Архив за месяц: Январь 2015

Темиркул Кошбаевдин музейи ачылды

Өткөн жуманын бейшемби күнү райондук мамлекеттик администрацияда Чаткал районуна көп жыл бараандуу эмгек сиңирген инсан Темиркул Кошбаевдин музейинин ачылыш салтанаты болду.

музей 1 музей 2 музей 3 музей 4 музей 5 музей 6 музей 8

Салтанатка КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, райондун облустагы куратору Сабырбек Сатыбалдиев, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысынын орунбасары Камал Исманов, район акими Канжарбек Эшалиев, райондогу айыл аймак башчылары, мекеме, ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери катышты.

Салтанатта КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, район акими Канжарбек Эшалиев, Темиркул Кошбаев менен бирге иштешкен замандашы Абдыракман Сапарбеков, Темиркул Кошбаевдин уулу, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Эркинбек Кошбаев ж.б. бир топ инсандар сөз сүйлөшүп, Темиркул Кошбаевдин өз мезгилинде эл, жер, мамлекет үчүн жасаган бараандуу иштерине токтолушту. Салтанаттын жүрүшүндө, Эркинбек Кошбаев музейдин ачылышына тикелей жардамдарын көргөзгөн район акими Канжарбек Эшалиевге, орунбасарлары Жуманбек Накетаевге, Муратбек /Досматовго жана салтанатка катышып жаткан конокторго ыраазылыгын билдирип, бирден ак калпак кийгизди.
Андан соң, музейдин кызыл тасмасы кесилип, катышуучулар Темиркул Кошбаев өз кезинде пайдаланган айрым буюмдар, архивдик документтер жана фотосүрөттөр менен таанышышып, музейдин уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

Өсүү темпи бир топ жогору камсыздалды

Январь айынын 22синде райондук мамлекеттик администрацияда КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, райондун облустагы куратору Сабырбек Сатыбалдиев, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысынын орунбасары Камал Исманов, райондогу айыл аймак башчылары, мекеме, ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери катышкан райондук коллегия болду.
Коллегияда алгач, өткөн жыл ичинде мамлекетке жана элге жасаган ак кызматы менен айырмалангандарды сыйлоо аземи болду. Мында, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяров, КР. өКМнин райондогу өкүлү А. Сулайманов, раймамадминистрациянын башкы адиси Р. Асанбаев, медайым Ж. Бекмуратова, Сумсар айыл аймагынын статисти К. Дербишевдер раймамадминистрациянын “Ардак Грамоталары” менен сыйланышты.
Андан соң, алдын ала белгиленген күн тартибине ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчету угулду.
Отчетте белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча экономикалык жана социалдык саясатын турмушка ашырууда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы эл чарбасынын бардык тармактарында бир топ аракеттер жасалган.
Атап айтканда, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо эл чарба тармактарынан 2361592,9 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 100,5 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызга же 311246,3 миң сомго көп аткарылды.
Райондо айыл чарбасы тармагында жылдын жыйынтыгы менен 1038749,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 98,7 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 131,2 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2928,0 тонна эт, 8589,0 тонна сүт, 100,0 тонна жүн, 1860,0 миң даана жумуртка, талаачылыктан 1559,0 тонна дан, 5411,0 тонна картошка, 96,0 тонна май өсүмдүгү, 3377,0 тонна жашылча өндүрүлдү.
Өнөр жай тармагында 732849,0 миң сомдук продукция өндүрүлуп, план 93,5 пайызга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 94,3 пайызга аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 107 пайызга аткарылды.
Ал эми район боюнча калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жылдын жыйынтыгында 32201,0 миң сом болуп, план 109,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 110,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды
Капиталдык салымдардын көлөмү 78332,1 миң сомду түзүп, план 112,2 пайызды, 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 172,5 пайызга аткарылды.
Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 479461,0 миң сомду түзүп, план 116,1 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 117,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
Жыл ичинде райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 345423,8 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 161,8 пайыз өсүш камсыз кылынды. Анын ичинен 136042,7 миң сом айыл чарбасына, 46339,0 миң сом соода сатыкка, 123753,9 миң сом социалдык тармакка, 39288,2 миң сом ар кандай тармакка тартылган.
Райондун аймагында кредит берүү жакшы жолго коюлду. 2014-жыл ичинде райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 182344,9 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы тарабынан 379019,5 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 101,1 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 68% га камсыз кылынды.
Анын ичинен республикалык бюджетке 312311,4 миң план белгиленсе 302841,7 миң сомго аткарылып, план 97% ал эми, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 61,7 % түздү.
Жергиликтүү бюджетке 66195,7 миң сом план белгиленсе, 76177,8 миң сом топтолуп, план 115,1% пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 113,9% көп топтолгон.

Айыл аймактар боюнча алганда, Каныш-Кыя айыл аймагына жалпы 2837,0 миң сом план берилсе, 3460,6 миң сом топтолуп, 122,0 пайызга аткарылган.
Чаткал айыл аймагына 661,0 миң сом план берилсе, 932,7 миң сом топтолуп, пландан 271,7 миң сом ашыкча же 141,1 пайызга аткарылган.
Терек-Сай айыл аймагына жалпысынан 877,0 миң сом план берилсе 1621,4 миң сом топтолуп, план 744,4 миң сомго ашык же 184,9 пайызга аткарылган.
Сумсар айыл аймагына 520,0 миң сом план жеткирилген болсо, 649,5 миң сом топтолуп план 124,9 пайызга аткарылды.
Район аймагында иш жүргүзгөн “Вертекс Голд Компани”, “Фонта”, “ЗААВ Чаарат” жана “Кичи Чаарат” фирмаларынын колдоосу менен Каныш-Кыя-Жер-Капчыгай айылдарынан өткөн негизги жолдун 3,5 км аралыгы 21 млн. 100 мин сомго ал эми, Транспорт министрлиги тарабынан 12 000 000 сомго Жаны-Базар, Курулуш айылдарында 2 км жолго асфальт төшөлдү. Ак-Таш айылына кетчү көпүрө 650 000 сомго капремонттон өткөрүлдү жана Ала-Бука-Жаны-Базар автожолунун 96 кмдеги (Терс участогу) жер көчкүнү суруп жол салып турууга 353000 сом каражат сарпталды. Ошондуктан эле, жол каттамдарын камсыз кылуу үчүн районго 1 автопогрузчик алынып келинди. Белгилей кетчү нерсе эң татаал участоктордун бири болгон Чакмак-Суу айылынан Кара-Буура ашуусуна чейинки 25,7 км аралык ДЭП-27 ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

коллегия 1 коллегия 2 коллегия 3 коллегия 4

2014-жылда катталган 23 фирмадан 6 фирма, булардын ичинен 2 фирма изилдөө (“ЗААВ Чаарат” ЖАКу, “Кичи Чаарат”ЖАКу) жана 4 фирма алтын өндүрүү боюнча (“Вертекс Голд Компани”ЖЧКу, “Фонта” ЖЧКу, “Кай Интерпрайз” ЖЧКу, “Кыргызалтын” ААКу) иштеген. Аталган фирмалардан финансылык колдоолору аркылуу 2014-жыл ичинде көптөгөн иштер аткарылды. Алардын айрымдарына токтоло турган болсок аталган суммадан: 21 100 000 млн. сомго Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автожолунун Каныш-Кыя жана Жер-Капчыгай-Айгыр-Жал участкаларына 3,5 км асфальт төшөлдү. Андан сырткары курулушу өткөн жылда башталган Кызыл-Токой айылына Таза-Cуу проектиси 32 млн сомго бүткөрүлдү. “Кай Интерпрайз” фирмасынын каржылоосу менен Коргон-сай айылына 2 000 000 сомго көпүрө курулуп ишке берилди. “Ю.А.Гагарин” орто мектебине окуучуларды ташуу үчүн автобус сатып алууга 200 000 сом жана “Жылдызча” бакчасынын кошумча имаратынын курулушуна 200 000 сом салым кошулду. Ошондой эле, Каныш-Кыя жана Жаны-Базар айылдарына калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн “Чаарат ЗААВ” фирмасынан 1 000 000 сом каражат которулуп арзан баадагы эки дүкөн уюштурулуп ийгиликтүү иштеп жатат. Андан сырткары аталган фирма тарабынан Каныш-Кыя-Кировка автожолунун “Каракысмак” участогун кеңейтүү боюнча 2 153 125,93 сомдук иш аткарылып, жолдун тар жерлери жардыруу иштери аркылуу кеңейтилген. Райондогу дагы бир стратегиялык курулуш обьектиси болгон санэпид көзөмөл борборунун лабораториясынын курулушуна “Кай Интерпрайз” фирмасы 500 000 сом акча каражатын которуп берген. Чаткал айыл аймагына Жаңы-Базар айылынын таза суу түтүктөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө “Чаарат ЗААВ” ЖАКу 1 млн. сом которуп берип, тендер өткөрүлгөн. Чаткал айыл аймагынын кеңсесинин ремонтуна “Кичи Чаарат” ЖАКу 400 000 сом жардам берген. Жаны-Базар айылынын маданият үйүнө 100 000 сомго музыкалык аппаратура сатып алынган. Жаны-Базар айылындагы мечиттин ремонтуна 600 000 сом каражат берилген. “ЕТ Гео” фирмасы 150 000 сом спорттук эмеректерди жана 400 000 сом башка муктаждыктар үчүн Ак-Таш айылына финансылык колдоо көрсөткөн. “Эвентус” фирмасы тарабынан Терек-Сай айылы менен Кызыл-Токой айылынын ортосундагы автомобиль жолуна 25 км. аралыкка шагыл төшөлгөн. Терек-Сай орто мектебине “Хайленд эксплорейшн” фирмасы 150 000 сом акча каражатын демъърчлк жардам катары бөлүп берген. Жаны-Базар айылына “Бустер” фирмасы тарабынан сметалык баасы 10 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 50%ы аткарылды. Айгыр-Жал айылына “Вертекс Голд Компани” ЖЧКу тарабынан сметалык баасы 20 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 30%ы аткарылып, 2015-жылда бүткөрүлүп ишке берилет. Ошондой эле райондо медицина тармагындагы адистердин тартыштыгынан 7 студентти аталган адистикке окутуп даярдоо боюнча райондогу фирмалар тарабынан каржыланып жатат. Кызыл-Токой айылына маданият үйү 8 млн.,400 мин сомго курулуш иштери башталып, бүгүнкү күнгө 6 255 000 сомдук жумуш аткарылып быйылкы жылда бүткөрүү жагы пландаштырылып жатат. Ошондой эле, райондо “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” фирмаларына кошо “Вертекс Голд Компани” фирмасы да өкүлчүлүктөрү ачылды жана фирмалар тарабынан район тургундарына 138 жумуш орду түзүлгөн. Дагы бир чоң окуялардын бири-өткөн жылдын 28-ноябрында Терек-Сай айылында “Кассан” сурьма участогу ачык-айкын жергиликтүү коомчулуктун көз алдында аукционго коюлуп, 4 521 000 долларга сатылды. Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагынын өздүк бюджетинен 12 млн. сомго 3 км жолго асфальт төшөлүп, 2,5 км. аралыкка тротуар курулду жана Каныш-Кыя-1 көпүрөсү 495 000 сомго, Каныш-Кыя-2 көпүрөсү 484 000 сомго ремонттолду. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси 5,9 млн. сомго заманбап капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
«Ыдырыс Ата» күмбөзү райондо тарыхый туристтик обьект болуп эсептелинет. 2014-жыл ичинде туристтик обьект катары жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында ар кандай көчөттөр (карагай,арча) тигилип, демөөрчүлөр тарабынан кошумча туристтер тамактануучу жана тамак бышыруучу жайлар жана о.э. жеке демөөрчүлөр аркылуу 100000 сомдук жергиликтүү бюджеттен 125000 сомго арка курулуп, фонддон отургучтар орнотулуп, ишке берилди.
Райондук мамлекеттик администрациясынын жана мекеме–ишканалардын колдоосу менен 150 000 сомдук жумуштар аткарылып, 2014-жылы жалпы 3545 туристтер келишти. Анын ичинен 3542 жергиликтүү туристтер, 2 КМШ, 1 чет өлкөдөн келген.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчетунан соң, райондук ветборбор мекемесинин башчысы Ж. Жолдошев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин башчысы Э. Кошбаев, “Байчечекей” балдар бакчасынын башчысы У. Абдыкеримова, райондук социалдык фонддун башчысы А. Эшикуловдор жарыш сөзгө чыгышып, аким К. Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык экендигин бир ооздон белгилешти.
Жарыш сөздөн соң, КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматовго сөз берилди. Ал өз сөзүндө, райондун Сумсар, Терек-Сай жана Чаткал айыл аймактарында болуп жаткан иштер менен жалпы таанышкандыгын айтып, келечекте Чаткал жана Ала-Бука райондору өзүн өзү камсыздаган район болоорлугу тууралуу оң пикирлер барлыгын, себеби, бул эки райондо тоо кен тармагынын келечеги кең экендигин белгилеп–районго тоо кен мекемелеринен тиешелүү каражаттар түшө баштаса, албетте, бардык тармактарда алга жылуулар болот. Тоо кен ишканалары менен тыгыз иштешип, алардан түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, бардык тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылуу керек-деди. Ал буга кошо эле, быйыл башталчу АРИС программасына долбоорлорду жазып, бир топ иштерди бүткөрүп алууга болоорлугун айтты.

Эне жана бала үчүн керектүү окуу өткөрүлдү

21-январда райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда райондогу ден-соолук комиттерине арналган семинар болду.
Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынан келген АДК мүчөлөрүнө борбор калаадан келген “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун ага илимий кызматкери Элмира Кабылова кенже курактагы балдардын туура тамактануусу боюнча семинар өткөрдү.

энелерге семинар 1
Семинардын жүрүшүндө, Элмира Кабылова бала алгач төрөлгөн кезден эмчек сүтү менен кантип багуу, эмчек сүтүн эмген балага кантип кам көрүү, кошумча азыктарды кайсы мезгилден баштап бере баштоо жана баланы эмизүү мезгилинде эне өзүнүн ден-соолугу үчүн кантип кам көрүү сыяктуу энелердин билүүсүнө эң зарыл болгон окууларды өткөрүп, өзүнүн кеп-кеңештерин берди.
Мындан сырткары, семинардын катышуучулардын суроолоруна да жооп берип, АДК мүчөлөрү эл араларп, калктын ден-соолугуна кам көрүп жүргөн учурда энелерге туура жол көрсөтүү үчүн керектүү колдонмо китепчелерди берди.

Ар тараптуу инсан

“Эл ичи-өнөр кенчи”-деп бекер айтылбаса керек. Эл аралап жүрүп, ар кандай өнөр ээлерине жолугасың. Бул жолу мен Чаткал районуна караштуу Сумсар шаарчасында жашаган ар тараптуу өнөргө ээ Юлдашев Рахим тууралуу жазууну эп көрдүм.
Бул адам имараттарды заманбап кура билүү менен бирге эле, жыгач, таш жана цемент сыяктуу материалдарды колдонуп, ар кандай скульптуралык эстеликтерди келиштире жасайт. Жасаган буюмдары менен райондук, облустук көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды алып келген. 2001-жылы райондук “Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагында облуска жолдомо алып, 2002-жылы Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине катышып,облус боюнча 2-орунду ээлеген. Рахим акенин жасаган чоң эмгегинин бири-Сумсар шаарчасынын борборуна орнотулган Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналып тургузулган эстелик. Бул эстелик 1998–жылы Сумсар айыл округунун буюртмасы менен жасалган. Жыгачтан жасаган эстелик колдонмолорун он жылдай илгери борбор калаадагы соода дүкөндөрүнө алып барып, сатыкка койгон. Жасаган буюмдары элдин көңүлүн буруп, өз кардарларын таба баштаганда, турмуштук маселелерден улам, кайра айылга баса берген.
Рахим аке Рамакришна, Шри Ауробиндо, Сатпрем, Бахауддин, Ошо, Будда, Гурджиев сыяктуу дүйнөлүк руханий лидерлердин чыгармаларын окуп, руханий тазалыкка жетүүнүн үстүндө суфизм, йога сыяктуу чыгыш илимдерин окуп, үйрөнүп, алар менен астейдил шугулданат. Ал буга кошо эле, тээ жаштайынан экстрасенсордук касиети аркылуу оорукчал адамдарга дем салып, ар кандай дарттарды биоэнергиясы менен азыркы кезге чейин дабалап келүүдө. Ал биоэнергияны колдонуп, адамдарды дабалоо боюнча атайын курстан окуган. Бул курста кыргыздын белгилүү акыны, ыраматылык Азада Бегимкулова менен бирге окугандыгын сыймыктануу менен эскерип жүрөт.
Юлдашев Рахим 1 Юлдашев Рахим 4 Юлдашев Рахми 3 Юлдашев рахим 5 Юлдашев Рахим 2
Рахим аке жаш кезинен чыгыш спорттук өнөрлөрү менен астейдил шугулданып, кезинде айыл жаштарын жана айрым ички иштер кызматкерлерин жекеме-жеке кармаш өнөрүнө машыктырып да жүргөн. Жаш курагы өткөн соң, чыгыш спорт өнөрү менен алектенүүсүн таштап, өзүнүн сүйгөн өнөрү жыгачтан ар кандай эстелик буюмдарды жасоого көбүрөөк көңүл буруп калды.
Рахим аке көп жылдан бери, Сумсар орто мектебинде окуучуларга кол эмгеги сабагынан окутат. Анын кол өнөрчүлүгүн жогору баалаган мектеп директору Леонид Маняшин кол эмгеги сабагын бөлүп берген. Бүгүнкү күндө, -жасаган эмгектерим түбөлүккө калсын-деген изги тилекте эстелик буюмдарын таштан жасоону ойлонуп жүргөн кези. Эгерде, бул ою ишке ашып калса, анын жасаган эмгектери чындыгында эле, көп мезгил бою эл ичинде сакталып жүрмөкчү.
М. Эшназаров

Алманын эки гана сортунан албан киреше таап….

Эл арасында ак эмгеги менен баар таап, өзүнүн эмгекчилдиги, иштин көзүн билгендиги аркылуу көпчүлүккө мисал болуу менен, анысын эч кимге милдет кылбай тетирисинче, улам иши илгерилеген сайын мөмө байлаган шактай ийилген инсандар бар. Андай инсандардын бири-Шакафтар айылынын тургуну, белгилүү багбан Дооран Исаков.
Багбан Дооран Исаков багбанчылык менен алектенгенине быйыл туура кырк жыл болуптур. Ал 1973-жылы жаңыдан үйлөнүп, бир жылдан соң, багбанчылык кесиби менен алектене баштаган. Андан бери арадан туптуура кырк жыл мезгил өтүп, өткөн кырк жыл аралыгында биздин каарман жубайы Уулпаша экөөсү багбанчылык кесиптин ачуу-таттуусун бирге татып, кээде ишин ийгилик ыроолосо, кээде тетирисинче болуп айтоор, тандаган кесибинин устаты болгуча дурус эле кыйынчылык тартышты. Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң-демекчи, тынымсыз ак эмгегинин акыбети кайтып, багбанчылыктын татаал сырларын өздөштүрүшүп, чоң-чоң кирешелерге ээ болушуп, жеке жашоолорун түптөп ала алышты.
-Кээ бирлер пайда табам-деп, мал багуу, багбанчылык, дыйканчылык сыяктуу бир нече тармакты бир мезгилде баштап алышып, соңунда биринен да көзгө көрүнөөлүк пайда таба алышпайт. Андан көрө, бир багытта гана аракеттенип, бир гана ишти карманса сөзсүз пайда табышмак-дейт багбан биз менен ой бөлүшүп. Чындыгында, биздин каарман алма өстүрүп, сатуу менен, болгондо да, алманын эки гана сортун-эл ичинде жанатан жана семеренка деп аталган сортторун өндүрүү менен алектенет. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, аталган алмалардын көчөттөрүн данегинен атайы питомникте өстүрүп, өз колу менен кыйыштырган. –Базардан сатып алган көчөттөр ишеничсиз болот-дейт багбан өз тажрыйбасы менен бөлүшүп. Азыркы кезде Шакафтарда алты жерде алма бактары бар. Учурда мол түшүм берип жаткан бул алма бактарынын баарысын өз колу менен өстүрүп, кыйыштырып, бүгүнкүдөй даражага жеткирген. –Айылыбызда көптөрүнө багбанчылык өнөрүн үйрөтүп келатам. өзүмдүн бир тууган эки карындашыма алма бак кылып бергем. Алар азыркы кезде негизги кирешелерин алма бактардан табышып, үй бүлөлөрү менен эл катары тирлик кылышууда. Мындан сырткары, багбанчылыкка кызыккан жаштардан эки шакиртим бар, алар да азыркы кезде багбанчылыктын сырларын жакшы өздөштүрүшүп алышты-дейт багбан.
Багбан мындан беш-алты жылдай илгери өндүргөн алмаларын жубайы Уулпаша экөөсү эки-үч КАМАЗ автоунааларына жүктөп алып, Орусия жана Казакстандын Павлодар,Алма-Ата, Нукус, Астана сыяктуу чоң шаарларына барып, сатып келип жүргөн. Беш-алты жылдан бери алмаларын айылдан эле сатууда. Антсе да, багбандын өндүргөн алмалары көп жактарда тазалыгы жана сорттуулугу менен алдыңкы орундарды бербей келген. Мисалы: мындан эки жыл мурда Казакстандын борбору Астана шаарынын, андан кийинки жылы Павлодар шаарынын борбордук базарларында эң кымбат сатылган алма катары белгилүү болгон. Бул багбан Дооран Исаковдун өндүргөн алмаларынын сапаты жогору экендигин айгинелеп турат.
Жогоруда белгилегендей, алманын эки гана сортун өндүрүп, үйүнө мал эмес, тоок да кармабаган чыныгы багбан Дооран Исаков өз кесибинин аркасында эки уул, эки кызын эрезеге жеткирип, баарын жогорку билимге ээ кылды. Уул-кыздарынын баары шаар жерине жашашып, ар кандай тармактарда иштеп келишет.
Багбан Дооран Исаков жыл сайын күз мезгилинде алма терүү ишине айылдагы жумушсуз жаштардан ондон ашуун адамды жумушка тартып, күн сайын 300-400 сомдун тегерегинде маяна төлөп, бир айдан ашык жумуш менен камсыз кылып келет. Ал мындай аракети менен айылдагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө бир топ жардам берүүдө. Мындан сырткары, жыл бою ар кандай коомдук иш чараларда айылдагы мектептерге, бейтапканаларга жана балдар бакчасына белгилүү өлчөмдө акчалай колдоолорду көрсөтүү менен, демөөрчү катары да айылда кадыр баркы чоң.

багбан Д. Исаков Багбан Дооран Исаков 1 Багбан Дооран Исаков 2 багбан Дооран Исаков 4
Сөзүбүздүн соңунда, багбан Дооран Исаковдой эмгекчил инсандар эл ичинде көбөйө берсин деген тилекти айтуу менен, белгилүү багбандын мындан аркы иштерине чоң-чоң ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

М. Эшназаров

Тоо койнундагы томуктай айылда тоодой иштер алынып барылууда

Чакмак-Суу айылы районубуздун бийик тоолуу жана алыскы айылдарынын бири болуп эсептелет. Бул чакан айылдын климаттык шарты башка айылдарга салыштырмалуу катаал келип, кышы эрте, жаз мезгили дээрлик кеч келет.
Чакан айылдагы жашоочулар мамлекеттин гана оозун карап, качан бизге шарт түзүлөт деп отура беришпей, өздөрүнчө ымалага келишип, көп маселелерди чечип алышууда. Мында өзгөчө белгилей кетчү нерсе, айыл калкы мындан үч жыл мурда айылды колдоо боюнча атайы фонд түзүшкөн. Фонддун баштапкы жыйырма миң сомго жакын каражатын айылдын тургуну демөөрчүлүк катары берген. Ал фонддогу акча каражаты үч жыл ичинде жүгүртүлүп олтуруп, жүз миң сомго жакын акча каражатына жетип олтурат. Айыл тургундары бүгүнкү күндө, аталган фонддун эсебинен жана башка демөөрчүлөрдүн жардамы аркасында бир топ социалдык маселелерин чечип алышууда. Атай кетсек, быйыл айылдагы бир жарым чакырым аралыктагы эски каналга айылдык фонддун эсебинен 25 миң сом акча каражаты жумшалып, оңдолуп, натыйжада, суу чыкпай калган отуз гектар жерге суугат суусу жетип, мындан сырткары, айыл калкы да суугат суусу менен толук камсыздалды.
Ал эми, айылдагы мазарды королоого фонддун эсебинен 30 миң сом жумшалып, ал каражатка 230 метр темир зым тосмо, түрмөк зым жана керектүү курулуш каражаттары сатылып алынып, даяр турат. Айылдыктардын аракети менен жакынкы мезгилдерде айыл мазары тосмолонуп, мал жандык кире албай тургандай кылып бекемделмекчи.
Айылдагы негизги көйгөйлөрдүн дагы бири-бала бакчанын жоктугу. Жакында бул маселе да чечилүү алдында турат. Анткени, айылдык кеңештин депутаты, айыл тургуну Абдыкеримов Чыңгыз менен айыл башчы Максымбеков Искендербек аракети менен жеке демөөрчүлөр тарабынан берилген беш жүз миң сом акча каражатына бала бакчанын керектүү эмеректери толук алынып келинди.
Бүгүнкү күндө, Чакмак-Суу айылында 73 кожолукта 419 тургун жашайт. Айылда тогуз жылдык мектеп бар. Анда 70 окуучуга 17 мугалим билим-тарбия берүүдө. Айылдык ФАПта 3 адам, айылдык китепканада бир адам жана бир адам токой чарбасында эмгектенет. Айылда төрт соода дүкөнү элге кызмат көрсөтөт.
М. Эшназаров

Көзү барда козголгон эле

Чаткал районунда Абдимитал Тагайматовду кимдер гана билбейт. Айрыкча сыркоолоп ооруканага келгендер анын элесин түбөлүккө унутпай калышты.
Чаткал районунун Ардактуу атуулу, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы Абдимитал Тагайматовдун учурунда ооруулууга койгон диагнозу медицинанын жетишкен аппараттары койгон диагноздорго дал келип, далайдалды таң калтырган. Ал ажалга арачы болуп, көптөгөн оорууларга шыпа таап, сакайтып, алкышын алган эле. Мына ошол эмгектерин баалап, анын көзү тирүүсүндө эле Курулуш айылынын тургуну Чаткал районунун ардактуу атуулу Мелисбай Сейталиев элдик жыйындарда маселе кылып козгоп, Абдимитал Тагайматовдун атын райондук ооруканага коюууну сунуш кылып келген. Ал учурда Тагайматов ооруп жаткан кези болчу. Бул сунушту көпчүлүк туура көрүшкөнү менен астейдил чыгынып, аракет кылган атка минерлер болгон жок.
Кыргызда жакшы салт бар, көзү барда эмес, көзү өткөндөн кийин барктап, кадырына жетмей деген. Мына ошентип Абдимитал Тагайматовдун бул ааламдан көзү өткөнүнө да бир жылга чамалап калды. Балким райондун эли дагы да болсо Мелисбай Сейталиевдин сунушун эп көрүп, бийлик башында отургандар, райондук оорукананын жамааты жабыла көтөрүлүп, Абдимитал Тагайматовдун атын өчүрбөө максатында райондук оорукананы анын ысмы менен атап, “Абдимитал Тагайматов” атындагы райондук оорукана деп алсак кандай болот?.
Б. Дилдебаев “Чаткал оттору”

Чаткал өрөөнүндө маралдардын санын көбөйтүү долбоору колго алынууда

SOS-Марал- Кыргызстан долбоору аркылуу Чаткал өрөөнүндө маралдарды алып келип, көбөйтүү максат кылынууда.
Өткөн мезгилдерде маралдар бүткүл Тянь-Шань тоолорун мекендеп келгендигин кооз жергебиздеги Бугулуу-токой, Бугу-булак, Минбугу, үрмарал, Бугулуу-Төр деп аталган кооз жана бийик жайлоолор жана төрлөр ырастап турат. Бүгүнкү күнгө чейинки адам баласынын табиятка туура эмес мамилесинин кесепетинен улам, алардын саны таптакыр азайып, азыр Кыргызстанда 300 баш гана марал калган. Маралдардын үркөрдөй үйүрү азыркы кезде Нарын жаратылыш коругунда багылууда. Жогоруда аталган долбоордун максаты-маралдарды кайрадан көбөйтүп, бейиштей кооз жергебиздин көркүн кайрадан арттырып, жаш муундардын табиятка болгон мамилесин өзгөртүп, мамлекетибизде, анын ичинде Чаткал районунда туризмдин жандануусуна дагы бир шарт түзүү болуп саналат.
Долбоордун уюштуруучулары белгилегендей, Чаткал өрөөнү маралдарды багып, көбөйтүүгө эң ыңгайлуу жер болуп табылган. Бүгүнкү күндө, долбоордун уюштуруучулары тарабынан маралдар багылуучу жерлерди аныктоо боюнча Чаткал райондук жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Чаткалдыктар кен тармагы боюнча адистиктерге ээ болушууда

Бүгүнкү күндө, Чаткал районунда жер алдындагы кен байлыктарды чалгындоо жана казуу ишгтерин алып барган фирмалардын саны көбөйгөн сайын, район калкы да фирмаларга керектүү адистиктерге окушуп, алардан жумуш табуунун аракетин күчөтүүдө. Тактай кетсек, Чаткал райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган бөлүмдүн каржылоосу менен райондук №46-кесиптик лицейинде жүргүзүлгөн кесиптик окутууга даярдоо курстарында өткөөлчүлүк кесибине 44 жаран, бургулоочу кесибине 20 жаран окууда. Окутуу жүргүзүп жаткан мугалимдерге маяна иретинде жана ар кандай чыгымдар үчүн 101,1 миң сом, ал эми, окуп жаткан жарандарга стипендия үчүн 44,9 миң сом акча каражаттары төлөнүп берилди.
Мындан сырткары, аталган бөлүм тарабынан “Чаарат ЗААВ” фирмасына 18 жаран, ал эми, “Вертекс Голд Компани” фирмасына 33 жаран жумушка орноштурулду. Мындан сырткары, аталган бөлүмгө жумуш издеп жалпы 371 жергиликтүү тургун кайрылган.
Район аймагында иш жүргүзүп жаткан фирмаларга жергиликтүү жарандарды жумушка кабыл алуу боюнча эки ирет кат жолдонгон.

“Кичи Чаарат” ЖАК Куру-Тегерек кенин иштетүүнү көздөөдө

“Кичи Чаарат” жабык акционердик коому 2017-жылдан баштап Чаткал районундагы Куру Тегерек алтын жана жез кенин иштетүүнү көздөөдө. Аталган кенди иштетүүгө КР. Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин AU-88-02 сандуу лицензиясына ээ.
КР. Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин бул кендүү жерге бекиткен кору боюнча: кендүү таштын кору 35385600 тонна, жез металлынын кору 295100 тонна, жездин орточо өлчөмү 0,834%, алтын металлдын кору 32,680 тонна, ал эми, алтындын орточо өлчөмү тоннасына 0,924 граммды түзөт.
Кенди казуу жердин асты менен, тактап айтканда, тоону көзөө (штолнья) ыкмасы аркылуу ишке ашырылмакчы.

кичи чаарат фирмасы 4
Компаниянын жетекчилигинин маалыматында, кендүү ташты иштетүү күнүнө 6000 тоннадан иштетилген учурда он айда 1,800 миң тонна иштетилмекчи. Жылдын эки айын климаттык шартка ылайык чыгарып салып, бир жылда он ай иштеген учурда жогорудагыдай көрсөткүч келип чыккан. Жогорудагыдай алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кенди иштетүү жалпысынан 17 жылдан ашыгыраак мезгилди камтуусу күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө, компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүнүн алдынан кен жайгашкан аймакка жакын жайгашкан Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарынын калкы менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.