101 эскертет; Өз мүлкүңүздү өрттөн сактаңыз!

  Жылдан жылга калкыбыздын саны өсүп,  жаңы турак-жай, имарат -мекемелер курулуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошону менен бирге эле өрт кырсыгынын да саны өсүп, андан материалдык зыян тартып жаткандар да жок  эмес. Ошондуктан Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү төмөнкү эрежелерди эсиниздерге салат: (Балдарды   кароосуз    калтырбаңыз; (Балдардын от менен ойноосуна жол бербеңиз; (Күйүп  турган   ширеңке, тамекилерди  таштап салбаңыз; (Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппараттарын, газ плиталарын иштеген бойдон   кароосуз    калтырбаңыз; (Электр   жылыткыч  шаймандарын    күйүп   кетүүчү   буюмдарга   жакын   орнотпоңуз; (Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпаңыз жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды   өрттөбөңүз; (Ачык   күйгөн   от  менен   жылытпаңыз; ( 20 литрден ашык бензин, солярка ж.б тез күйүүчү заттарды сактабаныз.  (өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарланыз;   Жогоруда баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен Сиз,  турак жайыңызды, жылдап топтогон мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайсыз жана өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетесиз.   Д. Тайиралиев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысынын орун басары,   улук лейтенант       ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *