Архив рубрики: Коом

Кызыл-Токой айылында муктаждарга жана майыптарга зекет таратылды

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы Атабаевич зекет чогултуу иш чарасын уюштуруп, колунда бар жергиликтүү тургундардан 24 кой 30 миң сом акча чогултуп, 5 жетим-жесир, 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана ошондой эле майыпттарга таратып бергендигин / райхатиб Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Бул тууралуу Muftiyat.kg  сайты кабарлады.

IMG-20180107-WA0166

Эске салсак, Раталы Бүркүтбаев 2015-жылы 12 кой-эчки, 2016-жылы 43 кой-эчки жана 15 миң сом берсе, 2017-жылы 24 кой чогултуп, муктаждарга таркаткан.   Ал эми облустук казыят мындай  кайрымдуулук иштерин активдүү уюштуруп, аз камсыздарга жардам берип жаткандыгы үчүн Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имам хатиби Бүркүтбаев Раталыга  ыраазычылык  баракчасын тапшырган.

Бул тууралуу аталган сайтка Жалал-Абад казыятынын маалымат катчысы А.Хаджибеков билдирген

Кургак учук менен ооругандарга жардам берилүүдө

Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында алгылыктуу тарабынан иш алып барылууда. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин бул оору менен ооруган  7 жаранга айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен дарылануу үчүн  38500 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Андан сырткары, зарыл учурларда кургак учук менен ооруган жарандардын анализдерин лабораториядан өткөрүү үчүн да керектүү акча каражаты бөлүнүп берилип турат

М. Эшназаров

Жакырчылыктын деңгээли төмөндөөдө

2016—жылдын  1-январына   карата  калктын  жакырчылык  деңгээли 41,2 пайызды түзсө, 2017-жылдын III-кварталына  карата  жакырчылык деңгээли 39,9, пайызды  түзүп, жакырчылыктын деңгээли 2,2,пайызга  азайды.

 

Жардамга муктаж  көптөгөн тургундар Каныш-Кыя айыл аймагына кайрылышып, тиешелүү жардамдарды алып келишет.

Тактай кетсек, Каныш-Кыя айыл  аймагынын башчысына өткөн 9 ай аралыгында жардам сурап 85 тургун кайрылган.  Кайрылуулар айыл аймагынын адистери тарабынан анализденип, жардамга муктаж атуулдарга Каныш-Кыя айыл аймагынын  резервдик фондусунан  681500 сом жардам берилди.

Кошумчалай кетчү нерсе, Каныш-Кыя айыл аймагындагы колдоого муктаж 26 үй бүлө мекеме, ишканалардын жетекчилеринин камкордугуна бөлүнүп берилген. Өтүп бараткан жыл ичинде аталган үй бүлөлөргө мекеме, ишканалардын жетекчилери тарабынан 37000 сомдук жардамдар берилген.

М. Эшназаров

Төрт түлүк эмдөөдөн өткөрүлдү

Өтүп бараткан жыл ичинде Каныш-Кыя айыл аймагында шарп ылаңына каршы 2840 баш, кара сан ылаңына каршы 1862 баш, ал эми ичеги жана боор курт ылаңдарына каршы 2386 баш кара мал дарылоодон өткөрүлдү. Ал эми, 7864 баш кой-эчки чечек ылаңына каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.IMG_6281

Мындан сырткары, 814 баш ит кутурма жана эхинококкоз дартына каршы эмделип, эмдөөдөн өткөн иттерге паспорттор берилди жана 112 баш жолбун ит атылып, жок кылынды.

М. Эшназаров

Чаткалда 100 гектар төө бурчак эгилди

тоо бурчак талаасы 5Быйыл Талас облусунан келген “Бактал” айыл чарба кооперативи Башкы-Терек айылындагы “Жүз он” участкасына 100 гектарга  төө бурчак эгип, учурда тегиз чыккан маалы. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Башкармалыктын кызматкерлеринин билдиришинче, төө бурчактын түшүмү ойдогудай алынса, келерки жылдардан тарта Чаткалда төө бурчак эгүү жайылтылмакчы.

Б. Дилдебаев

Жол кырсыктары былтыркыдан аз катталды

Районубузда өткөн 6 ай аралыгында 2 ирет жол кырсыгы катталып, өткөн 2016-жылдын 1-жарым жылдыгына караганда бирөөгө  аз болду.  Былтыркы жылдын 1-жарым жылдыгында 3 жол кырсыгы катталган эле. Бул тууралуу Чаткал РИИБнин патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты Сагынбек Абдиев билдирди. Анын билдиришинче, милициянын патрулдук бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин тынымсыз аракеттеринин, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактоону эскертүүлөрүнүн жана ар кандай мызамдан тыш аракеттерге өз убагында чара көрүүнүн натыйжасында жол кырсыктары азаюуда.

М. Эшназаров

Айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга чектөө киргизилди

Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, калыбына келтирүү, сактоо жана көбөйтүү максатында «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» жана «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» КР мыйзамдарына, «КР Өкмөтү жөнүндө» КР. Конституциялык мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык, 2017-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 1-июлуна чейин аркар, кулжа, тоо эчки, каман жана уларга аңчылык кылууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы кезде Чаткал токой чарбасына аталган токтомдун негизинде иш алып баруу башталды.

М. Эшназаров

Тоютту сактоодо өрткө жол бербейли

Урматтуу жердештер, учурда төрт түлүк мал үчүн тоют камдоодо, өрт коопсуздук эрежелерине токтолуп кетмекчибиз.

Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоюттарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз.

Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек.

Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат.

Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз.

Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

 

А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант

Айгыр-Жалда футбол оюну жанданууда

Районубуздун Айгыр-Жал айылындагы былтыр курулуп, жаңыдан ишке берилген стадиондо жаштар  арасында футбол  оюну боюнча мелдеш өтүүдө.

IMG-20170619-WA0001 IMG-20170619-WA0009 IMG-20170619-WA0001 IMG-20170619-WA0008 IMG-20170619-WA0003Өз ичине 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштардан турган  он  чакты команданы камтыган мелдештин байге фонду катышуучулар тарабынан топтолгон каражаттан түзүлүп,  жеңүүчүлөргө акчалай байгелер ыйгарылат.

-Футбол боюнча мелдештер былтыр башталган. Бүгүнкү күндө да, футболдук мелдештер кызуу жүрүүдө.  Бул жуманын башында 1992-жылы төрөлгөн жаштар мелдешти уюштурушуп, 1995-жылы төрөлгөн жаштарга кезекти салтанаттуу түрдө өткөрүп беришти. Эми, алар бир күндү белгилешип,  өткөрүп беришет. Мелдештер кеч күзгө чейин уланат — дейт мелдештин катышуучусу  Нурсултан  Наралы уулу.

М. Эшназаров

Сурьма казгандар өз коопсуздуктары үчүн күйүшсө дейм…

Ооба  десеңизчи,  “ Көр  тириликтин айынан  Тиленбай  сартка  үч  тийдим” –деп  күйгөнүнөн бирөө айтса  керек. Анын  сынары   көр  тириликтин  көйгөйү  пендени  оттон  алып  сууга, суудан  алып  отко салып дегендей өз элегинде каалагандай өкчөйт тура.  Ыраматылык  союз  мезгилинде   баары  жумуш   менен  камсыз  болуп турган үчүнбү, телегейи  тегиз  көрүнчү. Союз  таркаганы ыдырап баары өз алдынча болгон өлкөлөр “баштагынын бири жок, каран калган дүйнө бок” болуп алапайын таппай калышпадыбы. Баардык  жерде  жумушсуздук    башкы  көйгөйгө  айланды.  Дал ушул  жумушсуздуктун  айынан    далай  мекендештерибиз    дүйнө  кезип  жүрүшөт.  Караламан  жумушчуну мындай кой,   жогорку  билимдүү   адистер  маянанын  аздыгынан   кызматтарын  таштап   чет  жакта  көчө  шыпырып, пол жууп, айтор үй-бүлөсүн бакканга киришти.   Анан  кантмек, жашоо  үчүн  күрөшү  керек.  Алар  ак  эмгек  менен  акча  таап  үй-бүлө  багууда.   Ошол  эле  мезгилде   чет  өлкөгө    кете албагандар  же  ал  жактан  кара  тизмеге  киргендер  аргасыз болуп калышты. Алла таалам ар  бир  пендеге ар кандай өлчөмдө ырыскы бөлүп, анысын ар кай жерге чачып койгон тура.   Кенебеген  кен  пейил    элибизди кейишке салбай,  кен  байлыкты  мол  бериптир.  Союз ыдыраган 90-жылдары    көпчүлүк  аймактын  алапайын  таппай  калган тургундары алтын  казып  күн  кечиришти.  Азыр  да  бул  багытта   алектенгендер  арбын.  Бирок  алтындын  кол  күчү  менен   казып  алуучу  запастары  улам азайып, сонку  мезгилде  кыйынчылык  жаратып  жаткандыгы  маалым.  Бул   Ала-Бука-Чаткал жергесине  да  мүнөздүү  көрүнүш  эмеспи.

Дал  ушундай  шартта  Терек-Сайдагы   таштанды  шахтыларга  кирип  сурьма  казуу “өнөктүгү”   башталды.  Эбак  урандыга айланган    бул  шахтыларда   иштөө үчүн эч кандай  шарттары  жок. Бирок  “буюкканга  жылдыз  ай  болуп көрүнгөдөй” тиричиликтен  кыйналгандарга  бул  да  тоскоол  боло  албады.   Түндөп-күндөп  сурьма  казып   сатышып,   жашоо үчүн  күрөш  уланды.   Урандылардын  арасын тытып , анча-мынча  калган  сурьма калдыктарын  таап талкалап,   ондогон чакырым  аралыкка  оор жүктү аркалап  келип     сатышат.

Оолда шору арыбаган  шордуу  эл!

Эч  кандай  коопсуздук  чаралары   көрүлбөгөн   шахтыларда   азап  менен  акча  таап, кайран суйкайган жандар сурьманын газына уугуп, ден соолугунан ажырап, жамандыктын бетин ары кылсын айрым учурда күтүлбөнөн кырсыктар болуп, кулаган таштын алдында калып каза болгондору да жок эмес. Бирок  жумушсуздук   кендирин  кескен   элди   бул  коркунучтар  токтото  албай, кайра эле сурьмага азгырып келүүдө.

Болуп  жаткан  кырсыктарды  алдын  алуу  максатында   жергиликтүү  бийлик      тарабынан    далай  жолу  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп, ондогон    протоколдор  түзүлсө да сурьма казгандардын аягы тыйылаар эмес.  Албетте,  жашоо   үчүн  күрөшкөн сурьмачыларды деле түшүнүү керек. Бирок, бир гана өкүнүчтүү жагдай алардын ден соолугу, келечеги, анан өмүрү. Дегеним, дарыгерлердин атымында эч кандай коопсуздук чаралары көрүлбөй туруп, таш талкалап сурьма казуудан өпкөнүн силикос дартына кабылуу коркунучу бар. Мындан сырткары кен чыккан жерде уран болорун эске алсак, анда ден соолук үчүн чоң коркунуч турганын унутпайлы. Ошондуктан сурьма казгандар абайлашса.

 Т.Темиралиев