Архив рубрики: Экономика

Жарыя!

Каныш-Кыя айыл өкмөтү төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:
Адис – Миграция жана жумуштуулук боюнча (К-Б) 1 (бир) бош орун
Квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— Жогорку же болбосо орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, финансы, зоотехник, ветеринардык, гуманитардык илимдер, техникалык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— Иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Билими:
— тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”).
— кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

4. Миграция жана жумуштуулук боюнча адистин функционалдык милдеттери.
Миграция жана жумуштуулук боюнча адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
— Калктын иш менен камсыз болуусун жана миграциянын план программаларын иштеп чыгуу.
— Сырткы жана жана ички миграцияны тактоо боюнча, анын себептери боюнча анализ жургузуу, тактоо.
— Тиешелуу мекемелерге оз учурунда ( ай, квартал, жыл боюнча) маалымат берип туруу, иш алып баруу.
— Айыл Окмотунун аймагында жаны тузулгон жумушчу орундар, жарандардын иш менен камсыз болуусу, кыскартылган жумуш орундар жана калктын канчалык денгээли иш менен камсыз болуусун иликтоо.
— Эмгек тартибинин сакталышы, табаль тузуу боюнча иш алып баруу, тузулгон дежурствону козомолдоо.
— “Электрондук айыл Окмоту” программасы боюнча иш алып баруу.
— Айыл Окмотунун башчысынын тапшырыгы менен башка жумуштарды да аткарат.
5. Сынакка катышуу учун документтер:
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
— сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден-соолук абалы жөнүндө маалым катты.
Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
— Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.

Документтерди кабыл алуу 2018-жылдын 12-октябрь күнү, саат 17:30да аяктайт.
Дареги: Каныш-Кыя айылы , Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имараты. тел: 0774 27 90 25, 0771 78 79 73

Терек-Сайда унаа жолдорун асфальттоо иштери жүрүүдө

Терек-Сай айыл аймагындагы негизги көчөлөргө эми айдоочулар мурдагыдай  ой-чуңкурга кептелип, түйшүк тартуудан арылышат. Дегеним, Ак-Терек айылынан Терек-Сай айылына чейинки 8 чакырым аралыктагы борбордук көчө асфальтталмай болду. Терек-Сай айыл аймагы, “ Эти Бакыр Терек-Сай” жана “Интергрупп” компаниялары арасында  үч тараптуу келишим түзүлүп, учурда асфальт төшөө башталды.

Т. Темиралиев

Камсыздандыруу төгүмдөрү ашыгы менен аткарылууда

Чаткал райондук социалдык фонд башкармасында 2017-жылдын 1-июнуна карата жалпысынан 78005,7 миң сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү топтолуп, белгиленген план 106,4 пайызга, өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 132,1 пайызга аткарылып, 18970,1 миң сомго камсыздандыруу төгүмдөрү көп болгон.

Бүгүнкү күндө райондун аймагында жалпысынан 2769 пенсионер бар. Мындан 1891 адам жаш курагы боюнча, 592 адам майыптыгы боюнча жана 286 адам багуусунан ажырагандыгы боюнча пенсияларды алышууда. Жыл башынан бери район боюнча жалпысынан 70109,7 миң сомдук пенсиялар каржыланып, мындан 48731,4 миң сому почталык байланыш түйүндөрү жана 21408,3 миң сому райондогу банктар аркылуу төлөнүп берилди. Ошондой эле 39 адамга пенсиялар жаңыдан чектелип төлөнүүдө.

Ветлаборатория учур талабына жооп бербейт

 

Бүгүнкү күндө, райондогу серологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү ветеринардык лабораториясынын учурдагы абалы талапка жооп бербейт. Лаборатория Ала-Бука райондор аралык лабораторияга баш ийип, мында эки кызматкер эмгектенет. Бирок тилекке каршы, аталган лабораторияда тиешелүү шарттар түзүлбөй, иш алып баруу үчүн тиешелүү каражаттар бөлүнбөй жаткан кези.  Бул тууралуу жакында райондук коллегияда айтылды.

М. Эшназаров

Өткөн жылда мал чарбасында өсүш болду

Өткөн 2016-жыл ичинде райондун мал чарбасында бир топ өсүштөр болду. Чаткал райондук статистика бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2017-жылдын 1-январына карата район боюнча мал жана үй канаттууларын каттоонун жыйынтыгы боюнча  кара мал 7744 башты түзүп,  2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 84 башка же 101,1 пайызга, кой-эчкилер 72225 башка же, 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 1255 башка же 101,8 пайызга,  жылкылар 2928 баш 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 60 башка же 102,1 пайызга,  канаттуулар 34728 башка же, 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 353 башка же 101 пайызга өскөн.

М. Эшназаров

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчылыгына шайлоо болду

бүгүн, 25-январда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысын шайлоо болду.  Шайлоонун жыйынтыгы менен  айыл аймагынын башчылыгына жалгыз талапкер-Нургазы Жолдошев Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутатынын 100 пайыз добушуна ээ болуу менен Каныш-Кыя айыл аймагынын башчылыгына бир добуштан шайланды. Бул тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Чаткалбек Койчукеев билдирди.

Эскерте кетсек, Нургазы Жолдошев буга чейин Чаткал токой чарбасынын директору кызматын аркалап келген.

Жаңы айыл аймак башчысынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Өткөн жылда чаткалдык 386 дыйкан-фермер кредит алып иштетишкен

Өткөн 2016-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба тармагын колдоо максатында чаткалдык дыйкан  фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча айыл  банк тарабынан райондун мал чарбачылыгына багытталып, 386 дыйкан-фермерге 58 млн. 605 миң сом, талаачылыкка багытталып,  450 миң сом кредит берилген. РСК Банк тарабынан мал чарбасына багытталып, 106 фермерге 29 млн. 75 миң сом кредиттер дыйкан-фермерлерге берилген.

Айрым СПАлардын иши көңүл толтурбай келүүдө

Райондун аймагында Каныш-Кыя айыл аймагында суу пайдалануучулардын «Суу Каныш-Кыя», «Суу Ак-Көл» ассоциациясынын карамагында 59 км аралыкта чарбалар аралык каналдар бар. Өткөн 2016-жыл ичинде  «Суу Каныш-Кыя» СПА нын карамагындагы кытай арык каналына АРИС тарбынан 100 миң сом, Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен  230 миң сом,  «Суу Ак-Көл»  СПА нын Кайың-Суу каналынын башкы курулмасына  АРИС тарабынан 237 миң сом долбоор аркылуу каржыланып, оңдоп-түзөө иштери жүргузүлгөн. Калган чарбалар аралык каналдар ремонттон өткөрүлбөй ашар жолу менен тазаланып келе жатат.

 

Ал эми, Чаткал айыл аймагы боюнча «Суу Миянкол» СПАнын азыркы убакка чейин жетекчиси жок, азыркы мезгилге чейин иштер жүргүзүлбөй, чарбалар аралык каналдардын абалы начарлап бара жатат.  Бул тууралуу жаңырган жылдын  январь айынын жыйырма үчүндө болуп өткөн райондук коллегияда айтылды.

М. Эшназаров

Пайдаланылбаган айдоо жер аянттары кыскарууда

Өткөн 2016-жылда райондо 2015-жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган айдоо калемпир талаасы 1жер аянттары 231 гектарга кыскарган.    Мында, пайдаланылбай калган жер аянттары 696 гектар болуп,   мунун ичинен Каныш-Кыя айыл аймагында  159 гектарга, Чаткал айыл аймагында  62 гектарга, Терек-Сай айыл аймагында  5 гектарга ал эми, Сумсар айыл аймагында 5 гектарга кыскарган.

Пайдаланылбай калган жер аянттары негизинен кайракы, таштак жана айылдан алыс жайгашкан жерлер болуп эсептелет. 2016-жылга карата пайдаланылбай калган жер аянттарын кыскартуу максатында  айыл аймак  башчылары тарабынан иш-чаралар иштелип чыгып,  кайракы, таштак жана барууга мүмкүн болбогон жер аянттарын чөп чабыктарга которуу менен кыскартууга жетишилди.

М. Эшназаров

Чаткал өрөөнүндө экологиялык жактан таза азыктар өндүрүлмөкчү

Он бешинчи август күнү КР. Экологиялык азыктарды өндүрүү ассоциациясынын президенти Турусбек Асаналиев районубузга келип, мындагы чарбакер дыйкандар менен жолугушту.IMG_20160815_111754 IMG_20160815_111814 IMG_20160815_111832 IMG_20160815_122827 IMG_20160815_122805

Жолугушууда Т. Асаналиев адам баласынын организмине терс таасирин тийгизбеген таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү маселеси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Атап айтканда, азыркы кезде айыл чарбасында колдонулуп жаткан жер семирткичтеринин көбү химиялык жолдор менен жасалып, адамга, жерге бир топ зыян келтирип жаткандыгы айкын. Анын кесепетинен адам баласы бир топ дарттарга кириптер болуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Мунун алдын алуу максатында Орусия өндүрүшчүлөрү тарабынан адамга зыян келтирбеген жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн табигый өсүшүнө терс таасир тийгизбеген абалда мол түшүм берүүсүнө жакшы өбөлгө түзгөн органикалык жер семирткичтерди ойлоп таап, чыгарып жатышат. «Флора— С», «Фитоп флора— С » деп аталган мындай семирткичтер жогоруда айтылгандай оң касиетке ээ болуп, мол түшүм алууга зор шарт түзмөкчү. Аталган дарыларды дыйкандарга сунуш кылган Т. Асаналиев дыйкандарды топторго уюшуп, ассоциация менен кызматташуу аркылуу район калкынын жашоо— турмушунун оңолушуна салым кошууга чакырды.

Келерки сентябрь айында КР. Экологиялык таза азыктарды өндүрүү ассоциациясы райондук деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү максат кылып жаткан кези.

Эскерте кетсек, районубузга ассоциациянын өкүлдөрү райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин чакыруусу менен келишти.

М. Эшназаров