Чаткал токой чарбасында өрткө каршы машыгуу болду

IMG_20170601_212452 IMG_20170601_212342 IMG_20170601_212403 IMG_20170601_212259 Машыгуунун жүрүшүндө,  өрт чыккан кезде кандай зарыл аракеттерди көрүү керектигин иш жүзүндө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Машыгуу иш чарасына КР. ӨКМнин райондогу кызматкери, улук лейтенант Алтынбек Сулайманов, райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башчысы, капитан Ильясбек Кубатбеков катышты. Эскерте кетсек, машыгуу иш чарасы КР. Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал— Абад аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 22-мартындагы № 01-11/19, раймамадмиистрациянын №8077, Чаткал токой чарбасынын №04-2/8 буйруктарынын негизинде өткөрүлдү. Кошумчалай кетчү нерсе, токойлордо өрт кырсыгы болгон учурда биргелешип аракеттенүү боюнча КР.ӨКМнин райондогу өкүлчүлүгү, Чаткал токой чарбасы, Каныш— Кыя, Чаткал жана Терек— Сай айыл аймактары ортосунда макулдашылган. Бул тууралуу Чаткал токой чарбасынын директору Курманалы Анарбеков билдирди. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *