Архив рубрики: Жергиликтүү кабарлар

«Кичи чаарат » компаниясы ифтар откорду

2018- жылдын 8-июнь куну «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коому тарабынан «ооз ачты» сый тамак уюштурулуп, Чаткал районунун бардык айылдарынан айыл аксакалдары конокко чакырылды. Андан сырткары Район жетекчилери да чакырылып, конок болуп кетишти. Алгач компаниянын генералдык директорунун орун басары Ван Ин айым соз суйлоп, айыл аксакалдарын, район жетекчилерин жана жалпы жумушчуларды ыйык рамазан айы менен куттуктоо менен бирге компанияда жургузулуп жаткан иштер боюнча маалымат берип отту.

221IMG_0219IMG_0248

«Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 6-июндагы Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапарында 2 олконун достук мамилесин чындоо учун жана эки олконун осуп онугуусуно тарыхта кала тургандай бир чон долбоорду ишке ашырып келди. Эки мамлекет учун бул долбоор чон ийгилик алып келет. Кыргыз Республикасы «Алтын Жибек Жолу» мамлекеттик долбооруна биричилерден болуп кирген. Ошону менен бирге эле «Куру-Тегерек» кен казуу жери да бул долбоорго кирген. Чаткал районунун жетекчилери жана элдин колдоосу менен бизде байытуучу фабрика курулуп бутуп олтурат. Бул фабриканын калдык сактоочу жайы да курулуп бутуп, мамлекеттик экпертизанын кароосунан отту. Эми калдык сактоочу жайга геомембрананы тошоодо райондун жетекчилери жана тиэшелуу эл окулдорунон комиссия тузулду. Бул тузулгон комиссия геомембрананы тошоп жаткан учурда жана башка учурда да козомол кылып турууга болот.
2014-жылдан бери бул компанияда жергиликтуу элден 400 жумушчу жумуш менен камсыз болуп келуудо. 2012-жылдан бери бугунку кунго чейин жалпы жумушчулардын соцфондго тогулгон налогу 99210000 сомду, ал эми подоходук налогу 601360000 сомду тузду. 2012-жылдан бери чаткал районуна жакындан жардам берип келе жатабыз. Айта кетсек райондогу жолдорду ондоого, студенттерди окутууда, айылдардагы курулуш иштерине, турмуш шарты оор оорукчан жарандарга, спорттук оюндарга, райондук ооруканага, билим беруу мекемелерине, маданият уйуно, Андан сырткары Чакмак-Суу айылына 150 орундуу заманбап мектеп, Башкы-Терек айылына таза-суу курулду. Быйылкы жылы да райондук коомдук угуудагы тузулгон меморандумдун негизинде 15000000 сом акча каражатын которобуз.
Урматтуу районубуздун аксакалдары, жетекчилер жана жаштар сиздерден суранып кетет элем «Куру-Тегерек» кенинин онуп осуусу учун сиздердин колдоонуздар керек. «Кичи-Чаарат» компаниясы Чаткал районунун компаниясы. Компаниянын осуп онугуусундо сиздердин мыйзам чегинде жардамыныздарга муктажбыз. Келечекте копту умуттондургон бул компанияда райондун жаштары бир кесиптин ээси болуп чыгат деген умуттомун. Компания онуксо район онугот деген ойдомун. Кыргыз республикасынын осуп онугуусуно барыбыз биргеликте салымыбызды кошойлу. Конул бурганыныздар учун чон рахмат »

Андан кийин компанияда болуп жаткан жумуштар жана районго берилген жардамдар тууралуу слайт шоу корсотулду.
Андан сон куттуктоо учун соз Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акимдин биринчи орун басары Накетаев Жуманалы Алтымышовичке берилип, ал да келген конокторду жана жумушчуларды ыйык рамазан айында орозо туткандардын орозосу кабыл болушун каалап, жыл сайын рамазан айында ооз ачты откоруп келе жаткан компаниянын жетекчилерине терен ыраазычылык билдирип кетти. Андан сон президентибиз Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытай республикасына расмий иш сапары менен барганын баса белгилеп отту. Эки олко башчыларынын жолугушуусунда ар тараптуу стратегиялык оноктоштукту орнотуу жонундо Биргелешкен декларацияга жана экономикалык, медициналык, туризм жана социалдык багыттагы 10 документке кол коюлгандыгын. Кытай Республикасынын президенти Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргыз олкосу менен оз ара мамилелерди терендетууго Кытай Республикасы кызыкдар экенин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Республикасынын башчысы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу учун ыраазычылык билдирип аны менен алгачкы жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.
Ошону менен бирге Жуманалы Алтымышович «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунда кыргыз-кытай жумушчулары оз ара ынтымакта иштешишине тилектеш экенин белгилеп кетти.

Андан сон район жетекчилери жана келген коноктор куттуктоо соз суйлошуп, жыл сайын рамазан айында сый тамакка чакырып турган «Кичи-Чаарат» компаниясынын жетекчилерине ыраазычылык билдиришип отушту.

Келген коноктор компаниянын офиси жана жумушчулардын жатаканалары менен жакындан таанышып чыгышты.
Ооз ачтыга келген аксакалдар, жетекчилер жана жумушчулар куптан намазын жана тараба намаздарын окушту. Чаткал райондук имамы тарабынан куран окулуп, Нармырзаев Эргешбай ава бата берди. Аягында келген конокторго компания тарабынан даярдалган чакан белектер берилди.

Айыл чарба кызматкерлерин кесиптик бирликке биригүүгө чакырык ташталды

Кечээ,  раймамадминистрацияда КР. агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жетекчилиги келип, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушууда республикалык кесиптик бирликтин өкүлдөрү өз уюмунун артыкчылыктуу багыттарын түшүндүрүшүп, кызматташууу сунушунайылпрофс 1 айылпрофс 2айылпрофс 3айылпрофс 4
Район акими Канжарбек Эшалиев айыл чарба кесиптик бирлиги кызматкерлердин укуктарын коргоо жана айрым талаптарын аткаруу багытында артыкчылыктуу багыттары бар экендигин кошумчалап, кызматташууну тандоо кызматкерлердин өзүндө экенин айтты.
Өкүлдөр чаткалдык айыл чарба кызматкерлерин кесиптик бирликке биригүүгө чакырышты.

М.Эшназаров

Коргон-Сай айылында «Мен айылымды даңктаймын» маданий иш чарасы болду

4-июнда раймамадминистрациянын буйругуна ылайык, Коргон-Сай айылында «Мен айылымды даңктаймын» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Кароо-сынакта айыл калкы күү, ыр, бийлерди, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн уюштурушуп, айылдын социалдык-экономикалык жана маданий жетишкендиктерин көргөзүштү.

к-сай сынак 1 к-сай сынак 2 к-сай сынак 3 к-сай сынак 5 к-сай сынак 6 к-сай сынак 7 к-сай сынак 8 к-сай сынак 9 к-сай сынак 10 к-сай сынак 11 к-сай сынак 12

Мындай сынак буга чейин Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарында өткөн.

Сынак жыл соңуна чейин улантылып, жыл аягында жыйынтыгы чыгарылып, сынакка катышкан 12 айылдын жеңүүчүлөрү аныкталмакчы.

Эскерте кетсек, аталган иш чара КР.Президентинин жыл башында жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында өткөрүлүүдө.

М.Эшназаров

Балдар майрамында «Балдар сүрөтү» сынагы болду

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Каныш-Кыя айыл аймагы жана Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте   «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген сүрөттөрү менен катышты. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары ыйгарылды.

1-июнь к-кыя4 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 1

Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. «ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошев, айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров

Балдар майрамында «Сүрөт тартуу» сынагы болду

Каныш-Кыя айыл аймагы, Чаткал райондук өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү.

1-июнь к-кыя 1 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя4

«ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров

«Жылдызча» балдар бакчасындагы майрамда

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Шакафтардагы «Жылдызча» бала бакчасында  бакчанын улуу тайпаларынын тарбиялануучулары катышкан «Кош бол бакчам» аттуу майрамдык иш чара өттүүдө.
Иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев, райБББ башчысы Тажибай Тынышов, райондук соцфонд башчысы Адилбек Эшикуловдор катышты.

жылдызча 1 жылдызча 2 жылдызча 3 жылдызча 4 жылдызча 5 жылдызча 6
Бакчанын тарбиялануучуларына райондук жетекчилик тарабынан майрамдык белек катары балмуздактар берилди.
Бакчада азыркы кезде жүз наристе тарбияланууда.

М.Эшназаров

Мектептерге жана бала бакчаларга көчөттөр берилди

Быйыл Каны-Кыя айыл өкмөтү тарабынан айыл аймакка баш ийген мектеп жана бала бакчаларга жалпысы 53700 сомдук 1345 даана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү берилди.ишембилик 5 ишембилик 6 ишембилик 7 Буга кошо эле 51 даана карагайдын, 290 даана мырза теректин жана 96 даана кайыңдын көчөттөрү берилип, бул көчөттөрдүн жалпы суммасы 56300 сомду түздү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

М.Эшназаров

«Кыз-Булак» эс алуу жайы оңдолууда

Чаткал өрөөнүнүн кире беришиндеги «Кыз-Булак» жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы жеке ишкер Мухамедалы Батырбеков тарабынан оңдолуп-түзөлүп жана кеңейтилип, жалпы коомчулук үчүн кошумча тамактанып, эс алуучу жайга айландырылууда.
Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата аталган жайды өнүктүрүү үчүн Чаткал айыл аймагы тарабынан жеке ишкер Мухамедалы Батырбековго бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.кызбулак 1 кызбулак 2 кызбулак
Ал эми, жеке ишкер Мухамедалы Батырбековдун билдиришинче, бул эс алуучу жайга азырынча бир боз үй жана эки сөөрү орнотулууда. Эс алуучу жай толук ишке кирген соң, бир учурда жүздөн ашуун эс алуучуну тейлемекчи. -Бул жерге көбүнчө жаштар үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, жаратылыш койнунда эс алганы келишет. Эс алуучу жай ишке кирсе, алардын да ойдогудай эс алуусуна шарт түзүлөт- дейт жеке ишкер.
«Кыз-Булак» эс алуу жайы май айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.
Жеке ишкер мындан сырткары Жаңы-Базар айылындагы жеке менчик «Нурсауле» ресторанын ачып, 5 жылдан бери калктын маданий эс алуусун камсыздап келүүдө.

М. Эшназаров

Бүгүн, Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында 9-Май-Улуу Жеңиш майрамына карата «Өчпөс полк» жүрүшү болду. Жүрүшкө Улуу Жеңиш майрамына карата ураандар айтылып, желектер көтөрүлүп, жалпы жүз элүүдөн ашуун жаран катышты.
Андан соң, Улуу Жеңишке арналган эстелик-мемориалга гүлчамбар коюлуп, маркум ардагерлердин арбагына куран окулду.
Салтанаттуу Гимн ойнолгон соң, район акими баш болгон райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрдү айтышып, ооруктун ардагерлерине жана согуштун ардагерлеринин жесирлерине белектер тапшырылды.

9-май к-кыя 1 9-май к-кыя 2 9-май к-кыя 3 9-май к-кыя 4 9-май к-кыя 5 9-май к-кыя 6 9-май к-кыя 7 9-май к-кыя 8 9-май к-кыя 9 9-май к-кыя 10 9-май к-кыя 11 9-май к-кыя 12 9-май к-кыя 13 9-май к-кыя 9-май к-кыя14
Салтанаттан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланып, спорттук оюндар болду.
Азыркы кезде райондо эки ооруктун ардагери жана согуш ардагерлеринин он бир жесири бар.
Майрам алдынан оорук ардагерлерине жана ардагерлердин жесирлерине райондук жетекчилик жана мекемелер тарабынан белектер тапшырылды.

М. Эшназаров

Калкты керектүү үрөн менен камсыздоо максатында

Чаткал айыл аймагында жыл өткөн сайын буудай аянттарын кеңейтүү колго алынууда. Буга дыйканчылыкка жарамдуу,  суулуу жерлердин көбөйүшү себеп болууда. Мисалы, былтыр айыл аймак боюнча кырк гектар гана буудай себилсе, быйыл буудай аянты жалпы жетимиш гектарды түздү. Келерки жылы мындан да көбөйтүлмөкчү. -Быйыл айыл аймакка караштуу отуз гектар жерге буудай септик. Келерки жылдан буудай аянттарын дагы көбөйтүп, элди өзүбуз жогорку сорттогу керектүү үрөн менен камсыздоону максат кылуудабыз. Себеби, дыйкандарыбыз райондон сырткары алыс жактардан үрөн алдырышып, түшүм начар болгон жылдары аракеттери актабай калып, кыйынчылыкка туш болууда.-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков

М.Эшназаров