Ковид илдетинин жайылышынын алдын алууга аракеттер

  1. райондук

    мамлекеттик администрацияда Чаткал районунун аймагында Ковид илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын кезектеги отуруму болду.

    Отурумга райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун, райондук санэпидкөзөмөл борборунун, Каныш-Кыя айыл аймагынын, РИИБдин, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук ветеринардык жана фитосанитардык борборунун жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери катышты.
    Ал эми, жолдун алыстыгына байланыштуу Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактарынын жана аталган аймактардагы тийиштүү мекемелердин кызматкерлери онлайн тартибинде катышты.

Отурумда район жетекчилер ковид илдетине каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев Ковид илдетинин төртүнчү толкуну башталып, эмдөө иштерин күчөтүү зарылдыгы жаралгандыгын айтып, тийиштүү жетекчилерден элге эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү керектигин, элге туура жеткирсе эмдөө иштери тездээрин кошумчалады.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алтынай Таштанбаева Терек-Сай, Сумсар айыл аймактарынын кызматкерлери жана Сумсар аймактык ооруканасынын дарыгерлери калк арасында эмдөө иштерин алып барууда кайдыгерлик көрсөтүп жаткандыгын айтып, кайдыгерлик менен иш алып барып жаткан кызматкерлерге кескин чараларды колдонууну район башчысына сунуштады. Ал буга кошо эле, ар бир мекеменин кире беришине антисептикалык каражаттарды коюп, беткаптарды тагынып, аралыкты сактап иш салып барууну колго алуу керек деген талапты койду.

Райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Малик Исмаилов билдиргендей, учурда райондо эки айдан ашуун мезгилге жетчү керектүү дары-дармектер жана даяр медициналык шаймандар бар.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев мындан ары ар жумада отурум болуп, эмдөө иштерин тездетүү жана Ковид илдетинин төртүнчү толкунунун алдын алуу боюнча үчүнчү эмдөө иштерин жайылтуу керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Ковид илдетине каршы үчүнчү эмдөө учурда калк арасында активдүү жүргүзүлүүдө.
Кечээ, 13-январда район башчысы Алтынбек Сеңирбаев өзү баш болуп, райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери Ковид илдетине каршы үчүнчү эмдөөдөн өтүштү.