Өрт кырсыктарынан сак бололу!

Урматтуу атуулдар! Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү табигый  кырсыктар катталган мезгилде өзүн алып жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүүнү сунуш кылуу менен бирге төмөнкү иш-чараларды аткарууну эскертет: Сууга түшүүдө: жаш балдардын сууга түшүп кетүү коркунучу бар жайларды тосмолор менен тосууну; кооптуу жайларда сууга түшпөөнүү; сууга түшүүдө эрежелерди сактоону. Жолдо жүрүүдө: жол коопсуздук эрежелерин сактоону; тийиштүү ылдамдыктан ашпоону; автоунаалардын дайыма оң абалда болуусун камсыздоону. Жайкы өрт кооптуу мезгилде: турак-жайлардын, мекеме-ишканалардын аймагын чөптөрдөн арылтууну; таштандыларды коопсуз гана жайда көзөмөлдөп өрттөөнү; өчүрүлбөгөн тамеки калдыктарын көрүнгөн жерге таштабоону. Өзгөчө кырдаалдар катталса, токтоосуз 101 же  112 — Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыздар. Өрт же өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар канчалык тез жетсе, ага ыкчам чара көрүү менен сактап же куткарып калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондуктан эрежелерге кайдыгер карабай, кырсыктардан сактаналы.   И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *