"Жыл мугалими-2016" кароо-сынагы болуп өттү

IMG-20160416-WA0005 IMG-20160416-WA0002 IMG-20160416-WA0004 Кароо-сынактын жыйынтыгында, 1-орунду Терек-Сай орто мектебинин англис тили мугалими Анара Базарбаева жеңип алып, 1-даражадагы Дипломго жана 3500 сом акчалай байгенин ээси болду. 2-орунду район борборундагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Тахмина Турсунбаева ээлеп, 2-даражадагы Диплом жана 2500 сом акчалай байгеге ээ болду. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Т. Жаналиев орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Зуура Субанова менен С. Мырзалиев орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Айгүл Абдибалиевалар ээ болушуп, ар бири 3-даражадагы Дипломдор жана 1500 сомдон акчалай байгенин ээлери болушту. Мындан сырткары, 7 катышуучу атайы номинацияга жана ар бири 500 сомдон акчалай сыйлыкка  ал эми, 7 катышуучу «Алкыш» баракчасына жана 300 сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Кошумчалай кетчү нерсе, райББдан билдиришинче,  быйылкы кароо-сынакта баш байге Гран При болгон жок.  1-даражадагы Диплом менен сыйланган катышуучу гана кароо-сынактын облустук туруна жолдомо алат. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *