Архив рубрики: Uncategorized

Техникалар жазгы айдап себүү мезгилине карата даярдалууда

Район аймагында жазгы айдап себүү мезгилине карата айыл чарба техникаларын даярдоо кызуу жүрүүдө. Алсак, бүгүнкү күнгө карата район боюнча жалпы 95 даана трактордун 62 си оң абалга келтирилди. Жер айдоо мезгили башталганча тракторлорду толук калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Ал эми, үрөн себүү сүйүү шаймандар азырынча 80 % га даяр жана жакынкы күндөрү толук даярдыкка келтирилет. Булардан тышкары, соко, мала жана чиркегич сыяктуу керектүү шаймандар да оңдолуп, түзөлүп, толукталууда.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында уюшулган МТСтердин айыл чарба техникалары райондун айыл чарба тармагынын алга жылуусуна бир топ өбөлгө болууда.

М. Эшназаров

Суугат каналдары оңдолот

Быйыл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Арпа-Төктү, Аюу-Чачы жана Ак-Суу каналдары оңдолмокчу. Аталган каналдарды оңдоого республикадан үч млн. сом каражат бөлүнгөн.

Каналдарды оңдоо иштери кар кетээри менен башталмакчы.

Сүрөт сайттын архивинен алынды

Үрөн даярдоо кызуу жүрүүдө

Ал эми, райондогу дыйкан-фермерлердин талабына ылайык, КР. Айыл арба министрлигине керектүү урөндөргө билдирүү берилди.

Алдыдагы жазгы айдап себуу мезгилине карата раййонубузда кызуу даярдык жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Каныш-Кыя айыл аймагында 20 тонна буудай жана 6 тонна арпа үрөнү бар. Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт комитетине республикалык коомдук үрөн фондунан 12 тонна 1-репродукциядагы «Гетман» сортундагы арпа үрөнү, 1 тонна 1-репродукциядагы эспарцеттин үрөнү, 400 кг беде үрөнү алынып келинди. Буга кошумча, жакынкы мезгилдерде 9 тонна аммофос жана 9 тонна амиак селитрасы келээри күтүлүүдө.

Иштелбей жаткан айдоо аянты 51 га кыскарды

сайттын архивинен алынган сүрөт

Үстүбүздөгү 2019-жылда карата райондо бекитилген айдап себүүнүн түзүмү боюнча жалпы айдоо жер аянты 6080 га ны түзөт жана мунун ичинен район боюнча 2046 га жер аянты айдалмакчы. Ал эми, айдалбай калган жер аянты былтыркыга салыштырмалуу 51 га кыскарып, 403 га ны түздү.

М. Эшназаров

айдоо, район,2019

Жарыя!


Чаткал районунун Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Агартуу көчөсүнүн чыгыш тарабында Кассан-Сай суунун сол жээгинин Ала-Бука-МЖС жолунун түндүк тарабынан 600 м^2 жерди жеке ишкерлик кылуу максатында социалдык объект ( май куюучу жай) куруу үчүн аукционго коюлат.

Баштапкы баасы: 100 сом
Конкурс Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнимаратында 2019-жылдын 15апрель күнү саат 10: 00 дө өткөрүлөт.

Байланыш телефону: 0778 48-17-57
0556 07-08-57

Б. Исабеков:-«Дыйкандарыбызды колдоо-милдетибиз»

-Чаткал айыл аймагынын дыйкандарынын нокот эгүүгө жылдан жылга кызыгуусу артууда.-деп билдирди айыл аймак башчысы Бактыбек Исабеков.  Анын айтымында, буга нокоттун башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө караганда аз жерден көп тушүм бергендиги жана базарда өтүмдүүлүгү себеп болууда.  акташ DSC_0421

-Нокотту оруп, түшүмүн жыйноого караганда, аны алгач эгүү көп түйшүктү талап кылат.  Ошондуктан, биздин дыйкандар айыл аймагынан нокот эгүүчү техника, же шайман алып берүү боюнча суроо-талап коюшууда. Алардын суроо-талабын туура түшүнүп, быйыл тушүм жыйноо мезгилине карата айыл аймагына нокоттун түшүмүн жыйноочу айыл чарба техникасын, же шайманын сатып алууну максат кылуудабыз. Эл бизге ишенип, бизден жардам сурап аткан соң, аны аткарууга милдеттүүбуз-дейт Бактыбек Исабеков

М. Эшназаров

Мугалимдер спортто да мыктылыгын далилдешти

24-март күнү Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Матиш уулу Исмайыл атындагы жана А. Айымбетов атындагы орто мектептеринде Чаткал районундагы билим берүү кызматкерлеринин 23-спартакиадасы болду.

Спартакиадага район боюнча эркектерден турган 13 команда, аялдардан турган 7 команда, жалпысынан 20 команда катышып, спорттун волейбол, шахмат жана теннис түрлөрү боюнча күч сынашты.

Мында, мугалимдер  мелдештин программасында камтылган оюндарда жогорку деңгээлде таймаш көргөзүшүп, бир гана билим берүү жаатында эмес, спортто да мыкты экендиктерин иш жүзүндө далилдей алышты.айгыржал топ DSC_0083 айгыржал топ DSC_0101 айгыржал топ DSC_0106 айгыржал топ DSC_0111 айгыржал топ DSC_0122

айгырж топ DSC_0221 айгырж топ DSC_0228 айгырж топ DSC_0233 айгырж топ DSC_0240 айгырж топDSC_0210 айгыржал топ DSC_0188 айгыржал топ DSC_0192 айгыржал топ DSC_0197 айгыржал топ DSC_0203 айгыржал топ DSC_0206Мелдеш  соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Исмайыл уулу Матиш жана Ж. Ташкеев орто мектептеринин мугалимдеринен турган команда багындырды. 2-орунга Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээ болду. Ал эми, 3-орун Сумсар, Ю.А.Гагарин, В.И.Ленин жана Терек-Сай орто мектептеринин курама командасына ыйгарылды.

Аялдар командаларынын арасынан 1-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин командасына берилди. 2-орунду Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээледи. Ал эми, 3-орун Башкы-Терек орто мектебинин командасына ыйгарылды.

Шахмат боюнча 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалими  Ж.Алиев, 2-орунду А.Баймырзаев орто мектебинин мугалими К. Смаилов, 3-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Н. Анарбаев ээледи.

Теннис боюнча эркектер арасынан 1-орун Сумсар орто мектебинин мугалими А.Алымов, 2-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин мугалими А. Нармырзаев, 3-орун Ю.А.Гагарин орто мектебинин мугалими А. Вахабовго берилди.

Ал эми, аялдар арасында теннис боюнча 1-орун Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Н.Каримова, 2-орун Чымканаев орто мектебинин мугалими Г.Алимбекова, 3-орун Чакмак-Суу орто мектебинин мугалими С.Баймырзаевага ыйгарылды.

Мелдеш соңунда, спартакиаданын негизги уюштуруучусу болгон райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев катышуучуларга ыраазылык билдирип, келерки апрель айынын соңунда тандалган спортчу мугалимдер облустук спартакиадага бараарын маалымдады.

Ал эми, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов катышуучулар мындан кийинки спорттук иш чараларда спорттук кийим менен келүүнү колго алуу керектигин жана бул маселени жөнгө салууга тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн айтып, спартакиаданы өткөрүүгө демөөрчүлүк көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевге  ыраазылык билдирди.

Эскерте кетсек, спартакиаданы өткөрүүгө райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 20 миң сом жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 10 миң сом, жалпысы 30 миң сом акча каражаты жумшалды.

М.Эшназаров

 

Жаш балбандар күч сынашты

23-март күнү Башкы-Терек айылында  жаш балбандардын райондук мелдеши  болду. Мелдешке Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынан жалпы 76 балбан катышып, 11 салмактык бөлүктө өз ара күч сынашты.

Мелдеш өтө кызуу деңгээлде өтүп, соңунда кара күч жана ыкма жагынан чебер балбандар алдыңкы саптарга чыгышты.

IMG-20180326-WA0009 IMG-20180326-WA0007

Мелдештин соңунда, калыстардын чечими менен 26 салмактык бөлүктө 1-орун Өмүрбеков Автандилге (Айгыр-Жал), 2-орун Байышов Автандилге (Жаңы-Базар), 3-орун Мамыров Нурлан жана Кумашов Жумадилге (Айгыр-Жал) ыйгарылды.

29 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Кутбидинов Нурдөөлөт (Айгыр-Жал), 2-орун Манасов Тимур (Коргон-Сай), 3-орун Тургунбеков Жумадил (Коргон-Сай) жана Токтоматов Нурадил (Коргон-Сай) ээ болду.

32-кило салмактык бөлүктө 1-орунду Асан уулу Мунарбек (Башкы-Терек), 2-орунду Наркул уулу Исабек (Айгыр-Жал), 3-орунду Абдилажонов Фарух (Жаңы-Базар) жана Наралиев Бекболсун (Коргон-Сай) ээлешти.

36 кило слмактык бөлүктө 1-орун Кутбидинов Шамшар (Айгыр-Жал), 2-орун Үмөтбек уулу Алмаз (Айгыр-Жал), 3-орун Жуманалиев Элмирбек (Айгыр-Жал) жана Осмон уулу Адилетке (Жаңы-Базар) берилди.

40 кило салмактык бөлүктө 1-орун Кубанычбек уулу Бекболсун (Каныш-Кыя), 2-орун Кутбидинов Шамшар (Айгыр-Жал), 3-орун Замирбай уулу Баел (Башкы-Терек) жана Самарбеков Бекболотко (Каныш-Кыя) берилди.

44 кило салмактык бөлүктө 1-орунду Уланбек уулу Хантеңир (Айгыр-Жал), 2-орунду Акжол уулу Дилмурат (Каныш-Кыя), 3-орун Тагаев Байзак (Жаңы-Базар) жана Асанбеков Албан (Каныш-Кыя) ээлешти.

49 кило салмактык бөлүктө 1-орун Мусабеков Темирлан (Жаңы-Базар), 2-орун Сүйүнбай уулу Аскар (Башкы-Терек), 3-орун Абдыганыев Нурлис жана Өмүрбек уулу Курманбек (Каныш-Кыя) ыйгарылды.

54 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Нарбеков Алмаз (Жаңы-Базар), 2-орунга Айтыкул уулу Осмон (Жаң-Базар),  3-орунга Акышов Майрамбек жана (Айгыр-Жал) менен Жанузак уулу Калыйнур ээ болду.

59 кило салмактык бөлүктө 1-орун Орозбек уулу Кутболсун (Айгыр-Жал), 2-орун Турсунбек уулу Нукен (Каныш-Кыя), 3-орун Алишер уулу Айбек (Жаңы-Базар), жана Абдыжапаров Жумадил  (Каныш-Кыя) ээледи.

67 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Тургунбеков Турат (Башкы-Терек), 2-орунга Эшалиев Кылычбек (Жаңы-Базар), 3-орунга Ашыркул уулу Азамат (Каныш-Кыя) жана Советбек уулу Нурсейит (Жаңы-Базар)  ээ болушту.

75 кило салмактык бөлүктө 1-орун Ашыркул уулу Амат (Каныш-Кыя),  2-орун Тургунбеков Турат (Башкы-Терек), 3-орун Назаркулов Бекбол (Башкы-Терек) жана Алтынбек уулу Айдар (Айгыр-Жал) ээлешти.

Кошумчалай кетсек, мелдеш Башкы-Терек орто мектебинин машыктыруучусу Орозов Арстаналынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Ал эми, мелдешти өткөрүүгө Каныш-Кыя айыл аймагы беш миң сом жана «Кичи Чаарат» фирмасы он миң сом акчалай колдоо көрсөтүштү.

М. Эшназаров

 

44 күнөскана калкка кызмат көрсөтүүдө

Өткөн 2016-жылы Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан айылдарга 25 даана күнөскана курулган эле.  Өтүп бараткан жыл ичинде  Каныш-Кыя  айыл  аймагы тарабынан кошумча 19   күнөскана  курулуп, жалпы 44 күнөскана калкка кызмат кылды.Снимок_2017_09_05_11_25_14_889

Күнөсканаларды   куруу  үчүн  жергиликтүү  бюджеттен  500000  сомдук  жардам  берилди.

М. Эшназаров

Жарыя!!!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:

1) – адис 1 (бир) бош орун;

Квалификациялык талаптар:

Адис.

Кесиптик билими:

-жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык).

Стажга жана адистик боюнча иш тажрыйба:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

Тийиштуу тармактагы ченемдик укуктук актыларды билуусу:

КРнын «Жарандык Кодекси», КРны «Жер Кодекси», КРнын «Эмгек Кодекси», КРны «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамы, «Жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдарын

Билгичтиги:

— жогору жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана жоопторду даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

— командада иштөөсү;

Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды  практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникалары, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү;

Сынака катышуу үчүн документтер:

— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурстук комиссиянын төрагасына (байланыш телефон номери менен);

— кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

— резюме, сунуш каттары, өмүр баян;

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккандан баштап 10 жумушчу күн жүргүзүлөт.

Керектүү документтерди төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот:

Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, сурап билүү телефондору (03749) 60310, 60030 .

Эскертүү: квалификациялык талапка жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү кошумча маалымдалат.