Архив рубрики: Долбоорлор

Каныш-Кыяга тигүү ишканасы ачылды

26-ноябрда Каныш-Кыя айылынын борборундагы почта имаратынын экинчи кабатында «Aiko-seiko » фирмасынын каржылык колдоосу менен «Жалал-Абад Униформа » тигүү ишканасы салтанаттуу түрдө ачылып, ишке берилди.
Ишканада он бир даана тигүү машинасы бар.
Ишканага он эки жумушсуз кыз-келиндер жумушка алынып, учурда эмгектенишүүдө.

швея 3 швея 2 швея 1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

М.Эшназаров

Маданият үйүнө жылытуу тутуму орнотулду

Жаңы-Базар айылындагы Т. Бектурганов атындагы айылдык маданият үйүнө Чаткал айыл аймагы тарабынан жылытуу тутуму орнотулуп, жылуулук берилди.IMG_20181101_144041 IMG_20181101_143850 IMG_20181101_143953 IMG_20181101_144011

Маданият үйү буга чейин, быйыл түрткү берүүчү гранттын эсебинен 894 миң 564 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эле.

М. Эшназаров

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда

Курулуш айылына жаңы спорттук зал курулууда. Курулуш иштери Кичи Чаарат фирмасы тарабынан каржыланып, 16 млн. сомго бааланган.

IMG_20181101_125643

— Спорттук зал келерки жылда бүткөрүлмөкчү. Быйыл дубалы тургузулуп, чатыры жабылуусу тийиш -деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Б. Исабеков

М. Эшназаров

«Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун » колдоосу менен

Чаткал айыл аймагында «Чаткал районунун өнүктүрүү фондуна » жазылган долбоорлор аркылуу бир топ жумуштар аткарылууда. Атай кетсек, Жаңы-Базар айылындагы  » Байчечекей » балдар бакчасы 1 млн. 74 миң 31 сомго оңдолууда.IMG_20181101_144654 IMG_20181101_144607

2 млн. 885 миң сом каражатка Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин жылытуу тутуму жаңыланды.IMG_20181101_141025

1 млн. 339 миң 348 сом каражатка Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасынын чатыры жаңыланууда. Ал эми, аталган бакчанын ичи айыл аймактын эсебинен оңдолууда.

IMG_20181101_113644

— Чындыгында, «Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун каражаттары айыл аймактагы бир топ жумуштарды бүткөрүүгө зор өбөлгө түздү. Бул жумуштардын ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн район акими Канжарбек Эшалиевге Чаткал айыл аймагынын тургундарынын атынан ыраазылык билдирем — дейт Бакытбек Исабеков

 

М. Эшназаров

Т.Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы айылдык маданият үйү түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Эскерте кетсек, аталган маданият үйү курулгандан бери айрым утурумдук оңдоолорду эсептебегенде, быйылкыдай оңдоп-түзөөдөн өтө элек.жаныбазар клуб 1 жаныбазар клуб 2 жаныбазар клуб 3 жаныбазар клуб 4 Бул иштерге жалпысынан 894600 сом каралып, мындан Чаткал айыл өкмөтүнүн эсебинен 230000 сом каралып, калган каражаттар түрткү берүүчү гранттан болууда. -Маданият үйү буга чейин отун, көмүр менен жылытылган. Быйыл электр буу казаны менен жылытууга өтмөкчү -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков

М.Эшназаров

Жаңы-Базар айылына жаңы бала бакча курулууда

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына кен казуу менен алектенген «Консалитед Аурум» фирмасынын демөөрчүлүгү менен 13 млн. сомго 75 орундуу бала бакча курулууда. жаныбазар садик 1 жаныбазар садик 2 жаныбазар садик 3 жаныбазар садик 5 жаныбазар садик Бакчанын курулушу былтыр башталган. -Быйыл октябрь айына карата ишке кириши күтүлүүдө-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков.
Айылда мындан башка дагы «Байчечекей» бала бакчасы бар. Аталган айылдын калкынын саны өсүп жаткандыктан, кошумча бала бакча ачуу зарылдыгы келип чыккан.

М.Эшназаров

«Чаарат Заав» ЖАКу менен Чаткал раймамадминистрациясынын ортосунда 2018-жылга «Кызматташтык меморандумуна» кол коюлду

 «Чаарат Заав» ЖАКу (Компания) Чаткал районундагы Чаарат кенинде он жылдан ашык убакыттан бери геологиялык чалгындоо иштерин  жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта аткарып келет. Район элинин муктаждыктарын эске алып, Компания жылына социалдык көйгөйлөрдү жоюуу максатында райадминистрация менен макулдашып соцпакеттин алкагында каражат бөлүп турат. 23-июлда үстүбүздөгү жылга карата кызматташтык келишимине кол коюлуп, анда социалдык маселелерге жана райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 14 400 000 сом каралды.  чаарат заав урал 1 чааратзаав урал чааратзаавурал 2

«Компания биздин аймактын алыстыгына жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу катаал шарттар менен жакындан тааныш болгондуктан дайыма өз жардамын үзбөй келет. Албетте, биз ортобузда орногон өнөктөштүк менен компаниянын социалдык жоопкерчилик принциптерин сакташын баалайбыз, — деп белгиледи Чаткал районунун акими Эшалиев Канжарбек, — Мына, 2018-жылга карата түзүлгөн меморандумдун алкагында дагы бир катар маанилүү иштер аткарылганы турат. Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарындагы жолдорго алфальт төшөлөт, Каныш-Кыя айылында көпүрө курулат. Башка дагы өзгөчө маанидеги социалдык объектилер ремонттолуп, Сумсар айыл өкмөтүнө  кызматтык автоунаа сатылып алынат».чаратзавурал чаратзаавуралл чаратзаавурал чааратзвурал чааратзаавурал 2 чааратзаав урал

Ошондой эле, социалдык пакеттин эсебинен  районго керектүү адистерди даярдоо максатында Чаткалдык студенттерди жогорку окуу жайларда окуусун каржылоо жана медициналык адистерди колдоо улантылат. Учурда тоо-кен жана медициналык багытта билим алган Компаниянын стипендиаттарынын саны 11 студентти түзөт. Жардамга муктаж жарандарга жана коомдук маанидеги иш-чараларга финансылык көмөк көрсөтүү колго алынган- жаштар жактырган спорттук иш-чаралар, наристелер үчүн майрам уюштуруу, ардагерлерге жана оорукчан жарандарга каражат бөлүп, ашууда жолду ачып тазалоо иштерин аткарып турат.

Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүгү, албетте, жумушчу орундарын түзүү жана жергиликтүү   адистерди адистерди жумушка алуу менен коштолгон. Учурда алардын жалпы саны 90 адам болсо, анын ичинен45 компаниянын өзүндө иштейт, калганы подрядчик ишканаларга жумушка алынган.   Белгилей кетчү нерсе, учурда чалгындоо алкагында гана жумуш орундар түзүлгөн, алар долбоордун кийинки баскычтарга өнүгүүсү менен дагы эселеп көбөймөкчү.

Андан тышкары, Компания  жергиликтүү ишканаларга колдоо кылып, кызматтарды жана товарларды сатып алат. Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү дагы кошумча жумуш орундарын түзөт эмеспи. Жыл башынан бери жергиликтүү ишканалар электр чубалгыларын долбоорлоо жана орнотуу иштерине, жеке ишкерлер жүк  ташуу жана кендин үлгүлөрүн лабораторияларга жеткирүү, керн сактоочу ящиктерди жасоого, эт азыктары менен камсыз кылууга тартылган. Жарым жыл ичинде бардык жергиликтүү сатып алуулардын суммасы 4 000 000 сомдун тегерегинде болгон.

«Биз үчүн Чаткал элинин жашоо шартындагы болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жана аймактын өнүгүшүнө түздөн-түз катыштыгыбыз бар экени абдан маанилүү. Баарыбыз жылдан жылга  райондогу инфраструктуранын жакшыруусуна күбөбүз —  жолдорго асфальт төшөлүп, көпүрө, спортзал курулду, мектеп жана ФАПтардын имараттары капиталдык ремонт болду. Бизди өзгөчө кубандырган нерсе, бул Компаниянын кечеги эле стипендиаттары бүгүнкү күндө Чаараттын эмгек жамаатынын курамында иштеп жатканы. «Чаарат» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусу, албетте, мындан ары дагы Чаткал районунун социалдык-эконмикалык өнүгүшүнө түрткү берип, мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана компаниянын ортосундагы узак мөөнөттөгү өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенебиз,- деп билдирди «Чаарат Заав» ЖАКунун генералдык директорунун орун басары Турат Усубалиев.

«Чаарат ЗААВ» компаниясынын пресс кызматы

Кулактандыруу!

АЙМАКТЫК КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУН АЧУУ

9-июлда “Аймактарды өнүктүрүү программасынын” алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында аймактык кеңеш берүү борборлорун ачты. Алдын ала конкурс жарыяланып жана белгиленген аймактарда бизнеске кеңеш берүү менен алектенген уюмдар тандалган болчу. Кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери окутулуп жана Фонддон сертификат алышты.

Жалал-Абад облусунун ишкерлери «Агролид» КУсы менен байланыша алышат: Жалал-Абад ш., Айбек Абдырахманов 0772177184, Coordinator-ja@agrolead.org

Ысык-Көл облусундагылар маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фондунан ала алышат: Каракол шаары, Жаныбеков Аскарбек, 0555418818, djaskar@mail.ru

Баткен облусунда маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фонду берет: Баткен шаары, Нуркулов Даниярбек, 0555290529

Аккредитацияланган кеңеш борборлордон ишкерлер Фонддун кызматтары жана насыялык продуктулары тууралуу маалымат ала алышат. Кеңеш берүү борборлору ишкерлерге Фонд аркылуу түз дагы, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу каржылоо алган учурда бизнес-пландарды даярдоого, долбоордун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгууга, рынокту изилдөөгө жана башка коштогон кызматтарда көмөк көрсөтүшмөкчү.

2015-жылдын сентябрь айынан тарта  Кыргызстанда Фонд тарабынан жалпы суммасы  278.5 миллион долларды түзгөн чакан, ири жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча 1282 долбоор каржыланган.

МЫКТЫ БИЗНЕС-ДОЛБООРГО ЖАРЫЯЛАНГАН КОНКУРС

“Аймактарды өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын аймактарындагы мыкты бизнес долбоорлорду тандоого конкурс жарыялайт. Бизнес-долбоордун минималдуу суммасы 300 миң АКШ доллары болууга тийиш.

Конкурска туруктуу финансылык абалга ээ болгон жана КРдин аймагында рентабелдүү ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан коммерциялык уюмдар катыша алышат. Старт-ап долбоорлор ошондой эле инвестициялык долбоор менен байланышта болбогон иштеп жаткан бизнеси бар болгон шартта катыша алышат.

Тандалган бизнес-долбоорлор үчүн насыянын негизги суммасын төлөө боюнча 24 айга узартуу берилиши мүмкүн. Интенсивдүү бак өстүрүү чарбасы тармагында – 36 айга чейин берилет.

Насыя алуучунун өздүк салымы долбоордун баасынын 20%ынан кем болбошу керек. Долбоордун суммасынан 10%га чейинкиси долбоорду ишке ашырууга салынган активдер түрүндө берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда өздүк салымы катышуучу тарабынан  Фонд каржылоону бергенге чейин толук көлөмдө же Фонд тарабынан ар бир траншты бергенге чейин транштын 20%нан кем эмес өлчөмүндө  төлөнөт.

Инвестициялык максаттарга пайыздык коюмдар төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:

АКШ доллары менен 4% жылдык;

Сом менен 8% жылдык.

Улуттук валютадагы насыя каражаттары Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн гана товарларды жана кызматтарды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.

Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруунун баскычтарында техникалык жардамды гранттык негизде берүүгө болот.

Мыкты деп таанылган долбоорлорго насыя боюнча төлөнгөн пайыздардын жарымы кайтарылып берилет.

Аймактардагы долбоорлордун саны жана артыкчылыктуу тармактар менен инфографиканын картасынан таанышууга болот. Конкурстун жоболору:http://www.rkdf.org/ru/kreditovanie/konkursy_proektov/regiony_tochki_rosta

Билдирмени сайтка 2018-жылдын  31-декабрына чейин берүү зарыл.

РКӨФ КАПИТАЛГА КИРҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШ-КОМПАНИЯЛАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Конкурска катышуу үчүн 0,5 млн. 6 млн. АКШ долларына чейинки бизнес-долбоору бар, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, машина куруу, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы тармагында,  IT секторунда иштеген компаниялар чакырылат.

Артыкчылыкка экспортко жана импортту алмаштырууга  багытталган аймактык өндүрүштүк ишканалар ээ болушат.

Фонддун ишканага катышуу мөөнөтү – жети жылга чейин, долбоордун суммасы демилгечинин жана\же кош инвестордун өздүк взносуна жалпы баанын 25%дан кем эмес өлчөмүндө киргизилет.

РКӨФтөн берилген каржылоо жабдууларды, жаңылоо үчүн техника сатып алууга жана иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө же жаңысын түзүүгө, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга багытталмакчы.

Толук маалыматты Фонддун сайтынан алууга болот.

Конкурса билдирмени 2018-жылдын  01-октябрына чейин Фонддун сайтына берүү керек.

Регионы точки роста kg-08 Регионы точки роста kg-09 Регионы точки роста kg-10Вхождение в капитал kg-04

Компания жаңы жумушчуларын окутууда

Өтүп бараткан жылдын 22-июнунан баштап “Кичи Чаарат” компаниясындагыфабриканын жаңы жумушчуларын даярдоо классы ачылды. Компаниянын планы боюнча жаңы жумушчуларды даярдоо мөөнөтү3 ай болот.

22-июнь күнү күндүзгү саат 10:00дө сабак өтүү залында 1-нөөмөттүн 75 жумушчусуна сабак башталды. Сабактын башталуу аземине компаниянын администраторунун орун басары Дуан Хайжун, компаниянын башкы инженери Ажыгулов Таалай, компаниянын менеджери Кубаныч Орозбаев катышып,жаңы жумушчулардын фабрикага келүүсү салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

кичи чаарат окуу 3 кичи чаарат окуу 1 кичи чаарат окуу 2Башкы инженер өз сөзүндөКичи-Чаараткомпаниясы бул-азыркы заманбап компания экендигин, Куру-Тегерек аймагындагы курулган курулмалар алдыңкы заманбап курулмалар экендигин айтып-Ошондуктан сиздер бул компанияга кирип иштегениңиздерге сыймыктанып, ошону менен бирге, жаңы жумушчулар азыркы окуу мүмкүнчүлүктөрүн бекем кармоо менен көңүл коюптырышып үйрөнүүсү жана келечекте фабрикага киргенде теориялык жагын жатка билүүсү тийиш- деди.

Даярдоо курсуна башкы инженер, котормочу, юрист, копсуздукту башкаруу бөлүмүнүн мүчөсү, администрациянын мүчөсү негизги сабак берүүчүлөрдөн болуп, жумушчулар күндөлүк норма, коопсуздук жагын, кытай тилин, фабриканын ичиндеги кесипкөй орус тилин, фабриканын техникалык жактарын,ошону менен бирге компаниядагы мамлекеттик экотехинспекциясынан тиешелүү кесиптик адистеринин компанияга келип сабак өтүүсүн суранышкандыгын билдирди.

Компаниядагы бул жаңы жумушчуларга жакшы шарттагы жатаканаларын даярдап берилип, ар бир кишиге жылуу жумшак төшөк-жууркан, даамдуу тамак-аш менен камсыз болушуп, ошону менен бирге жумушчулардын үй бүлөсүнүн шарттары эске алынып, жаңы жумушчулардын окуу мезгилинде ар бир кишиге 10000 сомдон стипендия төлөнүп берилет.

Б. Молдобеков, компаниянын өкүлү

Эки компания менен кызматташууга кол коюлду

«Кичи Чаарат » кен өндүрүүчү компаниясы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда 15 млн. сомдук, ал эми «Вертекс Голд Компани» кен өндүрүүчү компаниясы жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда 10 млн. сомдук кызматташууга кол коюлду.
Жалпы эки компания менен кызматташууга макулдашылды.

IMG_1530068945075 IMG_20180626_195047