"Кичи Чаарат" компаниясы ифтарлык иш чарасын өткөрдү

3-июнь күнү Чаткал районунда кен казуу тармагында иш жүргүзгөн «Кичи Чаарат» фирмасынын жетекчилиги район тургундарына ифтарлык өткөрдү.
Ифтарлыктын алдында бир топ тургундар фирманын жаңыдан ишке кирген кен талкалоочу фабрикасында болушуп, андагы шарттар менен жакындан таанышып, фабриканын модернизацияланып, автоматташтырылгандыгын өз көздөрү менен көрүшүп, андагы жумушчулар үчүн түзүлгөн мыкты шарттарга күбө болушуп, фирма жетекчилигине ыраазылык билдиришти.
Ифтарлыктын башында «Кичи Чаарат» фирмаларынын башкы директору Миау Жен Пин конокторду «Кош келиңиздер!» деп жылуу маанай менен тосуп алып, фирманы жергиликтүү калк менен биргеликте, ынтымак ырашкерлик менен иштетүү жана Чаткал району менен биргеликте илгерилөө жана өнүгүү негизги максаты экендигин айтты. «Кичи Чаарат» компаниясы бүгүнкү күнгө чейин жумушчуларга жалпы жетимиш млн. сом акча каражатын айлык маяна катары төлөп бере алды. Ал эми, соцфондго отуз млн. сом чегерген. Ар бир жылда мамлекетке ар кандай салыктын түрлөрү боюнча жалпы жыйырма млн. сом акча каражатын төлөп турмакчы. Бул көзгө көрүнөөрлүк аракеттерди жергиликтүү калк өз көздөрү менен көрүшүп, күбө бөлушмакчы. Мындан ары да жумушчулардын айлык маяналары өз убагынан кечиктирилбей төлөнүп турмакчы. Компания мындан ары кубаттуулукка кирип, жыл сайын жергиликтүү тургундардан төрт жүздөй адамды жумушка кабыл алууну көздөөдө.
Мындан сырткары, район акими Канжарбек Эшалиев, айыл аксакалдары Кадыр Эгембердиев, Атакан Ташбаев, Умар Абдыкеримов, Байызбек Балташевдер ифтарлык өткөрүп жаткан «Кичи Чаарат» фирмасына ыраазычылык билдиришип, фирма Чаткал районуна социалдык-экономикалык жана маданий жактан көрүнүктүү салым кошуп жаткандыгын жана буга район калкы ыраазы экендигин белгилешип, фирманын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.
Ифтарлыкка жалпы жүз элүүгө жакын адам катышты. Ифтарлык учурунда компанияга буга чейин оң жана терс сын пикирлерин билдирип келген жарандар бир дасторкондун четине биригишип, баары бир ооздон компаниянын район калкына мындан ары пайда гана алып келген ишкана бөлүшуна тилектештиктерин билдирип жатышты.
Ифтарлык иш чаранын жүрүшүндө башкы директор Миау Жен Пин андагы тестиер кыз-балдарга бирден оюнчук мамалак белекке берди. Ал эми, иш чаранын соңунда ар бир конокко бирден кичинекей термостор белек катары таркатылды.
Кошумчалай кетсек, «Кичи Чаарат» фирмасы Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен өз ара ынтымакта иштешүү максатында райондук деңгээлдеги спорттук маданий массалык иш чараларды өткөрүп, район калкын ар бир мааракеде куттуктап, калк арасындагы колдоого муктаж жарандарга материалдык жана финансылык колдоолорду берип келүүдө. Болуп өткөн ифтарлык иш чарасы да фирма менен жергиликтүү калкты ынтымакка чакырган иш чаралардын бири болуп, фирма жетекчилигинин жергиликтүү калктын каада-салттарын жана улуттук, диний өзгөчөлүктөрүн сыйлай тургандыктарын көрсөтө алды.

М. Эшназаров, журналист

]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *