Ар кандай кырсыктардан сактана билели

өрт коопсуздугу 2Кырсыктардан сактаналы. Курамында өрткө каршы бөлүктөрү, куткаруу бөлүктөрү, райшаардык бөлүмдөрү бар Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы өрткө каршы үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен бирге облус аймагында катталган  өрт кырсыктарын жоюу менен бирге сел, көчкү сыяктуу табийгый кырсыктардын, жол-транспорт, жана башка  түрдүү кырсыктардын  кесепеттерин жоюуга тартылып, активдүү катышып келет. Аткарылган иш-чараларга карабастан акыркы мезгилдерде адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктарынын, анын ичинде жол-транпсорт кырсыктарынын да көп катталуусу байкалууда. Алсак, өткөн 2015-жылда өрттүн кесепетинен 5 атуул, анын ичинен 2 жаш бала  каза таап, 2 атуул жарат алып,  866 тонна тоют жана 21 автоунаа жабыркаган болсо, сууга түшүп жатып же кырсыктап сууга түшүп кеткен 9 адам, түрдүү жол-транспорт кырсыктарынан 23 адам  каза  болгон.  Куткаруучулар тарабынан 48 адам куткарылып, 51 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми, 2016-жылдын 4 айында өрттүн кесепеттеринен 4 атуул каза таап, 2 атуул жарат алып, 129 тонна тоют, 7 автоунаа жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 1 атуул, 2 автоунаа жана 25 млн. 638 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган болсо, куткаруучулар тарабынан түрдүү кырсыктардан 22 адам куткарылып, 32 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жогорудагы адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктар негизинен өрт коопсуздук, жол коопсуздук жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан улам катталууда. Аба-ырайынын жаанчыл болушу менен аймактарда сел, жер көчкү коркунучтары далее болсо сакталууда.  Ал эми, көп жааган жаандан улам чарбалык обьектилердин аймагындагы, жол четтериндеги, ачык аймактардагы, тоо этектериндеги чөптөр өсүп, жай мезгилинин келиши менен кургап, өрт чыгып кетүү коркунучу күч алууда. Өткөн 2015-жылдын жайкы өрт кооптуу мезгилинде облус аймагындагы чарбалык обьектилердин аймактарындагы, ачык аймактардагы, жол четтериндеги, жайыттардагы, токойлордогу кургак чөптөрдө жалпы 134 жолу өрт кырсыгы катталып,  андан келтирилген материалдык зыян  1 млн. 310 сомдон ашты. Өрттөрдүн кесепетинен 1 386,5 га аянттагы кургак чөп, бак-дарактар, ошондой эле, талаада топтолгон бирок, жыйыла элек 14 тонна тоют жабыркаган. Ал эми, 2015-жылдын август айында Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында тоолордо өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында 500 гектардан ашуун аянттагы кургак чөптөр, токойлор күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө өлкө аймагынан өрт өчүрүүчүлөр, токойчулар, жергиликтүү калк, мекеме-уюмдардын кызматкерлери тартылып, өрт 10 күн дегенде өчүрүлүп бүткөн. Жаз мезгилинин келиши менен атуулдардын өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан улам жол четиндеги, ачык аймактардагы, токойлордогу былтыркы кургак чөптөрдө, камыштарда өрт кырсыктары каттала баштады. Алсак, жыл башынан ушул кезге чейин 13 жолу былтыркы калган кургак чөптөрдө өрт кырсыктары катталып, натыйжада 16,7 га аянттагы кургак чөптөр, камыштар өрттөнүп кеткен. Урматтуу районубуздун тургундары! Ар кандай кырсыктардын алдын алуу өзүбүзгө байланыштуу, ошондуктан ар дайым сак бололу! И. Кубатбеков, Чаткал райондук ӨКМКБнүн башчысы, капитан]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *