Чаткал районунда байыркы таш жазма эстеликтеринин топтому табылды

VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 VLUU L110  / Samsung L110 Тилекке каршы, ошол байыркы сүрөттөр чегилген айрым таштарга биздин эле заманда кой багып чыккан малчылар өз ысымдарын чегип жаза коюп, жазууларды “кошмчалап” койгонго абдан кабатырландым.  Байыркы эстеликтерге аяр мамиле жасабасак, аларды жоготуп алуу ар күн сайын актуалдуу болуп кала берээри бышык. Бүгүнкү күнгө чейин Чаткал өрөөнүнүн тарыхына кызыккан ар түрдүү кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар менден ушул сүрөттөрдү сурашып, фотоаппаратымдын флешкасынан көчүрүп алышкан учурлар болгон. Бирок, алар бул сүрөттөрдү кандай максаттарда пайдаланышкандыгы мага чыны, белгисиз бойдон калды. Ошондуктан,Кыргызстандын тарыхын изилдеген тарыхчыларга, археологдорго жана филологдорго келечек илим үчүн изилдегенге материал катары кызыкчылык туудурат-деген ойдомун. Кызыктуусу-ушул сүрөттөрдү чеккен адамдар алардын эмгектерин миңдеген жылдар бою сактай ала турган таш материалдарды жаңылбай тандай билгендигинде. Алардын тарткан ар бир сүрөттөрү ар кандай формадагы жана көлөмдөгү көгүш түстөгү катуу таштарга чегилген. Бул таш корумдар бир замандарда аска-зоонун урашынан пайда болгону көрүнүп турат. Жайгашкан жери-Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Курулуш айылынын түндүк тарабынан агып түшүп, Чаткал дарыясына куюп жаткан Чоң-Жарты-Суу сайынын төрүнөн орун алган. Тактап айтканда, деңиз деңгээлинен 3770  метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ташка чегилген сүрөттөрдүн көөнөрүп, эскирип, араң эле байкалышы же, көзгө көрүнүп тургандыгы эле бул сүрөттөрдүн бир канча кылымдар аралыгында тартылгандыгын айгинелеп тургансыйт. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган.  Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу-айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь же, январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды –башка планетадан келген адамдарбы?….-деген деген жоромолун айтпады беле. Дагы бир кызыгы-бул сүрөттөр топтомунда доңузга окшогон жаныбардын сүрөтү бар. Илбирстин башына окшогону да бар.бумерангга окшогон нерсенин сүрөту да кездешет. Кандай  болгон күндө да, бул сүрөттөр биздин жерге ислам дини таралганга чейинки доорлорго таандык деп ишенсек болот. Себеби, ислам дини доңуздун гана эмес, адамдын сүрөтүн тартканга да тыюу салат эмеспи. Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешээри белгилүү. Мис: “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова)   окуу китебинен  төмонкүдөй маалыматты ала алабыз:-“Саймалуу-Таштагы аска таштагы сүрөттөр (петроглифтер) коло дооруна таандык. Ал жерде 100000 ден ашуун сүрөт болгондуктан, ал жерди Саймалы-Таш сүрөт галереясы деп атап коюшкан. Бул дүйнөдөгү таш бетине чегилген эң чоң сүрөт галереясы  болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 3 миң жылдан баштап, орто кылымдарга чейинки ташка чегилип келгендиги аныкталган.” Эми, бул табылгаларга биздин Чаткал өрөөнүндөгү  аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн эң ириси катары жогоруда аталган Бугулуу-Төрдөгү сүрөттөрдү  кошуп кетсек калыстык болоор. Мен тарыхчы, археолог же, байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондукта, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин. Менин кесибим жаратылышты коргоочу болгондуктан, эми ошол өңүттөн ой толгоюн. Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы-деймин да.  Себеби, илим менен техника өнүгө элек ошол жашоосу катаал жана татаал замандарда адам баласы көбүнчө мергенчилик менен тирилик өтөгөнүн карт тарыхтан билебиз. Далай ачарчылыкта эти ач өлүмдөн, териси жаан-чачындан, сууктан сактаган кайберенди бабалар ыйык тутуп келишкен. Керек болсо аларга сыйынышып, өздөрүнө зарыл болгон учурда же, муктаждыкка жараша пайдаланышкан. Жаратылышка ашыкча зыян келтирүүдөн сактанышып, бөөдө убалдан коркушкан. Азыркы замандагыдай курсак ток болуп турса да үйүн, офисин же, кафе, ресторанын кооздош үчүн мүйүздүү баштарын, терилерин, катырылган кебин мактануу үчүн кырып, жоюшкан эмес. Алар өлбөстүн оокаты үчүн аңуулоого чыгууга аргасыз болушкан. Ошол мезгилде кайберендер менен жанаша жашашып,  тоо арасында, аска таш аралап көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Болбосо, бийиктиги деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги Бугулуу-Төрдө таштарга сүрөт чегип аларга не күч келди дейсиң. Алар кайберендерди бир күндүк оокат үчүн кырып-жойбой,  келечек урпактары үчүн көбөйүшүнө кызыкдар болушкан. Аша чапканды табият атактуу  Кожожаш мергенди жазалагандай жазалаарын кийинки урпактарга эскертишкен.  Ошол түшүнүктөн, ошол өңүттөн тирлик улантышкан. Бизге да ошондой керээз-мурас калтырышкан. Өзү олтурган бутакты кыйган кемакылдай болбой, өзүбүз жашаган чөйрөнү сактай билели жана  кийинки муундарга мураска калтыралы.   Таласбаев Рыскулбек Көчөрбаевич, Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *