2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылына арналган иш чаралардын алкагында Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан бир топ иш чаралар турмушка ашырылууда. Атай кетсек, жакында айыл аймагынын өздүк каражаттарынын эсебинен 3 мектепке-С. Байдөөлөтов орто мектебине 23, Исмаил уулу Матиш орто мектебине 24, Башкы-Терек орто мектебине 24, ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсесине 7 даана видеокөзөмөл камералары орнотулду.
Буга кошо эле, коомдук тартипти көзөмөлдөп туруу максатында Чаткал РИИБи үчүн Каныш-Кыя айылынын борборуна 1 даана видеокөзөмөл камерасы коюлду. Жалпы 79 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, бул жумуштарга Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 426105 сом акча каражаты жумшалды.
М. Эшназаров