Архив рубрики: Без рубрики

Чаткалдын жетик уулдарына чын дилден ыраазымын

SAM_1447

Чаткал Чаткал болгону көп нерсени башынан өткөрдү. Тээ согуш жылдарынан бери эле Чаткалда не деген өзгөрүүлөр болду. Алардын баары тарых барактарында калды, албетте. Чаткалдын тарыхын астейдил оодара карап олтурган адам не деген ажайып окуяларга, түркүн тагдырлуу белгилүү адамдарга кезигээри талашсыз. Чаткалдын түптөлүшүнө не деген асыл адамдар салым кошкон жок. Алардын катарына Чаткалды бир-эки жолу көрсө да, бул жердин ыйыктыгын, асылдыгын баалап, кыргыз журтунун ыйык бир бурч экендигин астейдил жүрөгүнөн сезип, бейиштин бир бурчундай болгон алакандай кооз жердин келечек тагдыры үчүн жан күйдүргөн Султан Ибраимов, Турдакун Усубалиев сыяктуу белгилүү инсандар буга кошо эле, Чаткалдан чыккан Темиркул Кошбаевдей чыныгы уулдар кирээри талашсыз.

Мага да Чаткалда иштөө туз насиби буйруп, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары өрөөңдү өздөштүрүү озуйпасы мага тапшырылып, бул куттуу жерде он жылдай эмгектендим. Азыр ойлоп олтурсам, Чаткалга жыйырма алты жаш курагымда келип, жаштык курагымдын жалындуу мезгили Чаткалда калыптыр. Ал кезде Чаткалга жаңы гана техникалар келе баштаган мезгил. Өрөөндүн баш-аягы өздөштүрүлө элек. Чаткалдык жигердүү жаштардын деми менен далай жерлерди өздөштүрүп, Башкы-Терекке калктуу конушту негиздедик. Ал жерлердеги жаштык кездин бараандуу күндөрү аликүнгө эсимде.

Андан бери далай мезгил өтүп, Чаткал район катары бир топ жетишкендиктерге ээ болуп, республикага таанымал болду.

Мына, жакында Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде белгиленди. Бул маарекеге республикалык жана облустук деңгээлдеги бир топ коноктор келишип, Чаткалдын өнүгүп жаткандыгына күбө болушту. Мен да сыйлуу коноктордун катарында көп жакшы нерселерге күбө болдум. Чаткалда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгондугуна күбө болуп, райондун ушундай деңгээлге жетишине менин да салымым бар экендигине ичимден сыймыктандым.

Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгиленди десем аша чаппайм. Чаткалдын алмустактан берки басып өткөн жолу сахналаштырылып чагылдырылып, бүгүнкү күндөгү ар тараптуу жетишкендиктери да бир сыйра көздөн өткөрүлдү. Чаткалга ушундай чоң иш чара керек эле. Антпесе, Чаткалдын өнүккөнүн ким билет да, ким билбейт. “Миң уккандан бир көргөн артык”- демекчи, ар нерсени адам өз көзү менен көргөнү жакшы. Ушундай чоң иш чараны өткөрүүгө демилгечи болгон инсандарга,  Чаткал районунун азыркы жетекчилигине, район акими Канжарбек Эшалиевге чын дилден ыраазылыгымды билдирмекчимин. Чаткал районунда мындай жетишкендиктер дагы көп боло берсин.

Саматкул Максымбеков. Чаткал районунун ардактуу атуулу, КР. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Ала-Бука району

31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Канжарбек Эшалиевдин район калкын куттуктоосу!

ipp

Урматтуу районубуздун калайык калкы! Кадырлуу ата-эне, ага-ини, эже-карындаштар!

Убакыт өтүп, жыл айланып, минтип,  мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн чоң салтанат менен белгилөөчү күн да кирип келди.

Бул күндү көрүүнү эңсеп, ата-бабаларыбыз эчен кылымдап кан төгүп, жан берсе да, улуттук ар намысын бийик тутуп жашап келишкен. Эгемендүүлүк мезгили минтип, биздин доордун шыбагасына туш келип, аны жыл сайын белгилеп келебиз.

Мамлекетибиз эгемен болгонуна быйыл жыйырма төрт жыл толуп олтурат. өткөн жыйырма төрт жыл ичинде жаш Кыргыз мамлекети канчалаган саясий, экономикалык оош-кыйыштарды башынан өткөрүп, ага карабай өз эгемендүүлүгүн сактап, ага жараша башка мамлекеттерге демократиялык принциптеринен тайбаган эркин өлкө катары белгилүү болуп келе жаткандыгы кубандырат. Башка чоң мамлекеттер Кыргызстандын эгемендүүлүүлүгүн таанып, мамлекетибиз алар менен теңата ар кандай саясий-экономикалык жана аскерий алакаларды түзүп, ошонусу менен эл аралык деңгээлде өз аброюн сактап келет.

Урматтуу районубуздун тургундары!

Кадырлуу журтташтар!

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоого ар бир кыргызстандык өз салымын кошуусу тийиш. Бул үчүн өз мекенин сүйгөн чыныгы атуул катары мамлекеттүүлүгүбүздү мамлекеттин ичинде да, сыртында да сактай билип, ага шек келтирбей, тетирисинче, кайда болсок да атуулдук бийик парзыбызды унутпай жүрсөк, ошол биздин мамлекетибиздин чыңдалышына кошкон зор салымыбыз-деп ойлойм.

Ошондуктан, ар бирибиз эгемен мамлекетибиздин алдында өз милдетибизди так билип, ага жараша чыныгы атуул катары мамлекетибиздин мындан ары чыңдалышына өзүбүздүн ар тараптуу салымыбызды кошо билели демекчимин.

Урматуу ага-ини, эже-карындаш жана бир туугандар!

Баарыңыздарды кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен өзүмдүн жана райондук мамлекеттик администрациянын атынан кызуу куттуктап, жалпыңыздарга ден соолук жана чексиз бакыт каалап кетмекчимин.

К. Эшалиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

Жеке пикир: Күнүмдүк тиричилик кымбатпы же…?

SAM_0227

Адамдарга жакшы, жагымдуу мамиле болсо көңүлдөрү көтөрүлүп, шаңына шаң кошулуп, эмгекке болгон көңүлү да көтөрүңкү болот эмеспи. үйдөн чыгып жатып улууну көрсөң ыйбаа кылып, кичүүгө ызаат көрсөтүү бул биздин күнүмдүк, жарандык милдетибиз да. Ал эми мамлекеттин милдети-бул коомду бириктирүү. Бул коом тарабынан кеңири колдоо табууга тийиш.

Бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар арасында патриоттук сезим ач кыйкырык, куу сүрөө катары түшүнүлүп, ашкере цивилизациялизмдин  идеяларына буруп жатат. Бул көрүнүш мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына терс натыйжа алып келет. Жаңы рухийликке, айкындуулукка жана бекемделүүгө эмнелер бөгөт болуп жатат?. Менин оюмча коллективизмдин кыйрашы, адамдарды саясий партияларга, үй-бүлөгө, урууга байлап коюучу процесстер, улуттук партиялык күчтөр өздөрүн кубаттуу көрсөтө алышпай жатат. Эл ишенбей калды, кимдин ким экенин өздөрү көрсөтүп коюшту. Патриотимдин чыныгы ресурсу-туулган жерге, маданиятка болгон сүйүү.”Сен патриот бол”, “Элиңди, жериңди сүй” деп мажбурлоо кыйын. Таасир этүү каражаттары менен (үй-бүлө, бала бакча, мектеп, ЖОЖдор, ММК, адабияттар) аркылуу мүмкүн. Мына ушунун натыйжасында жаштар, өспүрүмдөр арасында криминогендик абалдын курчушуна маданият, тарыхка кайдыгер мамиленин өсүшүнө алып келүүдө. Алма сабагын карап өсөт дейт. Легендарлуу патриот личносттордун жаңы образын түзүү менен жүзөгө ашырууга болот.

Ар бирибиз Кыргызстан менен сыймыктанууга, анын өнүгүшүнө салым кошуп, жүрөгүбүздө “биз” деген ураан жанып турбаса, өзүбүздү бактылуу пендемин деп айтууга акыбыз жок.

Тимур Жолдошбеков, Терек-Сай айылы, ардагер мугалим

Улуу Ата-Мекендик согушта кырчындай өмүрлөрү кыйылган

41-45Барпиев Юнус (Жунус) 1924-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 60-армиянын 112-аткычтар дивизиясынын 385-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн.1943-жылдын 10-сентябрында курман болгон. Сумской областынын Дубовязовский районунун Чулановка айылында сөөгү коюлган. Согуштагы эрдиктери үчүн биринчи жана экинчи баскычтагы “Отечественная война”, “За отвагу”, “Боевой заслуги”, ошондой эле “Красная звезда” ордени менен сыйланган.
Бегалиев Алымкул 1897-жылы Ленин колхозунда туулган. 33-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1943-жылдын 25-августунда курман болгон. Ворошилов областынын Куйбышев районунун Любимовка айылында сөөгү коюлган.
Бердикулов Нитанбай 1908-жылы Ленин колхозунда туулган. 307-аткычтар дивизиясынын 1019- аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 7-июлунда курман болгон. Курск областынын Панровск районунун Прилепово айылында сөөгү коюлган.
Бавдавлетов (Бакдөөлөтов) Ажамбек 1899-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 61-механикалык бригадада кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 10-январында курман болгон. Ростов областынын Старый Лодин кыштагында сөөгү коюлган.

Беков Джема 1912-жылы Чапаев колхозунда туулган. 61-механикалык бригадада кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 10-январында курман болгон. Ростов областынын Старый Лодин кыштагында сөөгү коюлган.
Бекиев Кочкорбай 1911-жылы Ак-Таш айылында туулган. 377-аткычтар дивизиясын 1247-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 18-сентябрында курман болгон. Латвия уездинин Тыну Валжск кыштагына сөөгү коюлган. (1944-жылдын 29-декабрында алган жаратынан кийин отпускага келген деген маалымат да бар).
Батаев Максим 1920-жылы Каныш-Кыяда туулган. 283-аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1944-жылдын 14-июлунда курман болгон. Белосток областынын Волковыский районунун Новое Село кыштакчасында сөөгү коюлган.
Бекмурзаев Анаркул 1921-жылы Ленин колхозунда туулган. 164-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн.1945-жылдын 22-февралында курман болгон. Латвия уездинин Лейниеки Либавск кыштакчасында сөөгү коюлган.

Батаев Арсе 1909-жылы туулган. 269-аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1943-жылдын 26-октябрында курман болгон. Могилевский областынын Прокопский районунун Красная Слобода кыштагынын түштүк тарабынан 1 чакырым алыстыктагы токойго сөөгү коюлган.
Балтагулов Нуркул 1926-жылы Чандалаш айылдык Советинде төрөлгөн. 283-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1945-жылдын 29-апрелинде курман болгон. Каммер Бранденбургдун 300 метр алыстыгында чыгыш-түндүк тарабында сөөгү коюлган.
Батхабаев Курманбай 1924-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 15-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 47-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 4-августунда курман болгон. Курск областынын Белгородск районунун Крупской Лог айылындагы мүрзөгө сөөгү коюлган.
Байгамиров Этваш 1913-жылы туулган. 485-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1945-жылдын 25-январында курман болгон. Польшанын Тариожег шаарына караштуу Мокшевдув айылындагы №33 мүрзөгө сөөгү коюлган.
Баялинов Кочкорбай. Туулган жылы белгисиз. Чандалаш айылдык Советинде туулган. 4851-ЭГда кызмат кылган. Смоленск областынын Киров районунун Фаянсевая станциясынын чыгыш-түштүк тарабындагы №17 “бир туугандык көрүстөнүнө” сөөгү коюлган.

Жолдасов Төрө 1912-жылы Молотов колхозунда туулган. 61-механикалык бригадада кызмат кылган. 1943-жылдын 10-январында курман болгон. Ростов областынын Стар.Лодин кыштагында сөөгү коюлган.
Жануналиев Балушгар 1900-жылы Коргон-Сай айылдык Советинде туулган. 61-механикалык бригадада кызмат кылган. 1943-жылдын 15-январында курман болгон. Ростовской областынын Ногаево-Ребриченский кыштагында сөөгү коюлган.
Довранов Чаткалбай 1915-жылы Социализм колхозунда туулган.250-аткычтар дивизиясынын 922-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1945-жылдын 25-февралында курман болгон. Пруссия, Гоудею Вост кыштагынын түштүк тарабынын 500 метр аралыгына сөөгү коюлган.
Жамбеков Казбек 1924-жылы Чандалаш айылдык Советинде төрөлгөн. НКВДнын 23-дивизиясынын 82-коргоо полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 6-ноябрында каза болгон. Ленинград шаарындагы Митрофаньевск көрүстөнүндөгү ЭГ № 1171 “бир туугандык көрүстөнүндө” сөөгү коюлган.

Досбаев Раниберди 1920-жылы Буденный колхозунда туулган. 173-аткычтар дивизиясынын 1313-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 12-январында курман болгон. Сталинград областынын Дмитриевка кыштагында сөөгү коюлган.

Жексимбеков Салимкул 1916-жылы Калинин колхозунда туулган. 81-аткычтар дивизиясынын 518-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 26-январында курман болгон. Полесской областынын Якимовическ районунун Броды багынын чыгыш тарабынын 300 метр аралыгында коюлган.
Жуашев Авды (Жоошев Абди) 1924-жылы Фрунзе колхозунда туулган. 73-гвардиялык Сталинград дивизиясынын 214-гвардиялык Воропановск аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1944-жылдын 1-мартында курман болгон.Кироградская областынын Петровск районунун экинчи Варваринского товарищества кыштагында сөөгү коюлган.
Дюлдеев Мырзагун 1925-жылы Кызыл-Тууда туулган. 19-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 61-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат кылган.1944-жылдын 3-мартында курман болгон.Витебская олбастынын Вороны Воинск кыштагынын түштүк тарабындагы 200 метр аралыктагы №102 көрүстөнүнө сөөгү коюлган.
Ешалиев Турсункул 1912-жылы Курулушта туулган. 55-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 164-гвардиялык аткычтар полкунда кызмат кылган. 1944-жылдын 9-июлунда курман болгон. Минск областынын Лупенецк районунун Бостин айылында №3 “бир туугандык көрүстөнүндө” сөөгү коюлган. Согуштагы каармандыгы үчүн “Боевой Заслуги”, “За отвагу” медалдары менен сыйланган.
Елдашов Алымбай 1915-жылы Буденный колхозунда туулган. 74-аткычтар дивизиясынын 109-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 5-декабрында курман болгон. Киевск областынын Бата-1 станциясында сөөгү көмүлгөн.
Есеркеев Нармурза 1905-жылы Айгыр-Жал айылдык Советинде туулган. 300-аткычтар дивизиясынын 1051-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 4-апрелинде аскерден качып, 51-армиянын 9-армиялык штраф ротасына түшүп, 1943-жылдын 18-июлунда каза болгон. Ворошиловгр. Областынын Суходольный талаасында сөөгү көмүлгөн.
Жунусов Конуш 1915-жылы Фрунзе колхозунда туулган. Аткычтар полкунун 3-аба десанттык бөлүгүндө кызмат кылган.1943-жылдын 8-июлунда туберкуллездон каза болуп, сөөгү Кострома шаарындагы шаардык көрүстөнгө коюлган.
Зеваков Таласбай 1925-жылы Карл Маркс колхозунда туулган. 91-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 279-аткычтар полкунда кызмат кылган.1944-жылдын 6-мартында каза болгон. Витебск областынын Озерцы кыштагында сөөгү коюлган.
Забаев Арза 1909-жылы Чаткал өрөөнүндө туулган. 4-гвардиялык кавалердик дивизиянын 11-гвардиялык кавалердик полкунда кызмат кылган.1943-жылдын 16-мартында курман болгон. Сумской областынын Чернотоп кыштагында сөөгү коюлган.
Ибеев Диконбай (Ибаев Дыйканбай) 1920-жылы Ак-Ташта туулган.40-инженердик-сапердук бригадада кызмат кылган. 1945-жылдын 31-январында Германия. Силезия, Цюхен Радшюц айылында сөөгү коюлган.
Игембердиев Токан (Эгембердиев Токон) 1921-жылы Сары-Булак айылдык Советинде туулган. 17-кавалердик дивизиянын 61-гвардиялык кавалердик полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 21-октябрында курман болгон.Гомельской областынын Бывалки кыштагында сөөгү коюлган.
Исатаев Мамтерди 1911-жылы Калинин колхозунда туулган. 24-аткычтар дивизиясында кызмат кылган.1944-жылдын 5-январында курман болгон. Житомирск областынын Бердичев айылынын түндүк тарабында сөөгү коюлган.
Исманов Аргаш 1922-жылы Чандалаш айылдык Советинде туулган.61-механикалык бригаданын 4-гвардиялык механикалык корпусунда кызмат өтөгөн.1943-жылдын 9-январында курман болгон. Ростовский областынын Русский кыштагында сөөгү көмүлгөн.
Кашкарбаев Сафаркул 1911-жылы маданият колхозунда туулган. Аткычтар батареясынын 4-бөлүгүнүн 93-аткычтар бригадасынын бөлүгүндө кызмат кылган. 1943-жылдын 10-январында каза болгон. Коюлган жери белгисиз.
Курманалиев Желдат 1924-жылы Карл Маркс колхозунда туулган. 87-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 23-июлунда курман болгон. Сталинск областынын Походненск районунда сөөгү коюлган

Абалкулов Андаш 1921-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер, 1942-жылы курман болгон.
Абдурахманов Жээнбек 1923-жылы туулган, катардагы жоокер, 1943-жылы 27-августа жарааттан каза болгон. Сөөгү Иваново областынын Шуя шаарына коюлган.
Абдылаев Ашым 1925-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер. 1944-жылы курман болгон.
Абдылаев Мады 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер. 1945-жылы курман болгон.
Абдылдаев Балтабай 1914-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер. 1943-жылы курман болгон.
Абдылдаев Жумабай 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер. 1943-жылы курман болгон.
Абдылдаев Сарпек 1924-жылы туулган. 1944-жылы 12-апрелде курман болгон, сөөгү Кишинев областынын Оргеев районундагы Слободка Рыжка айылында коюлган.
Абдымомунов Шакир 1920-жылы туулган, катардагы жоокер.1942-жылы 12-августа курман болгон, сөөгү Орел областынын Ляцы кыштагында коюлган.
Айдаралиев Анаркул 1910-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы аскерде курман болгон.
Айдаров Качыке 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер, 1943-жылы курман болгон.
Айдаров Тажыбай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер, 1943-жылы курман болгон.
Айинбетов Сүйүнбек 1908-жылы туулган, 1943-жылы 8-августа курман болгон, сөөгү Харьков областынын Волчанск районундагы Бугроватка айылында коюлган.
Айтбаев Барпы 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы каза болгон.
Айтбаев Калык 1904-жылы туулган 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Айтназаров Рожапбай 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Айылчиев Акылбек 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Айылчиев Кутман 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Айылчиев Турдалы 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Айымбетов Айтбай 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Акботоев Абдыкалык 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Акботоев Шербото 1912-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Акматов Жумабай 1902-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Акматов Ыдрыс 1922-жылы туулган, 1942-жылы 20-августа согушта курман болгон, сөөгү Калинин областынын Холм районундагы Новички кыштагында коюлган.
Акматов Максут 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Акматов Төлөнбай 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Акматов Шааболот 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Акулаев Жумабек 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Акумбаев Тайге 1905-жылы туулган, 1942-жылы 18-декабрда согушта курман болгон, сөогү Калинин областынын Зубцев районундагы Векшино кыштагына коюлган.
Алтыбаев Мамыт 1923-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алыбаев Тургунбай 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алыкулов Койчуман 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алыкулов Сыргабай 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алыкулов Сыргабай 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алымбеков Караш 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Алымкулов Абдыкалык 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Алымкулов Кененбай 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Анарбаев Кыдыр 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Анарбаев Турдалы 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Анарбеков Кадыр 1925-жылы туулган, 1943-жылы 30-октябрда согушта курман болгон, сөөгү Калинин областынын Невель районундагы Кармалинец кыштагында коюлган.
Аралов Жоркожо 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Аралов Төрөкожо 1910-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Арстанбеков Орозбай 1901-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Арстанов Кушубак 1912-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-рман болгон.
Арстанов Сулайман 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Арыкбаев Абдылда 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Атабеков өмүрзак 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Ашырбеков Чотбай 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Ашыров Токторбек 1924-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Ашырбеков Чотбай 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бабаев Байгабул 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бабаев Стамбек 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бабаназаров Кочкор 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Баев Бамулет 1911-жылы туулган 1943-жылы 5-июлду курман болгон, сөөгү Курск областынын Томаров районундагы Ново-Черкасск кыштакчасына коблган.
Байботоев Абдрахман 1925-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Байботоев Барпы 1923-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Байдөөлөтов Жээнбек 1913-жылы туулган,1943-жылы 10-январда курман болгон, сөөгүРостов областынын Стар. Лодин кыштагында коюлган.
Байдөөлөтов Атамбек 1908-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Байев Тойчу 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Байзаков Аман 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Байзаков Раман 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Баймырзаев Момбай 1909-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Байтереков Таласбай 1906-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Балтабаев Орозалы 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Балтабаев Токтосун 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Балтагулов Наркул 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Балташов Райымбек 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Барпиев Садык 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Батаев Арсен 1909-жылы 1943-жылы 26-октябрда согушта курман болгон, сөөгү Могилев областынын Пропой районундагы Красная Слобода кыштагында коюлган.
Батаев Максым 1920-жылы туулган. Кенже сержант, 1944-жылы 14-июлда жарааттан каза болгон, сөөгү Белосток областынын Волковыс кыштакчасында коюлган.
Батырбеков Шаршенбай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бейшебаев Кадыркул 1895-жылы туулган, 1943-жылдын 17-августунда курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Мищев районундагы М. Савки айылында коюлган.
Бейшенбаев Усупбек 1922-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекеев Жами 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекимбетов Сабыркул 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекмабетов Жаныбек 1898-жылы туулган.1943-жылы 17-августа курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Мищев районундагы М. Савки айылында коюлган.
Бекмырзаев Алымкул 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекмырзаев Кошдөөлөт 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекназаров Айтыкул 1918-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бердигулов Турсункул 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бекмурзаев Анаркул 1921-жылы туулган 1945-жылдын 22-февралында жарааттан каза болгон, сөөгү Латыш ССРинин Либава уездиндеги Лейниеки кыштакчасында коюлган.
Бетимбаев Уирик 1924-жылы туулган1943-жылдын 25-февралында жарааттан каза болгон, сөөгү Воронеж областынын Калач шаарында коюлган.
Бийгелдиев Манаке 1903-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1941-жылы курман болгон.
Болдошев Ырыскул 1920-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Ботобаев Казымбай 1922-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Ботобаев Касымбек 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон
Ботобаев Кубанбай 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон
Ботоев Арзы 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Ботоев Максым 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бояликов Кочкорбай 1943-жылдын 22-сентябрында жарааттан каза болгон, сөөгү Смоленск областынын Киров районундагы Фаянцево станциясында коюлган.
Бөлөкбаев Аманкул 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Бөрүкулов Тажыбай 1922-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Вайназаров Бенеш 1921-жылы туулган.1942-жылы 18-декабрда курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Сычевка районундагы Арестово кыштагында коюлган.
Горгуленко Александр Карпович 1903-жылы туулган Ага сержант, 1944-жылы 9-августа жарааттан каза болгон, сөөгү Вильнюс шаарында коюлган.
Даулов Мурат1914-жылы туулган. 1943-жылы 27-июлда согушта курман болгон.
Досалиев Балбак 1918-жылы туулган, 1943-жылы 27-июлда курман болгон.
Досматов Жапаркул 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Досматов Жолдошбай 1908-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Дуванаев Тохтанад 1921-жылы туулган 1943-жылы 30-майда жарааттан каза болгон, сөөгү Калинин областынын Калинин шаарында коюлган.
Дулатов Барпы 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Дуулдаев Мурзакул 1925-жылы туулган 1944-жылы 3-мартта согушта курман болгон, сөөгү Витебск областынын Вороны кыштагында коюлган.
Етмышев Машралы 1919-жылы туулган 1943-жылы 7-мартта согушта курман болгон, сөөгү Калинин областынын Оленино районундагы Рогдечево кыштагында коюлган.
Ешкараев Кудайберди 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жакыпбаев Азимбай 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жакыпбаев Касымбек 1921-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жакыпбаев Макамбай 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жаналиев Б. 1989-жылы туулган. 1943-жылы 17-августа курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Мищевск районундагы М. Савки айылында туулган.
Жандөөлөтов Байбек 1919-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жаңыбаев Мырзабай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жаркынбаев Итибай 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жаибеков Казбек 1924-жылы туулган 1944-жылы 2-ноябрында жарааттан каза болгон, сөөгү Ленинград шаарында коюлган.
Жолдошов Кулу 1919-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жороев Дыйканбай 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жуков Степан Семенович 1913-жылы туулган. Лейтенант, 1943-жылы 20-июлда согушта курман болгон, сөөгү Ворошиловград областынын Успенский районундагы М. Николаевка айылында коюлган.
Жумабаев Мамбет 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жумабаев Миңбай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жумабаев Ниязалы 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жумашев Абды 1924-жылы туулган 1944-жылы 1-мартта курман болгон, сөөгү Кировоград областынын Петров районунда коюлган.
Жунусалиев Айылчи 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жунусов Сапар 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жунусов Термечик 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жээнбеков Айти 1917-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жээнбеков Козубек 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Жээнбеков Нуркул 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Жээнтаев Токтосун 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Зарубин Козьма Федорович 1912-жылы туулган, 1943-жылы 10-августа согушта курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Терентьево кыштагында коюлган.
Ибрагимов Топчубек 1923-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Иванов Василий Иванович 1904-жылы туулган 1945-жылы 8-февралда курман болгон, сөөгү Германияда Фальхенсберг волостундагы Гурау кыштагында коюлган.
Иманалиев Мырзалы 1918-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Иманалиев Наралы 1922-жылы туулган, 1943-жылы 14-ноябрда курман болгон, сөөгү Польесе областынын Чанец кыштагында коюлган.
Иманалиев Наралы 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Иманкулов Кочкоралы 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Иманкулов Татай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Исабеков Укуш 1920-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1941-жылы курман болгон.
Исабеков Шамурат 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Итибаев Кутман 1896-жылы туулган, 1943-жылдын 28-февралында курман болгон, сөөгү Ленинград областынын Запучье районундагы Ходьки кыштагында коюлган.
Итибаев Кутман 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кадырбаев Таир 1913-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман бо лгон.
Кадыров Кожомурат 1924-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Казакбаев Жээнкул 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Казаков Желдет 1943-жылы 27-июлда согушта курман болгон, сөөгү Ростов областынын Куйбешев районундагы Репиловка айылында коюлган.
Казаров өсөр 1919-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1945-жылы курман болгон.
Кайкиев Ади 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кайкиев Адыл 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кайкиев Төрөбек 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кайыпов Ади 1923-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Кайыпов Турусбек 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кайыпов Ырысбек 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Калимбетов үсөн 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Калмырзаев Эшымбек 1922-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Калназаров Арзымат 1924-жылы туулган. 1943-жылы 11-мартта согушта курман болгон, сөөгү Сумы областынын Эсмань районундагы Слоботка шаарчасында коюлган.
Калназаров Арзымат 1919-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Калназаров Бөрүбек 1909-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Калназаров Эшенкул 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Калназаров Төрөбек 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кангелдиев Дербишалы 1913-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кангелдиев Эргеш 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Карабаев Акпаралы 1914-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Карабаев Сапаралы 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Карабаев Токторбай 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Карагулов Дүйшөн 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Каратаев Аманкул 1921-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Каратаев Иманбек 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Каратаев Култай 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Каратаев Матиш 1920-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Карашбаев Калбай 1926-жылы туулган, 1945-жылы 8-июнда жарааттан каза болгон, сөөгү Германияда Голбиц кыштагында коюлган.
Каримбетов Туринай 1943-жылы 30-июлда согушта курман болгон, сөөгү Орел областынын Семеновка кыштагында коюлган.
Кенжебаев Усупбек 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кирдяшев Никонар Никонарович 1903-жылы туулган. 1943-жылы 10-августа согушта курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Болдин районунда коюлган.
Киреев Каджан 1902-жылы туулган, 1944-жылы 7-февралда согушта курман болгон, сөөгүВитебск областынын Лиозно районундагы Сумы кыштагында коюлган.
Кожакметов Абдымат 1920-жылы туулган 1943-жылы 23-августа жарааттан каза болгон, сөогү Молотов областынын Кизел шаарына коюлган.
Кожомжаров Байызбек 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Козукулов Сатымкул 1914-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кочкорбаев үсөн 1908-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кочкоров Сапарбек 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кошбаев Арсан 1925-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кошбаев Тажыбай 1912-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Кошматов Мамат 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кошжөөлөтов Мамат 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кошоев Арстан 1920-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Кудайбердиев Кадыркул 1918-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1941-жылы курман болгон.
Кудайбердиев Токторбай 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кулетов Багыш 1918-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Кулубаев Сатыбалды 1915-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кулушев Анарбай 1920-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Кулушев Раман 1918-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Кумашов Аман 1919-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманалиев Барпы 1918-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманалиев Барпы 1914-жылы туулган 1943-жылы 28-августа согушта курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Ярцево районундагы Кулагино кыштагында коюлган.
Курманалиев Эшмат 1906-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманбаев Шамурат 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманбеков Сатыбек 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманкулов Анаркул 1920-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Курманов Абдрахман 1907-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Курманов Жаманкул 1904-жылы туулган 1943-жылы 18-июлда согушта курман болгон, сөөгү Тула шаарында коюлган.
Кутманов үркүнбай 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Кутобаев Кочкорбай 1898-жылы туулган, 1944-жылы 16-апрелде согушта курман болгон, сөөгү Молдаван ССРинин Оргеев районунда коюлган.
Люкзаков Петр Филиппович 1912-жылы туулган 1943-жылы 22-июлда согушта курман болгон, сөогү Орел областынын Коптево айылында коюлган.
Мавлянов Алчымат 1913-жылы туулган, 1941-жылы аскерге чакырылган, 1941-жылы курман болгон.
Мадалиев Атабек 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мадыяров Абдыкул 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мадыяров Камчыбек 1917-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Малабаев Сатымкул 1905-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мамадоляров Абдыкул 1905-жылы туулган 1943-жылы 7-январда согушта курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Сычев районундагы Никоново кыштагында коюлган.
Мамажусупов Абдыш 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мамакеев Амиракул 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Мамаков Бөрүбай 1918-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мамбеталиев Арзыкан 1918-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы 24-январда согушта курман болгон, сөөгү Гомель областынын Светлогорск шаарында коюлган.
Мамбеталиев Мамасейит 1913-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мамбеталиев Орозбай 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мамбеталиев Орозбай 1922-жылы туулган, 1943-жылы 15-августа согушта курман болгон, сөөгү харьков шаарында коюлган.
Мамедов Бешкемпир 1914-жылы туулган, 1943-жылы 15-апрелде курман болгон, сөөгү Смоленск областынын Дорогобуж районундагы Полибино кыштагына коюлган.
Маназаров Шамурат 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мараимбеков Абди 1912-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мирзалиев Турдалы 1910-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мокуев Кадырбек 1911-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Молдалиев Сансызбай 1921-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Молдобаев Ормонкул 1908-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Момунбеков Рыскул 1919-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мусаев Анаркул 1920-жылы туулган, 1944-жылы аскерге чакырылган, 1944-жылы курман болгон.
Мусаев Токтосун 1916-жылы туулган, 1942-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Мырзагулов Абыл 1913-жылы туулган, 1940-жылы аскерге чакырылган, 1942-жылы курман болгон.
Мырзатаев Турмат 1925-жылы туулган, 1943-жылы аскерге чакырылган, 1943-жылы курман болгон.
Каратаев Иманкул 1915-жылы Карл Маркс колхозунда туулган. 26-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат кылган. 1943-жылдын 20-мартында каза болгон.Смоленск областынын Спасс-Ременск районунун Дюки кыштагынын түндүк тарабында 400 метр аралыгында сөөгү коюлган.
Каратаев Заирбек 1920-жылы Карл Маркс колхозунда туулган. 199-аткычтар дивизиясынын 584-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 7-августунда курман болгон. Смоленск областынын Ельнинск районунун Рысачи кыштагынын чыгыш тарабынада сөөгү коюлган.

Кушаметов Абдымат 1920-жылы Жданов колхозунда туулган. 39-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 23-августунда оорудан каза болгон. Молотов областынын Ворошилов районунун Кизен шаарында сөөгү коюлган.
Калмуратов Озутай 1921-жылы Молотов колхозунда туулган. 1943-жылдын 28-майында курман болгон. Тула шаарындагы Всесвятск көрүстөнүнө 1943-жылдын 4-апрелинде коюлган. Площад ФЭП №37, №474 мүрзө (архивдик маалымат). 9-гвардиялык аткычтар полкунун ВВК ФЭП 37де кызмат кылган.
Калназаров Бервек (Борубек) 1918-жылы Социализм колхозунда туулган. 348-аткычтар дивизиясынын 1170-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 14-февралында курман болгон. 348-аткычтар дивизиясында аскер тирбунасында атылган.

Кадырбаев Таир 1902-жылы Калинин колхозунда туулган. 70-аткычтар дивизиясынын 252-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 24-августунда каза болгон. Смоленск областынын Спасс-Деменск районунун Есиня кыштагында сөөгү коюлган.
Кадыров Мурат 1924-жылы Айгыр-Жал же Ак-Таш айылында туулган. 112-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1943-жылдын 19-мартында каза болгон. Курской областынын Хомутовск районунун Культурная поселогунда сөөгү коюлган.
Курманалиев Барте 1904-жылы Жданов колхозунда туулган. 178-аткычтар дивизиясынын 693-аткычтар полкунда кызмат кылган. 1943-жылдын 28-августунда Смоленск областынын Ярцевский районунун Кулагино кыштагында түндүк-чыгыш тарабында 1 чакырым алыстыкта сөөгү коюлган.

архивдик матералдардан даярдаган райондук «Чаткал оттору» гезитинин башкы редактору Бактыбек Дилдебаев

Куттуктоо!!!

Майрамдык гүлдесте
Куттуу болсун!
Жаркып бүгүн жашыл аалам жаз келип,
Жашоо көрктүү аялзатка наз берип.
Ошол көркөм сулуулукка магдырап,
Көлкүлдөшөт көчөлөрдө кар да эрип.
Ооба десеңчи, жан жыргаткан жаз айынын магдыраткан жылуулугу, жаштык берген улуулугу, анан да сезимдерге алтындай болгон арзуу чачкан ажайып кооз сулуулугу өзү өзгөчө сөз кылууга арзыйт эмеспи. Жаз келгенде түркүн-түстүү гүл жайнап, көркөм дүйнө көңүлдөрдөн муңду айдап, бир ажайып ышкы чачат сезимге, жүрөктөргө махабаттуу бүр байлап. Жаз келгенде жаркыйт аалам жаңырып, көркөм дүйнө кооздугуна чайынып, бүт теребел сулуу кыздай таранат, арзыганын күткөн өңдүү сагынып. Жаз келгенде үйдүн куту аялзат ачылатго, күлмүң көзү карагат, ошол көзгө, сулуулукка арбалып, арзуу оту улам күчөйт дамамат.
Бүгүн келди жаз айлары жасанып, бүчүр ачып ар бир үйгө бак алып, келди мына гүлдөй болуп күлмүңдөп, кел замандаш, жазгы балдан таталык.
Жаз сулуусун билбеген бар, билген бар, билсең ал жаз-үйүңдөгү сүйгөн жар, аялзатсыз көңүл кирдеп ар дайым, кут учкандай болуп турат дүйнөң тар. Ошондуктан ыйык деймин аялды,ар бир үйгө шоола төккөн таң алды, жараткан да жарык болсун деп ойлоп, берген тура сулуулукту, жамалды.
Жаз айында келип аял майрамы, жаз гүлүндөй бүгүн алар жайдары, мен андыктан үйдүн куту аялга, куттук айтам, куттуу болсун майрамы!
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен айымдар!
Мухамед Ади

Эхинококкоз-жугуштуу дарт

Эхинококкоз оорусу акыркы жылдары калк арасында кеңири жайылып чоң көйгөйдү жаратууда. Ошондуктан эхинококкоз оорусу социалдык оорулардын катарында болгондуктан оору менен күрөшүүгө жапа тырмак киришүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы Мал чарбасы рынокту өнүктүрүү-1 долборунун алкагында иш алып баруу азыркы учурдун талабы экендигин белгилеп жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эң маанилүү болуп саналат.
Эхинококкоз оорусу 2-3 мм болгон тасма курттарды алып жүрүүчү ит, мышык жана жапайы жаныбарлар (карышкыр, түлкү, чөө жана башкалар) алардын ичинде тасма курттар 14 күндүн ичинде жетилип, өзүнүн жумурткасын сыртка бөлүп чыгарууга жөндөмдүү болушат. Бөлүнүп чыккан жумуркалар айына 10 күн аралыкта жана ысык мезгилде 4 айга чейин, жерде, топуракта, чөптүн үстүндө жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Айлана чөйрөдөгү эхинококкоздун жумурткасын айыл чарба малдары чөп, суу аркылуу жугузуп алат.
Адам өздүк гигенасын сактабагандыктан дарыланбаган ит, мышык менен байланышта болгон мезгилде жугузуп алат. Жугузуп алган адамды дарылоо операция жолу менен гана жүргүзүлөт. Азыркы мезгилде районубузда 21 адам ооруп, операциялык жол менен дарыланган жана алардын үчөөсү кайрадан операцияга дуушар болуп отурат. Бул көптөгөн акча каражатын талап кылуусу баарыбызга маалым.
Ошондуктан эхинококкоз оорусун алдын алуу, андан сактануу жолдору болуп, ар бир атуул өзүнүн үйүндөгү ит, мышыгын ветеринарларга кайрылып, эхинококкоз оорусуна дарылатуу болуп саналат. Адам өздүк гигенаны сактоодо колду жакшылап жууп, балдардын ит, мышыктар менен ойноодо алардын дарыланган же дарыланбагандыгы жөнүндө маалыматты билип, жергиликтүү ветеринардык врачтарга кайрылып туруусу абзел. Айыл чарба малдары союлган мезгилде боор, өпкө эхинококкоз менен жабырланса аларды ветеринардык санитардык эреженин негизинде итке бербестен өрттөп, чуңкурга көмүп салуу керек. Себеби; ит малдын эхинококктун личинкасын (ыйлакчасы) менен жараланган боор, өпкө жеп, ылаңды өзүнө жугузушат жана иттин организминде эхинококоз куртун жетилтип жумуртка чача турган стадиясы өтөт, ошондуктан ит, мышык, жапайы жаныбарлар оору таркатуучу болуп эсептелет. Алар өздөрү эч качан эхинококкоз ылаңы менен оорушпайт.
М.Мырзабаев, Чаткал райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук башкармасынын башкы инспектору

Сырдуу дүйнө — Киши кийик Чаткалды байырлайбы?

Дүйнө жүзүндө жеке адамдарга гана көрүнүп, илимпоз, окумуштуулардын “тузагына” таптакыр илинбей келаткан сырдуу нерселердин бири бул-жапайы адам же, кар киши эмеспи. бул сырдуу макулукту көбүнесе Гималай тоо кыркаларынан кезиктиришет экен. Биз койнунда өмүр кечирип келаткан улуу тоолор да Гималай тоо тизмектеринин бир учуна кирсе керек. Ошондуктанбы айтоор, бул сырдуу макулук бүгүнкү күндө деле айрым адамдарга көрүнө калып жаткан кези.
Биздин күндөрдө эле Чаткалда адам сымал табышмактуу макулукту көргөн эки окуя жүз берди. Алгач мындан төрт жыл илгери Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибеков Кубаныч бул сырдуу макулукту көргөн. Бул тууралуу мен атайы кызыгып, Кубанычка барып жолугуп, анын көргөн, билгендерин райондук газетага жазган элем. Анын айтымында, алар эки-үч адам болуп, ууга чыгышат. Тоо аралап баратышып, Кубаныч шериктеринен алдыга озуп, кичине ашууну ашып кетет. Аңгыча, капыстан эле алдынан катуу чаңырган ачуу кыйкырык чыгып, андан алдындагы аты үркүп, чалкасынан кетиптир. Катуу чаңырыкты уккан анын шериктери артынан жете келишип, аны тургузуп, эмне болгонун сурашса, тиги тээ алды жагын көргөзөт. Анан, алар Кубаныч көрсөткөн жакты дүрбү менен карашса, тээ алдыда чаң ызгытып, маймыл сымал денесин жүн каптаган жандык качып баратыптыр. Адамдан эки эсе чоң көрүнгөн неменин аркасындагы жал сыяктуу жүнү желге желпилдеп баратыптыр…
Андан кийинки окуя өткөн күздө болду. Бул ирет адам сымал сырдуу жандык Каныш-Кыя айылынын тургуну Медербекке көрүндү. Ал күз күндөрүнүн биринде айылдын маңдайындагы Түлөберди сайына уйларын издеп барат. Анан, сайга түшкөн таман жол менен баратып, жолдо жаткан, адамдын жылаңаяк издериндей бирок, өтө чоң издерди көрүп, таңгалып, сай жакка бара берет. Аңгыча, алды жакта адамга караганда өтө эле алибеттүү, жылаңач неме ары карай түшүп баратыптыр.
Медербек өзү көргөндөрү тууралуу буларды айтты:-Тиги неме мага карай кайрылып, мени көрүп, катуу кыйкырып жиберди. Мен да коркконумдан кыйкырып жиберип, кайра артымды карай качтым. Ал да, андан ары чымын-куюн болуп, качып жөнөдү. Тиги адам сымал неме өзү жылаңач экен. Чачтары желкесине түшөт. Бети-башын жүн каптаган. Адамга караганда өтө эле алибеттүү экен.Мен сайдан чуркап чыгып, карасам, тээ алыста бир атчан келаткан экен. Алдынан тосуп чыгып, көргөнүмдү айтсам, жашыраак бала экен, мага ишеңкирей бербеди. Анан, ал экөөбүз мен качып чыккан сайдын жолуна келип, ага тиги неменин издерин көргөздүм. Ал издерди көрүп, менден бешбетер коркуп кетти.-
Мына окурман. Эки окуя тең биз жомоктордон билчү, жапайы адам деп атаган адам сымал жапайы макулуктун бүгүнкү күндө деле улуу тоо койнунда жашоо улап келаткандыгынын тикелей күбөсү.
Бул адам сымал жапайы макулук көп жылдардан бери окумуштуулар чөйрөсүнүн башын маң кылып келаткан кези. Анткени, уфологдор жапайы адамды көрдүк деген жерге барганда, ал неме кумга сиңгендей жок болуп кеткен учурлар көп болгон. Айрым уфологдор анын керектүү учурда көзгө көрүнбөй калчу мистикалык касиети бар дешип да айтышкан себеби, алар аны көрдүк деген жерге барышып, жапайы адамды таппай калышкан. Анан уфологдор атайы приборлор менен жердин магниттик талаасын текшеришкенде, анда термелүү болгонун аныкташкан. Чынында эле, биз жапайы адам деп атачу немелер жаратылыштын бардык сырын билишип, аны өз жашоосунда колдоно билишээр. Ошончүн алар адам баласына көрүнбөй жашоо кечирүүнү туура табышып, кылым кыркып, жашап келатышкандыр. Бир жагынан туура эле кылышат. Антпесе, адам дегениң, аларды да бир балээге кабылтаары турган иш.
М. Эшназаров

Согуш каары (Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата)

Аузу биллахи… Эчен ирет эшитип, кулагыма сиңип калган курандын сөздөрүн ичтен кайталап, күңгүрөнгөн мукам кыраатка кулак төшөй, бет алдымда бозоруп жаткан үч мүрзөнү карап үнсүз отурам. Көз алдыма тээ алыста калып калган балалык кез тартылат. Ооба, анда биз айыл үстүндөгү кырча тизилген адырларга келип ойноп журүп, ушул үч мүрзөнү көргөндө сестенгендей “бул жер мазар, тепсебеш керек, кол менен да көрсөтүп болбойт” деп наристе сезимибиз менен мазардын ыйыктыгын, улуулугун туюп, билип, кантсе да бул жерден алыс кетүүгө аракеттенер элек. Бирок, бул жерге ким коюлган, ал маркум кандай адам болгон? –мындай собол таптакыр бизди кызыктырган да эмес. Ооба, качан бул мүрзөнү көргөндө анын мазар экенин билип, анан бир аз басканда эле оюн кызыгына аралашып таптакыр унутуп калчу эмес белек…
…Оомийин. Алакан жайып бата тартылды. Атам да бир топко үнсүз телмирип отуруп, анан оор үшкүрүп алып сүйлөй баштады.
-1943-жылдын жазы эле. Ата-энеден эрте айрылып, бир жакын туугандардын үйүндө турабыз. Акем (ыраматылык Таши чоң атамды айтып жатат- Т.Т.) согуштан жаңы келген. Оорукчан. Дөнө (кичүү агасы) экөөбүз эртели-кеч машак терип келебиз, аны да көбүнчө түн ичинде. А күндүзү болсо колхоздун жумушуна айдайт. Мен ошол кезде 15 жашта элем. А азыр 15 жаштагылар үйүндөгү жумушту кылуудан качышат.
Бир тараптан согуш каары, айылда ачарчылык, ооруу каптап эле боо түшүп калып жатты. Ар ким өз жаны менен алек. Какаганга муштаган болуп ошол жазда эл арасын мубаа деген оору каптады. Алгач бул оору менен акем ооруп жатып калды. Дары-дармек кайда? Көпчүлүк карандай суу ичип сакайып жатышты. Акем да суу ичип, оорукчан неме сакайып кеталбай көп жатып калды. Ошого удаа эле Дөнө, андан кийин мен өзүм да ооруп калдым. Дөнө бир аз күн сууктукту сүрө ичип сакайып кетти. Мен болсо эптеп гана эшикке кирип чыгам. Күндөрдүн биринде жалгыз карындашыбыз Алмабү да ооруп калды. Ал байкуш 9 гана жашта эле. Балалык кылдыбы, 2 күн эле сууктук ичти…
Шуу үшкүрүп алып сөзүн улады – “Нан” деп ыйлай бергенинен боорубуз ооруп бир сындырым калама берип койбодукбу. Анан жүгөрү кууруп бергиле дей бергенинен бир ууч жүгөрү да кууруп бердик. Шоруң каткыр, ал балалык кылса, биз да анын айтканын кылып, бала болбосок бербей койсок эмне?.. Эртеси күнү эле карындашым тура албай калды. “Ээ баласы түшкүрлөр, бир аз атала чайып да бербейсиңер. Абалын карагылачы” деп тууганыбыз кейип-кепчип калды. Дөнө суюк кылып атала жасап келди. Алмабүнү алдыма алып отуруп атала ичкизейин дедим. Байкушум, бир гана жолу уурттады. Экинчи уурттаганын жута албай калды. Дарманы кетип калган экен, алдыма отурган бойдон үзүлүп калды.
Кудаанын кылганы экен, ыйлап-ыйлап калып калдык. Айылдан окчун жайгашкан көрүстөнгө барып ким жай казат?. Ар ким өз жаны менен алек. Анан жакын тууганыбыз Дөнөнү “бар эми, тиги тектирден жай каз, аер деле мазар болуп калды. Мындан мурда эки адам коюлган” деди. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы? Дөнө үшкүрүп алып барып өзү жай казды. Мүрзө менен биз турган үйдүн аралыгы баш-аягы
100 метрдей эле. Анан карындашымдын сөөгүн көтөрүп жөнөштү. Оорудан айыга элек элем. Ордумдан турсам көзүм караңгылап баса албай калам. Тагдыр экен, ошол бир кадам жерге барып бир тууган карындашыма бир ууч топурак сала албай калбадымбы, арман… Көзүнүн кычыктарына келе калган жашын сыдырып алып атам сөзүн улады.
— Мына ушул жерге коюлган ошол эжең Алмабү. Ага чейин Кантай деген аял менен бир чечендин сөөгү коюлган эле. Болгону ушул, андан мурун да, кийин да бул жерге эч ким коюлбады…
Аяк асты болуп кетти эле. Жакшы болбодубу, минтип кашаалап койдук. Тирүүлүктүн бир парзы ушул да уулум. Биз көргөн күндөр кайтып келбесин. Согуштун бетин ары кылсын. Жүзүң курган согуш көптүн жаздыгын кууратпадыбы…
Эчендеген кырчын өмүрлөр кыйылды. Тетиги жогорку айылда эл жыш жайгашкан эле. Анан эле көпчүлүк азаматтар колуна курал алып, батышты көздөй аттанып кете беришти. Алардын көпчүлүгү туулуп өскөн жерине кайтпай калды. Коломтосунун оту өчкөн нечен үйлөр бузулуп кетти. Ошондон бери далай жылдар өтсө да ошол жогорку айылга дагы эле мурдагыдай эл толбогондой сезиле берет…
Т.Темиралиев. «Чаткал оттору»