Архив рубрики: Билим берүү

Башкы-Терек орто мектебинде «Ачык эшиктер күнү» болду

Бүгүн, Башкы-Терек орто мектебинде Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин планына ылайык, «Ачык эшиктер күнү» болду. Анын алкагында «Кырк миң жыл өтсө да эстен чыккыс, кыргыздын кырааны бар, аты-Чыңгыз» аттуу концерт тартууланды.иш чара б терек 1 иш чара б терек 2 иш чара б терек 3 иш чара б терек 5 иш чара б терек ишчара б терек 6 ишчара б терек 7 ишчара б терек 8
Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына байланышкан ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр, мугалимдер тарабынан тартылган чакан фильм жана слайд шоу тартууланды.
Иш чарага 9 мектеп жана 6 бала бакчадан келген 34 мугалим катышты.
Соңунда, болуп өткөн иш чарага байланыштуу тегерек стол болду.

М. Эшназаров

«Кош, Алиппе» майрамында мугалимдерге белек берилген жок

23-апрелде Каныш-Кыя айыл аймагындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Кош алиппе» майрамы болуп өттү. Анда, 1-класстын окуучулары ушул күнгө чейинки мектептен алган билимдерин мугалимдерге жана ата-энелерге сахналаштыруу аркылуу көрсөтүшүп, ыр, бийлерди аткарышып, ата-энелерге чакан концерт тартуулашты. Келген ата-энелер наристелердин ыр, бийлерине күбө болушуп,  мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип кетишти.акназаров алиппе
Бул жолку  майрамдын мурдагылардан өзгөчөлүгү- жылдагыдай ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек бечкек берилген жок.
-Биздин мектепте өтчү бардык иш чараларда ата-энелер тарабынан мугалимдерге ар кандай белек-бечкектерди берүүгө таптакыр тыюу салынган. Ар кандай коррупциялык аракеттерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл бар-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев
М. Эшназаров

Мектепке гүлдөр тигилүүдө

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 15 даана роза гүлү,2 кутучаакназаров мектебинде майда гүл урук,20 даана ар кандай гүлдүн уругу 5 даана кайын,15 даана карагат,3 даана ийне жалбырактуу карагай көчөттөрү берилди.Учурда көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

-Мектеп жааматынын атынан мектебибизге жасаган камкордугу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз.-дейт мектеп директору Акжол Эгембердиев

Мугалимдер усул алмашышты

Апрель айынын 26 сында  Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде райондук «Ачык эшиктер күнү» иш чарасы болду.
Иш чарага он үч мектептен келген мугалимдер катышып, тажрыйба алмашты.усул алмашуу 1 усул алмашуу 2 усул алмашуу 3 Мында, Т. Жаналиев орто мектебинен тандалып алынган үч мугалим алдыңкы деп тандалып алынган сабактарын презентациялашты. Катышуучулар бул өтүлгөн сабактарды өз мектептеринде тажрыйба катары жайылтышмакчы.

М.Эшназаров

Тегерек стол: «Кылмыштуулуктун арты-өкүнүч»

Өткөн жуманын бейшемби күнү Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинде «Кылмыштуулуктун арты-өкүнүч» аттуу тегерек стол болду.
Иш чарага райБББ, РИИБ, ЖДПБ, райондук соцкоргоо мекемелеринин тийиштүү кызматкерлери, райондогу мектептерден келген мугалимдер, айыл имамы, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышып, мында мектеп окуучуларынын арасында кездешип жаткан кылмыштуулук боюнча талкуу өткөрүлдү.жаналиев 1 жаналиев 31253120_462265107545618_8095680761892429670_n жаналиев 31297925_462264984212297_279994432938270470_n жаналиев 31318252_462265134212282_6599306888553351977_n жаналиев 31326779_462265060878956_802344712813158401_n жаналиев 31441201_462264944212301_3495609869028578881_n
Талкуунун жүрүшүндө окуучуларга интернеттин терс таасири, өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгып жаткан себептери, окуучуларды ар түрдүү терс диний агымдарга кирип кетип жаткандыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер ортого салынып, катышуучулардын көпчүлүк бөлүгү жогорудагыдай терс көрүнүштөргө ата-энелердин өз балдарын жөндүү тарбиялай албай жаткандыгы себеп деген ойлорун айтышты.

М.Эшназаров

Белгилүү педагогдун ысмы көчөгө берилди

13-апрель күнү Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине белгилүү педагог Ашыркул Абдыкеримовдун ысмы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын башчысы Муратбек Жоошев, маркумдун үй бүлөсү, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.

Азем алдынан алгач, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркум Ашыркул Абдыкеримовдун өмүр баяны менен тааныштырды.DSC_0071 DSC_0009 DSC_0013 DSC_0046 DSC_0063

Андан соң,  келген коноктор жана айыл тургундары маркумду эскерүү сөздөрүн  айтышып, Ашыркул Абдыкеримовдун эл-жерге сиңирген зор эмгегин баалап, көчөгө ысмын коюп жаткан Каныш-Кыя айыл аймагына жана айылдык кеңешине, бул ишке демилге көтөргөн маркумдун өмүрлүк жары Ажар Абдыкеримовага жана уул-кыздарына ыраазылык билдиришти.

Азем соңунда маркумга багышталып куран окулуп, кызыл тасмасы кесилип, маркумдун аты жазылган көрнөк ачылды.

М. Эшназаров

 

Райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду

5-6-март күндөрү Айгыр-Жал айылындагы А. Айымбетов атындагы  негизги мектебинде райондук «Жыл мугалими-2018» кароо-сынагы болду. Сынакта Чаткал  районундагы он тогуз мектептин он алтысынан он алты мугалим ат салышты.

Эки күн бою катышуучулар саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу, интерактивдүү усулда сабак өтүү сыяктуу номерлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Соңунда, калыстардын чечими менен Гран Прини А. Баймырзаев орто мектебинин мугалими Гүлзина Бекмуратова жеңип алды. жыл мугалиминде DSC_0007жыл мугалими DSC_0074жыл мугалими DSC_0066жыл мугалими DSC_0055жыл мугалими DSC_0052жыл мугалими DSC_0048жыл муг DSC_0045жыл мугалими DSC_00771-орунду Исмаил уулу Матиш орто мектебинин мугалими Гүлнура Темирова ээледи. 2-орун Т. Жаналиев орто мектебинин мугалими Айнура Абылгазы кызына ыйгарылды. Ал эми, 3-орун эки катышуучуга-С. Мырзалиев орто мектебинин мугалими Зуура Абдубалиева жана Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Акылай Чотбаевага берилди.

Мындан сырткары, 6 катышуучуга ар кандай номинация, 5 катышуучу «Алкыш» баракчасы тапшырылды

Ал эми, кароо-сынакты уюшкандыкта өткөрүүдө жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөткөн А. Айымбетов орто мектебинин жааматына  райБББ башчысы Тажибай Тынышов «Ыраазылык кат» тапшырды.

Кароо-сынактын уюштуруу ишин колго алган билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев акчалай сыйлык тапшырууда бир да катышуучу көңүл сыртында калбагандыгын билдирди.

М. Эшназаров

Райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду

Бүгүн район борборундагы «Чебурашка» бала бакчасында райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болду.

Сынакка Чаткал районундагы он беш бала бакчанын он биринен келген он бир тарбиячы катышты.

Сынактын ачылышында райБББнын башчысы Тажибай Тынышов сынактын жүрүшүндө эч бир трайбализмге, бюрократиялык тоскоолдуктарга жол берилбестигин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу, сабак өтүү, тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өтүшүп, өздөрүнүн билим, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин калыстардын сынына коюшту.IMG-20180404-WA0002IMG-20180404-WA0008IMG-20180404-WA0053

IMG-20180404-WA0053Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Терек-Сай айылындагы «Айнуру» бала бакчасынын тарбиячысы Салиха Жылдызбек кызына ыйгарылды. 2-орун Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчанын тарбиячысы Калиса Оморовага берилди. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Эшимбетова жана Терек-Сай айылындагы «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлжамал Маматкадырова ээ болушту. Мындан сырткары, бир топ катышуучуга ар кандай номинациялар жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын каржылык жагы билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев билдирди.

Кадимки айнектен жасалган доскалар пайдаланылууда

Эми, Чакмак-Суу орто мектебинде класстык доска маселеси көп жылга дейре маселе жаратпайт.  Жыл башында мектеп директору Бактыбек Турсункуловдун жеке тапшырмасы менен чарба башчысы Абдулла Ташбаев кадимки эле айнектен 7 даана класстык доска жасап, пайдаланууга берген эле. -Колдо жасалган доскалар бир нече ай пайдаланылып, чынында эле сапаттуу жана кадимки класстык доскалардан эч айырмасы жок экендиги иш жүзүндө далилденди. доска DSC_0828 доска DSC_0855 (3)Башка мектептерде да доска маселесин биз сыяктуу колдо жасап, чечип алышса болот деп ишеничтүү айта алам-дейт мектеп директору Бактыбек Турсункулов.

Кошумчалай кетсек, класстык доскаларды жасоо үчүн ата-энелер тарабынан колдоо көрсөтүлүп, 35 миң сом акча каражаты берилген.

М. Эшназаров

Чакмак-Суу мектебинин “Алтын казына” фондунун каражаттары кайда жумшалууда?

Сырттан жардам күтүп олтурбай, ички мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен, негизги чиелүү маселелерди чечип алууда Чакмак-Суу орто мектебинин эмгек жааматы көбүнө үлгү болчудай. Анткени, алардын өз демилгелери жана өздүк каражаттары менен беш жылдан бери эле  жүзөгө ашырган иштерин санай келсек бир топ.  Кеп алардын бул иштерди кантип аткарып жаткандыгында.

Анда эмесе, кененирээк токтоло кетсек, 2013-жылы мектеп мугалимдеринин демилгеси менен “Алтын казына” фонду уюштурулган.  Фондго төрага болуп мектеп директору Бактыбек Турсункулов шайланган. Фонддун максаты-мектептин жана мектеп мугалимдеринин ички муктаждыктарын чечүү болуп эсептелип, ага ай сайын мугалимдер эмгек акыларынан өз ыктыяры менен белгилүү бир суммада мүчөлүк акы чегерише баштаган. Ошентип, фонд аты айтып тургандай эле жыл айланбай “алтын казынага” айланып, анда топтолгон каражатка мектепке 2013-жылы 12000 сомго телевизор, 2014-жылы 45000 сомго түстүү принтер, ламинатор, 2015-жылы класстык бөлмөлөргө 44000 сомго жалюзилер, 2016-жылы 15000 сомго принтер сатылып алынган. Ал эми, 2017-жылы мектеп “Кичи Чаарат” фирмасынын эсебинен жаңы имаратка ээ болду. Жаңы мектепке фонддун эсебинен дагы каражат жумшалып, 75000 сомго видеокөзөмөл орнотулуп, буга кошумча 26000 сомго  жалюзи сатылып алынды.видеокөзөмөл DSC_0875видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0977 жалюзи DSC_0861 (3) телевизор DSC_0855 (4)

Азыркы кезде фонддо 30 миң сомдон ашык акча каражаты бар экендигин, жылдын жыйынтыгы менен бул каражатты 50 миң сомго жеткирип, мектептин жасалгалоо иштерине жумшоону максат кылып жаткандыктарын айткан фонддун төрагасы, мектеп директору Бактыбек Турсункулов-жайкы эс алуу мезгилинде мугалимдер райондон сырткары эс алуучу жайларга фонддун каражаттарынын эсебинен барып келишет-деп кошумчалады.

Аракет деп ушуну айт!   Кептин кыскасы, бул мектептеги жогорудагыдай аракеттерди мактап, кепти созо бербейли. Башка мектеп, же башка тармактагы мекемелер менен бул мектептин аракетин салыштырып, окурман өзү баа берээр.

М. Эшназаров