Архив рубрики: Маданият

Айылдык маданият үйү оңдолот

Быйыл Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, аталган маданият үйүн капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн теңдөөчү гранттан 1,5 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы мезгилдерде  бул иштерди аткарууга тендер жарыяланмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы маданият үйүнүн чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен алмашылган.

 

М. Эшназаров

 

«Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду

14-март күнү Айгыр-Жал айылынын Абдырайым Мамадалиев атындагы айылдык маданият үйүндө Каныш-Кыя айылдык маданият үйү тарабынан уюштурулган «Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы болду.

Иш чарада, сармерден оюнунун тартибине ылайык жигиттер жана кыз-келиндер эки топко бөлүнүшүп,  кыргыздын көөнө жана заманбап обондуу ырларынан созолонтушуп, табышмак, жаңылтмачтарды айтышып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, өз ара таймашышты.

Оюндун жүрүшү кезеги менен  атайы калыстар-Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Садырбек Исмаилов жана Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык иштер боюнча башкы адиси Жайнагүл Осмоновалар тарабынан калыс сынга алынып,  баа берилип турду.сармерден DSC_0023 сармерден DSC_0060 сармерден DSC_0007 сармерден DSC_0041 сармерден DSC_0038 сармерден DSC_0066 — копия сармерден DSC_0068 — копия сармерден DSC_0091 — копия сармерден DSC_0098 — копия сармерден DSC_0108

Сармерденде жигиттер тарабы комуздун коштоосунда дастан жана элдик ырларды аткарууда өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшсө, кыз-келиндер тарабы элдик ырларды ийине жеткире аткаруу менен элдин кызуу кол чабуусун жаратышты.  Тактап айтканда, жигиттер тобунан дастанчы Нооруз Анарбек уулу жана Нурсултан Наралы уулу, ал эми кыз-келиндер тобунан Гүлүмжан Мамакеева, Айгүл Ботобекова жана Махабат Кайыпкуловалар өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Иш чаранын соңунда көрүүчүлөр Сармердендин уюштуруучулары-Каныш-Кыя айылдык маданият үйүнүн башчысы Нооруз Анарбек уулуна жана Абдырайым Мамадалиев атындагы Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн усулчусу Гүлүмжан Мамакеевага жана иш чараны өткөрүүгө каражат жагына колдоо көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров

Билим берүү бөлүмү «Ыр кесе » өткөрдү

20-май күнү район борбору Каныш-Кыя айылында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Ыр кесе” маданий оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү.

Иш чаранын программасынын өзөгүн эзелки замандарда Чаткал өрөөнүндө жашап өткөн Күлбөс хан жана Жанчар хандардын жашоо-турмушун чагылдырган, сахналаштырган көрүнүш түзүп, анын алкагында  улак тартыш, жар чакыруу, келин узатуу, улуттук жана заманбап бийлер, ыр кесе сунуу менен алым-сабак ырдашуу сыяктуу кыргыз элинин улуттук маданий мурастары аткарылды. DSC00556 DSC00549 DSC00550 DSC00522 DSC00545 DSC00546 DSC00562 DSC00569Мында, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдер фольклордук жана эстрадалык жанрда обондуу ырларды созолонтушуп, комузчулар жана ооз комузчулар күүлөрдү чертишип, дастанчылар кыргыз дастандарынан аткарышып, көрүүчүлөргө эстетикалык зор ырахат тартуулашты.

Иш чаранын программасына ылайык, ыр жана бийлер менен бирге эле, кыргыз элинин жогоруда аталган улуттук маданий баалуулуктары сахналаштырып тартуулануу менен, көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды.

Иш чаранын соңунда, “Ыр кесе” кезеги райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна салтанаттуу түрдө тапшырылды.

-Биз Жанчар хан жана Күлбөс хандардын тоюн баштап бердик. Эми, бул тойду жыл соңуна чейин улантып, элибиздин улуттук маданиятын колдоп, даңазалап алалы-деди ыр кесени тапшырып жатып райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов.

Эскерте кетсек, райондук билим берүү бөлүмү “Ыр кесени” 15-майда райондук № 46-кесиптик лицейинен өткөрүп алган эле.

М. Эшназаров

Чаткалга «Китеп кербени » келди

19-майда район борбору Каныш-кыя айылындагы райондук борборлоштурулган китепканада Жалал-Абад облустук китепканасы жана “Америка ордосу” уюму тарабынан уюштурулган облустук “Китеп кербени” иш чарасы болду.

Иш чарага район акиминин орун басары Муратбек Досматов баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектеп мугалимдери жана окуучулары, айыл тургундары катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар арасында бий, сүрөт тартуу, ар кандай темадагы суроо-жооп, аркан тартыш жана сахналаштырылган оюндар боюнча сынактар болуп, жеңүүчүлөр “Ардак Грамоталарга” жана баалуу белектерге ээ болушту.

Мындан сырткары, китеп көргөзмөсү болуп, анда катышуучулар кызыккан китептерин сатып алышты. Мында,  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан  айыл аймактагы китепканаларга жалпысы жыйырма миң сомдук китептер сатып берилди.IMG_20170519_101924 IMG_20170519_102429 IMG_20170519_103139 IMG_20170519_103557 IMG_20170519_113520 IMG_20170519_124050 IMG_20170519_130056 IMG_20170519_115552

Иш чарада буга кошо эле, жалал-абаддык белгилүү калемгер  Мубара Латипова, чаткалдык белгилүү калемгерлер Зуура Накетаева жана Мухамедалы Эшназаровдор менен чыгармачылык жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө жаш калемгерлердин арасында сынак болуп, жеңүүчүлөргө облустук китепкананын башчысы Сейилкан Аталиева жана белгилүү калемгер Мубара Латипова “Ардак Грамоталарды” жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми, мыкты акын катары Зуура Накетаева жана мыкты китеп катары акын жана журналист Мухамедалы Эшназаров тарабынан тузүлгөн “Чаткал таланттары-1” чыгармалар жыйнагы табылып, аталган калемгерлер облустук китепкана тарабынан “Ардак Грамоталарга” ээ болушту.

Иш чаранын соңунда, катышуучулар облустук китепкананын башчысы Сейилкан Аталиева баштаган “Китеп кербени” иш чаранын уюштуруучуларына ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров

«Маданият кербени» районду кыдырууда

Быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылына » карата раймамадминистрация жана райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Маданият кербени »  Ч. Айтматов атындагы Чаткал райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору менен биргеликте райондун айылдарын кыдырып, өз өнөрлөрүн тартуулоодо.IMG_20170513_170717 IMG_20170429_143748 IMG_20170429_125959 IMG_20170429_130724 IMG_20170429_131025

Маданий кербендин катарында жаш кезинде ар түрдүү тармакта иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан элге таанымал энелер болуп, алар калкка жагымдуу эски обондуу ыр бийлерден тартуулашып, жаштарга нускалуу накыл кептерин айтышып, үлгүлүү жашоого үндөшүүдө.

Маданий кербенде  ошону менен бирге эле, райондук хатибияттын кызматкерлери да кошо жүрүп, руханий насаат кептерин айтышууда.

Маданий кербен жакынкы күндөрдө Терек— Сай жана Сумсар айыл аймактарын кыдырмакчы.

Маданий кербен айыл аймактары жана мекеме, ишканалар тарабынан каржыланууда.

 

М. Эшназаров

«Ыр кесе » маданий иш чарасы башталды

Май айынын он бешинде район борбору Каныш-Кыя айылында жайгашкан №46-кесиптик лицейинде аталган окуу жайдын жааматы тарабынан “Ыр кесе” маданий оюн-зоок иш чарасы болду.

Эскерте кетсек, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында” калктын маданий деңгээлин көтөрүү, эл арасында ынтымакты бекемдөө жана  кыргыздын нарктуу салттарын сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү максатында  мекемелер арасында “Ыр кесе” маданий оюн-зоок иш чарасын өткөрүү боюнча район акиминин буйругу чыккан. Ага ылайык, алгачкы “Ыр кесе” №46-кесиптик лицейинен өз ишин баштады.IMG_20170512_161233 IMG_20170512_162936 IMG_20170512_165024 IMG_20170512_175530 IMG_20170512_175652 IMG_20170512_165534 IMG_20170512_180756

Иш чаранын жүрүшүндө, кыргыз үйүнүн келбетинде сахна жасалгаланып, алты бакан селкинчек жасалып, кыргыз элинин унутулуп бараткан топ таш ойноо, камчы, жүгөн өрүү, ээр чабуу устачылык өнөрлөрү чагылдырылып, жаштар арасында “Ыр кесе” оюну аткарылды. Мында, катышуучулар бири-бирине ыр кесе сунушуп, улуттук жана заманбап ырлардан аткарышып, комузда кол ойнотуп, күү чертишип, заңкылдатып дастан айтышып, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусун жаратышты.

Иш чаранын жүрүшү сүмөлөк бышыруу менен коштолуп, ак элечек кийген энелер сүмөлөк бышырышса,  ак чепкенчен аталар көрүүчүлөргө ак баталарын беришип, кыргыздын нарктуулугун даңазалашты.

Иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери күбө болушту.

Иш чаранын соңунда, “Ыр кесе” маданий оюн-зоок иш чарасын өткөрүү кезеги райондук билим берүү бөлүмүнө салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

М. Эшназаров

Абдыжапар Умаров-Чандалаш айылына убактылуу аналогдук телеберүү коюлат

Чаткал айыл аймагынын Чандалаш айылына санариптик телеберүүнүн ордуна убактылуу аналогдук телеберүү коюлат. Бул тууралуу радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын  директору Абдыжапар Умаров жакында районго болгон иш сапары учурунда билдирди. Анын маалымдашынча, санариптик станцияларды орнотууда айылдардын тизмеси такталганда, Чандалаш айылынын өзүнчө “айыл” статусу жок болгондуктан, айылдардын тизмесине кирбей калган. –Азырынча Чандалаш айылына КТРК каналынын аналогдук телеберүүсүн (АТР) коюп, аталган айылдын калкын бир телеканал менен камсыздап турабыз. Бул айылга санариптик телеберүү маселесин санариптик телеберүүгө өтүү жумушунун кийинки этаптарында чечебиз- деп билдирди Абдыжапар Умаров.IMG_20170507_115300

IMG_20170507_112048Белгилей кетсек, Чаткал районунда санариптик телеберүүнү орнотууда  Терек-Сай айылында да маселе жаралган.  Абдыжапар Умаровдун билдиришинче, бул айылга да санариптик телеберүүнү жеткирүү иши кийинки этапта жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда,  аталга эки айылдын калкы убактылуу аналогдук телеберүүнү пайдаланышып, санариптик телеберүүгө өтүүнүн экинчи этабында заманбап телеберүү менен камсыздалмакчы.

М. Эшназаров

Айнура Темирбекова-Заманбап телеберүүгө өтүүдөбүз-деп прогрессивдүү ой жүгүртөлү

-Аналогдук телеберүү өчүрүлөт дебестен, заманбап санариптик телеберүүгө өтүп атабыз-деп прогрессивдүү ойлосок-деди КР. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Чаткал районунун калкы менен болгон жолугушуусунда. Себеби, аналогдук телеберүү заман талабына жооп бербей калгандыктан, 2006-жылы бир топ мамлекеттер, (анын ичинде Кыргыз Республикасы) аналогдук телеберүүдөн заманбап санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Женева келишимине кол коюшкан. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө, аталган келишимге ылайык, санариптик телеберүүгө өтүп жаткан кези.

IMG_20170507_112031 IMG_20170507_112048

Айнура Темирбековна санариптик телеберүүгө өтүү үчүн республика боюнча 54 станция коюлганын айтып, азыркы кезде республика калкынын 95 %ы санариптик телеберүүгө өткөндүгүн маалымдады. Кыргызстандын санариптик көрсөтүүгө өткөн телеканалдарынын катарынан  Орусиянын эки каналына да орун берилмекчи.

Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан, калкка санариптик телеберүүнү толук жеткирүү үчүн 54 даана станция орнотууга туура келген. Мисалы: Эстония мамлекети санариптик телеберүүнү калкка жеткирүүгө ыңгайлуу б.а. ойдуңу аз болгондуктан, анда тогуз гана станция орнотулган.

Айнура Темирбекова жолугушууда КР. Өкмөтү тарабынан 25 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, Кыргызстандын 12 телеканалы спутникке чыгарылгандыгын билдирди.

Чыгармачылыктан бакыт тапкан Айбарчын айым

Чаткал районунан буга чейин ар тармактан облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги бир топ ишмерлер чыккандыгы белгилүү. Алардын айрымдарынын аттарын атай кетсек: техника илиминин докторлору, бир туугандар-Биймырза жана Ыза Токторалиевдер, экономика илиминин доктору Жапар Алыбаев, коомдук ишмерлер-Роба Насырова, Барпы Рысбаев ж.б. Булардын жолун жолдоп, өз таланттары жана көрөңгөсү менен республика калкына опол тоодой кызмат кылып келаткан чаткалдык уул-кыздарыбыз тууралуу да айта кетсек ашыкча болбос. Биз атайы сөз кылууга арзый турган кыздарыбыздын бири, Айбарчын Сыдыкова  экендиги талашсыз. 

IMG-20170415-WA0010 IMG-20170415-WA0009

Учурда «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясында  реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редактору болуп эмгектенип жаткан Айбарчын Сыдыкова үстүбүздөгү жылдын март айында «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» жогорку наамы  менен сыйланды.  Албетте, бул жогорку сыйлык Айбарчын Сыдыковага жөн жеринен берилген жок.

FB_IMG_1492341201832 FB_IMG_1492341243335 FB_IMG_1492341255147 FB_IMG_1492341233840Т

Каарманыбыздын буга чейинки эмгек жолуна учкай токтолсок, ал алгач эмгек жолун 1987-жылы Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.

2001-2004-жылдары Чаткал райондук жергиликтүү «Кыял ТВ» телестудиясынын директору жана диктору кызматын аркалаган. Кошумчалай кетсек, Айбарчын Сыдыкова “Кыял ТВ” телестудиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да белгилүү.

2005- жылы «ЭлТР » мамлекеттик телерадио компаниясында режиссерлук кызматка киришет.  Андан соң, 2007-жылы реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редакторлук кызматына которулат.

2008-жылдын ноябрь айында техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн инженери кызматына которулуп, аталган жооптуу кызматты бүгүнкү күнгө чейин аркалап келе жатат.

Ал ишмердүүлүк жолунда алгач «Ыйык жерлер баяны» радио теле көрсөтүүсү эфирден чагылдыруу менен элге таанылып, аталган көрсөтүү өз кезегинде көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган көрсөтүү боло алган.

Мындан сырткары, “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясы аркылуу элге тартууланып келген «Саясий арена», «Бетме- бет»,»Билерман ордо», «Жолугушуу аянты», «Кереге кеңеш»,»Күнмаек»,,»Алтын аяк»,»Элет баяны»,»Кутман таң», «Бөбөк кечи» ж.б. теледолбоорлордун сапатына жана техникалык талабына жоопкер адис катары кызмат өтөп, буга кошо эле, мекемедеги жаш адистерге кеңешчи катары да өз салымын кошуп келүүдө.

Айбарчын Сыдыкованын элге жана мамлекетке өтөгөн ак эмгеги көз жаздымда калбай, буга чейин «КР Эл агартуунун отличниги»,   «ЭлТРдин эң мыкты адиси” төш белгилери,  ЭлТРдин “Ардак грамотасы”, КР ӨКМнин “Ардак Грамотасы”  ж.б. көптөгөн райондук, облустук жана республикалык баалуу сыйлыктарга ээ болгон.

Айбарчын Сыдыкова телерадио тармагында эмгектенүү менен бирге эле, көөдөнүндөгү көрөңгөлүү талантын да бапестеп багып келет. Анын жазган ырлары облустук гезит, журналдардын беттеринен орун алып, радиодон окулуп, Жалал-Абад облустук акын, жазуучулардын чыгармалар топтомуна киргизилип, окурмандар тарабынан өз баасын алган. Ал мындан сырткары, “Ыйык жерлер баяны” аттуу китептин автору. «Жакшы кыздар «, «Махабат— ыйык сезим», «Жаштык ай » аттуу ырларына белгилүү обончу Эгемберди Талипов обон жазып, бул чыгармалар азыр эл арасында ырдалып жүрөт.

Жооптуу кызматты аркалоо менен бирге эле, көрөңгөлүү талантып өчүрбөй багып келаткан Чаткалдын таланттуу кызы Айбарчын Сыдыкованы алдыда көптөгөн чыгармачылык ийгиликтер күтүп тургандыгы талашсыз экендигин баса белгилөө менен, ага мындан ары да чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. 

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү

Чаткал районунда байыркы таш жазма эстеликтеринин топтому табылды

Мен кесибим боюнча тоолордо көп жүргөндүктөн, бул сүрөттөрдү алгач көргөндө ички дүйнөмдө бир кызыктай толкундоолор пайда болуп, ушул таштардын арасында олтуруп алып, таштарга сүрөт чегип жаткан байыркы адамдарды көрүп тургандай болдум эле. Ал жаш курак алда качан өтүп, чачты бубак баскан кезде ошол сүрөттөр жөнүндө коомчулукка билдирүүнү эп көрдүм. Ошол себептен, 2013-жылдын август айында атайы ат арытып, Бугулуу-Төр жайлоосуна чыгып барып, ал жердеги петроглифтерди ар бир ташка  бор менен номур коюп фотоаппарат менен сүрөткө тартып келгенмин.

VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110

Тилекке каршы, ошол байыркы сүрөттөр чегилген айрым таштарга биздин эле заманда кой багып чыккан малчылар өз ысымдарын чегип жаза коюп, жазууларды “кошмчалап” койгонго абдан кабатырландым.  Байыркы эстеликтерге аяр мамиле жасабасак, аларды жоготуп алуу ар күн сайын актуалдуу болуп кала берээри бышык.

Бүгүнкү күнгө чейин Чаткал өрөөнүнүн тарыхына кызыккан ар түрдүү кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар менден ушул сүрөттөрдү сурашып, фотоаппаратымдын флешкасынан көчүрүп алышкан учурлар болгон. Бирок, алар бул сүрөттөрдү кандай максаттарда пайдаланышкандыгы мага чыны, белгисиз бойдон калды. Ошондуктан,Кыргызстандын тарыхын изилдеген тарыхчыларга, археологдорго жана филологдорго келечек илим үчүн изилдегенге материал катары кызыкчылык туудурат-деген ойдомун.

Кызыктуусу-ушул сүрөттөрдү чеккен адамдар алардын эмгектерин миңдеген жылдар бою сактай ала турган таш материалдарды жаңылбай тандай билгендигинде. Алардын тарткан ар бир сүрөттөрү ар кандай формадагы жана көлөмдөгү көгүш түстөгү катуу таштарга чегилген. Бул таш корумдар бир замандарда аска-зоонун урашынан пайда болгону көрүнүп турат. Жайгашкан жери-Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Курулуш айылынын түндүк тарабынан агып түшүп, Чаткал дарыясына куюп жаткан Чоң-Жарты-Суу сайынын төрүнөн орун алган. Тактап айтканда, деңиз деңгээлинен 3770  метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ташка чегилген сүрөттөрдүн көөнөрүп, эскирип, араң эле байкалышы же, көзгө көрүнүп тургандыгы эле бул сүрөттөрдүн бир канча кылымдар аралыгында тартылгандыгын айгинелеп тургансыйт. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган.  Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу-айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь же, январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды –башка планетадан келген адамдарбы?….-деген деген жоромолун айтпады беле.

Дагы бир кызыгы-бул сүрөттөр топтомунда доңузга окшогон жаныбардын сүрөтү бар. Илбирстин башына окшогону да бар.бумерангга окшогон нерсенин сүрөту да кездешет. Кандай  болгон күндө да, бул сүрөттөр биздин жерге ислам дини таралганга чейинки доорлорго таандык деп ишенсек болот. Себеби, ислам дини доңуздун гана эмес, адамдын сүрөтүн тартканга да тыюу салат эмеспи.

Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешээри белгилүү. Мис: “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова)   окуу китебинен  төмонкүдөй маалыматты ала алабыз:-“Саймалуу-Таштагы аска таштагы сүрөттөр (петроглифтер) коло дооруна таандык. Ал жерде 100000 ден ашуун сүрөт болгондуктан, ал жерди Саймалы-Таш сүрөт галереясы деп атап коюшкан. Бул дүйнөдөгү таш бетине чегилген эң чоң сүрөт галереясы  болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 3 миң жылдан баштап, орто кылымдарга чейинки ташка чегилип келгендиги аныкталган.”

Эми, бул табылгаларга биздин Чаткал өрөөнүндөгү  аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн эң ириси катары жогоруда аталган Бугулуу-Төрдөгү сүрөттөрдү  кошуп кетсек калыстык болоор.

Мен тарыхчы, археолог же, байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондукта, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин.

Менин кесибим жаратылышты коргоочу болгондуктан, эми ошол өңүттөн ой толгоюн. Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы-деймин да.  Себеби, илим менен техника өнүгө элек ошол жашоосу катаал жана татаал замандарда адам баласы көбүнчө мергенчилик менен тирилик өтөгөнүн карт тарыхтан билебиз. Далай ачарчылыкта эти ач өлүмдөн, териси жаан-чачындан, сууктан сактаган кайберенди бабалар ыйык тутуп келишкен. Керек болсо аларга сыйынышып, өздөрүнө зарыл болгон учурда же, муктаждыкка жараша пайдаланышкан.

Жаратылышка ашыкча зыян келтирүүдөн сактанышып, бөөдө убалдан коркушкан. Азыркы замандагыдай курсак ток болуп турса да үйүн, офисин же, кафе, ресторанын кооздош үчүн мүйүздүү баштарын, терилерин, катырылган кебин мактануу үчүн кырып, жоюшкан эмес. Алар өлбөстүн оокаты үчүн аңуулоого чыгууга аргасыз болушкан. Ошол мезгилде кайберендер менен жанаша жашашып,  тоо арасында, аска таш аралап көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Болбосо, бийиктиги деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги Бугулуу-Төрдө таштарга сүрөт чегип аларга не күч келди дейсиң. Алар кайберендерди бир күндүк оокат үчүн кырып-жойбой,  келечек урпактары үчүн көбөйүшүнө кызыкдар болушкан. Аша чапканды табият атактуу  Кожожаш мергенди жазалагандай жазалаарын кийинки урпактарга эскертишкен.  Ошол түшүнүктөн, ошол өңүттөн тирлик улантышкан. Бизге да ошондой керээз-мурас калтырышкан. Өзү олтурган бутакты кыйган кемакылдай болбой, өзүбүз жашаган чөйрөнү сактай билели жана  кийинки муундарга мураска калтыралы.

 

Таласбаев Рыскулбек Көчөрбаевич, Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы