Архив рубрики: Билим берүү

«Ай-Нуру» бала бакчасы жаңы имараттуу болду

26-ноябрда Терек-Сай айылындагы Ай-Нуру бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Бакчанын мурунку имараты жараксыз абалга келип калган. Азыркы жаңы имараты отуз эки млн. сомго бүткөрүлдү. Жаңы имарат жүз орунга ылайыкташкан.

айнуру бб

С.Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучуга арналган адабий кече болду

23-ноябрда С. Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Адамзаттын Айтматову:Өтмүш. Учур. Келечек » аттуу адабий концерттик кечеси болду.
Кечеге райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев баштаган райБББ кызматкерлери, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышты. Кечеде улуу жазуучунун «Тоолор кулаганда «, «Бетме-Бет » чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып коюлуп, чыгармаларына жазылган обондуу ырлар аткарылып, көркөм ырлар окулуп, окуучулар тарабынан «Эрте келген турналар » чыгармасынын негизинде тартылган видеоролик көрсөтүлдү.

байдолотов 2 байдолотов 3 байдолотов 4 байдолотов 5 байдолотов 6 байдолотов 7 байдоолотов 1

М.Эшназаров

 

 

Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлдү

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратына көчүрүлүп, окутула баштады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 123 окуучу бар, ал эми жаңы имарат 150 орунга эсептелинген. Окуучулар жаңы мектепте эки нөөмөт менен окутулуп, класстар жетишээрлик болот.

акташ мектеп 1 акташ мектеп 2 акташ мектеп 3 акташ мектеп 4 акташ мектеп 5

М.Эшназаров

С.Байдөөлөтов орто мектебинде маанилүү дебат өттү

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуучу коомдун манилуу аманаты» деген темада дебат өткөрүлдү.
Дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.
Дебаттын жүрүшүндө дебаттын негизги темасы болгон окуучулар арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири талкуу жүрдү жана тийиштүү кызматкерлерге окуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жоопторду ала алышты.
Иш чара мектептин соцпедагогу Т. Тагаева тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

мектеп иш чара 1 мектеп иш чара 2 мектеп иш чара 3 мектеп иш чара 4 мектеп иш чара 5

М.Эшназаров

А.Чымканаев орто мектебинде балдар арасындагы кылмыштуулук талкууланды

Терек-Сай айылындагы Амирабек Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары А. Чынасова, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Тынышов Сумсар АИИБдин кызматкери Н. Кадырбеков, район прокурорунун орун басары Акылбек уулу Сыргабек,Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б. Анарбаева, Терек-Сай айылдык аймагынын соц кызматкери Т. Качыкеева,Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси С. Жуманалы кызы, мектеп жамааты жана жалпы ата-энелер катышкан жыйын өткөрүлдү.
Жыйында окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу маселесинин алкагында талкуу жүрүп, катышуучулар аталган маселени канткенде жоюу, ага бөгөт коюу боюнча өз ой, пикирлерин ортого салышты.
Жыйын соңунда айтылган маселеге каршы жалпы күрөшүү тууралуу чечим кабыл алынды

терексай 1 терексай 2

М.Эшназаров

А.Баймырзаев орто мектебинде улуу жазуучу эскерилди

16-ноябрь күнү А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду эскерүү кечеси » болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган залкар жазуучубуздун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, Айтматовдун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ырлар аткарылды
Мындан сырткары мектепте Ч. Айтматовдун 90 -жылдыгына атайын бурч уюштурулган

баймырзаев 1 баймырзаев 2 баймырзаев 3 баймырзаев 4

 

М.Эшназаров

 

А. Айымбетов орто мектебинде семинар пайдалуу өттү

2-ноябрда Алике Айымбетов атындагы негизги жалпы билим берүүчү мектебинде ,,Маалымат жана медиа», ,,Сабакка анализ беруу» темасында семинар өткөрүлдү. Семинар мектептин усулчусу Темирова Нурзат Султанбековна тарабынан даярдалып, семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Субанова Садакан жана жакынкы мектептин усулчулары, мугалимдер катышты. Өткөрүлгөн семинар учурдун муктаждыктарына ылайык иштелип чыккандыгы жана көйгөйлүү маселелерди чечуучу темалар коюлгандыгын менен кызыктуу өткөрүлдү. Темирова Нурзат Султанбекованын сабагы көпчүлүктүн жактыруусуна алынып «Үлгүлүү сабак » деп табылды. Райондук денгээлде жайылтуу жагы сунушталды.

айымбетов 1 айымбетов 2 айымбетов 3 айымбетов 4

М.Эшназаров

Белгилүү педагогдун ысымы көчөгө ыйгарылды

20-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов, билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев, маркумдун кесиптештери, замандаштары, айылдаштары, уул-кыздары жана жакын туугандары катышты.

Захват_2018_06_20_07_23_40_483 Захват_2018_06_20_07_24_10_53 Захват_2018_06_20_07_25_54_212 Захват_2018_06_20_07_26_21_981

1 DSC_0056 2 DSC_0062 3 DSC_0065

Алгач Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев маркумдун эмгек жолу менен тааныштырды. Андан  соң катышуучуларга сөз берилип, алар маркумдун эмгегин баалап, ысмын түбөлүккө калытруу максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын билдиришти.

Чаткалдан чыккан белгилүү педагог, СССРдин эл агартуусунун отличниги, маркум Жунусбек Бейшенбаев 1927-жылы 1-сентябрда Айгыр Жал айылында төрөлгөн. 1960-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайын аяктаган. 54 жыл райондун агартуу тармагына өз эмгегин арнап, катардагы мугалимден мектеп директору, райБББнын инспектору кызматтарын аркалаган. Маркумдун эмгеги жогору бааланып, Каныш-Кя айылдык кеңеши тарабынан өзү жашаган көчөгө ысмын ыйгаруу чечими кабыл алынган.

М.Эшназаров

Кесиптик бирлик жыл жыйынтыгы менен

Билим берүү кызматкерлеринин Чаткал райондук кесиптик бирлиги үчүн 2017-2018-окуу жылы жемиштүү аяктады.
Бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев окуу жылы ичинде райондогу мектеп жана бала бакчалардагы райондук деңгээлдеги ар бир иш чарага катышып, өзү да кесиптик бирлик тарабынан бир топ иш чараларды каржылап берди.
Жыл соңунда, 12-июнь күнү райондогу мектеп жана бала бакчалардын кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

IMG_20180612_110125

IMG_20180612_110143IMG_20180612_121537Мындан сырткары, жыйында Чаткал районунан облустук Грамотага 1, «КР. Эл агартуунун отличниги» наамына 1 мугалим, облустук жана райондук кесиптик бирликтин Грамотасына 2 мугалим сунушталды. Райондук кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган жылы ичинде «Жыл мугалими «, «Жылдын мыкты кесиптик бирлиги «, «Жылдын мыкты мектеби «, «Жылдын мыкты бала бакчасы «, «Жылдын мыкты тарбиячысы «, «Жылдын мыкты уюштуруучусу «, «Жылдын мыкты китепканачысы «, «Жылдын мыкты усулдук канасы «, «Жылдын мыкты предметтик канасы » наамдарынын ээлери курорт, же санаторийлерге эс алууга баруусу маалымдалды
Мындан сырткары бир нече ар кандай маселелер каралды.
Жыйын соңунда катышуучулар билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан өткөн окуу жылында көптөгөн жогорку деңгээлдеги өткөрүлүп, мурдагы жылдарга караганда көп каржылык колдоолор болгондугун баса белгилешип, бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиевдин ишин бир ооздон жогору баалашты.

М. Эшназаров