АРИС айыл чарба техникаларын тапшырды

IMG-20180514-WA0023латкан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2″ долбоорунун алкагында районго келген айыл чарба техникаларын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.IMG-20180514-WA0020 Аземге район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, айыл аймак башчылары, аталган долбоордун облустагы координатору Мирлан Айтказиев баштаган АРИС программасынын өкүлдөрү катышты. Тактай кетсек, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2″ долбоорунун алкагында Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына жалпы сегиз даана  трактор, бир даана Палессе комбайны, төрт даана чөп таңгактоочу, үч даана соко берилген. Каныш-Кыя айыл аймагына жайыт үчүн төрт көпүрө курулган. Мындан сырткары, аталган эки айыл аймакка эки көчмө кыркым уюштурулган жана ветеринарларды колдоо багытында да бир топ техникалык колдоолор берилген. Аталган долбоор райондо 2015-2019-жылдар ичинде иш алып бармакчы. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *