Архив за месяц: Январь 2015

Район акиминин отчету канааттандырарлык деп табылды


Январь айынын 30унда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында айылдык кеңештердин кошмо жыйынынын кезектеги сессиясы болду.
Сессиянын күн тартибине 5 маселе-кошмо жыйындын президиумун шайлоо, кошмо жыйындын төрагасын шайлоо, кошмо жыйындын катчылыгын шайлоо, эсептөө комиссиясын шайлоо жана райондук мамлекеттитк администрация башчысынын райондун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2015-жылга милдеттери жөнүндөгү отчету коюлду.
Алгач, кошмо жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселелер депутаттардын кароосуна коюлуп, кошмо жыйындын президиуму шайланган соң, кошмо жыйындын төрагалыгына Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы Урал Сейталиев бир добуштан шайланды.
Андан соң, кошмо жыйындын катчылыгы, эсептөө комиссиясы шайланды.
Күн тартибиндеги кийинки маселе боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчету угулду.
Отчетто белгиленгендей, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо эл чарба тармактарынан 2361592,9 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 100,5 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызга же 311246,3 миң сомго көп аткарылды.
Райондо айыл чарбасы тармагында жылдын жыйынтыгы менен 1038749,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 98,7 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 131,2 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2928,0 тонна эт, 8589,0 тонна сүт, 100,0 тонна жүн, 1860,0 миң даана жумуртка, талаачылыктан 1559,0 тонна дан, 5411,0 тонна картошка, 96,0 тонна май өсүмдүгү, 3377,0 тонна жашылча өндүрүлдү.
Өнөр жай тармагында 732849,0 миң сомдук продукция өндүрүлуп, план 93,5 пайызга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 94,3 пайызга аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 107 пайызга аткарылды.
Ал эми район боюнча калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жылдын жыйынтыгында 32201,0 миң сом болуп, план 109,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 110,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды
Капиталдык салымдардын көлөмү 78332,1 миң сомду түзүп, план 112,2 пайызды, 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 172,5 пайызга аткарылды.
Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 479461,0 миң сомду түзүп, план 116,1 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 117,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
Жыл ичинде райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 345423,8 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 161,8 пайыз өсүш камсыз кылынды. Анын ичинен 136042,7 миң сом айыл чарбасына, 46339,0 миң сом соода сатыкка, 123753,9 миң сом социалдык тармакка, 39288,2 миң сом ар кандай тармакка тартылган.
Райондун аймагында кредит берүү жакшы жолго коюлду. 2014-жыл ичинде райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 182344,9 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы тарабынан 379019,5 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 101,1 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 68% га камсыз кылынды.
Анын ичинен республикалык бюджетке 312311,4 миң план белгиленсе 302841,7 миң сомго аткарылып, план 97% ал эми, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 61,7 % түздү.
Жергиликтүү бюджетке 66195,7 миң сом план белгиленсе, 76177,8 миң сом топтолуп, план 115,1% пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 113,9% көп топтолгон.

Айыл аймактар боюнча алганда, Каныш-Кыя айыл аймагына жалпы 2837,0 миң сом план берилсе, 3460,6 миң сом топтолуп, 122,0 пайызга аткарылган.
Чаткал айыл аймагына 661,0 миң сом план берилсе, 932,7 миң сом топтолуп, пландан 271,7 миң сом ашыкча же 141,1 пайызга аткарылган.
Терек-Сай айыл аймагына жалпысынан 877,0 миң сом план берилсе 1621,4 миң сом топтолуп, план 744,4 миң сомго ашык же 184,9 пайызга аткарылган.
Сумсар айыл аймагына 520,0 миң сом план жеткирилген болсо, 649,5 миң сом топтолуп план 124,9 пайызга аткарылды.
Отчет окулуп бүткөн соң, депутаттар отчетто айтылган маалыматтар боюнча аким Канжарбек Эшалиевге суроолорду беритшти. Соңунда, район акими Канжарбек Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылды.
Мындан сырткары, район акими Канжарбек Эшалиев жаңырган 2015-жылга карата коюлган милдеттер жөнүндөгү маалымат берди.

Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылды

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошумча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-26-январь күндөрү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” жана “Каныш-Кыя айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорлорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы “С. Чондоева”, Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка”жана Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчаларына керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, раймамадминистрациянын, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду. Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Долбоордун алкагындагы бул каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

кошумча тайпа 1 кошумча тайпа 2 кошумча тайпа 4 кошумча тайпа 5 кошумча тайпа 6

Кулактандыруу !!!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт: Сектор башчы – 1 орун Квалификациялык талаптар: — Жогорку билимдүү, жашы 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны; — өз алдынча иштөөгө жөндөмдүүлүгү; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик актыларын билүүсү — Компьютерде иштей билүүсү (MS Word, MS Access); — Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөп жана жаза билүүсү; — Мамлекеттик кенже кызматта эмгек стажы 1 жылдан кем эмес же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иштеген эмгек стажы. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат: 1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз; 2. Өздүк баракчасы; 3. Резюме; 4. Сүрөт 3х4 өлчөмундө (2 даана); 5. Өмүр баяны; 6. Паспорттун көчүрмөсү (ОМС менен); 7. Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөсү (натариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн). Керектүү документтерди газетага жарыялангандан кийин 14 күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшырууга болот: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурстун өтө турган күнү кошумча маалымдалат.

Коллегия болуп өттү


2015-Жаңы жылдын январь айынын II декадасында Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ботобековдун жетекчилиги астында Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын Күн тартибинде, Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы О.Ботобековдун 2014-жыл үчүн отчёту, Сумсар айыл өкмөтүнүн коллегиясынын 2015-жылга иш планын бекитүү ж. б. ар кандай маселелер орун алды.
Коллегиянын Күн тартибиндеги белгиленген маселелер угулуп, талкууланып, алар боюнча суроо-жооптор болуп, сунуштар киргизилди.
Коллегиянын соңунда Күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
сумсар коллегия 1Б.Исаков «Чаткал оттору»

ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАЛДЫ


АРИС Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Айылды инвестициялоо Долбоорунун (ПСИ-3) үчүнчү этабын баштады.
Максаты:
Айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу,социалдык жана экономикалык инфрастуктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.
Милдеттери:
• Айылдардын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү.
• Этностор аралык чыр-чатактарды алдын алуу
КАРЖЫЛОО БУЛАКТАРЫ
• Долбоорду ишке ашырууга Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү Немец өнүктүрүү банкы (KFW) аркылуу 5,5 млн.евро бөлгөн. Финансылык каражат гранттык негизде берилет.
• Долбоорго катышкан коомчулуктун салымы АРИС тарабынан бөлүнгөн гранттын 3,75 пайызын түзөт.
• Гранттын минималдуу өлчөмү — 20000 АКШ $
• Гранттын максималдуу өлчөмү — 450000 АКШ $

КОНКУРСТУК ТАНДООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ:
• Айылдык аймактын «ийгиликтүүлүгү» (дотация, алыстыгы)- баалоонун 15пайызы.
• Коомчулуктарды мобилизациялоо ( окутуулар, массалык иш-чаралар) баалоонун 25 пайызы.
• Өнүктүрүү стратегиясы – баалоонун 30 пайызы.
• Долбоордук сунуш- баалоонун 30 пайызы.

Бүгүнкү күндөгү аткарылган иштер

• Областтык деңгээлде тегерек стол өткөрүлдү.
• Айыл аймагынын деңгээлинде тегерек стол өткөрүлдү.
• Ар бир айылда киришүү семнарлары өткөрүлдү.
• Ар айылда демилгелүү топтор түзүлдү.

Айтмырзаев Ж.А. АРИСтин Чаткал району боюнча эксперти

Алдын алуу иштери жүргүзүлдү

2015-Жаңы жылдын 22-23-24-январында Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери-санитардык врачтын жардамчысы Уларбек Мамытов, санитардык бөлүмүнүн башчысы К. Мусабаева, эпидемия бөлүмүнүн башчысы Н.Орозбаева, эпидемиологдун жардамчысы Г.Акылбекова жана айыл санврачы А.Тойчубеков Сумсар айыл аймагында болушуп, андагы мектептердин, балабакчалардын, ооруканалардын санитардык-гигиеналык абалдары менен бир сыйра таанышып чыгышты. Андан соң, райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлер тобу Сумсар айыл аймагындагы Сумсар, Гагарин орто мектептеринде жана В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатында, ошондой эле Сумсар, Шакафтар айылдарындагы бала бакчаларда болушуп, окуучулар жана болочоктор арасында санитардык-гигиеналык абалы, талаптар, гигиенаны сактоо, грипп жана кызамык ооруларынын алдын алуу, дезинфекциялык иштерди күчөтүү боюнча алдын алуу иштери жүргүзүү сыяктуу иш чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле, мектептерде окуучулар арасында, класстарда “Кызамык деген кандай оору?” аттуу темада жазма иштер өткөрүлдү. Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлер тобунун санитардык гигиена, грипп, кызамык боюнча алдын алуу иштери максаттуу, таасирлүү жана пайдалуу кырдаалда өткөрүлдү.

санврачтар 2 санврачтар 3 санврачтар 4

Б.Исаков «Чаткал оттору»

Райондук олимпиадада алдыңкылардан болушту

2015-Жаңы жыл алдынан Чаткал райондук БББнө караштуу мектептер аралык мектеп программасындагы предметтер боюнча өткөрүлгөн райондук олимпиадада Т.Орозбаев жетектеген В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын окуучулары биринчи орунду камсыз кылышып, алдыңкылардан болушту. Муну төмөнкү цифралар жана аргументтер тастыктап турат. Бул 2015-Жаңы жыл алдында өткөрүлгөн райондук олимпиадага мектеп-интернатынын 10 окуучусу барып катышышып, билим майданында ат салышып, өздөрүнүн жакшы билим деңгээлдерин көрсөтө алышты. Тактап айтканда, география предмети боюнча 11а-классынын окуучусу Акматбек уулу Темирлан (мугалими Нурлан Чыналиев), орус тили жана адабияты боюнча 10а-классынын окуучусу Парпиев Айтназар (мугалими Б.Исаков) 1-чи орунду жеңип алышты. Жалпылатып айтканда, мектеп-интернатынын 2 окуучусу 1-орундун, 6 окуучусу 2-орундун, 2 окуучусу 3-орундун ээлеринен болушту. Олимпиаданын бул жеңүүчүлөрү Чаткал райондук БББнүн I, II, III даражадагы Дипломдору менен сыйланышты. Ал эми райондук олимпиадада 1-орунду жеңип алышкан окуучулар Акматбек уулу Темирлан жана Парпиев Айтназар областтык олимпиадага жолдомо алышты. Б.Исаков «Чаткал оттору»

Кулактандыруу !!!

Чаткал райондук казына бөлүмү төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт: специалист – 1 орун Кандидатка коюлуучу квалификациялык талаптар: — Иш стажы талап кылынбайт — Жогорку билими финансы, экономика жаатында. — компьютерде иштей билүүсү (MS, Word, MS Access, MS Internet Exsplorer): Ваканттык орундун функционалдык милдеттери: — Казына бөлүмүндө киреше жана чыгаша боюнча иш алып баруу. — Бюджеттик мекемелердин сметаларын тактоо жана аны менен иштөө. — Казына бөлүмүндө банк-агент менен иш баруу. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди өткөрүүсү зарыл: 1.Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз; 2.Өздүк баракчасы; 3.Резюме; 4.Сүрөт 3х4 өлчөмүндө (эки даана); 5.Өмүр баяны; 6. Паспорттун көчүрмөсү (ОМС менен); 7. Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталсын); 8. Ички иштер бөлүмүнөн соттуулугу жөнундө справка; Керектүү документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук казына бөлүмү. Тел: 03749 6-01-88 (Раймамадминистрациясынын имараты, 1-кабат)

Кулактандыруу !!!


Шакафтар айылынын тургуну Козубаева Токтокан Аманбаевнага берилген № 10610198801574 ИНН жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылууда

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошусмча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-январь күнү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчаларына жалпысы 500 миң сомдук керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду.

Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Калган каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

Айта кетчү нерсе, 26-январь күнү кошумча тайпанын ачылыш аземи каныш-кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында болмокчу.

жаныбазар 1 жаныбазар 2 жаныбазар 3 жаныбазар 4 жаныбазар 5 курулуш 1 курулуш 2 курулуш 4 курулуш 5

М. Эшназаров