatkal.kg маалыматтык сайты тууралуу маалымат берип, райондун басма сөз кызматынын райондун өнүгүүсүнө кошкон салымдары тууралуу айтты.
Ал эми, Айсалкын Алыбаева жана Равшанбек Мамурбековдор райондун билим берүү тармагынын жана аны менен бирге эле, С. Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин тарыхы тууралуу да айтышып, бул мектептин курулуп, ишке берилишине Социалисттик эмгектин баатыры, чаткалдык белгилүү малчы Ташбай Айдаровдун эмгеги зор экендигин белгилешти.
Ток-шоунун жүрүшүндө, окуучулар тарабынан конокторго суроолор берилип, тийиштүү жооптор алынды. Мындан сырткары, окуучулар тарабынан Чаткал району тууралуу жазылган көркөм ырлар окулуп, ыр, бийлер тартууланды.
Ток-шоунун соңунда, окуучулар тарабынан конокторго –Сиздердей агалар сыяктуу тарыхта калчу иш жасоо үчүн эмне кылуу керек?-деген суроого жооп беришип Абдыракман Сапарбеков жана Шадыкан Айымбетовдор, антмек үчүн жакшы окуп, бир гана кичи мекен үчүн эмес, жалпы кыргыз эли, Кыргызстан үчүн чыныгы эмгек өтөө керек экендигин белгилешти.
Ток-шоу өз ара түшүнүүчүлүк маанайда жана пайдалуу деңгээлде өттү.
Кошумчалай кетчү нерсе, Сатыбалды Байдөөлөтов орто мектебинде Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине арналып, атайы бурч ачылган. Окуучулар ал жерден райондун тарыхы тууралуу кеңири маалымат ала алышат.
М. Эшназаров

Чаткалдык имамдар билимдерин жогорулатышты

Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев РаталыСумсар айылынын имамы Полотов Мавлян ажы 

Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажынын маалымдашынча, Чаткал Кызыл-Токой айылынын имамы Буркутбаев Раталы жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян ажы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик унивеситетинин теология факультетинде уюштурулган эки жумалык имамдык окуудан өтүштү. Аларга окуудан өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк берилген. -Бул окуу курсунун жыйынтыгында, имамдарыбыздын билим деңгээли бир топ жогорулады деп атй алам-дейт райондун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажы. Анын кошумчалашынча, мындан ары райондогу имамдар кезеги менен окуу курстарынан өтүп, дин жаатындагы билимдерин жогорулатып турушмакчы.

Чаткалда ооганчылардын майрамы белгиленди

Чаткал районунда 15-февраль-Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылган күнү район аймагында жашаган жашаган ооган ардагерлеринин катышуусунда чоң салтанат менен белгиленди.
Мында, бул маанилүү күнгө карата, райондун төрт айыл өкмөтүнүн ар биринде ыр, күү коштогон жолугушуу кечелери уюштурулуп, ооганчыларды айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мектеп мугалимдери жана окуучулары менен биргеликте кызуу куттукташты.
Атап айтсак, ооганчылардын күнү Каныш-кыя айыл аймагында 14-февралда Айгыр-Жал айылындагы “Исмаил уулу Матиш” атындагы орто мектебинде белгиленди. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган бул салтанаттуу кечеге айыл аймакта жашаган ооган ардагери Нурбек Нышанов, райондук социалдык жактан коргоо башкармасынын башчысы Дүйшөнбек Чыналиев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн катчысы Гүнөтай Ибраева жана айыл тургундары катышып, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган салтанаттуу кеченин күбөлөрүнөн болушту.
Салтанаттуу кечени өткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан алты миң сом акча каражаты жумшалды.
Чаткал айыл аймагында ооганчыларга арналган салтанаттуу кече Курулуш айылындагы “С. Мырзалиев” орто мектебинде болду. Мында, бул кечеге ооган ардагерлери Бакай Мырзалиев, Кадырбек Темиров, Чаткал айыл аймагынын кызматкери Мирсапар Абдубалиев, мектеп мугалимдери жана айыл тургундары катышып, ооганчыларды майрамы менен кызуу куттукташты.
Терек-Сай айыл аймагында ооганчылардын майрамы 13-февраль күнү белгиленди. Бул күнү айыл өкмөтүнүн кеңсесинде ооганчылар үчүн ак дасторкон жайылып, ага айыл аймакта жашаган сегиз ооган ардагери жана бир ооган ардагеринин жесири чакырылып, айыл аймактын жана “Кыргызалтын” ААКтын Терек-Сай бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кызуу куттуктоолор айтылып, белектер тапшырылды.
Салтанаттуу кечени өткөрүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, ага он миң сом акча каражаты жумшалды.
Ал эми, ооганчылар күнүнө арналган салтанаттуу кече Сумсар айыл аймагында 16-февралда белгиленди. Бул күнү айыл өкмөттүн кызматкерлери айыл аймакта жашаган ооган ардагерлери Дүйшөнбек Адылбеков менен Адиш Акимбековдорду кызуу куттукташып, аларга узун өмүр, бекем ден-соолук каалашып, белектерди тапшырышты. Салтанаттуу кечени белгилөөгө айыл өкмөтү тарабынан эки миң сом акча каражаты жумшалды.