Адеп жана ыйман-маданияттын башаты

IMG_20170210_155249 IMG_20170210_155220 IMG_20170210_155808 IMG_20170210_162255 Тегерек  столго айыл тургундары, мектеп мугалимдери жана жогорку класстардын окуучулары катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган ата-энени сыйлоо, жашы жете элек балдар арасындагы рекетчилик жана бүгүнкү күндөгү карылардын жосунсуз жоруктары тууралуу видеожүгүртмөлөр тартууланып, анда камтылган маселелер катышуучулардын кеңири талкуусуна коюлду. Мында, катышуучулар өз ойлорун ортого салышып, талкууга коюлган маселелер тууралуу ойлорун айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти. Талкууда буга кошо эле, жеткинчектердин жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизип жаткан интернет оюндары тууралуу да сөз болуп, маданият кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *