Архив рубрики: Кабар

Тоют коопсуздугун камсыздоо максатында

Быйыл Чаткал айыл аймагына АРИС программасынын колдоосу менен 2 даана МТЗ-82 трактору, 2 даана чөп таңгактоочу, 2 даана соко жана 2 даана чөп чапкыч алынып берилмекчи. Бул тууралуу АРИС программасынын райондогу өкүлү Майсалбек Молдалиев билдирди.

Ал эми, Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков билдиргендей, айыл аймакта айыл чарба техникаларынын санын көбөйтүү менен бирге эле, тоют даярдоо аянттарын да кеңейтип, айыл аймак калкынын төрт түлүк малынын тоют жетишсиздигин жоюу максатында тоют сактоочу чоң көлөмдөгү кампаларды куруп, 6-7 миң даанага чейинки ар кандай тоют чөп таңгактарын сактоо максат кылынууда. –Бул максаттарыбызды ишке ашырууга жыл аракеттенип, алга жылып келатабыз. Жакынкы 1-2 жыл аралыгында ишке ашырабыз деп турабыз-дейт Б. Исабеков.

М.Эшназаров

Быйыл жылдагыдан көп мал дарылоодон өткөрүлөт

Район калкынын колундагы төрт түлүк мал быйыл жылдагыга караганда көп ооруларга каршы эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев билдирди. Анын билдиришинче, райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборуна шарп, чечек, чума, кутурма жана эхинококкоз ооруларына каршы дарылар алынып келинди. Буга кошо эле, малдарды дарылоо учурунда буга чейин ар кандай себептер менен бирка басылбай калган кара малдарга да биркалар басылып, каттоого алынат.

М. Эшназаров

Жаңы бактериологиялык лаборатория ишке кирди

1-февралдан тарта Каныш-Кыя айылындагы жаңыдан курулган бактериологиялык лаборатория иштеп баштады. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова маалымдады. Анын айтымында, мында өтө оор ичеги карын (рак) ооруларынан башка бардык оорулардын жана ичүүчү таза суулардын анализдерин чыгарууга болот.

 

-Буга чейин район тургундары анализдерин чыгаруу үчүн Жалал-Абад, Ош, же Бишкек шаарларына барууга аргасыз болушчу. Мындан ары, анализдерди биздин жаңы лабораториядан чыгарууга  болот. Мындан сырткары, район аймагында иштеген кен казган фирмаларда иштеген жарандарыбыз да ден соолугунун тазалыгын биздин лабораториядан текшертип, бул тууралуу тактама кагазын алышса болот, бул боюнча кен казган фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү максат кылуудабыз.-дейт Г. Акылбекова

 

М. Эшназаров

«Коомдук үрөн фонду» түзүлдү

Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын мындан ары ар кандай үрөндөр менен камсыздоо максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” алдында “Коомдук үрөн фонду” түзүлдү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди. Бул фонд мындан ары, жогоруда белгилегендей, ар кандай дан жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн көбөйтүп, керектөөчүлөргө таркатуу менен алектенет.

IMG_20190212_111418

Эскерте кетсек, район тургундары бүгүнкү күнгө чейин керектүү үрөндөрдү Ош, Чүй облустарынан ташып келип, айрым учурларда үрөндөрдүн сапаты начар чыгып калып, чыгашага учураган мезгилдер болгон. Эми, жаңыдан түзүлгөн “Коомдук үрөн фонду” мындан ары талаптагыдай иштеп турса, район калкы үрөн маселесинде кыйынчылык тартпай калаары шексиз.

 

М.Эшназаров

Кара малды каттоого алуу тартипке салынат

Район тургундары сатылган кара малдарын базадан чыгаруу, жана ошондой эле, сырт жактан сатып алган малдарын базага киргиздирүү тартибин колго албай жаткандыктан, райондо кара малдарды так эсепке алууда башаламандыкка жол берилүүдө.  Бул тууралуу Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев элдик жыйын учурунда билдирди.

IMG_20190212_155418

Ал кошумча билдиргендей, район тургундары жогорудагыдай тартипти кармануу менен бирге, райондон сырткаркы базарларга чыгарчу малдарга да тиешелүү кагаз алуулары тийиш. Эгерде, сатылчу малга тиешелүү кагазы жок болсо, ал малдарды ташыган айдоочуларга жаңыдан кабыл алынган “Бузуулар кодексине” ылайык, акчалай жазага кириптер кылынмакчы.

Коргон-Сай көпүрөсү кеңейтилет

Коргон-Сай айылынын тушундагы Чаткал дарыясына курулган мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрө быйыл кеңейтилет. Бул тууралуу Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев билдирди.

коргон-сай көпүрөсүнүн ачылышы 2

Анын билдиришинче, көпүрөнү кеңейтүү иши район аймагындагы кен казган фирма тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Тактай кетсек, аталган көпүрөнү кеңейтүү коргон-сайлыктардын көптөн берки суроо-талаптарынын бири болуп келген.

Быйыл К. Акназаров орто мектебинин жаңы имараты ишке берилет

Быйыл Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров орто мектеби толук ишке берилет. Бул тууралуу район акими Канжарбек Эшалиев Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында маалымдады.

IMG_20190212_102505

Анын маалымдашынча, аталган мектепти толук бүткөрүүгө республикалык бюджеттен тогуз млн. сом акча каражаты бөлүндү.  Ал мектепти бүткөрүүдө республиканы эле карап олтурбастан, район тарабынан да тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

М. Эшназаров

Район мектептери интернет байланышы менен камсыздалат

Быйыл районубуздун бардык мектептери кабелдик интернет байланышы менен камсыз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу райБББ башчысы Тажибай Тынышов элдик жыйында билдирди. Анын маалымадашынча,  интернет байланышын камсыздоо жумушу “Кыргызтелеком” ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.

Зым карагайларды оңдоого 2 млн. сом бөлүнүүдө

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын айрым жаңы конуштардагы зым карагайлары оңдолуп, калыбына келтирилет. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.  Анын билдиришинче, айыл аймагы тарабынан аталган иштерге 2 млн. сом акча каражаты бөлүнүүдө.

Жер көчкүсүнүн алдын алуу максатында

Район акими Канжарбек Эшалиев Айгыр-Жал айылынын Карасуу участкасындагы мазардын жыл сайын аздап сүрүлүп, көчүп жаткан тарабын токтотуу үчүн, ал жерге Чаткал токой чарбасынан терек көчөттөрүн алып тигүү сунушун айтты жана буга кошумча, аталган жумушту аткарган жумушчулардын эмгек акысын БУУнун “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы” аркылуу азык-түлүк катары бердирүү жагына жардам берээрин билдирди. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылындагы элдик жыйында аталган мазардын алды жагы көчүп, чоң жер көчкүгө айланып кетсе, айыл тургундарына чоң коркунуч жаралаары сөз болгон эле.