Жарыя!

Райондук №46 кесиптик лицейи 2018-2019-окуу жылына окуучуларды төмөнкү кесиптер боюнча  кабыл алууну                                                                                                                       Жарыялайт

  1. “Электромонтер” окуу мөөнөтү 3 жыл, “С” категориясындагы айдоочу, окуу мөөнөтү 3 жыл. Бүткөндөн кийин төмөндөгү документтерди алышат: 11-класстын аттестаты, Диплом. “С” категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
  2. “Электр ширетүүчү” окуу мөөнөтү 10 ай. Диплом алат.
  3. Тракторчу машинист “С” категориясындагы автоунаа айдоочу, слесарь-оңдоочу, окуу мөөнөтү 10 ай.
  4. Токойчу “С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу мөөнөтү 10 ай.
  5. “Байытуучу”. Окуу мөөнөтү 10 ай. Бүткөндүгү тууралуу Диплом алат.
  6. “Өткөөлчү”, “С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу Терек-Сай айыл аймагында окутулат. Окуу мөөнөтү 10 ай. Бүткөндүгү тууралуу Диплом алат.
  7. “Компьютерди тейлөөчү жана оңдоочу устат.” Окуу мөөнөтү 10 ай. Диплом алат.
  Кыска мөөнөт менен төмөндөгү курстарга кабыл алынат.  
  1. “В,С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Бүткөндүгү тууралуу аттестат алат.
  2. “Өткөөлчү” окуу мөөнөтү 3 ай.
  3. “Байытуучу” окуу мөөнөтү 3 ай.
  Кыска мөөнөттөгү курстар  
  1. “Өткөөлчү” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  2. “Ашпозчу” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  3. “Кенже ветеринар” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  4. “Байытуучу” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  5. “Электромонтер” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  6. “Электр ширетүүчү” окуу мөөнөтү 3 ай. Бүткөндүгү тууралуу сертификат алат
  Окуу жайына тапшыруу үчүн төмөндөгүдөй документтер кабыл алынат -Окуу жайынын директорунун наамына жазылган арыз -Паспорт, же туулгандыгы тууралуу тактама -Аттестат (9-11-класстардын) түпнускасы -3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт -086\у формасындагы ден соолугу тууралуу  тактама Өздүк делосу, (мектептен келгендер үчүн) -Үй бүлөсү тууралуу тактама (айыл өкмөтүнөн) -Жашагандыгы тууралуу тактама   Окууга тапшыруучулардын эсине Алыскы айылдардан келип окуган балдардын ата-энелери өздөрү алып келип, окуу жайынын шарты менен таанышып, тапшырып кетишсе болот. Окуучулар жатакана, тамак-аш жана стипендия менен камсыз болот. Окуу мөөнөтү 10 айлык курстардын стипендиясынын өлчөмү жалаң “5” деген баага окуган окуучуларга 500 (беш жүз) сом, “4”, “5” деген бааларга окуган окуучуларга 400 (төрт жүз) сом, “4”  деген баага окугандарга 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө алышат. Окуу мөөнөтү 3 жылдык тайпалардын стипендия өлчөмү “5” деген баага окуган окуучуларга 300 (ү жүз) сом, “4”, “5” деген бааларга окугандарга 250 (эки жүз элүү) сом, ал эми “4” деген баага окугандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө стипендия берилет.   Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номерлерине кайрылыңыздар 0777193969, 0778070786   Окуу жайынын дареги: Каныш-Кыя айылы, тел-03749 6-00-40]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *