Архив рубрики: Маданият

Жеткинчектер комузда кол ойнотушуп….

Үстүбүздөгү март айында район борбору Каныш— Кыя айылындагы балдардын музыкалык мектебинде комуз сабагы боюнча он күндүк декада өтүүдө.  Бул тууралуу комуз ийриминин мугалими, белгилүү музыкант Атакан Сатылганов билдирди. Ал— бүгүнкү күндө, комуз ийриминдеги үч класста жалпы он беш окуучу комузда ойноону үйрөнүшүүдө— дейт.

IMG_20170315_111030 IMG_20170315_110932

IMG_20170315_112124 IMG_20170315_112113

Белгилей кетсек, Атакан Сатылганов район мектептеринде отуз жылдан бери музыкадан сабак берип келүүдө. Андан бир кезде окуган Асан Жакыпбеков, белгилүү  «Таалай элеси » эстрадалык тобунун мурдагы мүчөсү Жеңишгүл Сатылганова, Аймен Акылбекова сыяктуу окуучулары кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашып,  республика калкына аздыр— көптүр белгилүү болуп келишүүдө. — Азыркы окуп жаткан окуучулар арасында да идиректүүлөрү арбын. Буюрса, булардан келечекте кыргызга белгилүү өнөр адамдары чыгат деген үмүтүм зор— дейт Атакан Сатылганов.

Жеткинчектер аккордеондо ойноону үйрөнүүдө

Район борбору Каныш— Кыя айылындагы Чаткал райондук балдардын музыкалык мектебинде бүгүнкү күндө эки класста аккордеондо ойноону окутуп, үйрөтүлүүдө. Аккордеон аспабы түпкүлүгү немис калкынын улуттук музыкалык аспабы болгону менен, кыргыз элинин Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Кудайберген Темиров, Исрадин Аманбаев сыяктуу атактуу музыканттары бул аспапты кыргыздын кан— жанына сиңирип, улуттук аспаптардын бирине айлантып салышканын тана албайбыз. Ошондон уламбы, кыргыз жаштары да аккордеон ойноого кызыгышып, немистерден кем калышпай, катыра ойноп келет.

IMG_20170315_111823 IMG_20170315_111832 IMG_20170315_111925

Сөз башында белгилегендей, райондук музыкалык мектептеги эки класста жалпы он жеткинчек аккордеон үйрөнүшүүдө.    —  Он окуучудан сырткары, он сегиз, жыйырмалардагы беш— алты уландар да келишип, өз алдынча үйрөнүп жүрүшөт. Алар музыкалык мектебибизде окушпаса да бош убактыларында суранышып, үйрөнүп жүрүшөт— дейт аккордеон ийриминин мугалими Белек Кочкорбаев.

—Таланттын көбү элетте—демекчи, элеттик жаштардын музыкалык аспаптарда ойноого астейдил кызыгуусу албетте,  элет калкынын маданиятынын жогору экенинен кабар берээри талашсыз.

М. Эшназаров

«Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

7-март күнү Чаткал районунун борбору Каныш— Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы маданият үйүндө райондук мамлекеттик администрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңешинин уюштуруусу менен «Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагы болду.

IMG_20170307_144609 IMG_20170307_145013 IMG_20170307_145326 IMG_20170307_145117 IMG_20170307_151118 IMG_20170307_160331 IMG_20170307_155343 IMG_20170307_154150 IMG_20170307_184201 20170307_190050

 

20170307_193642

20170307_193730

Кароо— сынакка райондогу  мектептердин жогорку класстарында окуган тогуз кыз катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, биринчиликке ат салышышты. Мында, алгач катышуучулар кызыл килемди басып өтүшүп, маданият үйүнө киришкен соң, зал толгон көрүүчүлөрдүн назарына ыр, бий жана өз өнөрүн көргөзүү номерлерин тартуулашып, калыстардын сынынан өтүштү.

Соңунда, бардык жагынан төп келген катышуучу катары Каныш— Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуржамал Кеңешбекова 1-орунга ээ болуп,  «Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагынын таажысын кийди. 2- орун Каныш— Кыя айылындагы А. Баймырзаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сезимай Курманбековага ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Айгыр— Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнурага берилди.

Кароо— сынактын каржылык маселеси Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан чечилип берилди.

Адеп жана ыйман-маданияттын башаты

Февраль айынын онунда Айгыр-Жал айылынын А. Айымбетов орто мектебинде Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата  «Адеп жана ыйман-маданияттын башаты» аттуу тегерек стол болду.

IMG_20170210_155249 IMG_20170210_155220 IMG_20170210_155808 IMG_20170210_162255

Тегерек  столго айыл тургундары, мектеп мугалимдери жана жогорку класстардын окуучулары катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган ата-энени сыйлоо, жашы жете элек балдар арасындагы рекетчилик жана бүгүнкү күндөгү карылардын жосунсуз жоруктары тууралуу видеожүгүртмөлөр тартууланып, анда камтылган маселелер катышуучулардын кеңири талкуусуна коюлду. Мында, катышуучулар өз ойлорун ортого салышып, талкууга коюлган маселелер тууралуу ойлорун айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Талкууда буга кошо эле, жеткинчектердин жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизип жаткан интернет оюндары тууралуу да сөз болуп, маданият кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

М. Эшназаров

Жеткинчектерге фортепианонун сырларын үйрөтүп

Районубузда саналуу гана жогорку билимдүү музыка адиси болсо, анын бири Азима Шекебаева.

IMG_20170315_103304 (2) IMG_20170315_103636 (2)

А. Шекебаева Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган. Ал  билим берүү тармагында 26 жылдан бери талыкпай эмгектенип келет.  Бүгүнкү күндө, район борборундагы райондук музыкалык мектепте фортепианодон сабак берүүдө.  Мында эмгектенгенине быйыл алты жылдын жүзү болду.

—Музыкалык мектепте фортепиано боюнча 3 класста жалпысынан он беш окуучу бар. Төрт окуучу фортепиано боюнча билим алып чыгышты.—дейт А. Шекебаева.

Айта кетчү нерсе, жакында музыкалык мектепте фортепиано сабагы боюнча өткөн декадада А. Шекебаеванын окуткан сабактары оң баага татыды.

М. Эшназаров

«Маданият— ыйман менен адептен башталат «

Кечээ, 31-январда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө 2017-жыл— ыйман, адеп жана маданият жылына карата жогорудагыдай аталыштагы тегерек стол болду.

Тегерек столго  район акими Канжарбек Эшалиев, райББнын башчысы Тажибай Тынышов, √46-кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер, РИИБ кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.IMG_20170131_142808

IMG_20170131_160942 IMG_20170131_154511 IMG_20170131_162010 IMG_20170131_143918 IMG_20170131_150514

Тегерек столду алгач райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев ачып, ал быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын мааниси, максаты жана ушуга тиешелүү жагдайлар тууралуу айтып, катышуучуларды тегерек столго активдүү катышууга чакырды.

Андан соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан азыркы коомдо, тагыраагы улуу, орто жана кичүү муун арасында болуп  келе жаткан аракечтик, сый— урматсыздык, балдар арасындагы рекетчиликке байланышкан ыймансыз, маданиятсыздык көрүнүштөр тууралуу видеожүгүртмөлөр катышуучулардын назарына сунушталды.

Катышуучулар өз кезегинде, видежүгүртмөлөрдө чагылдырылган окуялардын тегерегинде талкуу жүргүзүшүп, өз ойлорун ортого салышты.

Иш чаранын жалпы катышуучулары тегерек столдун өтүшүнө жана анда козголгон маселелерге  оң баа беришти. Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев тегерек стол ушуну менен эле токтоп калбай, мындай иш чараларды райондун ар бир айылында өткөрүү маселесин көтөрүп, райондук маданият бөлүмүнө сунуштап, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.

Иш чаранын жүрүшү райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолду.

М. Эшназаров

Маданият үйүнүн кызматкерлери ыр, күлкү тартуулашты

13-январда Ч. Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору Айгыр— Жал айылына жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген А. Мамадалиев атындагы маданият  үйүндө «Ыр, күлкүгө аралаш, көңүл ачкын замандаш » аттуу концерт тартуулашты.

Концертке «Чаткал периси— 2016 » сынагынын жеңүүчүсү Айзада Кадырбек кызы, Аксы, Ала—Бука жана Чаткал райондор аралык жаш өспүрүмдөр арасындагы «Тамашоу— 2016 «, райондук «Эл ичи— өнөр кенчи » кароо— сынагынын жеңүүчүлөрү болгон Чаткал курама тобу конок катары катышты.IMG_20170113_185031 IMG_20170113_192752 IMG_20170113_193548 IMG_20170113_210705 IMG_20170113_194801 IMG_20170113_200029 IMG_20170113_201504 IMG_20170113_212830 IMG_20170113_195257 IMG_20170113_205135 IMG_20170113_213605 IMG_20170113_214029Концерттин жүрүшүндө, фольклордук, эстрадалык чыгармалар, боорду эзген интермедиялар жана бийлер аткарылып, көрүүчүлөр тарабынан өзгөчө шаң менен кабыл алынды. 

Райондук маданият үйүнүн өткөн 2016-жыл ичиндеги аткарган иш— чараларынын жыйынтыктоочу иш чарасы катары уюштурулган концерт көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жогорку деңгээлде уюшкандыкта өттү.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү

Маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды

Январь  айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду.

Отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Муратбек Досматов, райондогу бардык айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары, айылдык китепкана башчылары катышты.IMG_20170112_155119 IMG_20170112_163435 IMG_20170112_144546 IMG_20170112_154740 IMG_20170112_153501 IMG_20170112_160730

Отурумда алгач, райондук маданият үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Бекмуратов баяндама жасады.

Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2016-жыл ичинде райондук маданият үйүндө  ар кандай багыттагы 38 маданий иш чара өткөрүлүп, 5380 адам тейленген.

Өткөн 2016-жыл-Тарых жана маданият жылында раймамадминистрациянын жетекчилиги жана райондук маданият бөлүмү биргеликте райондук жана облустук маанидеги иш чаралар да өткөрүлүп, тиешелүү жогорку органдар тарабынан жогорку баага арзыды. Тактап айтканда, облустук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган “Кыз узатуу” телесынагында Чаткал району Баш байгени жеңип алып, районго бир топ аброй алып келди.

Райондук маданият үйүндө жетишкендиктер менен бирге эле, бир топ кемчиликтер да орун алган. Атап айтканда, театрлаштырылган оюн-зоокторду уюштурууда үн жаздыруучу техникалык каражаттар жетишпегендиктен, бир топ акча каражатын кетирип, облус борборуна барып жаздырып келүүгө туура келди. Буга кошо эле, керектүү музыкалык аспаптар жаатында да жетишпестиктер болуп келүүдө.

Негизи, райондук маданият үйү район борборунда жайгашкандыктан, көпчүлүк маданий иш чаралар ушунда өткөрүлөт. Маданият үйү да капиталдык ремонтту талап кылып калган учур.

Мындан сырткары, Курулуш айылынын маданият үйүнүн имараты начар абалда.

Буга кошумча, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары айыл аймактардын эсебинен айлык акы алгандыктан, айыл аймак кызматкерлери аларды каалаган жумушуна жумшашып, маданий иш чараларды өз убагында аткаруусуна тоскоолдук жаратып келишет. Айрым маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары  айлык маяналарынын аздыгына нааразы.

Андан соң, райондук китепканалык тармактын кызматкери Нышанбү Оморова баяндама жасап, төмөнкүлөргө токтолду.

Ал билдиргендей, өткөн жыл аралыгында райондук китепканалык тармак тарабынан жылдык планга ылайык бир топ иштер аткарылган.  Райондук китепканалык тармактын өткө жылдагы негизги ийгилиги катары 27-май-Китепкана күнүнө жана облустук китепкананын токсон жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлгөн китепкана кызматкерлеринин VIII-форумунда Чаткал райондук борборлоштурулган китепканалык тармакка моделдик китепканаларды мыкты уюштургандыгы жана иштеги жетишкендиктери үчүн баш байге ыйгарылгандыгын айтууга болот.

Мындан сырткары, балдарга тарбиялык багыт берүүдө жетишилген ийгиликтери үчүн райондук балдар китепканасы КР. Коомдук китепканалар ассоциациясынын президенти тарабынан Китепканалар күнүндө атайы Диплом менен сыйланды.

Айгыр-Жал, Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарында айылдык китепканаларга Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан имараттар курулуп берилип, көз кубанаарлык иштер аткарылды.

Антсе да, райондук китепканалык тармак өткөн жылда кемчиликтерден куру болгон жок. Мисалы: Сумсар, Шакафтар жана Терек-Сай айылдык китепканаларында компьютерлер жетишсиз болуп, китепканачылар айрым керектүү кагаздарын жасатуу үчүн коңшулаш Ала-Бука районуна барууга туура келүүдө.

Жаңы-Базар айылдык китепканасына Чаткал айыл аймагы тарабынан ар кандай шылтоолор менен көмүр кечиктирилип берилген.

Райондук маданият бөлүмүнүн Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактары боюнча координатору Мамадалы Жороев  Сумсар көркөм өнөр мектебинде иш кагаздарын жүргүзүү аксап жаткандыгын айтып, Сумсар айыл аймагы боюнча “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын демөөрчүлүгү менен алынган бир даана гана заманбап музыкалык аппаратура болгондуктан,айыл аймакта өткөрүлгөн маданий массалык иш чаралар учурунда музыкалык аппаратура жаатында тартыштык болуп жаткандыгын айтып, район акиминин орун басары Муратбек Досматовдон  бул маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.

Ал буга кошо эле, жаңырган жылда  АРИС тарабынан Сумсар айылдык маданият үйүнүн чатыры жаңылануусу пландалып жаткандыгын билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары өз жумуштары тууралуу өз ойлору менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн ортого салышты. Айрымдарына токтоло кетсек, айрым айыл аймактар айылдык китепкана кызматкерлеринен гезит, журналдардын жазылуусуна деп айлык маяналарынын өтө көп кармап алган учурлар учуроодо.

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев катышуучулар тарабынан айтылган бир топ көйгөйлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө, айылдык маданият үйлөрү үчүн кадр жаатында чоң кыйынчылык болуп келаткандыгын айтып, район аймагында жогорку билимдүү музыка адистери абдан аз санда экендигин айтты. Антсе да, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы маданият техникумдарынан жана атайы орто окуу жайларынан кызматкерлерди окуттуруп, кадр жаатын эптеп түздөп келатышкандыгын билдирди. Ал ошондой эле, көркөм өнөр жаатында окуу жайларга азыркы жаштар аз окуп жаткандыгына да токтолду.

Жуманазар Нурбаев буга кошо эле, маданият кызматкерлерин өз жумуштарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, быйыл да маданиятка тиешелүү иш чаралар көп өткөрүлөөрүн, ага жараша мамлекет тарабынан маданият кызматкерлерин ар тараптуу колдоо сөзсүз болоорун ошондуктан, өткөн жылдагыдан да активдүү болуп, райондун маданият тармагынын ишин жогорулатуу менен бирге эле, район калкын маданий жактан тейлөөдө жогорку деңгээлде эмгектенүүгө үндөдү.

Район акиминин орун басары Муратбек Досматов да сөз кезегинде жаштарды көркөм өнөргө окутчу маданият тармагындагы орто окуу жайларга окутуу керектигин айтып, бул жаатта кайрылуулар болсо  раймамадминистрация тарабынан да жардам болоорун билдирди.

Отурум соңунда, иштеринен кемчилик кетирген бир топ маданият үйлөрүнүн башчыларына жана усулчуларына эскертүүлөр берилип, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Малчылардын майрамы татыктуу белгиленди

Өткөн жуманын ишембисинде Чаткал районунун жайыттарын пайдаланышкан чаткалдык жана таластык малчылардын биргелешкен майрамы болду.IMG_20160723_115928 IMG_20160723_094027 IMG_20160723_120020 IMG_20160723_120715 IMG_20160723_122443 IMG_20160723_121431 IMG_20160723_122537 IMG_20160723_122957 IMG_20160723_124107 IMG_20160723_123823 IMG_20160723_131108 IMG_20160723_130611 IMG_20160723_122136 IMG_20160723_133948 IMG_20160723_145131

Майрамдык маарекеге КР. Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев баштаган облустук, райондук жетекчилер тобу жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш округундагы консулу Кадырбек Мырзабаев катышты.

Маарекенин жүрүшүндө бир топ таластык жана чаткалдык мал чарба кызматкерлери, дыйкан— фермерлери «Ардак Грамоталар » жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Буга кошо эле, аркан тартыш, эр оодарыш жана улуттук күрөш боюнча мелдештер болуп, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту.

Маарекени Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери ыр— күү менен шаңга бөлөштү.

Жыл сайын кезек менен өтчү бул маарекенин каржылык жана уюштуруу жагы быйыл Чаткал району тарабынан камсыздалды.

Белгилей кетсек, быйыл Чаткал жайыттарында Талас облусунан келген 86 короо кой, 4149 баш кара мал жана 2381 баш жылкы багылууда.

М. Эшназаров

Музыка мектебинин окуучулары концерт беришти

Жакында райондук балдардын музыкалык мектебинин окуучуларынын бир жылдык отчеттук концерти райондук маданият үйүнүн концерттик залында болду. Анда музыкалык мектептин окуучулары өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, музыкадан алган билиминин жыйынтыгын элге тартуулашты.

Белгилей кетсек музыкалык мектептинТерек-Сай айыл аймагынын маданият үйүндө 27 окуучу, Чаткал айыл аймагынын Чаткал орто мектебинде 35 окуучу, ал эми Каныш-Кыя айылында жайгашкан музыкалык мектептин өзүндө 47 окуучу болуп жалпысы 109 окуучу музыка сабагынан кошумча билим алышууда. Мындагы окуган окуучулар аккордеон, комуз, фортепиано, бий сабактарынан билим алышат.

Б. Дилдебаев