Чаткалдык дыйкандар чарбасын өнүктүрүүдө

IMG_20160803_110946 Күнөсканалардын көпчүлүгү Айгыр— Жал айылында курулган. Мындагы он күнөскананын сегизи Каныш— Кыя айыл аймагынын бюджетинен ал эми, экөөсү Айыл Кеңеш Кызматы (АКК)  тарабынан курулуп берилген. Баса белгилей кетчү нерсе, быйыл Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жыйырма беш даана күнөскана курулуп берилген. Бүгүнкү күндө дыйкандар күнөсканаларга эгилген помидор жана бадыраңдан мол түшүм алышып, өз үй бүлөлөрүнүн кирешесин көбөйтүүдө. Биз төмөндө айгыр— жалдык дыйкандар жана алардын ийгиликтери менен сиздерди тааныштырмакчыбыз. Дыйкан Тойчиева Мавлюда алты жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. IMG_20160803_105059IMG_20160803_111050 Дыйкан Бердибекова Жибек бүгүнкү күндө күнөсканадан алты миң сомдой киреше тапты,   —буюрса, алдыда дагы көп киреше табабыз— дейт кубанып.IMG_20160803_111346 Тажикстандан мындан үч жыл мурда Чаткалга келин болуп келген тажик кызы Зарина  Турдиева да тоолуктардын жашоо— шартына көнүп тим болбостон, айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуп, үй бүлөсүн камсыздоодо.IMG_20160803_114256 Дыйкан Алиева Гүлшайыр күнөсканасына алгач эккен бадыраң менен помидордун көчөттөрү дарт  тийип, соолуп калып, ага карабай экинчи ирет эккен. Азыр көчөттөрү чоңоюп, түшүм бере баштады.IMG_20160803_122030 Дыйкан Ташбү Рыскулова (сүрөттө ортодогусу)  көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келген. Айыл аймагы тарабынан жыл башында куруп берген күнөсканадан бүгүнкү күнгө чейин жүз килодой түшүм алды.IMG_20160803_122800 Дыйкан Гүлзат Нармырзаева күйөөсү Абубакир менен биргеликте тынымсыз эмгектенип, күнөсканадан мол түшүм алууну максат кылып турган кездери.IMG_20160803_124600 Дыйкан Айчүрөк Сарыбаева буга чейин картошка, сабиз эгүү менен чектелип келсе, быйыл айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуу менен үй бүлөлүк каржы маселесин чечүүдө зор мүмкүнчүлүккө ээ болгонуна кубанууда.IMG_20160803_130858 Белгилей кетчү нерсе, Айгыр— Жал айылындагы дыйкандарды белгилүү дыйкан, АККнын мүчөсү Нарсулуу Абдылдаева көзөмөлдөп, дыйкандарга баалуу кеп— кеңештерин берип турат.IMG_20160803_121917 Дыйкандар керектүү шарттарды түзүп берген Жалал— Абад облустук Айыл Кеңеш Кызматына жана Каныш— Кыя айыл аймагынын жетекчилигине ыраазылык билдиришүүдө.   М. Эшназаров  ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *