Эгиндерибизди өрт кырсыгынан сактайлы

     2016-жылдын 7 айында Чаткал районунда  9 өрт кырсыгы катталып, өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык зыян     261 миң 125 сомду түздү. Азыркы учурда районубузда  түшүмдү жыйноо жана тоют даярдоо башталган учур. Ушул учурда ар кандай түшүм жыйноочу техникалардын ишке жарамдуусун, өрт жана техникалык коопсуздугуна жооп берерин текшерүү зарыл. Түшүм жыйноодо өрт кырсыктарынан алыс болуш үчүн ар бирибиз төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактообуз кажет. Тоют даярдоодо  эгин талаасында тамеки тартууга тыюу салынат. Ар кандай от менен байланышкан нерселерди колдонууну катуу                 көзөмөлгө алуу. Тоютту ташуу убагында техниканы жалын өчүрүүчү тетик менен камсыз кылуу. Ар бир комбайнды 80 литр суу, кийиз жана шыпыргы менен камсыз кылуу. Комбайнды күнүгө 3 жолу тазалоо. Ширетүүчү (сварка) иштерди өзүнчө аянтта жасоо керек.   Жогорудагы талаптарды аткарбаган атуулдарга, өрт кырсыгын пайда кылгандарга мыйзам чегинде катуу жаза колдоноорубузду эскертебиз.    А. Жумабаев,   Чаткал райондук ӨКМКБнүн  инспектору ,   лейтенант   ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *